Кыргыз эли менен Түрк (ТҮРҮК) элдеринин ортосундагы байланыш

Биздин бабалар кандайдыр бир жакшы иштерин баштоонун алдында Жаратканым Көкө Теңирге, жаратылыштын касиеттерине, бул жалгандан өтүп кеткен ата-бабаларыбыздын, Манас бабабыздын, ата-энелерибиздин, Умай энебиздин арбактарына кайрылып жакшылыкты суранышчу экен, мен да ушул эмгегимди жазардын алдында жогорудагы жазылган ыйыктыктарга кайрылып суранып кетким келет: Кыргыз элиме, жек-жааттарыма, туугандарыма, уул-кыздарыма, неберелериме тынччылык, ден соолук, иштеринде, окууларында ийгилик жана жакшылыктарды берсин деп. Менин өзүмө өйдө жакта аталган жакшылыктар менен кошо ушул эмгегимди туура жана далилдүү жазууга, кыргыз элиме жеткиликтүү болсо экен, өзүнүн бери эле дегенде 6000 ж. тарыхын, санжырасын, үрп-адатын, каада-салтын билсе экен деп сурангым келет.

Мага чейин көптөгөн кыргыздын улуу инсан санжырачылары: Осмонаалы Садык уулу, Тоголок Молдо, Үсөйүн-ажы, Сапарбек Закиров ж.б. тарыхчылардан Белек Солтоноев, Анвар Байтур, Хусейин Карасаев, Өмүркул Караев, Качкынбай Артыкбаев, Орозбек Айтымбетов, Дастан Сарыгулов аттуу кыргыздын улуу инсандары көптөгөн эмгектерин Кыргыз элибизге беришти жана берип келе жатышат.

Бул жерден орус элинин арасынан чыккан улуу тарыхчыларыбызды Н.Я.Бичурин (улуту чуваш), Ю.Худяков (улуту хакас), В.В.Бартольд (улуту жөөт), Л.Н.Гумилев, А.Н.Бернштам (улуту жөөт), С.Абрамзон (улуту жөөт), Аристов, Радлов В.В ж.б. жазбай, эскербей кетпесем болбойт.

Сапарбек Закиров агабыз “Кыргыз санжырасы” деген китебинин башталышында (8-б.) минтип жазыптыр: “Ошондуктан толук болбосо да кыргыздардын санжырасын билгенимче жазып калтырууга бел байладым. Анын үстүнө билгенин айтпай кеткен адам жыйнаган алтынын ай-талаага көөмп таштаган сараңга да окшоп каларын түшүндүм” – деп.

Ал эми Лев Гумилев деген улуу инсаныбыз өзүнүн “Конец и вновь начало” деген китебинин 82-б. “Билимди өнүктүрүү жеңилдикке турбайт. Билим менен эмгектенген инсан дайыма жалгыздыкты башынан өткөргөн, качан ал инсан окуучулукту башынан өткөрүп жатканда окутуучусу (мугалими) окуучусун мактаган, качан гана окуучусу өзүнүн атынан бир жаңылыктарды айта баштаганда окутуучусу окуучусун жаман көрө баштаган. Кийинки окутуучунун да башына жалгыздык келген” – деп жазыптыр.

Мына ушул жазылган ойлордун негизинде, өйдөдө ысымдары жазылган менин окутуучуларымдан алган билимимди пайдаланып, “Кыргыздын санжырасы” тууралуу кыргыз элиме жазып калтырууну туура көрдүм. Өйдөдө ысымдары аталган улуу инсандарга калтырган эмгектери үчүн башымды ийип таазим этем.

Анда эмесе, Сапарбек Закиров агабыздын айтканындай, “Учу-кыйыры жок жолго чыгалык”.

Көп санжырачылардын айткандарына караганда кыргызды жөөттөрдүн жана алардын туугандары арабдардын кыялданган тарыхына байланыштырышып, ошолордон чыккан пайгамбарлардын урпагы кылып айтып жүрүшөт. Санжыра деген бул тарых, экөө бири-бири менен тыгыз байланышта. Мен мурунку “Кыргыздын сол канатынын, кытай уруусунун нукура тарыхы” деген эмгегимде кыргыз элинин (көчмөндөрдүн) тарыхын, Европанын улутчул тарыхчыларынын бурмалагандары тууралуу көп далилдерди келтиргем, аларды кайталабай эле коёюн.

Азыркы убакта тарыхка, санжырага кызыккан мага окшогон окуучулар этнографиянын жана адам баласынын канынын түзүлүшүнүн негизинде өздөрүнүн эмгектерин жазышса дейт элем.

Кыргыздын этнографиясы тууралуу көптөгөн маалыматтарды Афанас, Андрон маданияттарынан 6000 ж. илгери убакка тиешелүү дөбө мүрзөлөрүнөн казылып алынган кыргыз элинин турмушунда колдонгон буюм-тайымдарынан: томпой-чүкөлөргө оюлган кыргыз элинин урууларынын эн тамгаларынан, кемер курларынан, аялдын чач учуктарынан, ээр-токумга тиешелүү көптөгөн шаймандарынан, зоот кийимдеринен, куралдардын түрлөрүнөн эле көрүнүп турат кыргыз эли илгерки эл экендиги. Бул маалыматтарга кызыккан инсандар өйдөдө ысымдары жазылган тарыхчылардын, айрыкча Дастан Сарыгуловдун эмгектеринен окуп алсаңыздар болот. Мен да бир азыраак “Кыргыздын сол канатынын, кытай уруусунун нукура тарыхы” деген эмгегимде бир азыраак чагылдыргам.

