ЖЕТИМ БОЛУП, ЖЕТИЛГЕН ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ

Төлөгөн Касымбеков 80 жашта

Өз өмүрүнүн дээрлик теңинен көбүн чыгармачылыкка арнаган таланттуу инсан, жазуучу Төлөгөн Касымбеков туурасында жазгым келип, мындан үч жыл мурун агайдын үйүнө барган болчумун. 80 жаштын белесин аттап турган кезинде быйыл да бир барып, агайдын ал-абалын сурап кайттым. Анын үстүнө Төкөмү жакындан көрүп, баарлашып, жакшы сөздөрүнө кулак төшөө менин арзыган тилектеримдин бири эле.

Карылыкка моюн сунбай, үйгө келген коноктор менен көңүл жылыта сүйлөшүп, өзүнүн кайгы-капасын да билдирбегенге аракеттенген Төлөгөн аба мага да ачылып-жазылып көп нерселерден кеп салып берди.

Чыгаан жазуучу Төлөгөн Касымбеков 1931-жылы 15-январда Жалал-Абад дубанындагы айтылуу Аксы жергесинин Акжол кыштагында туулган. Касымбек ата айылдын билимдүү, ырыстуу, ардактуу аксакалы болгон. Кыпчак кызы Калбү апа менен көп жыл бою жашап, тагдырдын жазмышынан улам 59 жашка келгиче бала көрбөйт. Согончогу канабаганы менен Калбү апа өтө жупуну, аң-сезими жетик адам катары айылдагылардын өзгөчө кадырлуусу эле. Адамдык касиети, терең акылы менен абышкасынын ичтеги арманын туюп, «Байым, сиздин артыңызда туяк калып, тукумуңуз уланышы керек» – деп, башка аял алуусуна өзү кеңеш берет. «Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет» дегендей, турмуштун ачуу-таттуусун көрүп, бышкан Калбү апа өзү ат минип барып, абышкасына жубайлыкка 20 жашка эми гана толгон Анар апаны атка учкаштырып ала качып келген экен. «Байым, мен сизге жубай алып келдим, малыңызды союп, нике кыйып, ушул аял менен баш байлаңыз» – деп эч кызгануу жок, улуу кишиге улуу мамиле жасагандыгына жараткандын кулагы сүйүнөт. Ошентип, бир жыл толбой Касымбек ата жашы 60ка таяганда эркек бала көргөн экен. Карыганда көргөн туягын Кудай берди деп, азан чакырып, атын Кудайберген коёт. Наристе жытына мас болгон кыпчак кемпир Кудайбергенди өз баласынан артык көрүп, тыбыт жоолукка ороп, жерге-сууга койбой үлпүлдөтүп бага баштайт. Төрөгөн энесин болсо, өзүнүн келининдей карап, эрегишпей, үй-тиричилик оокаттарынын баарын өзү жасайт. Керээли-кечке эрмеги болгон баласын эркелетип, өзүнчө «өлгөн балдарымдын ордун төлөдү, Төлөгөнүм менин, Кудай-Таалам бизге төлөдү» – деп, Калбү апа жаратканга жалынып жүрүп эле Төлөгөн деп өз алдынча ат коюп алган экен. Ошондон кийин Кудайберген аты унутулуп, тууган-урук, колу-коңшу да Төлөгөн деп чакыра баштайт.

* * *

Төлөгөн Касымбек уулу 16 жашка келгенде айылдык кеңешке катчы болуп кызматка орношоордо баккан апасы эркелетип койгон Төлөгөн атына жаздырып паспорт алган. Андан мурун өз апасынан «менин туулган күнүм качан?» деп сураса, «билбейм балам, сени төрөгөндөн кийин катуу уктап кетиптирмин, бир кезде аябай суусап, барып суу ичейин десем чакадагы суу тоңуп калыптыр, демек сен кышкы чилдеде туулган болушуң керек» – деп койгон. Анан өз алдынча анализдеп, «январь айы экен да» деп, тыянак чыгарган соң 1931-жылдын 15-январы деп туулган датасын белгилеп алат. Бирок Төлөгөн агайдын өзүнүн айтымына караганда, ал 1928-жылы туулган экен. «Сен аскерге кетсең биз кантип оокат кылабыз?» – деп, кемпир-чалдын басса-турса наалып, кейип-кепчий бергенинен үч жашка өзүн жашартып алган тура.

