Жеңишбек Жумакадыр, төкмө акын: “Менин атаандашым жок деп эсептейм”

– Эгемендикти алган 20 жыл ичинде маданиятыбызга жакшы көңүл бөлүнбөй келгени жашыруун эмес. Учурдагы маданиятыбыздын абалына кандай баа бересиз?
– Өткөн эки бийликтин тушунда маданиятка көп көңүл бурулбай, үстүртөн гана мамиле жасалып келгенин баарыбыз жакшы билебиз. Менимче, биздин маданиятты алсыздандырып, жок кылуу ошол учурда бийликте турган падышалардын эмес, биздин жерде өз идеологияларын ишке ашырып жүргөн еврейлердин саясаты болуш керек. Себеби маданиятты талкалоо – бул бир улутту жок кылуунун негизги куралы десек болот. Маданият улуттун нукура жүзүн чагылдырган жана улай турган бирден-бир түркүгү. Бакиев бийлигинин учурунда агенттикке айланган маданият министрлигинин кайра министрлик болушу туура деп эсептейм. Ал эми учурдагы 7-апрелден кийин келген жетекчилердин иш-аракеттерине азырынча мындай-тигиндей деп айта албайм. Убакыттын өтүшү менен, учуру келгенде иш жүзүндө алардын жасаган иштерине күбө болгондон кийин гана баа берсек туура болот. Азырынча мыкты иштерди аткарды же жаман иштеп жатат деп айтууга эрте. Негизи, маданиятка күйө турган, жанын берип иштей турган адамдар келсе, ошондо гана биздин маданият өнүгүп өсөт.

Айрым адамдар экономиканы көтөрүүдөн мурда маданиятты өстүрүш керек дейт. Сиз бул сөзгө кошуласызбы?
– Экономика менен маданият куштун эк канатындай болуш керек. Куш бир канаты менен эч качан уча албайт. Мамлекет алгыр куштай болуш үчүн маданият да, экономика да жогорку деңгээлде өнүгүшү зарыл. Ошондо гана дүйнөнү багындырган мамлекет боло алат. Бирин өнүктүрүп, бирин унутта калтыруу туура эмес.

Акыркы учурда Ала-Тоо аянтындагы “Эркиндиктин” эстелигин алдыруу боюнча коомчулукта кызуу талаш-тартыштар жүрүүдө. Сиздин көз карашыңыз?
Бул айкелди алдыруу боюнча буга чейин эле өзүмдүн пикиримди билдирип келгем. Ал эстеликтин алынышын мен толук колдойм. Анын ордуна кыргыздын нукура жүзүн көрсөткөн башка нерсени орнотсо туура болчудай. Мурдагы шаардын мэри Н.Түлеевге да гезит аркылуу ыр менен кайрылгам. Сиздин сурооңузга жооп иретинде ошол ырдан төрт сап айтып берейин.
Жакшыбы, балким жаманбы,
Жалпы элде бул сөз жаралды.
Түмөн ой келет, кыргызда түндүктү кармаар аялбы?
Журт которуп ийсеңиз, тиги жумуртка баскан аялды.

Кыргызда “Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгү аркылуу өтөт” деген сөз бар эмеспи. 7-апрелден бери журтубузда оор, кыйын кырдаал болуп жатат. Бирок биздин төкмө акындар атайын уюшулган жерлерге барып ырдоо менен гана чектелишип келди. Коомдогу окуяны төкмө акындар ыр менен элге жеткирет го…
– 8-апрелде Улуттук биринчи каналга барып, жоктоо ырын ырдадык. Маалыматты жалпы журтка жеткирүүдө телекөрсөтүү жакшы курал болсо керек. Мындан тышкары, менин “Калк арманы”, Элмирбектин, Аалынын кайрылуусу радиолордон тынымсыз берилип жатат. Биз бүгүн элдин башына каран күн түшүп, энелерибиз, эжелерибиз, ага-карындаштарыбыз жакынын жоготуп, аялдар жесир, балдар жетим калып, аталар аза күтүп, зар какшап турган чакта капталдан карап, унчукпай жатып алган жокпуз. Эстрада жаатындагы ырчылар 7-апрелде каза болгон уулдарыбызга арнап, кайрымдуулук концерттерин уюштуруп жатышат. Ал концерттин арасында төкмө акындар да бар. Төкмө акындар да жергебиздеги мындай кыйын кырдаалдан четте калбай, кайсы бир деңгээлде салымдарын кошуп, өз жолунда баратат.

