Латын графикасына өтүүгө кандай карайсыз?

Биринчи макала
Курманбек Токтоналиев, филология илимдеринин доктору, профессор

Тарыхтан бир үзүм
Биздин өлкөдө тил маселеси өтө эле саясатташып кеткен. Албетте тилдин социалдык маселелери саясатка кирет деңизчи, бирок совет мезгилиндеги тап күрөшүнүн идеологиясы тилдин структурасына чейин саясатташтырып жиберген. Өзгөчө мындай саясат И.Сталиндин заманында өзүнүн апогейине жетти көрүнөт. Анын тил маселелери боюнча жазган каттары, эмгектери тилди өтө саясатташтырууга өбөлгө болуп, “…Келечекте жалпы бир тил аркылуу бир маданиятка жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзүү керек” деген ойлорунун астында зордоо жолу менен үч жолу алфавитибизди реформа кылдык. Башкача айтканда революцияга чейин колдонулуп келген, 1924-жылы кыргыз тилинин фонетикалык түзүлүшүнө ылайыкташкан араб арибин 1928-жылы ислам динине шылтоолоп латын графикасына өткөрдүк. Ал эми 1940-жылы “Чириген капиталистик өлкөлөр” пайдаланган латын алфавитин жерип, орус алфавитине өттүк. Ошентип кайран эл аз эле жылдардын ичинде үч жолу сабатсыз болду, үч жолу алфавитин которду.

Кыргыз тилинин жазуу тарыхында латын графикасы 12 жыл пайдаланылган. Негизинен ошол кездеги биздин алгачкы тилчилерибиз, жазуучуларыбыз тилибиздин тыбыштык түзүлүшүнө эң ийкемдүү болгон латын арибинин негизиндеги кыргыз алфавиттик түзүлүшүн түзүп беришкен экен. Эгер ошол 1928-жылы кабыл алынган латын арибиндеги алфавит 1940-жылы “марксистик идеологиянын” тепкисинде орус алфавитине шашылыш түрдө өтпөгөндө эмдигиче кыргыз тили чыныгы адабий тил болуп калыптанып, орфографиясы, орфоэпиясы жагынан нормага түшүп, термин маселелери калыптанып калмак. Бул өткөн тарых биз үчүн сабак болуп кала бермекчи.

Кыргыз тилинин алфавиттик системасын латын графикасына өткөрсөк эмнеден утабыз жана эмнеден уттурабыз?
Мына ушул күдүк ойлор кыргыз тилинин келечеги, тагдыры үчүн күйүп жанган тилчилердин, жазуучулардын, дегеле кыргыз интеллигенциясынын көпчүлүгүнүн жүрөгүн дүпөйүл кылып түйшөлтүүдө. Биринчиси, көпчүлүк тарап кыргыз тилинин тыбыштык түзүлүшүн латын графикасына тез өткөрүүнү жактаса, экинчи тараптын өкүлдөрү төртүнчү жолу элди сабатсыз кылуу зарылчылыгы барбы деген суроону коюшат. Эки тараптын пикири да жүйөөлүдөй көрүнөт. Ошондуктан биз жетимиш жыл бою советтик система “ураалап” үйрөткөндөй, жыйырма жыл бою эгемен өлкөбүздүн мамлекеттик тилин жөндөй албай бир чектен экинчи чекке удургуй бербей, “жети өлчөп бир кескенбиз” кыргыз элинин тагдыры, тили үчүн пайдалуу болчудай.

