Улуттук баалуулук мамлекеттик саясаттын өзөгү болушу маанилүүбү?

Катышуучулар:
Турат Акимов, “Деньги и власть” гезитинин башкы редактору

Жыргалбек Касаболотов, көз карандысыз серепчи

Жылдыз Ишеналиева, ЖК нын “Жаштар иштери боюнча” комитетинин төрайымынын орун басары

Рысбай Исаков, манасчы

Дүйшөн Сейтеков, жаштар кыймылынын мүчөсү

Адисбек Бейшенбаев, Нарын облустук администрациясынын башкы адиси

Модератор: Айзада Абазова, “Кыргыз Руху” коомдук-саясий жана маданий гезитинин башкы редактору

Модератор: – Нооруз майрамынын астында улуттук баалуулук мамлекеттик саясаттын өзөгүндө турушу манилүүбү деген темада талкуу өткөрүүнү туура таптык. Буга чейин улуу муундар келип өз ойлорун айтып кетишкен, бул жолу жашырак муунду чакырдык. Улут темасына кайрылардан мурун мамлекеттин укугу менен жеке адамдын укугу туурасында кеп кылып алсак. Мамлекеттин өнүгүшү үчүн мамлекеттин укугу жогору турабы, же жеке адамдын укугубу?

Т. Акимов: – Дүйнө жүзүндө эки түшүнүк бар, адам укугу жана мамлекеттик кызыкчылык. Мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн мамлекет бул Кытай, Эки миң жыл бою Мао Цзедун келгичекти улуттук кызыкчылык үчүн Конфуцийдин доктринасы боюнча ар бир чиновник экзамен тапшырып келген. Кытайдын эли көп болгондуктанбы, адам укугу тебелениши мүмкүн, мамлекеттин кызыкчылыгы жогору турушу керек эң терең Кытай философиясында айтылган, булардын мамлекети ошол философияга таянып иштейт. Ошол үчүн Ден Сяопиндин 1993-жылы Тян Мин аянтында элди атып салганда: “Эгер биз бүгүн элге ок атпаганда Кытай мамлекети Советтер Союзундай болуп жоголуп кетмек” деген сөзү бар. Алар мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн адам баласынын өлүмгө алып баргандан корккон да эмес, коркушпайт дагы. Бул мамлекеттин элинин саны абдан көп болгондуктан 1, 5 миллиард элдин укугун угуп отурсаң мамлекеттин орду калбай калат да, ошондуктан алар ушундай принципти кармады. Азыркы заманда өнүгүп кеткен экинчи философия бул жөөттөргө байланыштуу. Жөөттөр кылымдар бою аз дегенде 1000-2000 жылдан бери карай эле кулчулукта жүрүшкөн эл. Египеттен кулчулуктан качып чыгышып 40 жыл ар кайсы жерде жүрүшүп азыркы Израилди түптөп отурушат. Негизи Палестина деп арабдардын жери болгон, бирок бул жер ыйык, кудай бизге ыйгарды деп отурукташып калышты. Ошондон бери алар адам укугун мамлекеттик кызыкчылыктан жогору коюп ар түрдүү саясий өнөрлөрдү көрсөтүп акырында1949-жылы өз мамлекетин жаратышты. Булардын мамлекетинин кыргыздар менен бир кызыкчылык жери бар, 2000 жылдан кийин бир гана Кыргызстан жана Израил пайда болду. Ошондуктан кыргыз мамлекети бизге кайсы жагы ыңгайлуу болооруна караш керек. Мен өз оюмду айтсам, мамлекеттин кызыкчылыгы жеке адамдын кызыкчылыгынан жогору болушу керек. Аристотелдин айткан сөзү бар: “эмне үчүн адамдар мамлекетке биригип алат? – Бактылуу болуш үчүн” деп өзү жооп берген. Эгерде биз баарыбыз бирдей, тең бактылуу бололу десек мамлекет курушубуз керек, эгерде өз жаныма, керт башыма керек десек анда мамлекеттин кереги жок, каңгып өз жаныбызга жаккан жерге кете берсек болот.

А. Бейшенбаев: – Сөзсүз түрдө мамлекеттин кызыкчылыгы жогору туруш керек деген пикирдемин. Адамдар коом деп жашап жатабыз да. Жеке адам өз кызыкчылыгын ойлосо, мамлекет өнүкпөсө, анда мамлекеттин эмне кереги бар. Өлкөбүз бай болсо, биз бай болобуз. Мекенчилдик деген сезимди баарынан жогору коюу керек.

