Айтматовдун руханий паспорту «Манас» эле

Кыргыз калкы нечен кылымдык тарыхты карытып, айтылуу “Манас” баштаган элдик оозеки чыгармачылыктын эң сонун үлгүлөрүн жаратып, аларды кийинки муунга мурас катары калтырып келишпедиби. Алтын кенчтер мурас катары адамдардын аң-сезиминде гана жашап кала бербестен, кыргыз маданиятынын, адабиятынын пайда болушунун жана калыптанышынын негизги булагы болуп саналган.

“Манас” эпосу Чыңгыз Айтматовдун жан дүйнөсүнө балалык мезгилде эле сиңген. Жазуучунун чоң энеси Айымкан, чоң эжеси Карагыз жомоктор, элдик ырлар, уламыштар, макал-лакаптар, дастандардын өзүнчө бир кенчи боло турган. Чоң энелерин ээрчип жайлоодо тоо-тоолоп жүрөт, айыл-ападагы тамашаларды сонуркап көрөт, элдин үрп-адатын, үй-бүлөлүк салтын билип, ар бир кыргыз баласы сыяктуу ариб тааный электе “Манас” баштаган эң асыл мурастарды угуп, таалим алып, көркөм дүйнөнүн укмуштуудай сыйкырдуу касиетине аралашат. Таластан “Биринчи ирет манасчынын үнүн уктум” дейт жазуучу. Чолпонбай, Дүйшөнкул сыяктуу баатырлардын эрдигин өз элин, жерин жоо-душмандардан коргогон Манаска салыштырып, ыйык тутуп, өздөрүн да баатырлардай сезишип, бири-бирине ант беришкен балалык күндөр көп эле болгон. “Манастын” духу менен турмуштагы кыйынчылыктарды, азап-тозокторду көтөрүп, жеңишке умтулуп келишкен.

Жазуучунун чыгармачылыгынын башатына жол ачкан көркөм булактар жөнүндө кеп козгогондо да “Манас” эпосу алгачкылардан болуп айтылат. 1952-жылы “Манас” тууралуу илимий негизде кара сөз түрүндө проспектини орус тилинде жазат. Ошондо жазуучу кыргыз элинин дүйнөлүк маанидеги эң залкар мурасты – “Манас” жаратканына дагы бир жолу ынанат. Балалык мезгилде кулакка сиңген жагымдуу саптардын дүйнөсүнө өзү кыял чаргытат. Бул Айтматовдун “Манаска” илимий чыгармачылык жаатында кайрылган алгачкы кадамы эле.

Айтматов менен “Манастын”, башкача айтканда, дүйнөлүк элдин эки залкар көркөм дүйнөсүнүн байланышын негизинен эки багытта кароого болот: биринчи, “Манас” эпосуна Ч.Айтматовдун чыгармачылыгында кайрылышы; экинчи, Ч.Айтматовдун “Манас” эпосун пропагандалашы.

Алгач айтып коюучу кеп Ч.Айтматов ар бир чыгармасында эле “Манаска” кайрыла бербейт. “Манас” анын көркөм дүйнөсүндө да ар дайым жашап, чыгармачылык шык, эргүү берип турат, ал бүтүндөй жазуучунун чыгармачылыгы менен өзөктөш, тамырлаш. Белгилүү сынчы К.Асаналиевдин сөзү менен айтканда, “эпос жазуучунун көркөм акыл-эсинде кандайдыр бир айрым үзүндүлөрү, же кээ бир белгилери менен эмес, баарынан мурда синкреттик искусствонун улуу туундусу катары өзүнчө бир бүткөн система түрүндө жашайт”.

