Түйшүктү талант менен жеңген

(Уландысы. Башы)

Өзгөчө жашчылык темасы бизди өзүнө тартып турчу. Мына ошолордун бир чети таасиринен ыр жазуум кандайча башталганын өзүм да билбей калдым. 1939-жылы жети жылдыкты ийгиликтүү аяктап окуунун артынан түшүп борборубуз Фрунзеге Кара-Балтадан эки түнөп жөө келгеним күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ал кезде кайсы кесип кандай экенин деле билчү эмеспиз. Иши кылып, окуп алуу үч уктаса түшүбүздөн, күндүзү өңүбүздөн кетчү эмес. Анда балдар сабакка кунт коюу менен окушаар эле. Бул бир чети ошол кездин талабыбы? Анысын азыр айтуу кыйын. Бир жыл Фрунзедеги суу чарба техникумунда окуп калдым. Ырас орус тилинен бир аз кыйналганымды эске албасам аны да тез эле өздөштүрүп кеттим. Анын бир курсун ийгиликтүү аяктаган соң 1941-жылдын 22-июну келип жетти. Мына ушундан кийин менин сапарым “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” деген ылакапта эң туура айтылгандай майдан тарапта турду. Анда күн тартибине коюлган мындай милдет миңдеген-миңдеген замандаш эр-азаматтардын алдына коюлган эле. Мен алардын бири гана болчумун. Бир жылдан ашуун кан күйгөн согушта жүрүп, бир бутумду анын апаатына берип Кыргызстанга кайттым. Ошондо бар болгону 21 гана жашта элем. Эми эле эки буттап чуркап жүргөн киши бир бутунан ажырап калуу жеңил иш эмес экен.

Ал бул сөздү айтуу менен азга ойлоно калды. Мүмкүн так ошол жарадар болгон учуру көз алдына келе түштүбү, же бир бутсуз, балдакка күнү түшүп, ага көнө албай айласы кетип турган эң алгачкы сааттарын эстедиби, анын үнү саал каргылдана чыкты. Ооба, – деди ал үнүн ырдоого камынган ырчыдай жасап:
– Жашоо бардыгына тез эле көндүрүп салат белем? Ага да өтө ылдам көнүктүм. Адам баласы башка жан-жаныбарлардан оорго ушундай көнүкчөлдүгү менен да айырмаланса керек?! Мен ошондо жазган ырымды окуп бербейимби? Ырас мында оор кайгынын зардаалы жок эмес. Негизинен ошол учурдагы менин жеке ал-абалымдын күзгүсү десем болот. Ал ыр “Госпиталдан кат” деп аталат. Мен үн жазгыч аппаратымды кайрадан ишке киргизип жоокер-акындын ар бир сабына кулак төшөйм.

Жүрөсүңбү аман-эсен ардагым?
Жүрөгүмдү куйкалады арманым.
Отту кечип бара жатсам батышка,
Ок жаңылып алсырады дарманым.

Кетээр түндү эске салчы зардалым,
Кечтен баштап таңга дейре кармадың.
Маңдайымдан жыттап туруп айткансың:
“Махабатты жалгыз сага арнадым!”

Ал сөзүңдү кыйындыкта танбагын,
Акыл менен тагдырымды талдагын.
Жашыра албайм – жарда калды бармагым.
Жаным, эми жантыксың деп чанбагын.

Улутунуп жазып жатам жалжалым,
Уруш огу бир мүчөмдү алганын.
Кийип жүргөн өтүгүмдү бошотуп,
Кирпигимди ысык жашка малганым.

Чындап мени жакшы көрсөң, жалжалым,
Чыдап көтөр тагдыр башка салганын.
Коркуп кетип качып жүрбө көргөндө,
Кош колумда шалдыраса балдагым.