Модератор : -Дүйшөн, силер жаштар-сыңар, улуулар СССРдин тарбиясында… Биз мамлекетти жогору койгон үчүн эки президентти кетирдик болуш керек, бул боюнча сен кандай ойлойсуң?

Д. Сейтеков: – Патриоттуулук өз мекенине болгон сүйүүсү деп эсептелет эмеспи, мен дагы учурунда пионер болгом, комсомолго өткөнгө жетишпей калгам. Ал учурда жаш муундарга мекенди сүйүүнү жакшы үйрөткөнү чындык, азыр биздин мамлекетте бул ыкма колдонулбай, балдарга мекенди сүйүү тууралуу айтылбай, тарбия берилбей калды. Азыр патриотмун деген адамга башкача, бул айнып калганбы деген көз карашта болушат, анткени глобализациянын эпохасы жүрүп жатат. Дүйнө боюнча патриоттуулук деген түшүнүк жуулуп баратат, баардык чек ачык, жаштар каалаган өлкөсүнөн билим алып, ал жакта жашай алат. Ал жактын маданияты, илим менен техникасындагы жаңылыктар аларды кызыктырат. Ал эми жеке менин оюмча патриоттуулук бул- өзүнүн мекени, эли үчүн өзүнүн кызыкчылыгын курмандыкка чалуусу. Мен үчүн патриот адам-бул Алмазбек Раимкулов. Ал АКШда жашап, ал жактан Кыргызстандын желегин желбиретип жүрөт. Ага Американын желегинин астында чык, миллиондогон жашыл акчаларды төлөп беребиз, эгер Кыргызстандын желеги менен чыксаң тыйын гана төлөнөт дегендерине да макул болгон. Алмазбекке бул ата-энесинен өткөн тарбия болушу мүмкүн. Патриоттуулук жөнүндө баары эле айтышат, бирок жеке кызыкчылыгы жеңип кетип жаткансыйт.

