“Бийик жайда…”

Ырас, кезинде канчалаган талант ээлери көз жаздымда калып, анчейин барк алынбай, ары-бери “түрткүнчүк” болуп, ал эмес пендечиликтин “тепсендисинде” да калышты. Бир кезде атагы дүңгүрөп турганда андай залкарлардын этегине тооп кылгандар айлананы кара булут каптаган кезде алдастап, көздөн кайым болушат окшобойбу. Болбосо, ошол эле бийик талант кейиштүү тагдырга кептелгенде анын ыйламсыраган жүзү, алсыз үшкүрүгү жанында жандап жүргөн “жакындарын” ойлондурат эле да…

Түбүң түшкүр пендечилик… Бийиктиктин да беделин түшүргөн төмөн түшүнүктөр…

Бакен Кыдыкеева… Театр жылдызы, элибиздин сыймыгы… Өнөрү менен өргө чыгып, кайра жер боортоктоп, ылдыйлап… Аттиң десең!

Бирок, бир чындык бар экен. Актриса өзүнө кылымдар жашап калчу урагыс атты ыйгарып кетти. Ал анын эки өмүрдөгү эсепсиз байлыгы, майтарылгыс күчү, тоодой жеңиши эле…

Асанкул Осмонов, КРнын Эл артисти: “Ой-сезимди ээлеген образдар…”
– “Төкөлдөштүн төрт кызынын” эң кенжеси – Бакен Кыдыкеева менен куттуу сахнада партнёр катары көп жолу бирге иштешип, бир нече ирет кездешип, жакындан баарлашып калдым. Кандай образ жаратууга киришсек да, репетиция маалында Бакен эже жетишкендик менен катар мүчүлүштүктөрдү кыябын келтире жай гана түшүндүрүп, айтып коё турган.

Алсак, Шатман Садыбакасовдун “Ак боз ат” спектаклинде мен Шырдакбектин, ал киши Эркайымдын ролунда ойноп калды. Бакен эженин сүрү абдан күчтүү эле. Ал кишиден айбыккандан улам адегенде образга толук кандуу кире алганым жок. Ошондо Бакен эже: “Ырас, мен Бакен эжеңмин. А бирок, сахнада башка жашоону элестетүүгө туура келет. Сахнада мени өзүңдүн Эркайымың катары көр да, тартынбастан образга кир! Болбосо, Шырдакбек эмес эле анын кулу болуп калбайсыңбы!” – деп айтканы бар.

Бакен эже өнөрдүн учу-кыйыры жок улуу көчүндө нечендеген бийик кырларды, белестерди ашты.

Актриса ар түрдүү мүнөздөгү образдарды укмуштай бийик деңгээлде алып чыкчу. Айталы, Анна Каренина, Айганыш, Толгонай, Каныкей өңдүү бир катар башкы кейипкерлердин ролдорун актриса не бир сонун, кайталангыс боёктор менен театр сүйүүчүлөрүнө тартуулаган эле. Азыр ал образдар ар бирибиздин көз алдыбызда, ой-туюмубузда турат.

***
– Адам катары сөз кылсак, Бакен эже аябай боорукер боло турган. Буга мисал, эгер ал ал-ахыбалы начар бейтааныш адамдарды көрүп калса: “Ой, курсагың ачкан го? Мегой, мына буга тамак алып ичегой” – деп акча карматкан кездерин көрүп калдым.

Эже ынтымакты бекем кармачу. Бирөөнүн артынан кеп салбай, кандай чындык болсо да, аны бетке айта билген артыкчылыгы бар эле.

Улуу-кичүүнү урматтай билип, өзү да кадыр-барк үстүндө жүрчү. Бакен эжени баардыгы жолдошчулукка бекем, адамгерчилиги бийик асыл адам катары баалай турган.

***
– Гостролдо жүрөбүз… Айдоочубуз тиши ооруп, кыйналгандан улам автобусту мен айдамакчы болдум.
Автобустун алдыңкы катарындагы орундуктардын биринде Абдрашид Бердибаев менен (Таланттуу акын, ырчы. Ал кишинин көзү азис – Ав.) Бакен Кыдыкеева катарлаш олтуруп бара жаткан. Бир маалда Бакен эже мага: “Ай, эмне дүңкүлдөтүп айдап бара жатасың? Жай айдасаң болбойбу?!” – деп калды.

“Жолдун аңгыл-дөңгүл жерлерин байкабай калыптырмын” – десем, “Анда рулду бер, Абдрашид агаң айдасын!”- деп Бакен эже баарыбызды күлдүргөн эле. Абдрашид аганын көзү азис болсо, кантип айдамак?

Мен автобусту токтотуп коюп, кечке күлгөм. Эже ушундай тамашакөй, шайыр адам боло турган.

