“Балага коюлган ысым жашоосуна чоң таасир тийгизет”

Профессор, белгилүү антропонимист Жапаров Шералы Жапарович менен мек.

Байыртадан эле элибизде наристеге ысым ыйгарууга чоң маани баришкен.Ал эми азырчы? Заманбап аттарды ыйгаруу менен нукура кыргыздын аттары унутулуп келүүдөбү? – деген өңдүү суроолор менен атайын адиске кайрылдык.

– Кыргызда балага ат коюунун мааниси жөнүндө айта кет­сеңиз?
– Негизи кыргыз үй-бүлөсүндө бала төрөлгөндөн кийин ата-энесинен, коомчулуктан биринчи белек алат. Ал белек анын ысымы. Бул берилген биринчи энчиде ата-эненин чексиз үмүтү, баладан күткөн келечек максаты жатат. Ошол себептен ата-энеси койгон атты терең урматтоо менен алып жүрүү – бала үчүн чоң жоопкерчилик. Ар бир ата-эне өз баласын кандай сүйсө, баласынын атына ошончолук урмат менен мамиле жасайт. Балага кандай энчилүү ат койсоңуз ал өз эркиңиз, бирок ошондой болгон күндө да бир нерсени эске алышыңыз керек. Балага коюлган ысым, анын кийинки жашоосуна чоң таасир тийгизет. Ысым ыйгарууда жалпы жоболор жана эрежелер, элдик этика, эстетика дагы башка нормалар, ошондой эле учурдун, тарыхтын талаптары бар.

– Адам баласынын ысмы анын төрөлгөн мезгили менен байланышы барбы?
– Албетте бар, бул-илимде климатологиялык фактор деп аталат. Мисалы, кыш мезгилинде, кеч күздө жарык дүйнөгө келген наристелер, айрыкча эркек балдар жаратылышка, айлана-чөйрөгө чыдамдуу, аң-сезимдүүлүк менен, обьективдүү багытта карашат. Парасаттуу, ошол эле учурда сарамжалдуу, чыйрак болушат. Алардын мүнөзү туруктуу келип, башкалардан айырмаланып турушат. Өзгөчө талапчылдык мүнөз да болот. Алардан чыйрак, иш-билги жетекчи чыгат. Боорукер ата-эне болушат. Мүнөзү бош адамдар менен сүйлөшкөндү көп жактырышпайт.

Ал эми жаз мезгилинде төрөлгөндөрдүн мүнөзү жумшак, жашоодо жупунураак болушуп, мыкты жашагандарга суктанып жүрүп өтүшөт. Мына ошондуктан болсо керек, ономастика илиминде, айрыкча түрк антропонимикасында (анын ичинде кыргыз энчилүү адам аттарында) Чилдебай, Аязгүл, Карбүбү деген ысымдарды көп жолуктурабыз.

– Азыркы учурдагы, жаш наристелерге коюлган ысымдарга сиздин пикириңиз?
– Балага энчилүү ат берүү бул – чоң маданият, ата-эненин алдындагы максаттуу-педагогикалык жана улуттук улуу программасы болуп саналат. Мисалы, сиздерге конкреттүү, далилдүү бир фактыны -жаңыдан жарык дүйнөгө келген кыргыз наристенин атына байланыштуу маалыматты келтире кетейин:

Улуттар кыргыз-өзүбек элдеринин ортосундагы 2010-жылдагы коогалаңдуу ош окуясы мындан ары кайталанбасын каалагандар кыргыз мамлекетинде жашаган ар бир кишинин ыйык, пенделик тилеги. Мына ушундай адамдык түбөлүктүү аруу максатты Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну ак халатчан дарыгер инсан, Жапаров Акжол жаңыдан жарык дүйнөгө келген небересине-Элдосбек деген ысымды ыйгаруу аркылуу түбөлүктүү, түпкүлүктүү эки элдин ар дайым ынтымакта болушун каалайт. Мындай ономастикалык оперативдүү көрүнүш , натыйжалуу көрүнүштөрдөн болуп саналат жана, Чыгыш элдери үчүн алгылыктуу аракеттердин катарына кирет.

– Эгерде үч эм (үч эгиз) төрөлсө аларга кандай ысым ыйгарса болот?
– Аларга ысым ыйгаруу жергиликтүү шартка, жагдайга жараша чечилет, аткарылат. Мисал келтире кетсем: Эсен, Аман, Жүрсүн. Ошондой эле, Курманбек, Феликс, Роза деген ысымдар ыйгарылып келет. Андан калса, түрк же моңгол элдеринде үч эм баланын төрөлүшү өтө эле сейрек көрүнүш. Албетте, алардын төрөлүшүндө күргүштөгөн көчмөндүүлүктүн шарданасы, азык-түлүк маселесинин да таасири болот.

– Азан чакырылып койгон атты өзгөртүүгө болобу?
– Жаңыдан жарык дүйнөгө келген наристеге азан айтылып коюлган энчилүү атты, азан айтып, элге жарыя кылып өзгөртүүгө болот. Мындай учурда, жаңыдан ыйгарылган ысым баланын жекече тагдырына, жашоосуна таасири аз болот. Мүмкүн болсо, наристенин алгачкы алган атын өзгөртпөөгө аракет жасаш керек. Себеби, наристенин алгачкы коюлган энчилүү атында ата-энесинин ууз сүтү, жыты сиңген.

– Профессордук наамыңыз академикке жетсин, ийгилик!

Алия ОРОЗОБЕКОВА, «Аргумент» («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.