Ж. Касаболотов: – Бул жерде патриотизм, мамлекет жогору турабы, же жеке адамдын укугубу деген суроону узатып жатпайсыңарбы, патриотизм деген бул патра-ата деген сөздөн келип чыккан. Ата-бул эли, Ата-Журту, өзүнүн баалуулуктары. Дүйшөн айткандай азыр дүйнөлөшүү заманы аябай күч алды, ошонун эсебинен сыртта жүргөн жарандарыбыз, жарандыгын таштап кеткен адамдар да көп. Бул жерде экинчи бир маселе келип чыгат-улутчулдук жана тыштагы адамдардын да мекенчилдиги. Тыштагы адамдар азырынча мекенчил бойдон турат, анткени алар каалайбы-каалабайбы жок дегенде туугандарын багыш үчүн мамлекетке пайда алып келип акчасын салып жатышат. Бирок Мамлекет жогору турабы же адам укугубу дегенде, мамлекет -бул баалуулук, ал жөн эле механизм эмес. Мамлекет тарыхый жолдо өзүн актап келген, кандайдыр бир руханий белгилери, баалуулуктары бар механизмдердин бири. Ошондуктан мамлекет жогору турат. Азырынча мамлекетти алмаштыра турган механизмдер чыга элек, чыкканга аракет кылгандар көп. Мисалы, мамлекет аралык корпорациялар жана башка көптөгөн корпоративдик кызыкчылыктары бар күчтөр азыр аябай катуу аракет кылып жатышат. Бирок алар өзүбүздүн кызыкчылыгыбызга туура келеби, келбейби деген маселени койгондо көпчүлүгү туура келбей калып жатат, себеби биздин өзүбүздүн кызыкчылыктарыбыз, руханий баалуулуктарыбыз бар. Эгерде жогоруда айтылгандай жөн өз жаныбызды багып кете берсек болот, ал бир жол,ал эми мамлекет баалуубу, баалуу эмеспи дегенде ушундай тенденция кетти, мурда жети атасын сурасаң билбеген улан-кыздар көп болчу, азыр көбү билет. Бул баалуулуктарга кайра кайтып келе жатканыбызды билдирет, бирок кандай жол менен кайтып келе жатат, ал башка маселе. Жеке адамдын кызыкчылыгы же адам укуктары деген нерсе эмне аркылуу келет, бул тыштагы күчтөрдүн эң чоң куралдарынын бири. Биздин Конституцияга адам укуктары баарынан жогору турат деп жазып алганбыз. Ал жарандык укугу эмес, адам менен жаран эки башка нерсе. Адам деген абстрактуу, ал кайсы жерде болбосун адам, ал эми жарандын укуктарынан тышкары милдеттери жана баалуулуктары бар. Ошол жагынан алып караганда адам укуктары деп жөн эле бизге таңуулай берүү ал биздин түпкү кызыкчылыктарыбызга каршы келет. Себеп дегенде адам деген баардык жерге кирет дагы адегенде адам укугун орнотот, анан тыштан күргүштөп кирип бир кичинекей нерсени ээлеп алып бул меники, буга эч кимиңер тийише албайсыңар, дейт. Ошондой жерге келгенде мамлекетти ичтен ыдыратканга шарттар түзүлүшү мүмкүн. Бул абдан жакшы ураандар менен кириши мүмкүн, бирок биз эки нерсени айырмалай алышыбыз керек, адам укугу менен жаран укугу деген эки башка. Биз жаран укугун коргошубуз керек, жарандардын укугу корголбой жатат. Жок эле дегенде көпчүлүктүн укугу дегенди карап көрөлү, көпчүлүктүн көпчүлүктөй, азчылыктын азчылыктай укугу болот. Кыргыздар ушул мамлекетте көпчүлүктү түзүп туруп көпчүлүк катары укугу сакталбай жатканы биздин мамлекеттин эки тилди катар кармап турганынан көрүнүп турат. 15% орустар үчүн эки мамлекеттик тилди кармап турабыз. Мисалы Өзбекстанды алалы, ал жерде деле орустар бар, бирок алар киргизген эмес, өз тилин, баалуулуктарын бекитип кадимкидей орнотуп койгонго жетишкен. Биз тыштан кандай идея келсе ошонун баарына башыбыз айланып отуруп өзүбүздүн каяка бара турганыбызды билбей калдык. Бара турган бир эле жерибиз бар, ал ошол мамлекеттин кызыкчылыгы. Мамлекеттин кызыкчылыгы -тили, дили, эли жана жеринен турат. Тили болгондо ал бириктире турган фактор катары, жалпы коммуникативдик платформа, дили-жалпы менталитети, жалпы баалуулуктары жана маданияты, эли-кыргыздар өз жеринде туруп улуттук азчылыктын абалында калбаш керек жана улуттук азчылык болуп калбай улуттун генофондун сакташ керек, жери-чегин эч кимге алдырбаш керек жана анын жерин эч качан башкалар башкарбаш керек.

Модератор: – Бир кадамга барганда анын оң жагы да, терс жагы да болуп калып жатпайбы. Эгерде биз официалдуу орус тилин алып салып бир тил менен калып калганда ал бизге канчалык деңгээлде пайда да, канчалык деңгээлде зыян алып келиши мүмкүн?

Т. Акимов: -Зыян алып келбейт. Азыркы дүйнөлөшүү заманында эч бир тилди үйрөнбөй кой деп бирөөлөр тыюу салууга мүмкүн эмес, орустар андай статуска муктаж эмес. Ал дүйнөдөгү алты чоң эл аралык деңгээлде колонулуп жүргөн тилдердин бири. Бул жерде расмий статусу жөнүндө сөз болуп жатат. Расмий статусу дегенде, айылдан келген балдар өзүнүн тилинде өрт өчүргүчтү чакыра албайт, демек бул көпчүлүктүн укугу бузулуп жатат деген сөз. Экинчиден эч ким эч кимди тыйган жок, каалашынча тилин өнүктүрө берсин, бирок Кыргызстанда туруп тийиштүү жерге кыргызча кайрылып кыргызча жооп алууга жана иш кагаздарын кыргызча жүргүзгөнгө укугу болушу керек.

А. Бейшенбаев: -Бүгүнкү күн айылдан келип орусча билбеген бала шаардан иштей албайт, ал эми кыргызча билбеген кыргыз балдар Акүйдө иштеп жатпайбы. Иш кагаздарынын баары орус тилинде. Мамлекеттик тилдин кызыкчылыгы корголбой жатат.

