Эрнис Турсунов, Кыргыз эл акыны: “Азыркы акын, жазуучулардын деңгээли тайкы…”

Жакында эле Кыргыз эл акыны Эрнис Турсуновдун “Эл душманы” деген көлөмдүү китеби жарык көрүп, улуттук китепканада бет ачар аземи болуп өткөн. Бүгүн биз жалпы окурмандардын алдында жазуучу менен ошол жарык көргөн китеби туурасында, ошондой эле азыркы адабияттын күңгөй-тескейи жөнүндө кеңири маек курдук.

– Акыркы кездерде, кыргыз адабиятынын деңгээли өтө төмөндөп кетти. Мунун себеби эмнеде? Балким, мамлекетибизде улуттук идеологиянын жоктугунан болуп жүрбөсүн?
– Туура айтасың, чындыгында бүгүнкү күндө мамлекетибизде улуттук идеология жок. Идеологияны иштеп чыкпай туруп, мамлекеттин келечегин элестетип болбойт. Кыргыздар идеологияны капиталисттик системанын орношу менен акчага, соода-сатыкка, алып сатарлыкка, бири-бирин алдоого, биринин артынан бири суу куюучулукка алмаштырып койдук. Кыскасы, идеологиянын кандай экенин Карл Маркстын капитализм жөнүндөгү китебин окуган адам дароо түшүнөт. Анан идеологиянын башында жазуучулар туруш керек. Азыр бизде идеологияны түшүнгөн бир да жазуучу жок. Бир жылда 700 пьеса койдук деп мактанып жатышат. Бизге мааниси жок андай 700 пьесанын эмне кереги бар? Андан көрө эл көрө тургудай, көзгө толорлук 7 пьеса даярдашса жарашмак. Театрга барайын десең көрө тургудай спектакль жок. Айтор, маданий дүйнөбүз эңшерилип бүттү.

– Жакында эле репрессиянын курмандыктары болгон баатырлар жөнүндө “Эл душманы” деген көлөмдүү китебиңиз жарык көрдү. Бул китепти жазууга эмне түрткү берди?
– “Эл душманы” китебимди Кыргызстан эгемендик алгандан тартып, туура 20 жыл изилдедим. Бул китептеги окуяны асмандан алган жокмун, баардыгы турмуштагы болгон тарыхый окуялар. Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов өңдүү чыгаан ага-аталарыбыздын буйрукту аткаруучу, эне сүтү оозунан кете элек, НКВДда кызмат кылган жаш балдардын колунан атылып кетиши эмне деген жазакорлук. Мына ошонун баарын ийне-жибине чейин дыкаттык менен изилдеп чыктым. Бул китепти жазуу мен үчүн оңойго турган жок. Күнү-түнү отуруп акыры жазып бүттүм. Китепти эл кандай кабыл алды, аны убакыт көрсөтөөр.

– Жазуучулар союзунун бизге кереги барбы?
– Кыргызстанда мен жазуучумун дегендин баардыгын чачыратпай чогултуп бир бүтүн кылып чогултуу зарыл. Анан Жазуучулар союзун бекемдеп түзүп, имаратын жаңылап, материалдык жактан камсыздап, чыныгы эл ишенген Жазуучулар союзуна айландырыш керек. Коңшу Казакстанда жазуучуларды эл, мамлекет абдан жакшы урматташат. Ошондуктан ал жактын адабияты өнүгүп жатат. Ал эми бизде Жазуучулар союзу деген аты эле бар. Жазуучулар союзунда иштеген айрым жазуучулар эмгек акыларын 2 жылдан бери ала албай жүрүшөт. Антели десек, Жазуучулар союзу өтө эле майдаланып кетти. Акыркы жазуучулар Жалил Садыков, Асанбек Стамов, Качкынбай Артыкбаевдердин дүйнө салышы менен Жазуучулар союзунун деле күнү бүттүбү дейм. Эптеп Сүйүнбай Эралиев, Төлөгөн Касымбеков, Сооронбай Жусуевдердин карааны менен сакталып турат окшойт. Болбосо, Жазуучулар союзу жоюлуп кетиши да мүмкүн. Анча-мынча таланты бар жаштар канаты кыркылган чымындай уча албай жүрүшөт. Себеби аларга жол көрсөтүп, өстүргөн адам жок.

