Рая Деркимбаева, Эстебес Турсуналиевдин жубайы: “Эстекем бүтүндөй өмүрүн Филармонияга арнады эле…”

Сейрек учурай турган төкмөлөк өнөрдө медер тутуп, көркөм өнөрдөн көөнөрбөс мурастарын даңазалап, жарым кылымдан ашык өзү сүйгөн элинин жарпын жазып келген Эстебес Турсуналиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка толмок. Көзү өткөн залкарларды эскерүү артында калган урпактардын милдети эмеспи. Ошол пенделик парзыбызды аткаруу, залкар талантты эскерүү максатында Эстебес Турсуналиевдин жубайы Рая Деркимбаева апаны кепке тарттык.

– Мен филармонияга жаңы келген күнү Эстебестер Казакстанга командировкага кеткени жатышыптыр. Кыргыз искусствосунун дөө-шаалары болгон: Ады Байсабаев, Шекербек Шеркулов, Чалагыз Иманкулов, Асанкул Шаршенов агайлар, Бүбүсара Бейшеналиеванын Сакен деген эжеси болуп, жолго камынып жатышкан экен. Ошол Сакен эже туурасында такыр эскерүүлөр болгон жок. Ал киши сатираны аябай мыкты ойночу. Анан мени да гастролго алып бармай болушуп, мага алты ыр үйрөтүштү. Ошентип, мен дагы алар менен чогуу Казакстанга кеттим. Эстекем менен биринчи жолу ошол жерден жүз көрүшүп, таанышканбыз андай деле сулуу эмес борбойгон эле жигит болчу. Биз таанышкан учурда Эстекемдин атагы алыска кетип, толуп турган учуру экен. Ал кезде машина жок. Үстү ачык машина менен жүрөбүз. Айдоочунун жанына мени отургузуп, жаныма Шекем отуруп алчу. Көрсө, ошондо эле ал мени жактырып, Шекеме дайындап койгон экен.

Ал кишинин жактырып жүрөрүн байкачу белеңиз?
Бирөөгө сезими бар адам дароо эле билинет эмеспи. Башында эле байкап, ушул мага сөз айтканы жүрөт го деп койгом. Бирок бир дагы жолу сөз айткан жок. Ортодо Шекем эле жеңе болуп жүрдү. Менин жаныма кээде эркектер отуруп калса, жини келе берчү. Ошондон улам мени жактырарын байкачумун. Кийин биз баш кошуп, бир үй-бүлө болгондо “Өзүм жеңе болуп жүрүп эле алып берип койгом”- деп Шекем тамашалап калар эле…

Биздин баш кошуп калышыбызга ыраматылык кайненемдин салымы чоң болду. Бир жолу концертке келип, менин ырдап жатканымды көрүп: “Бул кимдин кызы? Маңдайы жарык, жаркыраган, жалгыздын жары боло турган кыз экен” – дептир. Муну уккандан тарта эле Эстекемдин сүйүүсү күч алып, анан үйлөнүп калганбыз. Мен ал кезде Москвадагы театралдык институтка барам деп акча топтоп жүргөм. Театралдык институтту бүтсөм дегенде эки көзүм төрт эле. Ошондон уламбы, Эстекеме көп деле көңүл бурчу эмесмин. Болбосо, ошол кезде Эстекемдин артынан көп кыздар ээрчип, өзүнө эмес талантына ашык болушчу. Баш кошкондон кийин “Мен Өзбекстанга барып Филармонияда иштейм. Сени театралдык институтка окутам”- дечү. Анан кайдан, окубай эле 20 жыл үйдө отурдум.

Бүтүндөй элдин мактоосуна арзыган таланттын жары болуш жеңил эмес болсо керек?
Аябай оор. Таланттуу адамдын талантынын өркүндөөсү үчүн алгач үйдө жагымдуу маанай, жакшы шарт түзүлүшү зарыл. Алардын көңүлү чөгүп, кайгырып турбашы керек. Күнүмдүк майда-барат нерселер менен ою алагды болбошу шарт. Ошондо гана талант өсүп оргуштайт. Мен 46 жыл бирге жашаган өмүрүмдө Эстекеме ушул нерселерди түзүп бере алдым. Концерти болордо көпөлөктөй учуп-күйүп даярдык көрчүмүн. Балдарым бери калып эле, биринчи балам Эстекем болчу. Болбосо, мен дагы убагында ырдайм деп жулунуп сахнага чыгып кетсем болмок. Бирок мен мындай жолго барган жокмун. Чанда гана бир жаралуучу таланттын көлөкөсүндө гана жүрүүнү кааладым. Ошол эле мага чоң бакыт болду. Ошол үчүн жыйырма жыл иштебей үйдө отурдум. Кайненем катуу баа берип койгондон кийин, ошол баага татыктуу болоюн деп жакшы келин, байбиче болуп калдым.

“Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр” дегендей, мүнөзү кандай эле?
Эстекем кебездей жумшак киши болчу. 46 жылдын ичинде катуу айтышып, таарынышкан жокпуз. Анча-мынча майда таарынычтар болчу. Андайда мен кат жазып, столдун үстүнө коюп койчумун. Кайдагы таарынычтар үчүн маанай чөгөргүбүз келчү эмес. Менин катыма ал киши чай үстүндө эки ооз сөз менен гана жооп берип койчу. Биз өткөн нерселерге кайрылып уруш чыгарчу эмеспиз. Бир келген өмүрдө майда-барат нерселерден жогору болууну максат кылар элек.