Т. Акимов: -Мен тилчи болгондон кийин буга терең көз караштамын. Кыргыз эли абдан таланттуу, кыялкеч элбиз, орус, англис, япон, француз тилдерин билсек да жакшы. Биз кыргызча гана билишибиз керек деп өзүбүздү кемсинтпей, рамкага салып койгондо болбойт. Кыргыздын балдары көп тил билсин, бирок түпкүлүгүн 18 жашка чейин кыргыз деп өстүрүп, мамлекеттик кызыкчылык, мамлекеттик максат, муну мамлекет өзү аткарышы керек. Мунун стратегиясы, медотологисын даярдап коюш керек. Мейли кийин ал каалаган тилинде сүйлөп жүрө берсин, ал 18 жашка чейин түпкүлүгү кыргыздын ой жүгүртүүсү, менталитети болуп калгандан кийин анын башка тилде сүйлөгөнү ишине карата болгон зарылдык болуп калат. Мисалы бүгүнкү күндө компьютерде жаза албасаң сени жумушка албайт, ал компьютерди окуйсуңбу, окубайсыңбы, тааныйсыңбы-тааныбайсыңбы зарыл эмес, эң башкысы компьютерди билишиң керек, ал жөн гана инструмент. Ошондуктан биз башка тилди инструмент катары эле көрүшүбүз керек. Аны даңазалап, аны саясий курал кылып, аны көтөрүп алып Москвага, Вашингтонго чуркап кереги жок. Бул өзүбүздүн намысыбызды өлтүрүү, уят болуу. Заманга жараша уламкы жаш муундар көп тилди билишет. Балага 18 жашка чейин кыргыздын матрицасын аң-сезимине киргизип койсоң ал башка тилди миң үйрөнсө да кыргыз бойдон калат. Ал эми тил маселесине кайрылганда өзгөрүү себептерин көрүп турам, бирок аны кылбашыбыз керек. Эмнеге? Кыргыз тилин латын арибине өткөрөбүз деп жатышат, бул туура эмес деп эсептейм. Карап көрсөңөр, акыркы жүз жылдыктын ичинде кыргыздар өзүнүн баалуулуктарын кыргызча сактап келип кийин арабча жазды, анан Ак падыша келгенде латын арибинде жаздык, андан кириллицага өттүк, эми кайра латын арибине өткөндө маданиятыбыздын муундарын өлтүрүп алабыз. Мисалы, бүгүн арабча жазылган кыргыздын дастандары, уламыштары, сыйкырлуу нерселеринин баарын эч ким которгон эмес, ошол бойдон көмүскөдө калды. Аны издесең да таппайсың, отуруп алып ага бир нече жылды арнаш керек. Латын арибинде биздин чоң ата,чоң энелерибиз жазган, алардын ой жүгүртүүлөрү, ойлору да окулбай калбадыбы, аны ким которуп чыгалат? Кыргыз тили учурда орус ариби менен жүрүп атат, эгер которуп салсак биздин азыркы документ, архивде калгандардын баары өчөт. Эртең латын тамгасы менен жазып баштасак дагы бир маданияттык өлүм (культурный похорон) жасайбыз, кийин аларды таппайбыз. Кыргыз тилин карап көрсөң кызык эле абалда жүрөбүз, кыргыз тили, кириллица графикасы, машиналардын индекстери латын тамгасы менен бекиген. Бир мамлекеттин ичинде үч графика жүрөт. Бул жагынан алганда тил багытында саясаты, идеологиясы жок эле башаламан калк болуп калдык. Тил комиссиясы аркандай мыйзамдарды чыгарат, биздин мамлекеттин ичинде кытай тилинде толтура жарнактар туруп атат, мисалы Бишкектин ичинде кытай тилинде жазылган 65 ашкана бар, казинолор бар, буларды эч ким көзөмөлдөбөйт, которттурбайт, тыюу