“Алышка Африка, Америка да кызыгууда”

“Алыш” эл аралык федерациясынын 1-вице-президенти Алмамбет Анапияев менен маек.

Моюнга алыш керек, кыргыздын улуттук оюндарынын эл аралык спорттук аренага чыга алгандарын эсептей келсең беш манжаң жумулбайт. Ал эми алыш белбоо күрөшү, ошол жумулган манжалардын бири. Жакында Бишкекте алыш боюнча Азия биринчилиги өткөрүлдү. Бул боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн “Алыш” федерациясынын жетекчилигине кайрылдык.

Жакында алыш боюнча Азиянын чемпионаты болду, кандай өткөрдүңөр?
– Аябай жакшы өттү, өзүңөр деле күбө болбодуңарбы. Элибиз да күрөштү сагынып калган экен. Негизинен мындай иш-чараларды колдон келсе тез-тезден өткөрүп турушубуз керек. Спортчуларыбыз көбөйүп, ден соолугу чың улутка айлансак жакшы да.

Кыргызстандыктар бир эле алтын алышты, оюн өзүбүздүкү эмеспи, балбандарыбыз эмне үчүн көбүрөөк байге ута алышкан жок?
– Кечээки Азиянын чемпионатында атайылап күчтүү команда чыгарган жокпуз. Анткени, тигилер жеңип кетсин, алышка көбүрөөк тартылсын дедик. Балким, күйөрмандарыбыз туура эмес түшүнүшү мүмкүн. Эгер күчтүү балбандарыбызды чыгарсак, анда башкалар медаль албай, бүт баары өзүбүздө калмак. Дүйнө элдеринин алышка кызыгуусу пайда болуш керек. Адам жеңишке жеткен сайын кызыгуусу артат эмеспи. А биз ата-бабадан калган улуттук күрөштү өнүктүрүш үчүн аларга ушундай кызыкчылыктарды көрсөтүшүбүз керек. Өзүбүз уюштуруп, өзүбүз жеңе берсек, башкасына кызык эмес да, туурабы? Бизге улуттук оюнубуздун даңазасы маанилүү болуп турат.

Алыштын эл аралык федерациясын да башка улуттун өкүлү жетектейт экен.
Бул да биздин кызыкчылык үчүн жасалган. Себеби, алышка спорт дүйнөсүн тартыш керек. Эгер өзүбүз президент болуп алсак, анда башка элдер биздин спортко көп тартылбай калмак. Алышты дүйнөгө таанытууну ошол киши мойнуна алган. Аны далыга таптап иштетип алышыбыз абзел.

Чемпионатты өткөрүүгө мамлекет тарабынан кандай жардам болду?
– Ушул жолу жардам беришти. Буга чейин анча көңүл бурулган эмес. Бул жолку жардамын айтпай койсок калыссыздык болор. Конокторду резиденциядан тосуп алышып, конгрессти да жыйындар залында өткөргөнгө шарт түзүштү.

Азыр кадам жылуунун өзү акча. Ушунча спортчуну, спорттук иш-чараларды ким каржылап турат, дегеле мамлекеттик чөнтөктөн акча бөлүнөбү?
– Биздин федерацияны көбүнчө FILA каржылайт. Бирок, анын каржылоосунун астында кыргыздын желегин желбиретебиз. Башкы кеңсебиз, Швейцариядагы FILAнын штабында. Алыш Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен акча албайт. Мисалы, Өзбекстанда ушундай эле белбоо күрөшүн мамлекет каржылап, Ислам ака өзү алга сүйрөп жүрөт. Ошентсе да, кыргыз күрөшүн колдогон, патриот бизнесмендер, жакындарыбыз, туугандарыбыз сыяктуу демөөрчүлөрүбүз көп. Алардын баарынын атын атап отурсаң кыргыздардын жарымын айтканга туура келет.

Эл аралык Федерацияга канча өлкө мүчө?
– Азиядан башка федерацияда 42 өлкө бар.

– Ушунча өлкө катышса, анда олимпиадалык оюндардын катарына кошууга болобу?
– Болот. Ачылганыбызга жети-сегиз гана жыл болду. А бирок, эсеп чемпионат өткөндөн баштап кетет. Биз Азиянын алгачкы чемпионатын 2001-жылы өткөргөнбүз. А күрөш боюнча дүйнөлүк федерация – FILA га мүчө болгонубузга үч жыл болду. Мен ошол FILAнын комитетинин мүчөсүмүн.