Азыркы убакта көптөгөн окумуштуулар адам баласы Түндүк Муз океанында жаралгандыгын далилдеп жатышат. Буга чейин окумуштуулар нары жагы 170000 ж. ал эми бери жагы 50000 ж. мурун Африкада адам баласынын жаралганын далилдеп келе жатышкан. Адамдын Түндүктө жаралгандыгы тууралуу Дастан Сарыгулов агабыз да өзүнүн далилдүү эмгегин журтчулукка чыгаруу алдында иштеп жатат, буйруса, колго тийип калар.

Өзүмдүн оюмду жазып кетейин, адам баласынын канынын түзүмүнө байланыштуу көптөгөн эмгектердин негизинде (доктор Питера Д”Адамо, А.Тюняев) биринчи ак түстөгү адамдар пайда болгон деген ойго келем. Каранын ак болушу мүмкүн эмес, ал эми актын кара болушу бат эле да.

“Кандын группасы жана элдердин тарыхы” деген доктор Питера Д”Адамо деген окумуштуунун эмгегин тааныштырып кетейин. N-изилденген адамдын саны, R1a1-кандын түзүмүндө канча пайыздын бардыгы. Бул маалымдама орусча жазылыптыр, мен өзгөртпөй эле берсем, түшүнүктүү болот го деген ойдомун.

Генетика илими бул R1а1 (эркектик) сыпаттаманы 15 000 жыл мурун өзгөчө бөлүнүп калыптанганын далилдейт. 52 кыргыздын эркегинин канын изилдегенде R1a1 63% гаплогруппа хромосому аныкталган. Бул жерде брахман менен ходженттик тажиктердин %ы жогору болгондугун кыргыздар менен салыштырганда, алардын изилденген адамдары 2-3 эсе аз болгондугунда. Биздин доордун башында биздин сегиз уруунун бабалары, Кушан деген мамлекетти азыркы Индия, Пакистан, Афганистан мамлекеттеринин ордунда кургандыгы тууралуу тарыхый маалыматтарда бар экендигинде, борбору азыркы Кытай мамлекетинин Синьзян автономиялык округунун ордунда болгон. Мына ушул себептен брахмандардын түп атасы айланып келип эле биздин бабаларга такалат. Казак менен түркмөн элдеринин канынын түзүмүнүн негизинде, алар кийинки эл экендиги бул маалыматтан көрүнүп турат. Тажик элинин чыгышы тууралуу Л.Гумилев өзүнүн “Конец и вновь начало” деген китебинин 101-б. перстердин сөзү менен “халифтердин” башындагы баш кийимин “таажи” ал эми таажини кийген “халифти” кайтарган аскерди “тажик” деген деп, тажиктердин аталары араб, апалары перстер, VIII кылымда пайда болгон эл деп жазыптыр. Ушул маалыматтардын негизинде Каныкей апабыз тажик элинин өкүлү эместиги көрүнүп турат. Себеби Манас бабабыз, колону биздин ата-бабалар өндүргөн убакытта, аталык доордун башталышында б.з.ч 5000-6000ж. болгондугунда. Бул жерден окурмандардын эсине салып кетейин. Египеттин биринчи фараону (көчмөндөрдүн бийи) б.з.ч. 3200 ж. илгери болгондугу жана анын ысымы Менес (англис тилинде окуганда Манас деп эле окулат экен) экендигин. Илгери Египетти Айгоптас (айдай көп таш) деп аташчу экен. Ал эми биринчи борбору Мемфисти Анх-тау (Ак-тоо) деп аташчу экен. (Майкл Хааг “История Египта” 18 Глава 14 ок. 30000-2160гг.до н.э). Өйдөңкү маалыматтардын далилин мен өзүмдүн мурунку эмгегимде “Кыргыздын сол канатынын кытай уруусунун нукура тарыхында” жазган элем. Буларды жазып жатканымдын себеби кийинчерээк түрк (түрүк) тайпасынын кайдан чыкканы тууралуу жазганда кайрадан ушул мисалга кайрылам.

Өйдөңкү окумуштуулардын эмгектеринин негизинде эң байыркы элге каны биринчи группадагы адамдар кирет экен. Кандын кийинки группалары жашоо шартка, аба-ырайынын өзгөрүшүнө (климатка) байланыштуу кийин пайда болгон экен.

Ушуга байланыштуу мен өзүмдүн кытай (тарыхта дунху, кидань, сянби, мурунку монголдор, табгачтар, гунн деген ысымдары менен аталган) уруумдун 100гө жакын урпактарынын кандарынын группасын изилдегенимде (сураганымда) 95% биринчи группа болуп чыкты. Айрыкча мени таң калтырганы, кыргыздын сол канатынын башка урууларынын урпактарынын кандарынын көпчүлүгү да биринчи группа экендиги.