***
– Ал киши жараткан ролдордун баары “жарк” этип чыгып, көрүүчүнүн ой-сезимин ээлеп алчу.

Ролу бышып-жетилип, өз көңүлүнө толмоюн, Бакен эже аны көркөм кеңешке көрсөтчү эмес. Бул ал кишинин чыгармачылыгына өтө бийик мамиле жасагандыгынан кабар берип турат. Бакен эже иштеп жатканда кобур-собур үндөр да чыкчу эмес. Ал абдан принципиалдуу адам эле.

Болот Шалтаев, Алмаз Усупбеков өңдүү Москвадан театралдык билим алып келишкен мен теңдүү актёрлор: “А-ай, эженин сүрү а-ай” – деп бери жакка келишип, кадимкидей үшкүрүнүп алышаар эле.

“Бакыйган Москва, Ташкенттен окуп келген актёрлор Бакен эжеден абдаарып жаткан соң, мен да эр экенмин”-деп өзүмө-өзүм кайрат берип, дем топтоп калчумун.

Бакен Кыдыкеева пейили, дили таза, адамгерчилиги бийик, жаркыраган талант эле. Мен үчүн Эженин эмгеги эстен кеткис, унутулгус… Эженин баалуу чыгармачылыгы, жаркын элеси дайым көңүлүмдө жашай берет.

Шайгүл Алсейитова, КРнын Эмгек сиңирген артисти: “Жашоо принциби тазалыкты көздөгөн”
– Адамгерчилик касиетти, шык-жөндөмдү, Жараткан берген шыбаганы өз мезгилинде көрө билип, баалап калсак гана… “Тирүүчүлүктө айтылып, кастарланган эмгектин ошончолук барк-баасы бийик болоор беле” дейм.

Бакен Кыдыкеева… Бул ысым өзүнчө бир улуу тарых. Ар бир мамлекеттин улуттук дөөлөтү, сыймыктанып, сыйына турган чоң супарасы болот. Ал эми биздин улуу супара, касиетибиз мына ушундай залкар таланттар менен келип, алар менен түптөлүп, тургузулган. Биз Бакен Кыдыкеева өңдүү эжелерибиздин энелик, инсандык, профессионалдык бийиктиктерин көрүп, андан үлгү, таалим алып өскөнбүз.

***
– “Улуу адам менен биргеликте иш алып барып, асыл дүйнөдөн ажайып образдарды жаратканымды чексиз бакыт, теңдешсиз таалай” деп билем.

Атайын театралдык билим албаса да, Бакен Кыдыкеева табияттан ыроолонгон күчтүү жөндөмгө, чоң өнөргө ээ экен. Себеп, ал кишиде баары бар эле. Адамгерчиликтин асыл үлгүлөрү, актёрдук чеберчиликтин көп түрдүүлүктөрү Эженин бүтүндөй дүйнөсүндө бүрдөп, айланага жарык чачкандай жаркырап, көрүнүп турчу.

“Институтту бүтүрүп келгеним бир тең, театрдын корифейлеринен таалим алып, алардын мектебинен өткөнүм бир тең” деп дайым сыймык менен айтып калам. Ырас, “Бакен Кыдыкеева өңдүү залкарлар менен бирге жүрүп, бир сахнада иштешкеним – бул чоң университет, чоң академия” деп айтсам жарашат.

***
– Бакен эже “Акты ак, караны кара” деп тайманбай айта билген калыс адам боло турган. Дайым ак сүйлөчү.

Баарыдан да эсептешүү менен иш алып барганды жактырчу эмес. Сахнада туура жашоону каалап, аны аздектеп, аярлап мамиле жасаар эле.

Дүйнөсү абдан таза болчу. Ал эч качан адамдардын артынан сөз айтчу эмес. Бакен эжедеги дал ушул артыкчылыкты баамдап: “Чыгармачыл адамдардын ички дүйнөсү канчалык таза, терең болсо, алардын эмгектери да ошончолук баалуу болот ошкобойбу” деген ойго келгем.

Бакен эженин калп айтып, эки сүйлөгөнүн же жагалданып кошоматтанган адатын кездештирүү мүмкүн эмес эле. Кандай образ түзбөсүн, ага өзүнүн жашоо принцибин кошо кынаптап, алып чыкканын айт. Эженин ар бир образы дал өзүндөй чындыкты, тазалыкты сүйө турган.

Эжени абдан сүрдүү, ошол эле учурда өтө боорукер жана кең пейил адам катары билчүбүз. Ал киши менен кездешүү – биз үчүн өзгөчө кубаныч, жагымдуу маанай тартуулап турчу.

