Аман Саспаев. “Айылдык акындын бир күнү”

(аңгеме)

Ферманын кызыл үйүн кармаган согуштук майып – айылдык акындын дем алыш күнү эле.

– Жалпы алганда кебете-кешпир жагынан биз сүйкүмсүз эле жандарбыз, – деп жазып жаткан кагазын ары түртүп коюп, ал келинчегин карап койду. – Тагдыр ошондой. Менин өзүмөн көрө жазгандарым барктуураак. Мен үйгө келген меймандар менен же сени менен сүйлөшүп отурганымда да оюм башка жактарды кезип кетет. Ал өзү акылдуумун деп ойлочу эмес. Бирок, адам деген акыл, деп түшүнүүчү. Аздыр-көптүр өмүрдөн жыйган тажрыйбасы аны ушундай корутунду чыгарууга мажбур эткен. Акындык жагынан изденүүгө, талыкпай эмгектенүүгө эрки күчтүү болгон менен турмуштун күндөлүктүү майда-чүйдөлөрүнө эрки мүлдө бош экенин өзү сезүүчү эмес.

Келинчеги анын сөздөрүн уга жүрүп абыдан көнгөн. Ошон үчүн азыркы сөздөрдү капарына албай өз иши менен болуп жатты. Ансыз да китеп менен кагаздан жадап бүткөн.
– Мен турмушта канчалык кагылсам, ошончолук акылдуу болорума ишенемин, – акын келинчегине дагы түшүндүрө баштады. Мейли, жазгандарым басылбаса андан тартып жаткан зыяным жок. Мен эл өмүрүн кагаз бетине чие берем…

Күйөөсүнүн көңүлүн көтөргүсү келсе керек, келинчеги өз ишин иштей отуруп сөзгө аралашты:

– Журналдарда мактап эле жатышпайбы, акча да жиберишти. Кээде үйгө акыл сурап эл да келет.

Акын мыскылдап күлдү да жазып жаткан кагазын өзүнө тартты. Анан каламын сыя челекке малган бойдон мындай деди:

– Абырой, акча менин максатым эмес. Мактоо сөздөрдү жаным сүйбөйт. Ал эми гонорар болсо – бул эмгек акы деген сөз. Эч кандай гонорар берилбеген замандар да болгон. Ошондо да акындар өмүр сүрүп өзүнүн турмуш, коом жөнүндөгү корутунду ойлорун айтып, элге жакшылык жакты жандаган. Биздин элдин жашап турган заманын жүрөккө уютуп айта билүүнүн өзү ар кандай нарктан артык кубаныч берет эмеспи.

Акындын келинчеги баласына көйнөк тигип отурган. Ал күйөөсүнүн аңкоо, бирок чындык сөзүнө боору ооруду. Биздин замандын акындары чоң шаарларда гана жашоого тийиш. Алардын ар-биринде беш алты бөлмөлүү үйлөр, радио приемник, телевизор, жеке телефондору бар камсыз адамдар. Алар жаркын мүнөздүү, укмуштуу сөздөрдү таап жазуучу курч кишилер болууга тийиш, деп ойлоочу келинчеги. Анчалык оокат мунун акын күйөөсүнүн колунан эч качан келмек эмес. Бирок, жазгандарын кээде окуп бергенде, рас эмеспи деп келип күйөөсүнө башкача мамиле кылууну ойлонуучу. Ошондой болсо да карапайым бир зайып күйөөсүнүн кебетесин, жүрүм-турумун көрө келип, ал ойлорун унутуп койчу. Кээде баласын бактырып, өзү башка жерлерге кетчү да, китеп-кагаздан аз да болсо ажыратып алдым деп ойлочу.

Азыр да күйөөсүнүн терең ойго батканын байкап китеп-кагазынан бир саат болсо да ажыратып тургусу келди:

– Баланы ала турчу, – деди келинчеги, тигип жаткан көйнөгүн бүктөп, – бир кичине жери калды эле. Машинага жүгүртүп келе коеюн…

Он айлык баласы түшүнө койгонсуп, атасын көздөй эмгектеп келди да “Чыны менен эле сен менин атам болосуңбу?” дегенсип молтое карады.