Айтматов өзү да эпос жөнүндө дайыма ой-толгоодо болоорун, элдик акылмандыктын көп катмарлуу, көп кырдуу чыгармасын чыгармачылыгында жөн эле пайдаланбастан, өздөштүрүлгөн түрүндө пайдаланаарын бир нече жолу баса белгилеген эле. Ошентип, анын “Манас” эпосуна айрым бир учурда гана көркөм зарылдыктан кайрылып келгендигин чыгармачылыгы шарттайт. Бул кайрылуу чыгарманын тематикасына, идеялык-эстетикалык маанисине, көркөм образдар системасына, философиялык, адеп-ахлактык проблемасына байланыштуу болот. Ч.Айтматов алгач “Жамийла” повестинде эпостун башкы каарманынын атын гана атайт: “Кең талаа, колдо! Касиеттүү тууган жер, колдо! Манас, колдо!” Бирок, жазуучу Манастын атын атоо менен терең ойду камтып жатат. Согуш мезгилинде Манастын образы элдин, журттун патриоттук сезимин түшүрбөө үчүн, кайраттуулукка, эрктүүлүккө, жеңишке үндөө үчүн чоң роль ойноп келгендигин жазуучу анын маанисинин чыпчыргасын коротпой таамай көрсөтө алган.

“Ак кеме” повестиндеги Энесай легендасынын мазмунунун түбү да “Манас” эпосуна барып такалат. Кыргыздардын “Манаста” Алтайда ак калпактуу Ала-Тоого, “Ак кемеде” Энесай боюна көгүлтүр Ысык-Көлгө көчүп келиши элдин башынан өткөргөн тарыхый жалпылыкты билдирет. Айтматов өзүнүн идеясын тереңдетип окурмандарга жеткирүүдө “Манас” эпосуна таянат.

Жазуучунун “Кайрылып куштар келгиче” аттуу аңгемесинде (чыгарма толук жарык көрө элек) Сеңирбай баласы Элемандын түшүн “Манас” жомогу аркылуу жоруйт. Көк өгүздү минип адашып жүргөндө баласына жолуккан ак боз атчан көк ала сакал карыяны Бакай, же Кошой, а балким Манастын өзүдүр дейт.

“Эрте жаздагы турналар” повестинде баатыр Манастын образы “Ак-Сай десанттары” менен кошо чыга келет. Тыналиев согуш учурундагы фронттогу жана тылдагы оор абалды, Ак-Сай дыңын багындыруу керектиги жөнүндө айтып жатканда өспүрүмдөрдүн көз алдында башкарма эмес, Манастын өзү тургансыды. Ал эми өздөрүн анын чоролору катары сезишти. Мына ушундай духта тарбияланышкан балдар наадандык, адилетсиздик менен күрөшүүгө түздөн-түз чыгышты.

“Кылым карытаар бир күн” романындагы маңкурттун образы да “Манас” эпосунан чыгып отурбайбы!
“Баланы кармап алалык,
Башына шири салалык.
Үйгө алып барып кыйнайлык,
Алты зубун калмактын,
Аяк-башын жыйнайлык”.

Албетте, эпосто айтылган бул саптардан улам Ч.Айтматов бүгүнкү күн менен байланыштырып, өзүнүн маңкурт жөнүндөгү легендасын жаратып, дүйнөлүк мааниде анын “сырын” чечмелеп берет.

“Жамийладан” “Кыямат” романына чейин жазуучунун чыгармачылыгына көз салсак, анда “Манастын” стихиясы каармандардын мүнөзүн, ички дүйнөсүн сүрөттөөдө, гуманисттик, философиялык ой айтууда, адеп-ахлактык проблемаларды козгоодо кызыл сызык сымал чыгармалардын “жүлүнүнөн” өтүп тургандыгын байкоого болот. Ч.Айтматов “Манас” баштаган элдик оозеки чыгармачылыктын алтын казынасына кайрылуунун, аны иштеп чыгуунун эң сонун үлгүсүн өз чыгармачылык тажрыйбасында бүткүл дүйнө адабиятына көрсөтүүдө.