***
– 1987-жылы “Сейтекти” коюп калдык. Спектаклде Бакен эже Каныкейдин, мен Айчүрөктүн ролунда ойноп калдым. Репетиция учурунда мен Бакен эжеден көп түшүнүктөрдү алгам. Ал кезде азыркыдай сөздөрдү жаттап олтурбастан, берилген образ боюнча ийне-жибине чейин иликтеп, иштеп чыгабыз.

Ошондо менин аракетимди байкаган көрөгөч Бакен эже: “Менин кубанчым ушул, бул кызыбыз биздин “тонго” түшүп, биздин нук менен арыш алганына ыраазы болуп турам. Шайгүлдүн актёрдук чеберчиликти өздөштүрүп, ар түрдүүчө боёктор менен иштөөсү мени ынандырып жатат” деп айткан. Бул өтө чоң баа эле. Улуу устаттын ошол сөзү мага стимул болуп, ишке болгон эргүүм артып, күч алган.

***
– “1970-1980-жылдардагы залкарлардын чыгармачылыкка болгон бийик мамилеси кайрадан бизге кайтып келсе” дейм. Болбосо, азыр чыгармачылык кандайдыр бир эсептешүү менен жашап, майдалангансып бара жаткандай…

Кийинки учурда коом “журналисттердин”: “Эмне тамак ичесиң? Кандай ич көйнөк киесиң?” деген жеңил-желпи суроолорунан тажап калды. Керек болсо, биз андай мааниси жок, тантыраган суроо менен кайрылган “кабарчылардан” качабыз.

Бул өзү кандай? Биз кыргыздын нарк-нускалуу жүзүн көрсөтөбүзбү же “ич көйнөгүн” жазып, улуттук дөөлөттөрүбүзгө, руханий асылдыктарыбызга көлөкө түшүрүп, аны кор кылып, тебелеп-тепсейбизби?! Деги, качанкыга чейин “жылаңач” темаларды жазып, элдин эстетикалык табитин бузушубуз керек?! “Азыр окурмандар жеңил темаларды окуп калган” дешет. А ошол эле окурмандын эстетикалык табитин ким бузуп жатат? Муну айткылары жок…

Нурзада! Сен тарыхый инсан туурасында билүүгө кызыкдар болуп жатканыңа ыраазы болуп олтурам. Дегеле, сенин чыгармачылыкка жасаган олуттуу мамилең мени канааттандырат.

Ал эми кай бир “жазмакерлердин” “чечинген” нерселерди жазып, “Чыгармачылыкты өстүрөбүз” дегени жарабаган кеп. Аларга улуу жолдо орун да жок…

Чынар Калыбекова, драматург: “Өнөр бакчасын жашылдандырган талант…”
– Бакен Кыдыкееваны, калкыбыз кастарлап, урмат менен сөз кылган актрисаны мен 1978-жылдан тарта билип калдым. Бул инсан өзгөчө бир басым менен айта турган нукура талант ээси эмеспи.

Ал кезде биз студент элек. Эженин карааны алыстан эле көрүнгөндө анын сүрүнөн, айбатынан айбыгып, ордубуздан тура калып, учурашып калчубуз. Эже кыраакы, баамчыл жан эле. Жаныбыздан бир топ узап барып, артына бурула карап: “Саламатчылык! Окууңар кандай?” деп бизди сыдыра тиктеп, өтүп кетчү. Биз буга жетине албай, толкунданып кала турганбыз.

Эже менен бирге басып, анын нарк-нускалуу сөздөрүн угуп калганыма абдан сыймыктанам. Өмүрүнүн акыркы кейиштүү учурунда ал кишини театрдын эшигинин оозунан көп ирет кезиктирдим. Маанайы түшкөн абалына ичтен кейип: “Эже, жүрүңүз” деп бир-эки жолу ээрчитип чыгып, экөөбүз чай ичип, кобурашып олтуруп калганыбыз дале көз алдымда… Кайран талант! Кандай гана асыл адам эле…

***
Эмгеги урматталып, 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик жаштар театрына Бакен эженин ысымы ыйгарылган. Бул да өзүнчө тарых. Эже алгачкы эмгек жолун дал ушул театрдан баштаган экен. Кийин өмүрүнүн акыркы кездери кайрадан ушул театрга келип, эмгектенип калган…

Кандай болбосун, Бакен Кыдыкеева улуу тарых, эмгегинин чеги жок бийик инсан катары өнөр бакчасын жашылдандырып, кийинки муунга чыгармачылыктын асыл үлгүсүн калтыра алды. А мындай бийиктикти миңдин бири гана багындыраар…

Нурзада ОСМОНОВА, “Пресса.kg” (Кыргыз гезиттер айылы), 21.20.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.