– Азыркы жаш акын, жазуучуларга болгон оюңуз кандай?
– Азыркы өздөрүн жазуучубуз деп атагандардын дүйнө таанымы, деги эле деңгээли тайкы. Эмнени жазып жатканын өздөрү түшүнбөйт. Баш-аягы жок бир нерсени чиймелеп алышып, поэма, поэзия кээ бири роман жаздык деп төш кагышат. Көпчүлүк жазуучулар орус жазуучуларынын чыгармаларын которуп эл оозуна алынды эле. Азыркылар андай чыгарма которуудан да куру жалак. Тил билбегендиктен, котормо дегенде жаа бою качышат. Адабияттын эң жаман жери ичи көлдөй кенен тура, жаманы деле, жакшысы деле бата берген. Айрымдар ыйык Курандын которулуш маанисин, диндеги 114 сүрөнүн кандай айтыла турганын билбей туруп, дин жөнүндө чыгармаларды жазымыш болуп жүрүшөт. Обондуу ырлар эки куплеттен ашпашы керек. Азыркы ырчылар бир эле сөздү жүз жолу кайталап атып тажатат. Ошол ырдын автору, айтайын деген оюн эки куплеттин ичине батырыш керек. Мына ошондой акындарды акын деп атоого болот. Бизде андай акындар жокко эсе. Алыкул Осмоновду эс-тутумга салып турганыбыз жакшы. Бирок акындын атындагы сыйлыкты татыксыздар алып жатканы өкүндүрөт. Өткөндө бир гезитте жаштардын Алыкулга арналган ырлары жарык көрүптүр, окуп отуруп “уялбагандан өзүң уял” дегендей өзүм уялдым.

– Элди кандай жол менен китеп окуганга тартуу керек?
– Бүгүнкүдөй техниканын өнүккөн заманында элди китеп окууга кызыктырыш кыйын. Анын үстүнө азыр мурункудай канаттуу сөздөр менен кулпурта жазылган чыгармалар жок. Андан көрө жазуучулар көчө сөздөрү менен жазылган эки жылдык өмүрү бар китептерди чыгарса базары жүрүшчүдөй. Борборубузда кыргыз китептерин саткан бирден-бир жалгыз дүкөн бул “Нуска” дүкөнү. Барсаң көздүн жоосун алган китептерден башың айланат. Бирок окуй турган бир маанилүү китеп таппайсың, баалары асманды чапчыйт. Карапайым элге ошондой маанисиз, супсак китеп алгандан көрө, бир килограмм эт алып, балдары менен майрамдап курсак тойгузуп алганы жакшы болуп жатпайбы.

– Акыркы жолу кайсы акын, жазуучунун чыгармасын окудуңуз?
– Негизи дүйнөлүк адабиятка басым жасайм. XIX кылымдагы орус классиктеринин чыгармаларын кайрадан кайталап окугандан тажабайм. Ошондой эле биздин залкар адабиятчыларыбыз Мукай Элебаев, Аалы Токомбаевдердин 1916-жылдагы Үркүндө жазылган чыгармаларын, 1941-жылдагы согушта жазылган чыгармаларды окуйм, анткени алар турмуштук фактыга бай. Ал эми азыркы жазылып жаткан китептерди окуганга көңүлүм деле чаппайт.

– Алдыда дагы кандай чыгармаларды жаратып окурмандарга тартуулайын деп турасыз?
– Жашым 76га келди. Кудай өмүр берсе, 4-5 китеп жазсам деген оюм бар. Азыр “Ата Журт” деген көлөмдүү чыгармам Агахан фондусунун демөөрчүлүгү астында басылып жатат. Ошондой эле, Асан Кайбылдаев деген күү изилдөөчү Токтогул Сатылганов, Тоголок Молдо, айтор, азыркы Нурак Абдрахмановго чейинки комуз күүлөрүн изилдеп, “убагы келгенде китеп кылып чыгарып кой”- деп аманат айтып кетти эле, азыр ошонун үстүндө да иштеп жатам. Анан Чыңгыз Айтматовго казактар “Кыргыз жазуучулары силер баарын эле жаздыңар, тарыхый изилдөөчү Чохан Валиханов жөнүндө жазсаңар боло деген экен. Чыңгыз Айтматов бизге келип: “Казактар мага ушинтип айтты, Ч.Валиханов жөнүндө жазгыла” – деген. Буюрса, “Хан Теңир” деген аталыштагы көлөмдүү чыгарма жазсамбы деген ниеттемин.

Маектешкен Мирлан Алымбаев, “Форум” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 11.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.