Таңшыган үндүү Тамара

“Ай баратат” берүүсү Нарын облустук музыкалык драма театрында көп жылдар бою иштеген, Кыргыз Эл артисти Тамара Жумакаеванын чыгармачылыгына арналды.

“Өткөнгө өкүнбө,
От жанбайт көзүңдө,
Айланып чалгын чалып кал,
Архивге кете электе”,- деп тирүүчүлүктө убакытты текке кетирбей, элге эмгегин арнап, турмушта убайым көрбөй жашоодон ырахат алып калууну, артта калган мезгил кайра кайталанбастыгын ырдаган, Кыргыз Эл артисти маркум Тамара Жумакаева алты жүз обонду чыгарган айтылуу композитор Жумамүдүн Шералиевдин жана таланттуу композитор Калыбек Тагаевдин ырларынын көбүн аткарып элге жеткирген.

Өткөн доордун алтымышынчы жылдары “Нарын жылдыздары” деген топ жарк этип чыгып, Тамара Жумакаева баштаган Гүлсүн Мамашева, Зейнегүл Эсеналиева, Калыбек Тагаев өңдүү таланттар кыргыз элинин кыйырына таанылат.

Тамара Жумакаева мыкты ырчы эле эмес таланттуу актриса да болчу. Ал Нарын музыкалык драма театрында ойногон спектаклдердеги ролдору ишенимдүү, ынанымдуу болуп, башкалардан өзгөчөлөнүп, көзгө көрүнүп турар эле. Маселен, ал Вишневскийдин “Оптимисттик трагедия” спектаклинде комиссар аялдын ролун ойноп, СССРдин эл артисти Капар Медетбеков экөө кыргыз театр өнөрүндө тарыхта калчу образды жаратышкан.

Кийин Жумакаева залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кыямат” романынын негизинде режиссер Алмаз Сарлыкбеков койгон “Кыямат” спектаклинде Акбаранын ролун өтө жеткиликтүү ойноп, театр көрөрмандарынын эсинде калды.

Тамара Жумакаева кичинесинде ата-энесинен айрылып, томолой жетим калып Бишкектеги балдар үйүндө тарбияланат. Анын бетке чабар, чапчаң мүнөзү, ачык айтып, ак сүйлөгөнү, калыстыгы ошол балдар үйүнөн калган адат деп калаар эле.

Аны менен Нарын театрында көп жылдар бирге иштеген Зуура Акылова кесиптеш эжеси тууралуу буларды эскерди.
– Акыйкаттык болбосо, чындык болбосо, жумушта бир тазалык болбосо же чыгармачылыкта туура эмес мамиле болсо жеңин түрүнүп чыгып, “мунуңар болбойт, бул жарабайт, адилеттик кайда” деп бир тийчү. Өмүрү өтөр-өткөнгө чейин чыгармачылык жаатындагы терс көрүнүштөр менен күрөшүп жүрдү. Тамара эженин адамгерчилиги болобу, жумушка болгон мамилеси болобу өзгөчө эле.

Анын үйүнөн күнүгө меймандар кетпей, дасторкону дайыма кенен жайылып турчу. Мейман күткөнгө, жумушуна, алты баланы бакканга, коомдук иштерге – бардыгына убакыт тапчу. Жаны тынбаган киши эле. Жада калса репетицияда бош убактысы боло калса свитер, топу, жүн байпак токуп отурар эле. Анын кол өнөрчүлүгү да укмуш болчу.

Эл артисти Тамара Жумакаева Нарын облусунун Куланак айылында 1942-жылы 8-майда төрөлгөн. Улуу актриса театр өнөрүнө 16 жашынан аралашып, анын ысык-суугу менен тең жашады.

Ошентип жүрүп жүрөк оорусуна чалдыгып 60 жылдык мааракесин өткөрүп, элиме отчеттук концерт берем деп даярданып жүргөндө, 2001-жылы 59 жаш курагында жарык дүйнө менен түбөлүк коштошкон.

Бегай Жангелдиева жетектеген Нарындагы Аялдар конгрессинин демилгеси менен Тамара Жумакаеванын ысымы өзү туулуп өскөн Куланак айылындагы Маданият үйүнө, Нарын шаарындагы РТС аймагындагы бир көчөгө ыйгарылган.

Эл артисти тирүү болгондо эмдиги жылы 70 жашка чыкмак. Драматург Кайрат Иманалиев жетектеген Тамара Жумакаева атындагы коомдук кордун алдыдагы иш-чаралары тууралуу Жумакаеванын уулуИличбек Жумабаев буларды билдирди.
-2012-жылы март айында апам Тамара Жумакаева 70 жашка чыкмак. Апамдын мааракесине карата Тамара Жумакаева атындагы коомдук кору эскерүү кечесин уюштуруп, Бишкек шаарында концерт берели деген ой бар.

Ошондой эле өзү иштеген Нарын музыкалык драма театрында, өзү туулган Куланак айылында эскерүү концертин берели деген тилек бар. Апамдын кол өнөрчүлүгү жана ырдап жүргөн ырлары боюнча аткаруучулардын конкурстарын өткөрүүнү болжоп жатабыз.

Белгилүү актриса өмүрүнүн акырында драматург Кайрат Иманалиевдин “Курманжан датка” драмасында Курманжандын ролун жогорку деңгээлде аткарууга үлгүргөн. Эгерде ал тирүү болгондо дагы канчалаган образдарды жаратып, жакшы ырларды элине тартуулайт эле.

Ал жүрөк оорусунан күтүүсүз жерден 2001-жылы 2-мартта каза болуп, сөөгү Нарын шаарындагы көрүстөнгө коюлган.

Аманбек Жапаров, “Азаттык”, 02.06.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.