Кыргыздын негизин, кыргыздын сол канатынын сегиз уруусу түзө тургандыгын тарыхый булактарга таянып, мен далилдеп берүүгө аракет жасайын.

Мен мурунку эмгегимде кыргыздын энелик доордо пайда болгонун, атасы динлиндер (угор-фин группасы) экенин, апасы гунндар экенин (гунндардын тикелей урпактары Кидандарь экенин), көптөгөн тарыхый булактардан, кыргыздын макал-ылакаптарынан, айрыкча кыргыздын мыкты окумуштуусунун бири, биолог А.Алдашев менен Франция мамлекетинин окумуштууларынын биргелешип кыргыздын канынын түзүмүн изилдөөлөрүнүн негизинде чыгарган эмгектерине таянып далилдегем.

Көп тарыхый булактарда кыргыз менен кидандарды бири-бири менен душман кылышып, чаташтырышып тарыхта жазышат. Айрыкча кидандарды калмак деп да жазышат. Манасчылардын көбү да жогорудагыдай ойлорду айтышат. Мен көптөгөн манасчылар, акындар менен жолугушуп санжыра тууралуу сүйлөшсөм, мени кечирип коюшсун, кыргыздын санжырасы, улуу тарыхы тууралуу түшүнүктөрү да жок, жадегенде өздөрүнүн санжыраларын да билишпейт. Манасчылардын, акындардын көбү жаттама. Биздин манасчыларыбыз, акындарыбыздын көбү исламчыл болуп кетишкен. Өздөрүнүн жараткан Көкө Теңирибиз берген касиеттерин да түшүнүшпөйт. Кыргыздын нукура манасчыларынын, акындарынын жаралышы жөн эмес, булар жараткан Көкө Теңир менен кыргыз элинин ортосундагы байланышты түзгөн, кыргыздын тили менен айтканда тубаса бакшылар.

Кидандар дайыма кыргыздарды корголоп келишкен. Бул тарых тууралуу Н.Бичурин өз эмгегинде жазган. Эмесе, далилдүү болуш үчүн Л.Гумилевдин “Поиски вымышленного царства” деген китебинин 66-бетинде минтип жазыптыр “Мен өзүмдүн изилдөөлөрүмдө тарыхый булактардан тапкан жокмун кыргыз менен кидандардын согушун, жогорудагыдай ойлорду XX кылымдын тарыхчыларынын кыялданган тарыхы деп эсептейм”.

Тан империясы тууралуу Лев Гумилев өзүнүн китебинде “Конец и вновь начало” 117-б. минтип жазыптыр. Ли Юань деген гунндардын урпагы кидань (кытай уруусу кыргыздын кээ бир жерде табгач-тамгачы деп берилет. Себеби Кытай уруу өзүнүн чоң жана кичине деген тамгаларын чыгарып колдонушкан, ошол себептен тамгачы дешкен) элдеринен чыккан улуу аскер ишмери. Бул инсандын уулу Тайцзун Ли Шимань абдан акылдуу саясатчы жана мамлекеттик ишмер болгон жана Тан империясын түзгөн. Качан ушул императорго саян кыргыздарынын элчилери келгенде минтип айткан экен: “Биз силер менен кандаш тууганбыз, бир урууданбыз, бир элденбиз”-деп.

Тарыхый изилдөөлөрдө биздин доорго чейин жана биздин доордун башындагы убактарда, кыргыз эли мекендеген жерлерде динлиндердин, гунндардын” тикелей урпактары кидандардын”, манжулардын, ханцзуулардын, перстердин, түрүктөрдүн ортосундагы жер талаш согуштары болуп келген.

Көп тарыхый булактарда көчмөн элдери итти, атты ж.б. малдарды биринчи үйрөткөндүгү тууралуу адам баласынын колдонгон кийимдерин, айрыкча эркектер кийип жүргөн шымды, кездеме токугуч машинени, атка миниш үчүн жабдыктарды (ээр токум, үзөнгү, басмайыл, жүгөн, ооздукту), арабаны, согушка кийүүчү зоот кийимдерди, курал-жарактарды, айрыкча ийри кылычтарды, жааны -700м.алыстыка уча турган ышкырган жебени ойлоп тапкан экен биздин бабалар (Л.Гумилев “Поиски вымышленного царства”39-б.). Анткени көчмөн жашоодо, турмуштун талабы адамды көп ойлондурат экен, бул жерде кыргыздын канынын касиеттерин жазбай кетпесем болбойт. Азыркы убактагы жашоону да алып көргүлөчү, айрыкча кыргыздардын жаштарынын турмуштагы аракеттерин, дүйнөнүн булуң-бурчтарына тентип кетишти го, өздөрүн, ата-энелерин багыш үчүн, Кыргыз мамлекетин өнүктүрүш үчүн. Биз, кыргыздар, ушундай аракеттене берсек, келечегибиз жаман болбойт. Жаштарга жол беришибиз керек. Атка минерлерибиз тектүү кыргыз уул-кыздарынан шайланышы керек.