Ч.Айтматовдун “Манасты” пропагандалоосунун багыты ар түрдүү экендигин көрөбүз. Ал “Манас” эпосу – кайталангыс жана катасыз көркөм тажрыйба аркылуу адабияттын бардык проблемаларына, тематикаларына ой жүгүртүп, анын бийик гуманизмин даңазалаган эркиндик, көз каранды эместик идеясын, терең философиясын, ыймандык сабагын, укмуштуу фантазиясын, оптимисттик трагедиялуулугун, поэтикалык көркөмдүгүн, пафосун, структуралык табиятын, стилдик чен-өлчөмдөрүн, сөздөрдүн ыйыктыгын, образдардын ички дүйнөсүнүн кылдат ачылышын, жаратылыштын ар түрдүү кубулуштарынын сүрөттөлүшүн талдайт: “Маселе бул жерде таамай, так айтылган салыштыруу, эпитетте гана эмес. Кеп, кылымдар бою өз ичине камтыган көп катмарлуу эпостун адам турмушунун ар түрдүү жактарын, социалдык-турмуш, сүйүү-лирикалык, моралдык-этикалык маселелерин, байыркы кыргыздардын географиялык, медициналык, астрономиялык, философиялык көрүнүштөрүн бүтүндөй камтыган эпостук мазмунга, бир учу жомоктон, мифтен, фантастикадан башталып, бир учу реализмге (фольклордук маанидеги) келип жеткен көркөм форманын бипбирдей жанаша өсүп, бир бүтүн гармония түзгөндүгүнүдө”.

Жазуучу уникалдуу “Манасты” жараткан элдин акылмандуулугуна, генийлигине, укумдан-тукумга жеткирген Сагымбай, Саякбай сыяктуу “легендарлуу эпик”, “азыркынын” Гомери, “ХХ асырдын рапсоду” деп аталган индивидуалдуу залкар көркөм сүрөткерлердин ролуна чоң баа берет. Сагымбай жөнүндө мындай дейт: “Сагымбайдан жазылып калган тексттерди кунт коюп окуп чыккан ар бир адам Сагымбайдын сөз байлыгына, акындык чеберчилигине, сүрөткер кудуретине баш ийбей койбойт. Бул бир ааламда укмуш жаралган уникалдуу талант. “Манас” – “Манас” болгондон берки эпостун тамчыга тамчы кошулуп, сөзгө сөз, ойго ой кыналып, байыркы кыргыз журтунун бүткүл чыгармачылык кубатын Сагымбай бир өзү дилине сыйгызып тургандай сезилет”. Сагымбайдын айтуусундагы вариантка башкы редакторлук кызмат аткарып “Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу” деген баш сөз жазды. Ал эми, Саякбай Каралаевдин өз оозунан “Манасты” угуп, өзү менен кошо күлүп, бирге ыйлап, ата-баладай мамиледе жүргөнү баарыга белгилүү. Ч.Айтматов “Ал океан сындуу “Манастын” миллион сабын жат билген” деген макаласында улуу манасчылардын эң акыркысы Саякбайдын портретин жандуу тартат. Манасчынын фантазиясына, артисттик талантына, ашкан өнөрүнө таң берет: “Каралаев “Манас” айтып жатканда андан көңүлдү тартып алалбай, кирпигинин ирмелишинен тартып колунун жаңсашына чейинки ар бир кыймылына арбалып, көрөңгөнүн көөр таштай чанда бир кезиге турган шыбагасы даарыган бул адамдын абазына кулак төшөп, муюп олтуруп анын жаны эпикалык уюткунун өзүнөн бүткөнбү деп ойлоп кетесиң”. С.Каралаевдин сөөгүн коюу зыйнатында жазуучунун кабыргасы кайышып, “дүйнө жүзүндө өзүнчө жалгыз гана болгон улуу талант асмандан кулаган жылдыздай жарк этип өчтү” деп улутунуп турбадыбы!..

(Уландысы кийинки санда)

Абдылдажан Акматалиев, «Алиби» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.