Асан Жакшылыков: “Жакырчылык кыргыздын айран-кымызын саттырды”

Асан агай, акыркы убактарда кыргызды кыйын абалдан Манастын руху, кыргызчылык алып чыгып кете алат деген пикирлер арбыды, сиз буга кандай дейсиз?
Биринчиден, биз доор алмашканын эч убакта эстен чыгарбашыбыз керек. Дүйнөдө 4 стихия бар: от, суу, жер, аба. Төртөөнүн кезметтешкен учуру келет. Доор алмашканда ар биринин ырааты жүрүп, калгандары ага баш ийет. Азыр айрыкча коом алмашып, ыплас нерселер күч алып, теңчилик бузулуп турган убакта от менен тазаланат. Манас атабыз алып жүргөн от доорунун доору келди. 2012-жылы дүйнөдө чоң өзгөрүүлөр болот, топон суу жүрүп, кыямат болобу деген абдан коогалаң суроолор коюлуп жатпайбы. Кыргызстандагы акыркы окуялар ошол от доору келгендиктен, адамзат башкача учурга өтүп бараткандыктан улам болууда. Манас атабыздын күчү – кыргыз элинин пири. Ошондуктан биринчи кезекте кыргыз эли өзгөрүшү керек. Соң-Көлдө 41 күн манас айтканыбыздын эң негизги себеби, жерибизге түшүп жаткан Манас атабыздын күчүн, кутун жерибиз аркылуу манасчыларга өткөрүп, манасчылар аркылуу элибизге өткөрүү эле. Биз баарыбыз күбө болгондой кыргызчылык күчтүү жерлерде мисалы, Нарын өрөөнүндө жер көчүп, суу каптады дегенди уга элекпиз. Түштүктө болгон окуяларды алалы. Жер көчкү сыяктуу ар кандай табият кырсыктары болуп өттү. Бул кыргыздын духунун начарлап кеткендигин көрсөтөт. Канчалык элдин кудурети күчтүү болсо жерге өтүп, же болбосо жердин кудурети канчалык күчтүү болсо элге өтөт.

Күркүрөгөн күз айында шайлоо өтөт. Саясаттан улам жерибизде дагы бир чыр-чатактар чыгып кетет деген кооптонуулар жок эмес…
Жогоруда айтканымдай, ааламдашуу эмнеден болуп жатат? Бул жеке өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп, байлар, акчалуулар дүйнөнүн баарын ээлеп алышып, башкача айтканда ач көздүктүн системасы бутуна туруп алды. Айкөлдүккө өтчү кез келди. Ошондуктан биздин саясатчылар көсөм болсо, Манас атабыздын жолу айкөлдүк менен кетсе, ошого канчалык оосо, анда ар кандай кырдаал тынч өтүп кетиши ыктымал.

Акын-жазуучулар саясатташып кетти дегенге кошуласызбы?
Акын-жазуучулардын анчалык деле саясатташып кеткенин көрө элекмин. Жазуучулардын ичинен сынчыларыбыз саясатка кеткени чын. Абдыганы Эркебаев адабий сынчы болчу, Осмонакун Ибраимов бул киши да саясатка кетти. Белгилүү даражада Акбар Рыскулов, саясатта газета жагынан А. Матисаков саясатташты. Негизинен, адабияттын күчүн кармап турган жазуучулар көп деле саясатка аралашып, саясий партиялардын арыгын чабышкан жок. Айта кетчү жагдай, мамлекеттин башына кайсыл партия же лидер барып калса, анан ал элге ант берип, мамлекеттин кызыкчылыгына, тагдырына жооп берип калат. Биз аны мамлекеттин башчысы катары урматтап, сыйлап, көтөрүп турушубуз керек да… Бирок сый мамилени түшүнбөй кошоматчылык катары кабыл алса, ал башка кеп. Сый мамилени кайсыл бир саясатчыга кошомат кылган деп кабыл албашыбыз керек.