* * *

1946-жылы Касымбек ата катуу жер титирөөдөн каза тапкан. Ошентип Төлөгөн 14 жашынан атасыз жетимге айланат. Жетим бала, жесир аял абдан кордукту көрүп, азаптын каарына калып күн кечиришет. Ачка калганда апасы колхоздун эгин талаасынан эки баш жүгөрү уурдап, койнуна катып алган жеринен кармалып, суракка тартылат. Ошондо эс тартып, чоңоюп калган Төлөгөн айылдык кеңеште бүкчүйүп ыйлап сурак берип отурган апасын сооротуп, «апа, эмне ыйлап жатасың, ачка калганда эки баш жүгөрү уурдаптырбыз, андан эмне болуп кетиптир, адам өлгөн жок да! Тургунуң апа, ушулардын алдында бүрүшүп, өзүңдү байкуш сезбегиниң!» – деп, тегерете тургандардын баарынын оозун жаап, апасын топтон алып чыгып кеткен тура. Ошондон кийин мен адам болушум керек, мен адам болом да апамды суракка алгандардын сазайын колуна берем деп кекенип, алдына чоң максат коёт. Жаштайынан зирек, дилгир, сезимтал өскөн Төлөгөн билим алып, чыныгы адам болууга бел байлайт. Ошондо эң алгачкы жолу «Адам болгум келет» чыгармасын жараткан.

* * *

Төлөгөн аба менен баарлашып, өткөн күндөрүнүн баарын угуп отурсаң жазуучунун алтындай балалыгы ый, азап менен өткөнүнө ичиң ачышат. Анын үстүнө апааттуу согуштун күндөрүндө жакынсынган, медер туткан туугандарынын да мээримине арзыбаганы өкүнүчтүү. Сезимде баккан арзуу ойлорун турмушка ашырып, окуп, адам болом деп, Оштон Фрунзеге окууга тапшырганы жыл сайын келип, өтпөй кете берет, кийинки жылы кайра келе берет. «Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн» болуп, байдын балдары окууга келсе, алар токтоосуз өтүп турушканын көрүп туруп теңсиз заманды тилдеп, бир туруп колунда жоктугунан мукактана ызаланып алат да, кайрадан келечеги жөнүндө түркүн кыялдарга батып, кантип окууну гана ойлонот. Поездге төлөгөнгө акчасы жок, эптеп шымынын куру менен поезддин түтүн чыккан жерине белин таңып шаарга жөнөйт. Жеткенден кийин кайсы бир сайга түшүп, түтүндөн өңү таанылбай капкара болуп калган денесин сууга жууп, анан бактын түбүнө жатып окуп жүрүп окууга илешкен. Ошентип окуп, 1957-жылы КУУнун кыргыз тили жана адабияты факультетин аяктаган.

* * *

Жазуучу 4-курста окуп жатканда экинчи чыгармасы – «Алымканды» жазып баштаган. 1958-жылы Кыргызстанда биринчи жолу «Алымкан» тасмасы тартылып, ага ошол кездеги КТРдин директору Рабия Менсейитова жетекчилик кылат. Тасманын тартылышына удаа Төлөгөн Касымбековго «Алымканды» жазгандыгы үчүн Исхак Раззаков өз колу менен алтын саат белек кылган экен. Автордун «Алымкан» чыгармасы жогорку деңгээлде сүрөттөлүп жазылганына окурмандар биринен сала бири окуп ынанышат. Куюлушкан сөздөр, жорго тил менен Ниязалы комузчунун, Токтогулдун, Алымкандын сөздөрү өз ирээти менен жазылгандыгы чыгарманы бийик даражага көтөрүп, аны менен катар жазуучу катары Төлөгөн Касымбековдун да атын аңызга айланта баштайт.

