Бал тилдүү БАЛДАР АКЫНЫ – 70 жашта

Балдар акыны Байтемир Асаналиев 1940-жылы Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айылында жарык дүйнөгө келген. Айылдык мектептен 7-классты бүтүп, Нарын шаарындагы Токтогул атындагы №1 орто мектептен окуусун улантып, 1957-жылы орто мектепти бүткөн. 1958-жылы азыркы Ж.Баласагын атындагы КМУУнун филология факультетине өтүп, аны 1963-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Байтемир Асаналиев университетти бүткөндөн кийин эки жыл чамасында Нарын шаарында мугалим болуп иштеп, балдарга кыргыз тили жана адабияты сабагынан сабак берген. Ал 1965-жылы Республикалык басма сөз комитетине которулуп келип, 1966-жылдан “Мектеп” басмасында редактор болуп иштей баштаган. Бул басмадан ал үзүрлүү эмгектенип, башкы редакторго чейин көтөрүлгөн. 1986-1987-жылдары “Кыргызкитеп” соода бирикмесинде бөлүм башчы, 1987-1991-жылдары “Кыргызфильм” киностудиясында улук редактор болуп кызмат аткарып келген. Андан кийинки жылдары балдарга арналган “Байчечекей” журналында жооптуу катчы болуп иштеп келет. Ал 1975-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзуна, 1973-жылы Кыргызстан Журналисттер союзуна мүчөлүккө кабыл алынган.

Б.Асаналиевдин чыгармачылык шыгы мектепте окуп жүргөн кезинде эле башталган. Анын жазган чакан макалалары райондук, облустук, республикалык басма сөздөрдө жарыяланып турган.

Б.Асаналиевдин биринчи ырлар жыйнагы – “Жаз боёгу” 1967-жылы “Мектеп” басмасынан жарык көргөн. Бүгүнкү күнгө чейин анын 16дан ашык ырлар жыйнагы кыргыз тилинде, эки жыйнагы орус тилинде китеп болуп чыккан.

Акындын балдар үчүн кийинки жылдары жазган ырлары алгачкы чыккан “Жаз боёгунан” айырмаланып мазмундуу жана көркөмдүү. Бул болсо анын чыгармачылык өнөрүнүн улам өркүндөп, өсүп бара жатканынын күбөсү. Өзгөчө “Байчечекей” журналында иштей баштагандан бери акындын чыгармачылыгында олуттуу ийгиликтер жаралып келет.

Мисалга алсак, “Тоо койнунда эмне бар?” деген ырында:
“Толгон байлык кени бар,
Токою бар, чери бар,
Мал жайлаган т
өрлөр бар,
Каз-
өрдөктүү көлдөр бар” – деп төрт сап ыр менен тоо арасында эмне бар экенин жаш жеткинчектерге ары көркөмдүү, ары түшүнүктүү кылып берүүгө жетишкен. Же “Айбанаттар паркында” деп аталган китебиндеги “Жакшы китеп” деген ырында:
“Жакшы китеп окусаң,
К
өп нерсени билесиң.
Кейипкер менен бир кейип,
К
үлсө кошо күлөсүң.
Канат б
үтүп көктө учуп,
К
өк деңизде сүзөсүң.
Желмогузду кубалап,
Жер алдына т
үшөсүң – деп жаш окурманды китеп окууга кызыктырып, андан көп жаңылыктарды билүүгө үндөйт.

Ушул эле жыйнактагы “Поезд”, “Кыялдануу”, “Биздин жерге конбой өтпө” деген ырлары ар башка темада болсо да балдардын ой чабытын кеңири тартып берүүгө жетишкен. Айта берсек, Байтемирдин балдар үчүн жазылган ырларында көркөм сүрөттөөлөр өтө көп. “Күн желеси” ырында: “Көк гүлдөргө кызыгып, Көк көйнөкчөн кыз жүрөт. Бантиги да көк экен, Асман да көк, баары көк” деп салыштырып сүрөттөйт.

Ал котормочулукка да жакшы киришип, орус жана казак тилдеринен аңгемелерди, ырларды, повесттерди кыргызчага которгон. А.Бартонун “За стихами в зимний лес” ырлар жыйнагы Б.Асаналиевдин котормосунда болсо да, ал ырлар анык нускасындай болуп турат. Бул анын котормочулуктагы ийгилигин бизге билгизүүдө.

Анын эң алгачкы “Жаз боёгу” ырлар жыйнагы орус тилинде да жарык көргөн. 2009-жылы “Азур” ЖЧК басма үйү “Балдар китеби – 2009” адабий конкурс жарыялап, жыйынтыгында поэзия номинациясы боюнча Б.Асаналиев экинчи орунду жеңип алган. Быйыл 2010-жылы анын “Ыр куржун” ырлар жыйнагы “Бийиктик” басмасынан чыкты. Кудай буюрса, “Селкинчек” деген дагы бир жыйнагы басмадан жарык көргөнү турат.

Байтемир Асаналиев “Эл агартуунун мыктысы” деген төш белгиси менен сыйланып, алда качан эле Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыкка татыктуу болгон. Ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наам берилген.

Ал өзүнүн бош убактыларын балдар арасында болуу менен өткөргөнүн жакшы билебиз. Балдар китепканасы жана анын кызматкерлери менен достук мамилесин өрчүтүп келет. Анткени ал бөбөктөр үчүн журнал чыгарып, жаш жеткинчектер үчүн талбай ыр жазат.

Китепканада өткөн салтанаттуу жыйындарга активдүү катышып өз ой-пикирин, каалоолорун жаш жеткинчектерге дайыма айтып берет. Анын китепкана менен достошконуна бир топ убакыт болду. Ошентип биз, китепканачылар, жазуучулар, акындар менен – максатташпыз. Өмүрүбүздү жаш жеткинчектерди тарбиялоого арнап келебиз. Акын Байтемирдин жогоруда атап өткөн ыр жыйнактары жаш жеткинчектердин айлана-чөйрөнү, турмушту аздектеп түшүнө билүүсүнө көмөк көрсөтүп, тарбиялап келе жатат.

Байтемирдин 70 жаш торколуу тою куттуу болсун! өмүрү узун, китептери даамдуу болуп чыга берсин! Китепканада анын чыгармалары жаш окурмандарыбызга кең-кесири жайылтыла беришине тилектешбиз.

Кыскасын айтканда, бүгүнкү күндө Байтемир Асаналиев чоң тажрыйбага ээ болуп, анын чыгармачылык эргүүсү, даремети күндөн-күнгө күчөп бара жаткан учуру көрүнүп турат. Акындын бул байсалдуу жолунда анын таланты дагы жаңы бийиктиктерге көтөрүлө берсин деген жакшы тилегибизди айтмакчыбыз.

Сайнидин Ишенов, жазуучу, китепканачы, «Кутбилим» («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.