Эстекемдин мен баалаган эки сапаты бар эле. Ал киши эч качан мен деп ырдабаган киши эле. Устаттарын, көзү өткөн залкар акындарды эскербей ырын баштачу эмес. Кээ учурларда өзүнүн ырларын да устаттарымдын ыры деп ырдап койчу эле. Анан эч кимдин көңүлүн калтырчу эмес. Ак көңүл, боорукер эле. Замирбектин атасы Алымкул ата Эстекемдин устаты гана эмес, атасы да болчу. Эстекем Алымкул атабыздан баарын алды. Эстекемде Алымкул атанын бардык сапаттары камтылган эле. Атасын аябай баалачу. Сүрөтүн бөлмөсүнө илип отурчу. “Акындарды көп мактабаш керек. Мындайда адамдар мактоого алдырып, талантты аксатып коебуз. Акын акын эмес, адамгерчилиги бар адам акын”- деп дайым айтып турчу.

Эстебес атанын көзү тирүү болгондо, быйыл сексен жашка толмок экен. Бүтүндөй өмүрүн Филармонияга арнаган адамдын мааракесине Филармония кандай иш-аракеттерди көрүүдө?
Эч нерсе жок. Ал кишинин мааракеси туурасында сөз да козголо элек. Биринчи уккан жаңылыгым “Эл ырчысы Эстебес” тобун “Эл шайырлары” тобуна кошот деген сөз болду. Эми бул туура эмес да. Ал киши каргадай кезинде филармонияга келип, 60 жыл иштеди. 14 жашынан тартып, каза болор күнү да саат үчкө чейин жумушта болду. Филармониядан башка эч жерде иштеген жок. Ал бүтүндөй өмүрүн филармонияга арнады.

“Бала ыйлабаса, эмчек кайда” дегендей, ал кишинин 80 жылдык мааракесин өткөрүү, “Эл ырчысы Эстебес” тобун калтырууну суранып, Маданият министрлигине кайрылуу кат менен кирейин деп жатам. Кандай жооп айтат билбейм, барып көрөм го.

Эки топту кошууга эмне түрткү болууда?
Мурда фольклордук төрт группа бар болчу. Аны бир группа кылып, Эстекем жетекчи болуп жүргөн. Кийин аны эки группа кылып, бири Алымкул Үсөнбаевдин атына коюлган. Эки топ тең эле жакшы иштеп жаткан. Эми кайра бириктиребиз деп жатышыптыр. Себебин деле билбейм. Эстекем каза болгондон кийин министрликке “Эстебестин аты Филармонияда калсын. Ушул топко атын коюп бергиле”- деп сурангам. Көрсө, мен жөн гана оозеки айтып коюптурмун. Кагаз түрүндө кайрылыш керек экен.

Бул идея ким тарабынан көтөрүлүп жатат деп ойлойсуз?
– Көркөм кеңештин жыйынында каралган экен. Эки топту бириктирүү демилгеси ошол жыйында көтөрүлүптүр. Бирок көркөм кеңештин чогулушуна “Эл ырчысы Эстебес” тобунун балдары катышпаптыр. Муну укканда Замирбекке кирсем, “Сиз туура түшүнүңүз. Биз чоң коллектив кылалы дедик эле”- деди. Андан кийин көркөм кеңештин жетекчиси Келдибекке келип: “Менин көзүм тирүү турганда Эстекемдин аты Филармониядан өчпөйт дебедиң беле?”- десем, “Мен муну качан айттым эле?”- деди. Ага деле таарынган жокмун. Мен бул жерде эч кимди деле күнөөлөбөйм. Болгону бүтүндөй өмүрүн, жаштыгын, күчүн арнаган жерде Эстекемдин аты калса деген эле тилектемин. Эгер ал кишинин көзү тирүү болгондо, мен бул ишке аралашпайт элем. Аргасыз аралашып жатам. Менимче, унутулуп бара жаткан улуттук өнөрдү кыскарткандын ордуна кеңейтүү учурдун талабы болуп турат го. Эки топту бири-бирине кошуп, кыскарткандын ордуна кошумча штат ачып, кеңейтүү зарыл деп ойлойм.

Р.S: Азыркы акча, мүлк, байлык үстөмдүүлүк кылган заманда, улуттук баалуулуктарды урматтап көтөрүү зарыл болуп турат. Өзгөчө, дүйнө элинде жок, жалгыз гана кыргыз элине таандык болгон төкмөлүк өнөрдү балапандай асыроо абзел го.
Даярдаган Жаркынай КАДЫРКУЛОВА

Рая эженин маегинен кийин экинчи тараптын пикирин билүү максатында Филармониянын директору Замирбек Үсөнбаев менен байланыштык.
Замирбек Үсөнбаев, Филармониянын директору:
– Кандай эле бул сөздү баарыңар угуп калдыңар. Бул Филармониянын ички маселеси болчу. Жалпы жамаат менен чечиле турган иш. Эки топту кошуп жиберели, Эстекемдин атын өчүрөлү деген жаман ой жок. Болгону биз чыгармачылык жагын ойлоп жатабыз. Бул боюнча сөз гана болгон. Ал азырынча иш жүзүнө аша элек. Коллективдүү концерттерди уюштуруу максатында бириктирсекпи деген ойлорду айтып жатканбыз. Эки топту бириктирүү көркөм кеңештин чогулушунда көтөрүлгөн сөз болчу. Концерттердин сапатын көтөргүлө, 10 жылдан бери төмөндөп кетти дешкен. Ошол максатта эки топту кошуп, жакшы концерттик программаларды иштеп чыксакпы дегенбиз. Бирин- бири кайталаган топтор көп болуп жатат. Ошолорду кыскартсакпы деп жатабыз. Өзүмдүн атамдын атын коюп, Эстекемдин атын алып салайын деген ниетим жок. Бул чыгармачылык жактан биригүү болот.

“Форум” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 21.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.