Бир жолу төкмө акын агайлардын бири айтты эле: “Ар бир замандын өзүнүн Токтогулу бар”-деп. Бүгүнкү замандын Токтогулу деп сиз кимди айтаар элеңиз?
Учуру келгенде азыркы учурдагы төкмө акындардын талантына эл өзү баа берип, электен өткөрөт, ошондо кимдин Токтогул экендиги өзү эле айкын болот. Ошондуктан 21-кылымдын Токтогулу бул деп азыр так кесе айта албайм. Урпактар айтса керек, чыныгы өнөрпоз кеч бааланат эмеспи.

Атаандаштык болбосо, адам алдыга жылбайт дегендей, акындар арасында да атаандаштык барбы? Болсо, сиз кимди атаандашым деп эсептейсиз?
Менин атаандашым жок деп эсептейм. Эч ким менен атаандашпайм. Кудайдын берген өнөрүн эч ким тартып ала албайт. Ар ким өзүнө берилген талант менен бааланат. Мени эл Жеңишбек деп тааныйт, башка деп тааныбайт. Таланты ташкындаган адамга бут тосуп, көрө албастык кылсаң да ал адамдын таланты аксабайт. Ар бир таланттын өзүнүн орду бар, ар бири кайталангыс өнөргө ээ. Арабыздан айтылуу таланттар Ашыраалы, Тууганбай, Эстебес, Майра жеңебиздин узап кеткенине мен азыр да ишенбейм. Алардын орду толгус. Эч ким Эстекемдин, Ашыкемдин, Тукемдин, Майра жеңебиздин ордун толтура албайт. Ашыкемден онду алып келсе да, Эстекемдин ордун толтурса да Эстебес Турсуналиев боло албайт экендигин биз азыр сезип жатабыз. Мурда ааламды бир эле терезе аркылуу карасам, азыр бир нече терезе аркылуу карайм. Эң башкысы, менде кызганыч жок.

Төкмөлүк өнөрдүн учугу үзүлбөс үчүн сиздердин жолду улай турган шакирттерди даярдап жатасызбы? Деги эле шакирттериңиз барбы?
– Акындык өнөр аз чыгат, бирок саз чыгат экен да. Эл ичи таланттардан кур калбайт дегендей, бир кезде бирөөлөрдүн учугун улап ырдасак, бизден кийин дагы учубузду улап ырдап келе жаткан жаш төкмө акындарыбыз бар. Аларга биз багыт берип, билген акылдарыбызды айтып жатабыз. Азыр жаш кезинен таптап, даярдаган шакирттерим жок. Келечекте төкмөлүк өнөрдү өркүндөтүп, апогейине жеткире турган жаштарды балапан кезинен тарбияласам деген ойлорум бар. Айтыштарга “мен төкмө акын болсом” деп, келип жаткан жаштар көп, тилекке каршы, бычакка сап боло тургандары азыраак болуп жатат.

Бычакка сап болгон, сиздин купулуңузга толгону кимдер?
Эми бизден кийинки жаш акындарды айтсак, Аалы менен Азамат. Булар жалпы элдин купулуна толду. Андан кийин Арстанбектин урпагы Асылбек, Баял, Майра жеңебиздин уулу Акжолтой, Кадырбек сыяктуу келечегине үмүт арттырган жаштар бар. Бирок эмнегедир булар аргымактай арыш ала албай, жорго салыш менен келе жатышат. Биздин балдар кыргыз элине гана эмес дүйнөгө чагылгандай болуп жанып чыгышса, төкмөлүк өнөр өркүндөп, өсмөк.

