Алмаз Акунов, “Салбурун” улуттук оюндун негиздөөчүсү: “Манкурт жетекчилер мүнүшкөрдүк өнөрдү улуттук – спорттун катарынан чийип салышкан”

Ысык-Көл облусунун Түп районунда кезектеги (5-ирет) “Салбурун” улуттук оюну болуп өттү. Куш, бүркүт салынып, тайган агытылып, жаа атылды. Ата-бабадан келе жаткан аңчылык өнөрдүн көркү ачылып, катышуучулардын жана ага ышкыбоздордун кумары айда, бир жазылды окшойт. Оюндун уюштуруучусу Алмазбек Акуновдун айтымында, “Салбурунга” кызыккандардын саны жыл сайын көбөйүп, жердин алыстыгына карабастан Ош, Баткен жергесинен, Талас, Нарындын мүнүшкөр, саяпкерлери жандуу катышышты. “Кийинки “Салбурунга” Казакстандын кыйындарын чакырып, бу жолкудан да кызыктуу өткөргөнгө аракет кылабыз” деп кошумчалады улуттук оюндун уюштуруучулары.

“Салбурун” – көчмөн элдин салттуу оюну…

“Салбурун” деген салттуу аңчылык “МАНАС” эпосунда да кеңири айтылып келинген.
“Мээлей алып, боо тагып
Ит агытып, куш салып
Саадагын санга байланып
Кырааның МАНАС бул күздө
Салбурун кетип калбасын”
(Манасчы Кааба Атабек уулу)

“Тайгандарын каңшытып
Бүркүттөрүн шаңшытып
Манас баштап чоролор
Салбурунга аттанды”
(С.Каралаев)

Ал эми Абрамзон болсо, бул – кыргыздардын жоокердик мүнөздөгү аңчылыгы деп белгилеген. Илгери жоокердик заманда жигиттер топтолуп алышып, айылдан алыстап жер – суу кезип, бир топ күнгө ууга чыгып кетишкен. Адатта бул мезгилде салбурунга чыккандар жандарына азык алышкан эмес, бардык жеп ичкендерин аңчылык мезгилинде табышкан. Мына ушундай шартта жигиттер жаратылыш шартында өзүнчө машыгуудан өтүшүп, өзүлөрүн чыдамкайлуулукка тарбиялап, ата -мекенди коргоо үчүн, баатырдык мүнөздөрүн таптап турушкан. Мындан сырткары, салбурунда жаачылар жааны мыктылап атып үйрөнүп, алгыр куштарын табына келтирип, тайгандарынын кыраандыгын сынашкан. “Салбурун” бүткөндөн кийин, аңчылар үйлөрүнө жапайы жандыктардын этинен кышка азык жана ар кандай баалуу аң -терилерди даярдап ала келишкен. Жалпылап айтсак, Салбурундун мааниси көчмөн турмушта терең болгон. “Салбурун” деген сөз казактарда, “салбрын” делет, ал эми монголдор алгыр кушту “салбар” дешет. Тереңирээк карап көрсөк, бул көчмөн элдердин түбүн бириктирген маданият болуп эсептелинет.

“Бөрк ал десе, баш алган чиновниктер”…
Азыркы учурда байыркы салтты улап, элге тартуулаш үчүн “салбурунду” спорттун бир түрүнө айлантып, жобосун, эрежесин иштеп чыгып, 5 жылдан бери маанисин ачтыктадык десем жаңылбайм. Жүз жылдап унутулуп бараткан “Салбурунду” кайрадан жандандыруу максатында документалдуу кино тартып, бир жылда 2-3 жолудан фестиваль өткөзүп келүүдөбүз. 2006-жылдан бери 9 жолу фестиваль өткөзгөнгө жетиштик. Жылдан жылга “Салбурунга” кызыгып, мындай өнөргө байыр алгандар көбөйө баштады. Мисалы, мындан беш жыл мурун биринчи фестиваль өткөзгөндө беш бүркүтчү, бир жаа атуучубуз бар эле. Ал эми тайган кармагандар көбүрөөк болгону менен сапаттары начар болчу. Быйылкы Чолпон -Ата шаарында өткөзүлгөн фестивалда 22 бүркүтчү, 19 кушчу, 14 жаа атуучу катышып, биз үчүн чоң жетишкендикке алып келди. Мындан сырткары, биз 2007-жылдан бери Англияда, Францияда, Чехияда өткөн эл – аралык фестивалдарга катышып келдик. Азыркы учурда ошол Бүткүл Дүйнөлүк Мүнүшкөрлөр ассоциациясына (ИАФ) мүчө болдук. Азыр болсо Дубайда (БАЭ) өтүүчү фестивалга кам көрүп, кызуу даярданып жатабыз. Мамлекет тараптан эч кандай жардам берилбесе да, бул иштин баарын федерация өз күчү менен иштеп келатат. Тескерисинче, 1998 – жылы Республиканын спорт комитетинин манкурт жетекчилери, мүнүшкөрдүк өнөрдү улуттук – спорттун катарынан чийип салып, анын ордуна корейлердин, кытайлардын улуттук спортторунун түрүн каржылоого өтүшкөн. Мүнүшкөрдүк өнөр СССР кезинде улуттук спорт катары бааланчу. Эми биз “Салбурун” деп Манастан бери келе жаткан терминди алып чыгып, ошол терминдин астында кыргызда эзели практикаланбаган тайган жарыштырып, аларды карышкырга сыноону, жаа атуунун эрежелерин иштеп чыгып, бүркүт салуу, куш салуунун жаңы жоболорун эл – аралык стандартка ылайыктадык. Ушул эрежелерди иштеп чыгууда биз катышып жүргөн чет мамлекеттердеги фестивалдарга чоң сабак болду.