салбайт, же кичинекей кылып жазып койбойт. Тил менен абдан кылдат иштеш керек. Тилди негизи мектепте бышыруу зарыл, 18 жашка чейин бышып бүткөн соң ал эч качан тилин унутпайт. Бизде ага чейин талкаланып калып жатпайбы. Бир муун арабча, бир муун латынча, андан кириллица, кайра латынча жаза берсек муундардын ортосунда үзүк болуп, маалыматтар жок болуп кетет. Жогоруда Жыргалбек инимдин айтканы туура, азыркы Россияда 86 тил бар, бирок Россия мамлекети билет, эгер орус тили мамлекеттик тил болбосо 86 тил өзүнүн суверинитетин жарыялаганда ар кайсы тилде жазып, ар кайсы түшүнүккө түшүп баары ыдырап мамлекет жоголуп кетет. Израилди мисалга алалы, эгер сен жарым жылдын ичинде еврей тилин үйрөнүп экзамен тапшырбасаң жарандык мүмкүнчүлүгүңөн айрыласың, Израилдин жараны кылып эч качан кабылдабайт. Мамлекеттик кызыкчылык биринчи болушу керек. Мисалы биздин конституцияда жеке менчик жер укугу бар, Израилде жок. Анткени алар мындай чечкен, Израилдин эли аз, мамлекетибиз кичинекей, арабдар бай, жеке менчикке жер берилгенде арабдар сатып алат деп тыюу салып койгон.. Алардан жерди ижарага алууга болот, алгач 25 жылга, андан кийин 50 жылга андан ары карай. Бизде андай эмес, бирөө келип Каркыраны кесип алды, бири Үзөңгү-Куушту алды, эртең акчасы көп тажик-өзбектер түштүк жактан үй, жер сатып алат. 20-30-жылдан кийин алар айтат, мен тажик болгом, өмүр бою тажикмин, ушул жерде жашап жүрөм дейт, эч ким аны далилдей албайт. Жарым кылым жашагандан кийин далилдеш кыйын болуп калат. Бирок үлүшкө берсе болот, түбөлүк жерди менчиктештирип алып башка мамлекеттин адамына сатып жиберүү туура эмес деп эсептейм. Жерди эч ким кол менен жасап алган жок, бул жерди Манас атабыз бизге арнап таштап кеткен, Манас атабыздын аманаты. Биз да бул жерди миң жылдан кийин келген кыргызга сындырбай, бузбай, жоготпой, кертпей, кеспей, суусун чачпай тапшырып беришибиз керек. А биз эмне кылып атабыз, улам бирине карматып жиберип жатпайбызбы. Минтип отурсак мамлекетибизди жоготуп жиберебиз. Ар бирибиз улуу кыргыз деп кыйкырып жатабыз, ар кимибиз өзүбүздөн кыргыздын улуулугуна эмне салым коштум деп өзүбүздөн сурашыбыз керек. Дүйшөн туура айтып жатат, Алмазбек Раимкулов кичинекей жаран болсо да кыргыздын улуулугуна чоң салым кошуп жатат. Чет жерде жашаса да каны бул жакта, кыргыздын байрагын алып чуркап жүрөт. Бизде чоңдор канча жерди сатып жиберди, кыргыздын улуулугун бекиткендин ордуна жерин кертип салып атпайбы. Минтип отурсак калбай калабыз, ошондуктан түпкүлүгү кыргыз жери өзгөрбөш керек, аманат кандай келди, ошол бойдон тапшырылышы керек. Биз баарыбыз кыргыздын жеринде ижарада жашайбыз, топуракты кол менен жасаган жоксуң, төрөлдүң, жашадың, малыңды бактың, андан кийин жерди эч кимге бербей муунга тапшырып кете бер. Манастын жерин сактап, Манастын урпагына тапшырып берүү биздин милдетибиз.