Эми мен тарыхый булактарга кайрадан кайрылайын. Н.Я.Бичуриндин, Л.Гумилевдун, Анвар Байтурдун, В.В.Бартольддун эмгектеринде биздин эранын 901-жылы Элли Абожи деген адам кидандардын (кыргыздын кытай уруусунун) адамы “кытай кандыгын” түзүп өзү кан болуп шайланат, 947-жылы Ляо империясын түзүп, император болуп шайланат. Мына ушул мамлекеттин негизги түзүмүн кыргыздын сол канатынын сегиз уруусу түзгөн экен. Мурун үч жылда бийлик бир уруудан башка урууга өтүп, демократиялык негизде сегиз уруу башкарылуучу экен (Л.Гумилев “Поиски вымышленного царства”деген китебинин 63-б.). Кытай уруусунун өкүлү Элли Абожи бийликке келгенде, демократиялык башкарууну токтотуп, монархиялык бийликке өткөн экен. Мен ушул кыргыздын кытай уруусу түзгөн улуу Ляо империясы тууралуу “кытай уруусунун нукура тарыхында” жазгам, ошол себептен көп токтолбой эле коёюн.Сегиз уруунун биримдиги, энелик доордон бери эле келе жатыптыр. Тарыхый маалыматтардын негизинде, сегизи тең кидандардан чыгат экен. Изилдөөлөрдүн негизинде кыргыздын көптөгөн уруулары кидандардан чыгат. Египетти б.з.ч 3000-4000-жылдар илгери эле, биздин кыргыз элинин бабалары Гунндар башкаргандыгы тууралуу тарыхый булактардын негизинде мен өзүмдүн мурунку эмгегимде далилдеген элем.

Кыргыздын көп санжырачылары, кыргызды жөөттөрдөн чыккан пайгамбарлардын урпактарынан чыгарышат, бул чындыкка тогошпойт. Жөөттөрдүн негизин жогорку маалымдамадагы ашкеназ деген элдери түзөт. Кандарында R1a1 51,7 % гаплогруппа хромосому бар текшерилген 60 кишисинен. Негизи жөөттөр өздөрүн Авраамдан (Ыбрайым пайгамбардан) тараганбыз дешет. Ал эми жөөттөрдүн түпкү атасы Авраам тарыхта биздин доорго чейин 1400-ж., же болбосо, биздин доорду кошкондо 3400-ж. Ал эми биздин кыргыз бабалар энелик доордо пайда болгон, бул нары жагы 40000-ж. бери жагы 8000-ж. Бул жерден бир тарыхый чындыкты жазып кетейин, жөөттөр Египетте кулдукта жүргөндө, гиксос (биздин бабалар) деген эл, жөөттөрдү кулдуктан чыгарышкан экен, себеби жөөттөрдүн түбү бизден чыккан деп. Ал эми жөөттөр бул тарыхты жашырыш үчүн алардын кудайы Эллох (Аллах) бизди жакшы көрүп, жөөт Моисей (Муса) пайгамбар кулдуктан алып чыккан дешет, бул туура эмес, жөөттөр эркиндик үчүн согушпаса, жөндөн-жөн эле аларды силер кете бергиле деп ким айтмак, бул алардын кыялданган тарыхы. Моисей деген пайгамбарды жөөт эмес, Египеттин адамы дешет тарыхта, мүмкүн, гиксостордон чыгаар. Ушул тарыхтын жана кандын түзүмүнүн негиздеринде эле көрүнүп турбайбы ашкеназ элдери да бизден чыкканы. Мына, урматтуу окурманым, ким-кимден чыгаарын өзүңүз далилдердин негиздеринен көрүп билип турасыз.

Санжырачылар (түрүк) элдеринин кайдан чыккандыгын туура эмес санжыраларда чагылдырышат. Египетти биздин бабалар башкарып турган убактарда, жашоо шарттарынын айынан, күндүн ысыгынан, суунун жетишсиздигинен, туура эмес жыныстык катнашуунун негиздеринен кулдардын жыныстык мүчөсү көбүнчө фимос (жыныстык мүчөнүн башы жабылып калып, ириңдеп кетет) оорулары менен ооруй башташкан. Ал убакта жөөттөр да фараондордун (көчмөндөрдүн бийлеринин) кулдары болушканын, кулдугу тууралуу жөөттөр өздөрүнүн тарыхында өздөрү жазышат. Мына ошондой шарттарда, эркектердин жыныстык мүчөлөрүн кесе башташкан. Кийин жаңы төрөлгөн эркек балдарды да олтургуза башташкан. Олтургузулгандан кийин эркектин жыныстык мүчөсүнүн башы ачылып, түрүлүп калган. Мына ушул түрүлгөн жыныстык мүчөлөрү бар элди түрүк дешкен. Кийинчерээк биздин бабалар ошол элдин арасында жүрүп ассимиляция болуп кетишкен, Алардын урпактары да түрүк боло баштаган. Бул кулдук энди жашырыш үчүн, жөөттөр өздөрүнүн Тоорат деген ыйык китебинин 23-бетинде, Брейшит 16-17 Лех-Леха сүрөөсүндө минтип жазып коюшкан “Аврамга (Ибрайым пайгамбарга) жараткан минтип айткан экен.Эми экөөбүз бири-бирибиз менен кеңеш (союз) түздүк, мындан ары сен өзүң, сенин урпактарың, сенин жаныңда жүргөн башка элдердин эркектери да өздөрүнүн жыныстык мүчөсүнүн башын кесишсин (түрүлгөн болсун), мына ошондо силерге мен жакшылыктарды арнайм, ал эми менин тилимди укпагандарды, жыныстык мүчөлөрүн кеспегендерди мен каргаймын” – деген экен. Мына ушундай бөлүнүүдөн кийин түрүлгөн момун мусулмандар менен кесилбегендердин ортосунда алигече тыйылбаган кармаштар болуп келе жатат. Бир гана чындык – фараондор биздин бабалар, болгондо да Гунндардын тикелей урпактары Кидандарь (кыргыздын кытай уруусу). Бул тарыхый маалыматты, мен “Кыргыздын сол канатынын, кытай уруусунун нукура тарыхы” деген эмгегимде далилдеп жазгам.