– Бирдеме жазып жаттым эле. Баланы ала баргын. Жаныңа койсоң ойноп отура берет.

– Заматта эле келем, ала турсаң бай болгур, – деди да келинчеги чыгып кетти.

Өз ишимдин кымбатын бирге жашаган аялыма да түшүндүрө албаймын, жазгандарыман эл кантип пайда алсын деп тымызын ызаланган акын кагаз-каламын жыйнаштырды да бир колуна баласын, бир колуна таягын алып үй ичинде сылтып ары-бери баса баштады. Аны китеп-кагаздан ажыраткан менен ой-кыялдан ажыратып таштай албай турганын келинчеги түшүнчү эмес.

Акын үй ичинде көпкө басты. Баласы болсо атасынын ийнине башын коюп мемиреп уйкуга кетти. Акын аны сезген жок. Өзүнүн жазып жаткан темасы жөнүндө кыялдана берди. Ал Жогорку Советке депутат болуп шайланган саанчы келин жөнүндө жазып жаткан.

Ары бери басып ойлонуу анын боюн жибитип, бир түрдүү жылуу ыракатка бөлөп келе жатты. Ал кандайдыр баарына ыраазы эле. Барган сайын жаш баладай элжиреп, көңүлсүздүк туудуруучу бардык иштерин унутуп, теңдеши жок бактылуу минуталарды башынан кечире баштады. Ал акырын отурду да өзү үстөл кылып жүргөн сары чемоданын бир колу менен тактанын астынан бери тартты. Анын акырын кыймылдаганы шончо, куду төбөсүнө кымбаттуу бир куш конуп, аны учуруп ийбей кармап калайын дегендей чебердеп кыймылдады. Анан калемин колуна алды да жаза баштады…

Ал кайра келип кирген келинчегин да байкабастан жазып жатты. Уктап бышылдаган баласын сол колу менен ийин жагына кыса кармап, оң колу менен улам кагазын оңдоп коюп эпилдете жазган сайын баланын башы жаздык издеп шыңкылдайт. Кирип келип делдее калган келинчеги амалсыз күлүп жиберди.

Уктап калган баланы жаткызып койгонду да билбейсиңби!

Бул кезде акын жазган ырына акыркы чекитти коюп үлгүрдү. Ичтей кубанып башын көтөргөн акын колундагы баласын карап калды:

– О-о, май баш. Уктап кеткен турбайсыңбы. Ме, мамасы, сен муну жаткыз – деди акын аялына жаркылдап. – Мен эми саа жардам көрсөтүп, отун жарып берейин.

Таягын издеп жаткан акындын кебетеси ак жеринен азап чегип, акыры акталган кишидей адал эле. Аялы көзүнө жаш алып ары бурулду. “Деги кандай жан экениңе түшүнсөм буюрбасын!”

Акын балтаны колуна алып, таканчыктап туруп бир таарындыны жара баштады. Аягында келип жарган отундарын катарлап, алууга ыңгайлап койду да үйгө кирди.

– Эшке чыгып бир аз айланып келейин. Бүгүн дем алыш күнүм да. Жарык дүйнөдө эмнелер болуп жатканын билейин, – деп ал аялынан өтүндү.

Акын моюн орочугун шашпай оронуп, жапжаңы пальтосун кийип көчөгө абыдан кубанычтуу чыкты.

Жашы кырктан ашып калгандыктан совхоздун жумушчу жаштары аны агай деше турган. Анын чындыкты гана айтып көнгөн оозунан бекер сөздөр чыгуучу эмес. Оозум бар деп башына эмне келсе ошону айткан кишини жек көрө турган. Кызыл үйгө келип китеп окуучу жаштарды ичке тартып, аларга эң жакшы китептерди тааныштыруучу. Мына ушул адамдык туура мамилелер карапайым эл ортосунда анын кадыр-баркын көтөргөн.