“Ар бир манжанын өзүнө тиешелүү милдети бар. Бул китептин ар главасына ар башка милдет жүктөлөт, өзүнүн тарыхы ага кошумча”, – деген эки сүйлөмдү кайрадан эске түшүрөм. Жогоруда окулган ырдын жеке тарыхы ушул чындыктын жандуу күбөсү болуп турбайбы. Жанында жаткан балдагын бир аз обочолото түртө көп кагаздардын ичинен бир нерсени издей баштайт. Көп убак сакталгандыктан саргая тарткан барактын ал биринчи сүйлөмүнө өзүнчө көз жүгүртөт, аны жанындагы катар-катар үйүлгөн кагаздардын үстүнө коё мурдагы аңгемесин улантат.

– Баса, – дейт ал, – биринчи сөзүбүздөн бир аз четтеп кеттик өңдөнөт. Бирок баары биригип эле менин өмүрүм менен чыгармачылыгыма түздөн-түз байланыштуу нерселер. Бирин экинчисинен ажыратууга деле болбойт.

Ал кайрадан жанакы саргайыңкы баракты колуна алат. Менин, – дейт ал сөзүн улап, – бул да болсо чыгармачылыгымдын башталышынын күбөсү болгон барак. Ар бир нерсенин кыска болсо да өзүнчө тарых-таржымалы болот турбайбы?! Ооба, дейм мен да ичимен. – Айтса-айтпаса төгүнбү?

Акынбек аганын ар бир кыймылына көз жүгүртөм. Ал эмнегедир толкунданган сыяктуу. Мен кайрадан үн жазгычымды ишке киргизем. Ал иштеп, анын барактагыны окуй баштайт:
– Газета-журналдарга ырларым негизинен 1950-жылда чыга баштады. Ошого далил катарында ал кезде “Кыргызстан пионерии” газетасында иштеп турган акын Акбар Токтакуновдун катын окуй кетейин. “Кымбаттуу Акынбек! Сиздин “Мен бактылуу баламын” деген ырыңыз жакшы жазылыптыр. Эпитеттердин эркин колдонушу ырдын касиетин арттыруу менен кадимки поэзиялык көрккө ээ кылып турат. Ошондуктан бул ырыңызды газетабыздын майрамга арналып чыга турган санына пайдаландык. Мындан ары да биз менен үзбөй байланышып туруңуз. Жалаң гана ыр жиберүү менен чектелбестен пионерлердин турмушунан алынган кыскача очерк, аңгеме-макалаларды да жиберип турсаңыз. Талыкпай эмгектенсеңиз сизден жакшынакай чыгармалар чыгары шексиз. Акбар Токтакунов. 30-октябрь, 1950-жыл”.

Тоодон төмөнгө бой керген өзөн сыңары андан бери да далай жылдар чубап өттү. Бул аралыкта ондогон ырлар, бир нече поэмалар жазылып жарык дүйнөгө келди. Акын айыл жерлерин аралап турмуштун өзүндө такшалып, өзүндө курчуду. Элүүнчү жылдардын башында ал юридикалык кесипке да ээ болуп калган эле. Ал акынды ого бетер турмуштун казанына бышырды. Жашоо өз ылдамдыгынан бир жанбай улана берди. Ыр жандуу юрист кайсы жерде кандай учурда болсун өз мүмкүнчүлүгүнө жараша поэзия дүйнөсүнө сереп сала карап, анын өзүнө тартып алма күчүнө көбүрөөк арбалды. Натыйжада, баштагы бирин-серин махабат ырлары, мекен, эл-жер, эмгек, совет адамдары, тынчтык темалары менен толуктала берди.

Ошентип кийинки 20 жылдын аралыгында “Атама кат”, “Ук, Бонндук солдат!”, “Окко каршы”, “Ишеним”, “Күн айтат”, “Өмүр”, “Адамзатка кайрылуу” жана орус тилинде “Сильнее смерти” деген жыйнактары чыгып кыргыз поэзия сүйүүчүлөрүнүн калың катмарына кеңири тарады. Кечээки юридикалык кызматкер, бүгүн журтубузга кеңири таанымал акын жүгүн көтөрүп таланттардын катарындагы орунга чыга келди. Акындын дагы бир бүтпөс темасы – адамзаттын улуу жолбашчысы Владимир Ильич Ленин:

Тенти Орокчиев, “Кыргыз руху” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.