Тарыхта дайыма биздин бабалар түрүктөр менен согушуп келишкен. Азыркы кытай же туурасы ханцзуу мамлекетинин илгерки тарыхында биздин доорго чейин 200 жыл илгери эле кыргыздардын (негизин кыргыздын сол канатынын сегиз уруусу түзгөн) бар экендиги жазылган.Ал эми түрүктөр биздин замандын 700-жылдарында гана тарыхта эскерилет.Түрүктөрдүн бир кайсы бөлүктөрүнүн түпкү аталары гунндар (дунху, кидань, сянби, мурунку монголдор, табгачтар (тамгачылар), энеси жагы перстер, арабдар. В.Бартольддун Орто Азия элдеринин тарыхына арналган он экинчи сабагындагы (лекциясында) эмгегинде минтип жазыптыр:”Киргизы представляют один из первых примеров народа, первоначально, по всей вероятности, нетурецкого и впоследствии отуреченного. После новейших археологических открытий уже не может быть сомнения, что Восточный Туркестан, как и Западный, первоначально не был турецкой страной и только постепенно был отуречен”.

Биздин илгерки бабалар шумерлер б.з.ч. 5000-жыл мурун эркектин жыныстык мүчөсүнө абдан чоң маани беришип (ден соолук, тазалык, тукум улоо ж.б.у.с.) жыныстык мүчөнүн эстеликтерин (бурана мунараларды) тургузушкан экен. Шумерлердин урпактары гунндар ал эми гунндардын тикелей урпактары кидандарь (кыргыздын сол канатынын сегиз уруусу) 926-жылы Ляо империясынын убагында, эркектин жыныстык мүчөсүнө арнап бурана эстеликтерди курушкан экен. Мен тарыхта орду бар мунара бураналарды мислга келтирип кетейин.
Бурана мунарасынын негизин (фундаментин) сегиз бурчтук түзөт, сегиз уруунун биримдиги дегенди түшүндүрөт,13 катмардан турган жабылмасы болсо, эркек бала 13 (бир мүчөл) жашында аталык касиетке ээ болот деген түшүнүк. Илгерки жоокерчилик заманда, согушта эркектер көп кырылган, ушул себептен жаш балдар 13 жашында үйлөнүшүп, тукумдарын улашып согушка кетишкен. Мындай бурана мунаралар биздин кыргыздын жерлеринде да курулган. Алар Ак-Бешимдеги бурана мунара (Токмок шаарынын жанында), Өзгөндөгү бурана мунарасы. Бул бурана мунараларды XI-XII кылымдарда кидандар курушкан. Таластагы Манастын күмбөзүн да кидандар курушкан. Күмбөздүн төбөсү же чатырчасы да 13 бөлүктөн турат. Биздин бабалар күнгө жакын дешип тоолордун чокуларына чыгышып же тоо жок болсо бурана мунараларды, пирамидаларды курушуп, үстүлөрүнө чыгышып Көкө Теңирге Жаратылыштын касиеттерине, ата-бабаларыбыздын, апа-энелерибиздин арбактарына кайрылышып, жакшылыктарды суранышкан. Бул бурана мунараларды алыстан келе жаткан душмандарды байкоо иретинде сакчыларды коюшуп тегеректин баарын көзөмөлдөп турушкан жана өрттөн сактаныш үчүн да колдонушкан. Мындай бурана мунараларды, Теңирчиликтин дүйнө таанымын чагылдырган бийик пирамидаларды (калпактардын элесин) биздин бабалар Европа, Египет, Америка континенттеринде багындырган жерлеринде курушкан. Кийин түрүктөр, айрыкча момун мусулмандар-арабдар бурана мунараларга окшогон мунараларды курушуп, азан чакыруу жайларына айландырып алышкан экен.

