Токтогул Сатылгановдун сүргүндөгү жылдары такталууда

toktogul_komuz

Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык маарекесине карата тарыхчы Кыяс Молдокасымов баштаган делегация Орусиянын Иркутск облусуна барып, аймактагы архивдик материалдар менен таанышып кайтканын коомдук каналдан маалымдады.

Тарыхчы улуу акын жаткан Александров түрмөсүндө жана абактан кийин бир жыл жашаган Көйтүн кыштагында болуп кайткан. Токтогул Сатылгановдун Анжиян төңкөрүшүнөн кийин Сибирге сүргүнгө айдалышы жана кайтып келиши тууралуу ар кандай маалыматтар айтылып келет.

Кыяс Молдокасымовдун айтымында архивдик материалдар көрсөткөндөй, Токтогул абактан качкан эмес. Тескерисинче жакшы жүрүм-туруму үчүн жаза өтөө мөөнөтү 1 ай 4 күнгө кыскартылган.

kyrgyz.vb.kg

Төмөндө акын Т.Сатылганов жашаган Александров түрмөсү жана абактан кийин бир жылдай жашаган Көйтүн кыштагы. Сүрөттөр КТРКнын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.