Ж. Ишеналиева:- Улуттук баалуулуктарды сактап калуу үчүн эң чоң көйгөй глобалдуулук. Биз андан четтеп, өзүбүзгө керектүү гана нерсесин алып калышыбыз керек. Тил маселесинде кириллицадан четтеп латын арибине киришибиз керек. Эгер латын арибине кирсек биздин көйгөйүбүздүн көпчүлүгү чечилип калмак. Тилдин куралы ариптин өзөгүн оңдобосок болбойт.

Рысбай: -Ооба ар бир өзүн сүйгөн улуттун өзүнүн ариби бар.

Ж. Ишеналиева: – Кыргыз тилдүү айылдан чыккан кызмын, азыр биз мамлекеттик иш кагаздарды орусча жазабыз. Биз арипти латын арибине өткөрсөк жеңилдеп калмакпыз. Азыр баары жарымы орусча, жарымы кыргызча ойлонушат.

Модератор: – Жогоруда айтылбадыбы, латын арибине өтүү менен канча мурасыбызды, канча маалыматыбызды жоготобуз деп. Кириллица менен латын арибинин кандай айырмасы бар? Экөө тең эле биздин арип эмес да.

Р. Сейтеков : -Менимче рун арибине өтүшүбүз керек. Бул биздин төл жазуубуз. Түпкү арибибиз. Мындан эмнеден утабыз, орус тилинин басымынан кутулабыз, бул жерде йоттошкон тамгалар, ичкертүү белгилери жок. Башка тилдеги сөздөрдү кыргыздын сөзү кылып кабыл алчубуз, мисалы кроватты керебет деп. Ариптер кыргызча болгондон кийин кийинки сөздөрүбүздү кыргызчалап алганга жеңил болот. Баары акырындап жүрө берет.

Дүйшөн: – Бизде бөлүнүү бар, Ала-Белдин ары жагынан келгендерди түштүктүн акценти менен сүйлөп жатат ал кыргыз эмес, тигиники казакча чалып кетти ал кыргыз эмес, бул кыргызча сүйлөй албайт, чала кыргыз дейбиз, анда чыныгы кыргыз ким болот? 500,000 кыргыз Россияда жашап жатат дейбиз, алардын балдары кыргыздын балдары менен аралашып жашабагандан кийин тилди билбей калышы мүмкүн, демек алар да кыргыз эмеспи, аларды каякка ыргытабыз? Алар жакшы жерлерде иштешет, чоң компанияларда иштешет, илим менен техниканын өсүшүнө салым кошуп жатышат. Тил деген эмне, бул пикир алыша турган гана курал. Ал эми анын тегин генетика аныктайт. Кыргыз тилин жакшы билген адамдарыбыз деле адабий тилди унутуп баратышат. Казактар азаматтар, тилин өнүктүрүп жатышат дейбиз, ал жакта жыйырма жыл бою мектепте балдар бакчаларында тилдин өнүгүшү үчүн эмгек кылышты. Ал жакта орус тилинде иш кагаз алып барсаң маянаңды бербейт. Бизде мамлекет тарабынан эч кандай жигердүү иш жүргүзүлгөн эмес. 98% кыргыздар эне тилин жакшы билишет, билбегендер өтө аз. Өткөндө бир орус телеберүүсүндө еврейлер жөнүндө сөз болуп: “Россияда эң башкы еврей ким” деген суроо берилди. Алиги еврей буга: “ар бир еврей эң башкы еврей” деп жооп берди. Мына алтын сөздөр. Биз үчүн ар бир кыргыз баалуу экенин билишибиз керек, ал кыргыз кыргыз тилин билеби, билбейби, Кыргызстанда жашайбы, жашабайбы, мааниге ээ эмес. Ар бир кыргыз баалуу. Муну биз түшүнмөйүнчө бизде трайбализм, регионализм, бири-бирибизге бут тосуу боло берет.

Модератор : – Сиз муну өзүңүз кыргыз тилин жакшы билбегендиктен улам айткан жоксузбу? Кыргыз тилин билген кыргыздардын тамыры бекем да себеби, алар улуттук баалуулукту түп нускасында котормочусуз таанып билишет. А сиз кыргыздын улуттук баалуулуктарын биле аласызбы?

Д. Сейтеков: – Көптөр мага кыргызча билбеген соң кыргызчылык тууралуу эч нерсе билбесең керек дешет. Кыргыз тилин абдан жакшы билип туруп эле кыргыздын баалуулуктарын билбеген адамдар жок эмес. Мисалы көпчүлүгү адам каза болгондо өкүрүп барганда, үн чыгарып ыйлап, кошок кошконду башкача кабыл алышы мүмкүн, бул элибиздин гумандуулугун билдирет. Психологиялык жактан да жардамы чоң экенин кыргыздар билген. Себеби үч күн бою көз жаш төгүп, ал адамдын жакшы жактарын эстеп ыйлаганда жакынын жоготкон адамдын көкүрөгүндөгү бугу жеңилдеген. Ал адам стресс, депрессияга тушукпайт. Жакыны жерге берилгендин эртеси эле жоого аттанууга даяр болуп калат. Кайра жоготуунун орду сезиле баштаганда кыркылыгы болуп дагы бугун чыгара алат. Муну баары биздин акылман элибиздин салт-санаасы экенин баалашыбыз керек. Энелердин башындагы элечекти эмне үчүн тагынышаарын билгендер да аз, анткени көчмөн элибизде энелер кырк метрлик аппак кездемени эң таза жерине-башына ороп ар кандай кырдаалга даяр жүргөн. Келиндер төрөп калса элечегинен айрып баланы тосуп алып аарчып, ага ороо кылган. Мусуламанчылыкта селде оронуш керек, адам жолдо-белде каза болуп калса сөөгүн муздатпай көмгөнгө даяр болуш керек деп адамды аркы дүйнөгө узатууга колдонушса, бизди элечекти энелерибиз жарык дүйнөдө жаңы адамды тосуп алууга арнаганын билишибиз керек. Кыргыз элинде илгертеден жакын адамы каза болсо аны акыркы сапарга боз үй тигип, колунан келген малын союп кадыр менен узаткан, азыр бизди боз үй тигүүгө болбойт деп эч ким тыйбашы керек. Аны менен салтыбызды жоготуп алабыз.

