Азимжан Ибраимов, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиянын төрагасы: “Бардык чиновниктерди кыргыз тил сынагынан өткөргөнү жатабыз, Куловду болсо…”

– Азимжан мырза, кыргыз тили мамлекеттик тил болуп кабыл алынганына 21 жылдан ашса да, эмнегедир бүгүнкү күнгө чейин мыйзамдар, токтомдор, айтор мамлекеттик иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлбөй, дээрлик бардыгы орус тилинде болуп келет. Мунун себеби эмнеде? Же кыргыз тилине болгон кайдыгерлигибиз болуп жатабы?
– Туура, ушул күнгө чейин Мамлекеттик тил мыйзамы күчүн жоготуп иштебей келди. Себеби 1989-жылы Мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынып жатканда өлкөдө орусташтыруу саясаты жүрүп, бийлик башындагылар орустардын саясатынан чыга албай, орус тилин расмий кылып мыйзам кабыл алышкан. Ошондон тартып мамлекеттик иш кагаздарынын бардыгы орус тилинде жарык көрүп, токтомдор орус тилинде токулуп, кыскасы, орус тилинин чеңгээлинен чыга албай келдик. Бүгүнкү күнү канчалык аракет кылып, “Манас” эпосубузду төшкө кармап, улуу элбиз деп ураан чакырганыбыз менен, улут катары калыптана албай жатабыз. Ар-намысыбыз ойгонбой жатат. Туубуз кыйрап, гербибиз жыгылып жатса тургузуп койгондун ордуна далыбызды салып тетири басабыз. Эгер мамлекетибиз өнүгүп-өссүн десек, чүмкөгөн кайдыгерликтен арылып, улуттун кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгыбыздан жогору коюп, улуттук аң-сезимибизди ойготушубуз керек. Бүгүнкү күнү жеке эле Мамлекеттик тил комиссиясы эмес, бүтүндөй кыргыз эли тил маселесине көңүл буруусу зарыл болуп турат. Эгер биз кыргыз тилинде сүйлөбөсөк, мыйзамдар кыргыз тилинде жазылбаса, токтомдор кыргыз тилинде токулбаса, анда бизге мамлекеттин, эне тилдин кереги барбы? Бүгүнкү күнү калктын 70 пайызы кыргыз тилдүү болсо, 20 пайыздан ашыгы түрк тилдүү, ал эми 8 пайызы орус тилдүү эл экен. А эмне үчүн биз өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды эске албай, кыргыз тилин башка улуттун жарандарына кор кылып басып беришибиз керек. Ошондуктан улуттук идеологиябызды, тарыхыбызды, ата-бабабыздан бери келаткан салтыбызды сактап калалы десек эне тилибиздин кадырын көтөрүүбүз зарыл.

– Буга чейин Мамлекеттик тил комиссиясы көзгө көрүнүктүү кандай иштерди аткара алды? Учурда кандай алгылыктуу иштер аткарылууда?
Мурда жөн гана курулай эйфорияга алдырып кыйкырып келсек, кийинчерээк иштиктүү иштерди аткарууга өттүк. Тил мыйзамы укуктук базага түшүп, көптөгөн токтомдор иштелип чыкты. Улуттук тилди үйрөтүү боюнча атайын көркөм адабияттар, илимий китептер, ар кандай усулдар жарык көрдү. Кыргызча компьютердик программалар түзүлдү. Ошондой эле, кыргызча, орусча сөздүктөрдүн санын көбөйтөлү деп жатабыз. Жакында Махмуд Кашкаринин көлөмдүү сөздүгү жарык көргөнү турат. Заманга ылайыктап, байыртадан келаткан кыргыздын керемет, учкул сөздөрүн жаштар кулагына тагып угуп жүргүдөй кылып дисктерге жаздырууну пландоодобуз. Андан сырткары улуттук тилде адамдардын аң-сезимин козгой турган көрсөтүүлөрдү сыналгыдан көрсөтүп, радиодон уктуруп, гезиттерден чагылдырышыбыз керек. Анткени адамдын аң-сезими ошол массалык маалымат каражаттары аркылуу калыптанат. Ошондой эле өкмөттүк аппараттан баштап министрликтердеги кызматкерлерди, депутаттарды кыргыз тил сынагынан өткөргөнү жатабыз. Ушул тапта, өкмөттүн аппарат кызматкерлерин окутуудабыз. Арасында кыргыз тилин билбегендер да бар экен. Аларга атайын сабак өтүүдөбүз. Жакында президент Роза Отунбаеванын кабылдамасында болуп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча кеңири сүйлөштүк. Президент мага баардык министрликтер иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүсүн жана маалымат технологиялары кыргыз тилинде болуусу шарт деп конкреттүү талаптарды койду. Ошондой эле буга мамлекеттик казынадан атайын каражат бөлүнмөй болду.

