«Аптап» сынагы: Жыпар Исабаева
Жай күнү
Жактырбай көп күндүн ачуу ысыгын,
Көлөкөдө кыр-кур этет мышыгым.
Акактаган боз күчүктүн мурдуна,
Чымын конуп келтирүүдө кыжырын…
Томуктай да булуту жок асманы,
Илебине эрий жаздап таш дагы,
Ай ааламга ээлик кылып элпилдейт,
Жай айынын мээ кайнаткан аптабы.
Далбаластап дан ташыган кумурска,
Дагы качан жетет десең уюкка…
Чөп башында кукулуктайт мекиян,
Сүйүнчүлөп “таштаганын” жумуртка…
Чокчогой, ак сакалы бар ээгинде,
Чал бастырып баратса аңыз жээгинде,
Ийик ийрип ойго баткан чоң энем,
Көз кыйыгын салып коёт кээ бирде…
А мен гүлдөн таажы кийип башыма,
Күн желесин кошуп өрүп чачыма…
Кыялымда Айдан түшкөн принцтин,
Аалам кезем, минип алып атына…
***
Андан бери далай күн, ай, жыл өттү…
Жай жана биз жөнүндө ушул сүрөттү,
Сагынганда карап коюп турууга,
Галарея жасап койгом жүрөктү…
17.07.2011-ж.
Жыпар Исабаева
«Аптап» сынагына
Сонун ыр экен! Окуганда кадимкидей элестетип кеттим барлыгын!
Ушул ырды тандайм.
Менин дагы мышыгым, итим барю Алар дагы ушинтет да. Жакшы ыр экен да!
Рахмат сага, Ырды суйгон синдим!
Чынында мактоого татыктуу акынсыз! Прозаны жакшы жазасыз бирок Ырларынызга теней албайм башканын ырын.