Кыргыз тилинин жазуусун латын графикасына өткөрүү маселеси Президент А.Акаевдин алгачкы жолку Түркия Республикасына официалдуу визит менен барып келгендеги өткөргөн пресс-конференциядагы “жазуубузду латын графикасына өткөрсөк дүйнөлүк өнүккөн өлкөлөр менен байланышкан дурус болчудай” деген оюнан кийин дүрт эте тутанып, элдик талкууга айланып кеткен. Кыргыз тилинин алфавиттик системасын латын графикасына өткөрүүнүн илимий жолун аныктаган илимий конференция өткөрүлүп, латын графикасына негизделген кыргыз тилинин алфавиттик долбоорунун түзүлүшүнүн негизи аныкталган. Иш күжүлдөп жүрө баштаган. Атүгүл Президенттин “Латын графикасына өтүү жөнүндөгү” Указы жарык көрүп, муз ордунан жылган. Анан тил саясаты башталып, ачык айтканда, Президент Россиядан жалтактап, коркуп, башталган иш токтоп калды. Ошол бойдон бул маселе сандыкка салынган бойдон калып калды.

Эгер кыргыз тилинин алфавиттик түзүлүшүнүн кайрадан латын графикасына өткөрсөк биз үч нерседен утабыз
Биринчиси, кыргыз тилинин тыбыштык системасы ийкемдүү болот. Азыркы учурда кыргыз тилинин тыбыштык түзүлүшүндө 36 тамга бар. Кыргыз тилинин тыбыштык табиятына шайкеш келбеген 6 тамга кошулган. Тил таануу илиминде тыбышты белгилеген тамга канчалык аз болсо, тил үйрөнүүгө оңой, ошончолук жөнөкөй болот. Кыргыз тилинин тыбыштык түзүлүшүн латын графикасына негиздегенде 30 тамгадан ашпайт, 28-30 тамганын тегерегинде болот. Бул полиграфия жагынан канчалык үнөм, балдарды окутууга канчалык жеңил. Окуу китептеринин көлөмү кыскарып, салмагы азаят. Бул жагынан утабыз.
Маселенин экинчи жагына келсек, биздин республика көз карандысыз суверендүү мамлекет болгондон кийин эл аралык жаңы чектерге чыгып, мамлекет аралык мамилелер болуп жатат. Мурда мектептерде, техникумдарда, атайын орто жана жогорку окуу жайларында көбүнчө орус тилине маани берилип, орус тилин окутуу биринчи планга коюлуп келген болсо, азыркы күндө замандын шартына жараша, базар мамилесине өткөндө чет тилдерди үйрөнүү, өзгөчө англис, немец, француз, түрк… ж.б. жазуусу латын графикасына негизделген өлкөлөрдүн тилдерин үйрөнүү зарылчылыгы чыгып отурат. Биздин жаштар өз эне тилин жакшы билүү менен, орус жана чет тилдерин билүүсү өтө зарыл экендигин, эч ким танбайт. Кыргыз тилинин тыбыштык түзүлүшүн латын графикасына өткөрсөк, балдардын чет тилдерди үйрөнүүсүнө чоң өбөлгө түзүлөөрүнө шек чок. Латын графикасына кыргыз тилинин тыбыштык түзүлүшүн өткөрсөк дагы бир чоң маселени чечкени турабыз. Биз каалайбызбы же каалабайбызбы дүйнөлүк өнүгүү компьютер заманына келди. Өнүккөн өлкөлөр компьютер заманынын төртүнчү баскычын басып өтүп кетишти. Андай өлкөлөрдө компьютерсиз бир да иш, бир дагы мекеме болбойт. Кыргыз өлкөсү андай заманга жаңыдан кирди. Дүйнөлүк фирмалар чыгарган эң мыкты компьютерлер латын графикасына негизделген. Демек элибиздин келечегин ойлосок, Кыргыз Республикасы илимий-техникалык жактан дүйнөлүк өнүккөн өлкөлөрдүн катарына тез кошулсун десек жакынкы жылдарда, он-он беш жылдын ичинде латын графикасына толук өткөнүбүз пайдалуу болчудай. Бирок латын графикасына өтүүдө толгон-токой проблемалар келип чыгат. Жарым кылымдан ашык пайдаланып келаткан, элге берүү билим системасында калыпка салып калган, аздыр-көптүр кыргыз илимин, маданиятын, адабиятын өстүргөнгө салымын кошкон азыркы пайдаланылып жүргөн алфавиттен тез эле латын графикасына өтүп кетиш оңойлукка турбас. Жарым кылым ичинде канча деген окуу китептери, көркөм адабият, илимий китептер чыкпады. Китеп чыгаруу жагынан биз Түркиядан алда канча алдыда турабыз. Азыркы учурда бир эле китептин чыгуу наркы 100-200 сом болуп кетти. Латын графикасына өтсөк бул китеп басып чыгаруу жагын ойлонбой коюуга акыбыз жок. Ушул жагдайды эске алганда латын графикасына өтсөк этап-этап менен он-он беш жыйырма жылдын ичинде өткөнүбүз туура болчудай.