Көңүлүңөрдү отургучтун сүйөнө турган жана үстөлдүн капталындагы Теңирчиликтин белгилерине (боз үйдүн түндүгү, ортосунда күн, төрт жакка кеткен төрт күндүн нуру) бургум келет. Кидань деген сөз, күндүн тобу, же күндөн жаралган, күн (гунн) эли деп чечмеленет экен. Кыргыздын атасы күндүн нуру, апасы жер, каны суу, жаны ава (обо) деп айтылат. Төрт деген сандын ыйыктыгы ушул төрт түшүнүккө байланат. Тарыхта болгон чындык, биздин бабалар түрүктөр менен согушканда, өлтүргөн түрүктөрдүн жыныстык мүчөлөрүн кесип алышып мактанышчу экен. Мисалы, Египетти башкарган биздин бабалар, биздин доорго чейин 1300-жыл мурун Ливия менен согушканда 13200 ливиялыктардын жыныстык мүчөлөрүн кесип алышкан экен.

Менин эки жыл мурун гезиттердин беттеринде олтургузулган жыныстык мүчөлөрдүн зыяндуулугун жазып чыгарганда, окурмандардын арасында катуу талкуу болгон. Ушул жерден дагы бир жолу окурмандардын эсине салып кетким келет. Маңызы мындай, жараткандын касиети менен жаралган жыныстык мүчөнүн башындагы чел кабыкты кесип таштагандан кийин, жыныстык мүчө өзүнүн сезимталдыгын жоготот экен. Мисалы, колуңа кол кап кийбей иштесең, колуң кабарып, чоор басып өзүнүн сезимталдыгын жоготот да, мына ушу сыяктуу эле эркектердин жашы өткөндөн кийин жыныстык мүчөсүнүн башы кургап, эч нерсени сезбей калат, бул баштан өтүп жатат. Бул жерде уяла турган эч нерсе жок, аял заты менен жакындаганда, эркектер көбүнчө шилекейлерин колдонушат, себеби жыныстык мүчөсүнүн башы кургак да, шилекейде болсо көптөгөн жаман (микробдор) заттар бар. Мына ушунун негизинде аялдар көп гинекологиялык ооруларга чалдыгышат. Эркектердин айрыкча жаш балдардын мифос (жыныстык мүчөсүнүн башы жабылып калып, ириңдеп кетет) оорусуна чалдыккандыгы, бул ата-энелеринин жалкоолугу. Кыргыз эркек бала төрөлгөндөн баштап эле, айрыкча атасы баланын жыныстык мүчөсүнүн башын ача турган кыймылдарды (масаж) жасашкан. Кыргыз аруу (арий) элдеринен, дайыма кызыр колдойт деп суулардын баштарында жашашкан, суудан эч качан жетишсиздик болгон эмес. Дайыма тазалыкты сакташкан.

VII кылымдан бери Орто Азиядагы жашаган кыргыздар менен Алтайдагы жашаган кыргыздарды көп изилдөөчүлөр эки ар башка эл деп жазгандары жолугат. Эки жерде жашаган кыргыздар бир эле эл, уруулук түзүлүштөн эле көрүнүп турбайбы, болгондо айырмасы эркектин жыныстык мүчөлөрүнөн гана айырма бар,ал айырма бири отургузулган (түрүлгөн), бири отургузулбаган (тарыхта динсиздер деп арабдар айтышкан). Бул бөлүнүү Орто Азияга ислам дини келгенде, кээ бир уйгурлашкан (уйгурдун атасы гунндар, апасы жагы перстер) кыргыз уруулары ислам динине кире башташкан (Бул урууларды билгиңер келсе С.М.Абрамзондун эмгектеринен табасыңар.) Кыргызды калмактар буруттар деп айтышкан. Себеби тарыхый маалыматта Зеланд деген адам догдур-саякатчы өзүнүн 1860-ж.чыккан “Кыргыздар” деген китебинин 5-б. минтип жазыптыр: “Кыргыздар бийик тоолорду мекендеген бүркүттөрдүн байыр алган жерлеринде жашашат, ошол үчүн калмактар кыргыздарды буруттар деп айтышат. Арабдар башка кыргыздарды коркутуу, үркүтүү жолу менен ислам динине киргизүүгө аракеттерин көп жасаган, мындай биринчи согуш кыргыздын кытай уруусу башында турган кыргыздар менен арабдардын ортосунда б.з. башында 751-ж. Таласта болгон. Бул согушту көп тарыхчылар азыркы кытай (ханцзуу) эли менен арабдардын ортосундагы согуш деп беришет, бул туура эмес. Ханцзуулар ал убакта өздөрү кулдук кейпинде болушуп, коркушуп салган сепилдеринин артында биздин сегиз уруунун биримдиги (кыргыздын сол канаты) Кидандардан (кыргыздын кытай уруусу башында турган) корголоп олтурушкан ал убакта, бул жакка кайдан келмек. Экинчи согуш Кидандар менен арабдардын ортосундагы 1151-ж. Катван талаасында болгон, анда да Кидандар жеңишке жетишкен. Андан кийин кидандардын бир тайпасы мурунку монголдор, Чынгызкан (Чын кыргызка кан) башында турган мамлекет арабдарды талкалагандыгы тууралуу тарыхтан билесиңер. Чынгызкандын кидандан чыккандыгы тууралуу мен мурунку эмгегимде далилдегем. Арабдардын Чыгышка жасалган жортуулу ушул Орто Азияда токтотулган кидандардын күчү менен. Мына ошол убактарда жогорудагы бурана мунаралар салынган. Арабдар тууралуу Л.Гумилев өзүнүн “Конец и вновь начало” деген китебинин 88-б. минтип жазыптыр: “арабдарды перстер акы төлөшүп жоокерликке алышчу, арабдар коркок, туруксуз, согуш убактысында качып кетүшчү, ошол себептен аларга көп ишенишчү эмес” – деп. Арабдардын мындай болушунун негизги себеби, жөөттөр менен аталаш (кандаш) тууган, жөөттөр дайыма, куулук-шумдугу менен, дүнүйөнүн күчү менен элдерди алдап келе жатышпайбы. Тектүү кыргыздарды алдоо, дүнүйөнүн күчү менен ислам динине XVIII-XIX кылымдарда киргизиле баштаган, анда да карапайым кыргыздар кирген эмес ислам динине, уруулардын манаптары, жөөттөрдүн (арабдардын) аялдарына, дүнүйөлөрүнө кызыгышып ислам динин кабылдашкан. Буга бир мисал Өзүбек кандын апасы Ак Чолпон деген жөөттүн кызы болгон.