1-май, эмгекчилердин күнүнө карата өткөрүлгөн “Салбурун”
Ысык-көл областынын Түп районуна караштуу Түп айлында 1-май эмгекчилердин күнүнө карата кезектеги “Салбурун” фестивалы өткөрүлдү. Фестивалда Ысык-Көл областынын бардык райондорунун акимдери катышып, бул иш-чараны кош колдоп көтөргөн жаңы губернатор Абдылдаев Нурдин Туратбекович болду. Ар бир район бирден боз үйлөрүн тигишип, келген меймандарга сый көрсөтүп, Караколдогу драм театрдын артисттери театрлашкан оюн – зоок уюштурушту. Андан тышкары, манасчылар МАНАС айтып, эстрада, фольклор чеберлери элге концерт тартуулап, келген коноктордун черин айда кандырышты. Ошол жерден губернатор акимдерге кайрылып, “Мына Ысык-Көлдө “Салбурун” деген сейрек кездешкен өнөр туулуп, салбурундун мекени болуп жатса, биз – жетекчилер колдобосок, бул деген “моральное преступление” деп баса белгилеп өттү. Фестивалдын кеткен чыгымдарынын баарысын ошол областтык администрация көтөрдү десем жаңылбайм. Фестивалга республика боюнча Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл областтарынан салбурунчулар катышып кетишти.

“Салбурундун” жеңүүчүлөрү…
Бүркүт салуу боюнча, Чолпон-Ата шаарынан келген Дыйканов Чынгыздын “Шумпай” деген бүркүтү карышкырга кол салып, жакшы өнөр көрсөтүү менен бардык талаптарды мыкты аткаргандыгы үчүн 1-орунду ээледи. Куш салуу боюнча, Түп районунан келген Эшмухамедов Кубат 1-орунду ээледи. Жаа атуу боюнча, Тоң районунан Акунов Азамат биринчи орунга жетишип, ал эми тайган жарыштырууда 1-2-орунду Талас областынан келген Карабаев Мухидиндин “Хан”, “Кумайык” деген тайгандары багынтса, 3-орунду ошол эле Таласттык Бейшеналиев Изаттын “Көккүш” тайганы ээледи. Баарынан элдин бүйүрүн кызыткан тайгандарды карышкырга сыноодо, тайгандар чоң дөбөт карышкырга жакшы кол сала албай коюшту да, айла жок, кызыкчылык үчүн “Питбуль” породасындагы итти салсак, аны карышкыр эки тиштегенден кийин качып, жолобой койду. Бирок, башка тайгандарга салыштырмалуу Таласттык Мантаев Таланттын “Жөөр”, “Учар” деген тайгандары артыкчылык кылышып 1-орунду ээлеп кетишти.

Талапты катуу койбосок, салбурунчулар өсүшпөйт…
“Салбурун” оюну боюнча мелдештин бардык катышуучуларына талапты катуу койдук. Себеби, катуу талап менен мелдештер болуп турбаса, эч качан салбурунчулар өсүшпөйт да. Маселен, ошол эле Ысык-Көлдө бүркүтчүлөр бүркүттөрү менен үй коён алдырышып, туристтерге көрсөтүп келишкен. Ал эми “Салбурунда” болсо даана мүнүшкөрлүк өнөрдү талап кылган көнүгүүлөрдү аткарып жатышат. Калыгул -Аке айткандай, “Алгыр болсо тайганың, алтындан таап каргы так, алалбаса аңдарды, айлансын андан, башка чап” деген принципти колдонуп калышты. Ошентсе да, болбой эле Бишкектик тайганчылар коммерциялык багытында иштеп, тайгандардын аңчылык сапатына анча маани берип келишпейт. Бир аксакал айткандай, тайгандын чоң – кичинесинен эмес, анын жүрөгүнөн болот, “тайганың чоң болсо, калп эле жулунуп, колуңду жоорутат. “Салбурунда” карышкырга барбай көңүлүңдү оорутат” дегендей да. “Салбурун” федерациясына ат көтөрө алгыс, чоң салым кошуп келаткан ЭЛТР телеканалы, “Айкол” өндүрүшттүк кооперативинин башчысы Мукашев Замир, “Ак-Шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев, жаңы шайланган “Салбурун” федерациясынын президенти, Мирлан Калилов, жана Эсенболот Шаршембиев, Бердибек, Бекен Төрөкулов, Мухидин Карабаев, Талгарбек Шайбыров, Азамат Акунов, Кубат уулу Руслан, Мусаев Фархад, Дыйканов Чынгыз, Момбеков Фархад жана башка көптөгөн адамдарга ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин.

Жазып алган Элдияр ЭЛЧИБЕК, “Айкын саясат” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 11.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.