– Арасында эне тилди билгиси келбеген, сиздердин сынактан баш тарткан чиновниктер болсо аларга кандай чара көрөсүздөр?
Менимче, андай чиновниктер болбосо керек. Эгер андайлар болсо аларды эне тилин окутканга аракет кылабыз. Эгер такыр эле моюн толгоп, биздин талаптарга көнбөсө биз алардын кызматтан кетүүсүн талап кылабыз.

– Жогоруда китеп туурасында сөз кылып кеттиңиз. Акыркы убактарда кыргыз тилдүү китептер аз санда басылып жатат мунун себеби эмнеде?
Азыр мамлекет тараптан китеп чыгарууга көп көңүл бурулбай жатат. Москвадан китептер тынымсыз ташылып келип, жаштарыбыз ошол китептерди окуп, орус элинин каада-салтына, менталитетине калыптанып өсүүдө. Жазуучуларыбыз акчасы жок китеп жазбай, акчасы бар бизнесмендер көчө сөзү менен жазылган жеңил-желпи китептерин чыгарып жатышат. Создуктурбай мындай китептердин чыгуусуна бөгөт коюп, Орусиядан китеп ташып келүүнү азайтпасак болбойт. Бул боюнча тил комиссиясы алгылыктуу иш-аракеттерди көрүп жатабыз.

– Мамлекеттик тил комиссиясына мамлекеттик казынадан жылына канча каражат бөлүнөт?
Эки миллиондун тегерегинде каражат бөлүнөт. Бул каражат менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү мүмкүн эмес. Кызматкерлердин айлык акысы 4 миң сомдон ашпайт. Кызматын таштап кеткен кызматкерлер да жок эмес. Буюрса, өкмөтүбүз каражат маселесин чечип берсе керек.

– Көчөдөгү көрнөк-жарнактар дагы деле орус тилинде болуп жатат го, бул боюнча кандай иш-аракеттерди көрүп жатасыздар?
Жумасына эки ирет шаардык мэриянын иш башкармалыгынын, монополияга каршы агенттиктин кызматкерлери, укук коргоо органдары менен биргеликте көчөлөрдө текшерүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Мурдагыга караганда кудайга шүгүр, көрнөк-жарнактардын көпчүлүгү кыргыз тилинде. Айрым гана кудай теңирин тааныбай кыргыз тилин кыйрап өткөн адамдар орус тилинде жарнактарын чыгара коюп жатышат. Аларга мыйзамдын негизинде чара көрүп жатабыз. Жаз алды менен борбордук көчөлөргө ат чабыш, ээр оодарыш, көк бөрү сыяктуу кыргыздын улуттук оюндарынын сүрөтү тартылган такталарды илсекпи деген ойдобуз.

– Президенттик шайлоо жакындап келатат, талапкерлер мамлекеттик тил сынагынан өткөрүлөбү?
Бүтүндөй калайык-калктын, коомчулуктун талабына ылайык, талапкерлерди жогорку деңгээлде мамлекеттик сынактан өткөрөбүз. Мамлекеттик тилди билбеген талапкерлер шайлоого катышууга укуксуз.

– “Ар-Намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов президенттикке ат салышып калса, кыргыз тилин билбей туруп талапкер болууга укугу барбы?
Феликс Кулов буга чейин мамлекеттик тилди үйрөнүүгө мойну жар берген жокпу, айтор кыргыз тилин үйрөнө албады. Эми президенттикке аттанып калса, мыйзамды эске алып, шайлоого чейин мамлекеттик тилди үйрөнөт го деп ойлойм. Эгер ал киши кааласа мамлекеттик тил комиссиясы азыртан баштап окутууга даярбыз…

Маектешкен Мирлан Алымбаев, «Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 25.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.