Асан агай, өлкө башына ким келсе эле ал адамды ашыра мактап жазылган ырларды окуп калабыз. Сөзсүз бийликке келген адамды макташ керекпи?
Токтогул менен Арзымат дегендер жашап өткөн. Токтогул чындык үчүн чыркырап ырдаса, Арзымат пайдасын көрөйүн деп ыңгайлашып ырдайт. Бул эчактан бери келаткан көрүнүш. Маяковский өз доорунун революциясын чагылдырып жазса, алп жазуучу Горький деле Ленин кезиндеги идеологияга кызмат кылган. Айрым бир жазуучулар өзүнүн убактылуу түшүнүгүнө кайсыл бир жетекчинин доору туш келип калса, жанагы Арзыматтай болуп ырдап кеткен учурлар болот. Көпчүлүгү тишинин кирин сорсо дагы көргөнүн ырдайт. Айрыкча Совет мезгилинде Мекен, патриоттук темадагы ырларды сап башына коюп койгон салт болчу. Менин учкул саптарымды карасаңыз бир дагы бийликти жактаган саптар жок. Замандын оош-кыйыштарын, кейиштүү учурларды жазып келаткан кишимин. Мага Арзыматтык кылган деген бир дагы сын айтылбайт. Алик Акималиев деген таланттуу акын бир учурда Акаевди, Акаеваны мактай коюп компьютер алган жайы бар.

Коомду сиз айткан ыпластыктан тазалоодо балким чыгармачыл чөйрө өз салымын кошо алар…
Өзүмдүн ишимден мисал катары айтсам, мен түзгөн “Манас эл” коомуна ошол убактагы бийлик аябай каршы болгон. Ынтымак курултайында мага сөз бербей коюшкан. Негизи биз өзүбүздүн даана сөзүбүздү сүйлөп келатабыз. Айрым бир аксакалдар “Мага Максимдин көзү жагат” деп айтса, ага өзү жооп бериши керек. Аксакалдарыбыз калыс болгонго аракет кылышы керек. Ал эми Жазуучулар союзун кор кылып таштадык. Коомго зор пайдасы тийчү китептер жарык көрбөй калды. Кыргыз элинин адабиятын, маданиятын сактап калууга бийлик кымындай да иш кылган жок. Жазуучулардын саясий энергиясын пайдаланууга атка минерлер бир да аракет көрбөдү. 20 жылдан бери ушундай мамиле кылып келатышат. Ошол себептүү жазуучулардын китеп чыгармак тургай, коллективдик газета-журнал чыгарганга мүмкүнчүлүгү жок болуп калды. Жазган эмгектериңди эл көрбөсө кантип коомчулук менен диалог жүргүзүүгө болот? Китеп окубай жалаң гана саясатка алдана берсек, шорубуздун кайнаганы ушул. Мени чочутканы коомчулуктун китепке ыктабай калганы. 2 млн. кыргыздын жок дегенде 1 пайызы китеп окуй турган болуш керек. Бул үчүн мамлекеттик программа зарыл.

Кыргыз улутунун мындан түптүү болушуна эмне зарыл деп ойлойсуз?
Кыргыз тили жоюлса эле оңолуп кетебиз дейт. Мен андайга кошулбайм. Кыргыз элинин кылымдап калыптанган менталитети, башынан бери келаткан касиеттери бар. Кыргыздын идеологиясы эчак түптөлгөн. Ал айкөлдүк идеологиясы. Аны мамлекеттик идеологияга айланта албай, ага көңүл бөлө албай, батыштан келген идеологияларга жем болуп, бирибиз жөөт, бирибиз арабизм болуп баратабыз. Ошондуктан биз айкөлдүк идеологиясын чындап ишке ашырып укумдан-тукумга өткөрүүгө аракет кылышыбыз керек.

Кыргыздан чыккан белгилүү бир инсан: “Кыргыз кымыз, айранын сатып пейили бузулду” – деген эле. Чын эле элден пейил кеттиби?
Айран, кымызын сатса эле пейил бузулгандыкка жатпайт. Биз кыргыз элин жакыр кылып таштадык. Аргасы кеткенде жакырчылыктын айынан чыкканга далбас кылып, колунда бар нерсесин сатууга мажбур болду. Кыргыз соода-сатык кылбаган эл. Жан багуу процессин биз сатыкка айландырып таштадык. Бийликтин коррупция менен жармашып, биригип калганын көрүп келдик. Орто жерден элдин ортоңку катмары кыйналды. Ошонун кесепетинен тоодогулар айран-сүтүн сатып, балдарыбыз туш-тарапка иштөө үчүн кетип, үркүндөн кийинки үркүн сыяктуу абал келди.

Маектешкен Сахиба КАДЫРОВА, «Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.