Дагы бир тарыхый тактоолордун негизинде бир маалыматты берип кетейин. 751-ж. Таластагы араб (түрүк) менен кытайлардын согушун, Кокон кандын убагында калмактарды, кыргыздын жерлеринен кытайлар келип кууп чыккандыгы тууралуу көп тарыхый маалыматтарда жолуктурасың. Мен ушундай маалыматты жазган тарыхчыларга таң калам. Болуптур, эки жолу азыркы кытайлар келип алар менен согушуп, жеңгенин жеңип андан кийин эми силер кыргыздар жашай бергиле деп кетип калышканына таң каласың. Азыркы кытайлар качан эле жөн эле кетип калсын, бул жерге өэдөрүнүн бийлигин, баскынчылыгын күчөтүшүп жашай беришмек да. Көрсө, бизге келип жардам берген азыркы кытай (ханцзуу) эмес, булар Кидандар (кыргыздын сегиз уруусу). Кокон кандары, кыргыздын кытай же болбосо миңкытай (ханцзуулар кидань дешкен тарыхта) уруусунун урпактары. Миңкытай дегендин чыгышы, ал убакта азыркы кытайларды (ханцзууларды) Миң империясы башкарып турган. Миң империянын императорлору ханцзуулашып кеткен Кидандар болгон. Мына ошол Миң империясын башкарган Кидандар менен Кокон кандары (кыргыздын кытай уруусу же Кидандар) туугандык байланышта болушкан. Мына ушул себептен алар дайыма жардамга келип турушкан.

Жакында ушул 2011-ж. май айынын башында Россиянын теле берүүсүндө, орустун жана азыркы кытай элинин тарыхчыларынын ортосундагы маекти беришкен, мына ошондо алып баруучунун кытай деген мамлекетинин аталышы кайдан чыкты деген суроосуна, эки тарыхчынын жообу мындай болду. Кытай деген ат кидан (Чынгызкан чыккан илгерки монголдор) деген аталыштан келип чыккан, Хуанхе дарыясынын өйдө жагы кидандардын мекени, али да түндүк Кытай (Кидандар)менен түштүк Кытайдын (ханцзуулардын) ортосунда маданиятында, сөздөрүндө көп айырма бар деп айтып жатышпайбы.

Тарыхта азыркы бир миллиард үч жүз миң кытай (хнцзуу) элине, кытай деген атты, кыргыздын кытай уруусунун атынан берилгендиги жөн эмес ко, бул тарыхый чындык, буга чычалабаш керек.

Кыргыздын санжырасын айрыкча совет доорунда Кыргыл чалдын балдары көп өзгөртүүлөрдү жасашкан экен өздөрүнө тууралап. Кыргыздардын кандай болуп чыкканы тууралуу мен мурунку эмгегимде далилдегем. Ал далилдерге кошуп мен кайрадан окурмандардын эсине, кошумча иретинде Үсөйүн-ажынын санжырасында, “кыргыздардын урууларга бөлүнүшү” деген бөлүгүндө минтип жазыптыр “Байыркы уруулардын аттары Чынгызкандын кыргыны менен кошо өчүп кеткен. Илгерки кытай, кушчу сыяктуу эки-үч гана уруулардын аттары сакталып калган”. Окурмандардын эсине салып кетейин, Чынгызкан (Чын кыргызка кан) өзү кидань (кыргыздын кытай уруусунан) болот. Мурунку эмгегимде жазгам, бирок окурмандардын эсине дагы бир салып кетейин. Кыргыздын 40 уруусунун баары эле Гундардын тикелей урпактары Кидандардан чыгат, буга чычалабаш керек, тарых ушундай. Сол канаттын бардыгы, ичкиликтер, оң канаттан, моңолдор, черик, муңгуш, черик, саяк, азык, солто, суу мурун, баарын, Адигине атабыздын балдары. Сарыбагыш, багыш, бугу, кара багыш уруулары түндүктө жашаган Кидандар (якут), кыргызка Чынгызкандан кийин кошулган элдер.