Кээ бир биздин тилчилерибиз эгер түрк тилинде сүйлөгөн элдин баары латын графикасына бирдей өтүп кетсе түрк тилинде сүйлөгөн элдин баары бири-бири менен эркин сүйлөшүп кете алат деген ойду айтышат. Албетте, алар бирин-бири түшүнүшү толук ыктымал. Баба тил бир болгондордо лексикасы окшош сөздөр көп. Бирок азербайжан менен кыргыздын латын графикасына өтсөк эле эркин сүйлөшүп кетишине күмөндөрбүз. Мына азыр деле мурдагы СССРде жашаган түрк тилдеринде сүйлөгөн элдердин тамгасы эки үч тамга жагынан айырмачылык болбосо, дээрлик бирдей эле. Казак, кыргыз, өзбек, татар, башкырт бири-бирин түшүнүп, сүйлөшө алган менен башка элдер менен пикир алышуу кыйынчылыкты туудуруп жатпайбы. Кептин баары фонетикада эмес, лексикада болуп жүрбөсүн.

2000-2005-жылдарда Түркиянын Истанбул шаарында эл аралык “Азыркы түрк алфавиттери боюнча симпозиум” болуп өткөн. Ал симпозиумда латын графикасы боюнча кеңири талкуу болуп, эл аралык стандартты эске алуу менен бүткүл дүйнөлүк түрк элдери үчүн орток түрк алфавитин кабыл алынган. Орток түрк алфавитине серепчелеп көз салып көрсөңүз осмон түрктөрү азыркы учурда пайдаланып жүргөн алфавитке негизделгени көрүнүп турат. Орток түрк алфавитинде 34 тамга болсо, кыргыз тилинин латын графикасына негизделген долбоорунда 30 тамга алынган. Ырас, мындай карасаңыз фонемалардын асты-үстүнө ар түрдүү сызыкчаларды коё берүү деле анчалык ажат ачпайт. Эгер сызыкчалар коюлбай калса ал тамганын берген мааниси таптакыр өзгөрөт. Мисалы – ш тыбышына сызыкча коюлбай калса – с болуп окулуп калат, – ч тыбышына сызыкча коюлбай калса, – ж тыбышы болуп окулуп калат. Мындай учурда чал – жал, чабалекей – жабалекей, чалгы – жалгы болуп такыр тескери маанидеги сөздөргө айланат. Дүйнөлүк практикада колдонулуп жүргөн кош тыбыштардан коркуп качуунун анча зарылдыгы жок. Мына немец тилин эле алып көрөлүчү, алар – ч тыбышын төрт тамга менен, – ш тыбыштарын беш тамга менен белгилеп жүрүшөт. Биз – ч, ш, ң тыбыштарын төрт-беш тамга менен белгилейли дегенден караманча алыспыз. Антип башты оорутуунун зарылдыгы деле жок. Тек гана латын графикасына өтсөк алды-артыбызды абайлап карап, бирөөлөрдү туурабай (туураган жагынан бизге эч ким жетпейт эмеспи), дүйнөлүк өнүгүүнү эске алып, өзүбүздүн жеке жолубузду тандап алганыбыз туура болчудай. Биз латын графикасына өтүүдө анчалык көп каражатты сарып кылбайлы десек – ч, ш тыбыштарын эки тамга менен англис тилиндегидей кылып жазганыбыз максатка ылайыктуу. Буга компьютер маселесине келгенде токтолуп кетебиз.

«Заман-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.