* * *

Алгачкы чыгармасы – «Адам болгум келет» повести чыкканда Төлөгөн агай 700 рубль гонорар алганын али күнчө унутпайт. Кудуңдап сүйүнгөн боюнча ак эмгеги менен тапкан акчасын үйүнө апасына алып барса, апасы «балам, ушундай акча тапканга жарап калдыңбы, баягы жетимим чоңойдуңбу?!» – деп, кубанычтан балкып, буркурап ыйлап жиберген экен. Ошентип студент кезинен акча таап, батир акчасын төлөп, жада калса апасын багып, жан сактаганын эскерет агай. Көңүлүндөгү ойлорун, ичинде баккан ой-толгоолорун калем учу менен ак кагазга түшүрүп, бир нече чыгармаларды удаа-удаа жаратууга жетише алды. Ошол эле университетте окуп жатканда айылын сагынганда жазган «Туулган жер» повестин, «Кичинекей жылкычы», «Жетим», «Талаштын башы» чыгармаларын жазып гонорарын алып жүрдү. Кийинчерээк роман жаза баштады. Баягы азап тарткан күндөрү артта калып, колунда акчасы болуп тоюнуп, кийими бүтөлдү. Ошол жылдарда утур көркөм сөз чебери катары жетилип, тарыхый «Сынган кылыч», «Келкел» романдарын жазып, айрым дүйнөлүк адабиятчылардын, тарыхчылардын көңүлүн өзүнө бура алды.

* * *

Жараткандын буйругу менен Төлөгөн аба менен Элмира эже экөөнүн бирге түтүн булатып келатышканына 10 жылдан ашты. Элибизде «улуу сөздө уят жок» деп коёт эмеспи. Жашы бир топко барып калган Төлөгөн абанын кемпири кайтыш болгондо уулдары атасына жөлөк болоор адам издешкен. Ошондо Элмира эжени жакын тууган эжелери «ушул аксакалга сен ылайыксың» -деп, Төлөгөн агай менен тааныштырышкан экен. Агайдын эң улуу баласы белдүү кызматтарда иштеп келген Райхан Касымбеков экөө «бербей койсо сөз арабызда калаар, берсе анда жакшы иш болоор» – деп, тобокелге салып жуучулукка барышканын айтат. Элмира эженин атасы китепти көп окуган адам болгон экен. Ал Төлөгөн Касымбековдун жазган чыгармаларынын бирин калтырбай окугандыктан, анын кандай киши экендигин да баамдап билчү тура. «Кызым мен сени байлап, матап күйөөгө бербеймин. Бирок менин сөзүмдү уксаң, ата-эне эч качан баласын жамандыкка кыйбайт, ушул аксакалга баш байлаганыңа макулмун» -деп, өзүнүн көрөгөч акылман кеңешин айтат. Ошентип акылман атасынын сөзүн эки кылбай, Элмира эже улуу инсан менен кол кармашып, түтүн булатып баштайт. Тагдыр буйруп азыр ырыстуу үй-бүлө болуп, бир баланы тарбиялап келишет.

* * *

«Мен 80ден ашып калдым. Ушуга чейинки көрө элек жерлеримди көрүп, өзүмө өмүрүмдөгү белестүү отчетумду берейин. Анан да мен баскан-турган жерлерди балам да көрүп, басып келишин каалайм» деп, баласын ээрчитип алып, мурдагы жылы жаз айында Баткенден тартып, Кудаяр хандын чебине чейин чыгып келишиптир. Өмүрүнүн азаптуу күндөрүндө да көзүнө жаш албаган Төлөгөн агай чепти көрүп, өз өмүрүндө чоң иш бүтүргөнүнө кубанып, толкунданып ыйлап жибергенин жолдошу Элмира эже айтат. Жазуучу болсо «мен ошол чепти көрбөй туруп, чыгарма жазганыма кубандым. Кудаяр хан деген кандай даңазалуу инсан болгон» -деп, карыганда болсо да чепти көрүп калганына кубанат. Таланты ташты жарган Төлөгөн Касымбеков көрбөгөн өлкө, жер калган эмес, бирок, ушул Баткенде жаткан Айгүл тоосун көрбөй жүрүп, эми көргөнүнө да ыраазы.

* * *

Улуу жазуучу Төлөгөн Касымбеков Кудай ден соолук, бакубат өмүр берип, январь айында 80 жашка чыкты. Ал өзүнүн 80 жылдык белесин аттап турган кезде да эшик кагып, мага сыйлык бер деп эч качан чуркаган эмес. Анткен менен кыргызда Төлөгөн Касымбековдой улуу таланттар манжалап эле саналат. Аксакал кишинин ак батасын алып калуу да парз. Андыктан мындай адамдын кыргыз элине кылган кызматы мамлекет тарабынан да эске алынып, жадыраган жаздын майрамдарына удаа анын мааракесин өткөрүү үчүн вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов башында турган Өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Учурда ал комиссия улуу жазуучунун мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүүгө кызуу даярдыктарды көрүүдө.

Динар ТУРДУГУЛОВА, «Эркин Тоо», 18.03.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.