Модератор: -Улуттук баалулуктарга таянган мамлекеттер, Япония, Кытай, Корея өнүгүп баратканы белгилүү болууда. Биз алардын жолуна түшө алабызбы?

Ж. Касаболотов: – Улуттук баалуулуктарга таянганда гана түбөлүктүү туруктуу нерселерди жаратып баалуулуктарга айлантып жиберүүгө мүмкүнчүлүк бар. Японияын мисалында башынан жарандык коом, булардын кланына берилгендикти, ага жанын бергенге даяр тургандыкты баалап, даңазалап келген эл. Капитализм заманы келгенде алар өмүр бою жай алуу системасын киргизген, эгер жыйырма жыл иштеген заводдон башка заводго барса кайра ал эң төмөнкү маянага отурат, эгер заводунда кала бере турган болсо айлыгы жылына өсүп отурат дагы ага ал жерден кеткен пайдасыз болуп калат. Эгер ал жерде он эки операция болсо ар бири жылып отуруп улам бир операцияны көрүп чыгуу системасы киргизилген, бир адам заводдун ар бир ишин билип калат, бул алмаштырылгыс адам жок деген ойду билдирет. Коомдук көп иштер бар, жакшылык-жамандыкка чогуу барыш керек, эгер бир адам барбай калса, ал коомдон четтеп калат, бул система да атайын киргизилген, башкача айтканда мамлекеттик саясат болгон. 20-кылымдагы Жапон кереметинин негизги сырлары дагы ошондо жатат. Ушул мисалдан улам улуттук баалуулуктар жөн эле чаң басып архивде жата бербей өндүрүшкө да, билим берүүгө да жана башка жерлердин баарына изилденип туруп, кириши керек. Кептин баары башкада- биз азыр өзүбүздүн ким экенибизди толук тааный элекпиз, өзгөчөлүктөрдү кантип пайдаланышты билбейбиз. Бирок аны сөзсүз билишибиз керек, билмейинче өнүгө албайбыз. Ансыз деле СССР кулагандан бери биздин аң-сезимибизде аябай чоң токтоникалык жылыштар болду. Агын сатпаган кыргыз агын эмес баарын, жерин кошуп сата баштады. Көчмөндөр эч убакта агын саткан эмес. Эми ошонун баары кирди, кирсе да мурунку тамырынан ажырабашы керек.

(Уландысы кийинки санда)

Айзада Көчкөнбаева , «Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 18.03.2011-ж.

 

Соц тармактар:

One thought on “Улуттук баалуулук мамлекеттик саясаттын өзөгү болушу маанилүүбү?

  • 20.04.2011 at 20:00
    Permalink

    Улуттук баалулукту сактоо КЫРГЫЗ-эне тилинбилуу, суйлоо керек. Чет тилдерди дагы билуу ар бир жаранга жакшы мумкунчулукторду берет. Биздин улуу кызыбыз Эльмира беш тилде жакшы билет уулум Темирбек дагы Туркиядан окуусусун бутуруп келди торт тилде суйлошо алат. Жаштардын коп тилде сулошо билуусу жакшы жышаан. Бирок мамлекеттик кызматкерлерибиз мамлекетик тилди жакшыраак билуусу, суйлоосу зарыл, уят болбой… Кудайга шугур Роза Исаковна кыргызтилиде эркин сулой алат. Калган мамлекттик кызматкерлерибиз дагы озгочо эне тилде(кыргызча) жана чет тилдерде суйлой билсе экен. “Эне тилин билбеген элин суйуп жыргатпайт”- эл созу. Замандаштарымды урматто менен Ибираимова Т.Б.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.