– Алыштын күрөштүн башка түрлөрүнөн айырмасы кайсы?
– Белге белбоо байланып, ошол белбоодон кармап күрөшөт. Балбандар оор жаракатка кабылбайт. Мисалы, жыгылганда белден кармап кошо жыгылат. Элдердин кызыкканы: ыкмалары жакшы, жамбашка салып көтөрүп чапса болот. А муунтуп, кайрыганга, колду белбоодон чыгарып, башка ыкмаларды колдонгонго жол берилбейт.

Сиздин байкашыңызча кайсы өлкөнүн алышчылары күчтүү?
– Албетте, кыргыздар. Анан карачай-черкестер, ирандыктар, анан европалыктар. Кечээгиде түркмөн, азербайжан жигиттери жакшы күрөшүштү. Алыш боюнча дүйнөнүн төрт чемпиону кыргызстандык. Алардын алды 3-4 жолудан Дүйнөнүн, Азия менен Европанын чемпиону болушкан.

Алышка катышмакчы болгон спортчуларга кандай шарт-талаптар бар?
– Ош жана Бишкек шаарында эл аралык стандартка жооп берген спорт комплекстери бар. Алыштын мелдештерине катышкан спортсмендерге машыгуу бекер. Эгер кызыгып, өз каалоосу менен келсе бардык шарты бар. Бир спортчуга бул жерде күн сайын үч саат бөлүнгөн. Ал эми күрөштүн башка түрлөрүнө катышкандарга айына 100-200 сомдон. Анча акчаны төлөй албаган колунда жокторго, жетим-жесирлерге бекер. Бул жерде алыш менен эле эмес, кикбокс, бокс, дзю-до, классикалык күрөш, эркин күрөш менен машыкса да болот.

Алышты маркум депутат Баяман Эркинбаев негиздеп, бутуна тургузганы белгилүү…
– Туура, Баяман Гавусович баш болуп Алышты чогуу баштаганбыз. Тагдырдын буйругу экен, а киши кайтыш болуп кетти. Эми биз анын ишин ара жолго таштабай улантууну көздөдүк. Ата-бабадан калган улуттук оюнубуздун туусун бийик көтөрөлү, элге тааныталы деп аракет кылып жүрөбүз. Манас эпосунда да Кошой дөө менен Жолойдун күрөшүнө атайын өзүнчө бөлүм арналып, кыргыздын байыркы заманда эле спорттук мелдештерге өзгөчө көңүл бургандыгы белгилүү. Аны унутпай улантуу урпактардын түздөн-түз милдети.

Келечектеги пландарыңар кандай?
– Кудай буюрса, алышты алгач Азиянын олимпиадалык оюндарына киргизип алсак, бул өзүнчө бир жеңиш. Кийинчерээк дүйнөлүк Олимпиадага “кол салабыз”. Муну айтып жатканыбыздын себеби, дүйнөлүк Олимпиада комитетинин мүчөлүгүнө кирген өлкөлөрдүн спорт тармагынын өкүлдөрү бул идеябызды колдоп жатышат. 28-августтан 3-сентябрга чейин Дубайда спорттук аккорд өтөт. Ошондо Кыргызстандан мен, “Алыштын” президенти Гинтаутас Вилейта, FILA нын президенти Рафаэль Мартинетти келет. Азиянын Олимпиадалык оюндарынын президенти аль-Саббахи менен жолукканда да Азия Олимпиадасына мүчө болуу маселеси чечилип калышы мүмкүн.

А дүйнөлүк чемпионат качан өтөт?
Быйылкы жылдын 8-9-10-октябрында Эстонияда өтөт. Былтыр Литвада, андан мурун Кореяда өттү. Бүгүнкү күндө алыш күрөшүнө жеке эле мусулман өлкөлөрү эмес, европалыктардан тарта, Африкага чейин кызыгып жатышат. Куба менен Латын Америкасы да дүйнөлүк мелдештерге катышуу ниетин билдиришти.

«Ачык саясат» («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.