Аргымактай арыш созуп, чагылгандай чартылдаш үчүн кандай аракеттер көрүлүшү керек?
Өнөрдө, аргымактай болуп арыш алып, чагылгандай күйүп-жаныш адамдын өзүнүн дараметинен. Биздин устаттар: “Силердин оозуңарга биз ыр куюп бербейбиз”-деп айтышчу. Анын сыңары, эч ким акындын оозуна ыр куюп бербейт. Адам өзү бир нерсеге жетүү үчүн көп эмгек жумшап, аракет кылышы керек. Эгер талант болсо, аны барктабай же ырдабай койсо ал талант өчүп жок болот. Ошол үчүн мыкты акын болгусу келген адам тынбай ырдап турушу зарыл. Бир жолу Тууганбай Абдиев атабыздан: “Төкмөлүктүн институту, университети болобу?”- деп сураганда Тукем: “Төкмөлүктүн институту – достаркондун чети” -деп жакшы жооп берди эле. Чынында төкмөлүктү окуп үйрөнүүгө мүмкүн эмес. Бул жараткандын берген белеги, ал – талант.

Акыркы жылдары кыргыз эстрадасы жанданып, жаш ырчылар көбөйүүдө. Жаңы чыгып жаткан жаш ырчыларга коомчулук тарабынан сын көз караштар аябай эле көп болууда. Сиздин пикириңиз…
Эстрада жаатынын өнүгүп, өсүп жатканы жакшы. Ырчылардын баарысын бир беткей жаман деп айтуудан алысмын. Арасында мыкты ырчылар бар. Бирок Кыргызстанда акындар калбай калгансып, өзү акын, өзү обончу болгон ырчылардын көбөйүп баратканы зээнимди кейитет. Булардын аттарын атабай эле коеюн, эл өзү тараза, кимдин-ким экенин коомчулук жакшы билет. Өзү обончу, композитор болгон ырчылардын маанисиз, супсак ырларын угуп ыйлагың келет. Алар кайда шашат түшүнбөйсүң. Күнүмдүгүн ойлобой, мыкты акындар, профессионал композиторлор менен иштешсе жакшы болмок. Кезеги келгенде алар да Рыспай, Муса, Атай сыяктуу элинин жүрөгүндө калмак. Тилекке каршы, биздин айрым ырчыларыбыз “эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө” деген принцип менен жашап жатышат.

Саясаттан сырт адам катары бүгүнкү саясий кырдаалга болгон көз карашыңыз…
Бизде саясий жактан такшалган, чыгаан саясатчылар көп. Бирок лидер жок. Кыргызстан калкы аз, чакан мамлекет, бир эле адам башкарып койсо болот. Тилекке каршы, андай адам азыр жок болуп жатат. Ал эми Убактылуу Өкмөт тууралуу айтсак, аларга эл ишеним артып бийликти бергенден кийин таза, ынтымакта бири-биринин абийирин ачпай, өлкө үчүн ак дилден кызмат кылышса болмок. Өткөн бийликтеги эки падышанын тагдыры, кетирген катачылыгы буларга чоң сабак болуш керек.
Булут болуп көккө чейин барышкан,
Ыйык кылып өздөрүн табышкан.
Жаздыгына гүлдүн жытын себишип,
Жакындарын жакут төшөп багышкан.
Эртеңкинин тамырына балта чаап,
Эл бакчусун торго камап чалышкан.
Эсеп берер кыяматты унутуп,
Эл бактысын менчик кылып алышкан.
Кара басып, күнү бүтүп турса да,
Кан тактыдан колу чыкпай карышкан.
Уудан кайткан тайгандардай шыйпаңдап,
Увазирлер жалган айтып жагышкан.
Түбүң түшкүр падышалар жолу ушул,
Түбөлүктүү бактысынан тайышкан.
Көкүрөктөр түпкүрүнөн үн чыгат,
Качан келет калкка күйөөр даанышман.
үшүк алган жан дүйнөлөр жылыбай,
үмүт гана бүл-бүл жанат алыстан.

Маектешкен, Жаркынай КАДЫРКУЛОВА,
«Форум»
(«Кыргыз гезиттер айылы»), 01.06.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.