Урматтуу менин окурманым, силердин сыныңарга ушул тарыхый маалыматтарды, далили бар тарыхчылардын эмгектеринин негизинде жеткизүүгө аракет жасадым. Акыркы убактарда кыргыздардын тарыхын 750000-ж. бери болгон деген тарыхчылар, көзү ачыктар, ажылар көбөйдү, мен аларды сындай албайм, алар силердин сыныңарда.

Ушул жерден ажылыкка баруу тууралуу момун мусулмандардын “Куран” китебинин “Хаж” деген сүрөөсүнүн 27-бап. минтип жазыптыр: “Адамдарды ажылыкка чакыр. Алар (сага) жөө жана арык төөнүн үстүндө абдан алыс жолдордон келишет” – деп. (Куран китептин редактору: Шерназар Шүкүров, которгондор: А.Исмаилов, Д.Абдылдаев, С.Доолов, С.Гавай). Куран китепте жазбаптыр, учак, автоунаа менен келгиле деп. Көрсө, ажылыкка үч чакырык менен барат экен. Биринчи, Ыбрайым (Авраам деген жөөт) пайгамбардын чакырыгы менен – бул чакырык менен баргандар жөө жалаңдап, арык төөлөрдүн үстүндө барышат экен. Бул ажылыкка баргандар жолдогу ар түрдүү кыйынчылыктарды баштарынан өткөзүшүп, акылдарына акыл кошулуп, көп нерселерди үйрөнүп келишет экен, келгенден кийин элге өзүнүн акыл-насаатын айтып, элди ислам динине кирүүгө үгүт иштерин жүргүзүшкөн экен. Экинчи чакырык – Жебрейил (Гавриил жөөт улутунан) периштенин чакыруусу менен барышат экен жөө жалаңдап, же арык төөлөрдүн үстүндө, бирок булар жолдо курман болушат зкен. Мына ушу эки чакырык менен баргандар ажылык касиетке ээ болушат экен. Ал эми үчүнчү чакырык “шайтандын” чакыруусу менен баргандар-булар саякатчылар (учак, автоунаа менен баргандар) экен, ажылыкка жатпайт экен. Ажылыкка барыштын эң негизги талабы Мекеге жөө же арык төөлөрдүн үстүндө баруу. Азыркы молдокелерге ушуну айтсам, алар минтип айтышат ал убакта учак, автоунаа болгон эмес деп, анда мен куранга ушул унаалардын түрлөрүн киргизиш керек десем, анда алар куранды өзгөртүүгө болбойт дешет.

Ушул жерден кээ бир кыргыздын улуу акындарынын ыр катарында ислам дини тууралуу айтып кеткендерин силердин эсиңерге салып кетейин дедим.

Жеңижок менен Нурмолдонун айтышынан: Жарык дүйнө-бейишим, О дүйнөдө бар бекен, Ушунун бир тамчысы? Билип туруп чын сүйлө, Бейиш мына бул-дүйнө! Байкап көрсөк алдагы, Пайгамбардан калганбы, Башыңдагы элечек? Эркек кийбейт биз жакта, Ээси мунун келинчек!

Жеңижок менен Эсенамандын айтышынан: Жаак чачың алдырбай, Жүндүү болгон экенсиң. Жаратканың унутуп, Жинди болгон экенсиң. Желке чачың алдырбай, Жүндүү болгон экенсиң. Жыйылган топко каркылдап, Үндүү болгон экенсиң!

Байдылда акын агабыздын атасы Сарногойдун өз аты Айтмамбет болгон экен. Ошол убакта татарлардан молдо келип Таласка Айтмамбет атабыз татар молдону ээрчип жүрүп Сары ногойдун (татар деген түшүнүк) баласы деп аталып кеткен экен. Ошол убакта мындай деп айткан экен: Орозосун кармадым, Обу жоктун иши экен.Беш убак намаз окудум, Жумушу жоктун иши экен деп.

Ормон кан атабыздын убагында,орозо айы жай айына дуушар болуп, күн узун (ысык) түн кыска, орозо кармаган аксакалдар кыйналышып, Ормон канга кыйналгандары тууралуу айтышса, кан атабыз айткан экен, андай болсо кышында кармагыла деп.

Же болбосо, Курманжан датка энебиздин убагында, алайлык кыргыздар минтип айтышчу экен: Ала чапан кожодон сакта, жыла баскан молдодон сакта! Намазын эптеп окуйбуз, эшегин кантип токуйбуз! – деп. Кыргыз улуу, аруу (арий) эли болгон, эшек минген эмес. Арабдар семит элдери, эшек минген элдер.

Мен бул маалыматтарды өзүмдүн оюмдан чыгарган жокмун, тарыхый булактардын негизинде жаздым. Урматтуу кыргыздан чыккан момун мусулмандар, кыргыздын келечеги, мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн биз дайыма биргелешип кызмат кылалык, жаратканыбыз Көкө Теңирибизди, жаратылыштын касиеттерин, өтүп кеткен ата-бабаларыбыздын, апа-энелерибидин арбактарын дайыма жогору коюп сыйлайлык, бул биздин улуу тарыхыбыз!

Анарбек УСУПБАЕВ, “Манас Ордо” коомунун төрагасы,
«Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10-17.06.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.