Акын көчөлөрдө бир сааттай көңүлдүү айланып жүрдү. Кезиге калган айылдаштар менен жылуу амандашып, алардын ал-жайын сураштырып өтүп жатты. Механизатор Жакып менен кезиккенде көбүрөөк сүйлөштү. Ал Жакыпты атайын ээрчий басты.

– Трактористтерге эмне ыр жазып бергенсиз? – деди Жакып сөз арасында, жанаша басып келе жатып. – Балдар жаттап алып күлүп жүрүшөт.

– Жөн эле, – деп койду Акын көп этибар бербей, – мехцехке кире калсам балдар тракторлорун ремонттоп жатыптыр. Двигатель куду эле жандуу немедей кыймылдайт, анан жазып бердим. Анчейин бир элес да, поэзия эмес…

– Айтор бир кызык, акын болуу оңой болбосо керек, – деп Жакып ак пейил менен айтып бара жатты. Мүмкүн ал акындарга ичтей кызыга турган чыгаар.

Акын мыскылдап күлүп койду. Анан токтой калды да ошол эле орунда Жакыпка бурулуп мындай жооп берди:

– Бул күнгө чейин жер шарында, башкача айтканда адамдар коомунда болуп өткөн акындардын басым көпчүлүгү биздин элдин акындарындай кишилер жөнүндө даана айтып бере алган эмес. Жана поэзия дегендин өзү карапайым элге мынчалык кызмат кыла алган эмес. Биздин заманда акын деген, кишинин ички дүйнөсүн толкундатуучу, күрөшкө үндөөчү агитатор деген сөз. Мен Маяковскийдин китебин жаздыгымдын астына – өзүмө жакын жерге коем, – деди да “негизги ойду айтып болдум го” дегенсип кайра жай баса баштады. – Өмүр дегениңиз жаткан бир океан. Акын аны изилдейт, тапкан жаңылыгы болсо эл сүйгөн тил менен айтып берет. Ушундай иштесе, акын боло албаса да аган аздап окшоп калат. Ал эми өзүм жөнүндө айта турган болсом…

Акынмын деп мактанууга ужданым көтөрбөйт. Ырларымды эл сүйсө окуп жатаар…

Жакып ушундан улам Акындын кыймылдаткычты ырга кошконун жай бара жатып айта баштады:

– Үстү жакта клапан;
Үйлөп түтүн бүлкүлдөйт.
Ортосунда поршендер,
Оңду-солду зүлкүлдөйт – дагы аягы кандай эле?

– Ар жагында маховик,
Ал качып күлтүлдөйт, – деп акын кошуп койду.

– Дагы бар эле, каленвал да кызык айтылчу эле…

Бирок акын ал жөнүндөгү сөөбөттү узартпады. Башка иш жөнүндө сөз козгоду:

– Айтмакчы, Жакып сенин эжең Дилдекенин тагдыры эмне болду?

Өңдүү-түстүү, Жакыптын эжеси Дилдеке төртүнчү күйөөсүнөн чыгам деп жаткан. Ал өзүнүн сулуу экенин жакшы билгендиктен болочок өмүрүнө кайдыгер кароочу. “Үй-бүлө менин сулуулугумду кадырлашы керек. Асыресе күйөөм! – деп ойлоочу ал, – тиги саанчы катын, кызылча отогон тултук бет катындар деле үй-бүлөсүнө барыктуу турбайбы!” Ал эми анын бул ою күйөөгө чыккандан кийин эле турмушка жанашпай калычу. Аялдын баркы сулуулукта гана эмес экенин ал таптакыр түшүнчү эмес. Акын анын турмушта кандай жашай турганы жөнүндө көз сала жүрүүчү:

– Дагы эле баякыдай, кургур…

Акын Жакыптын көзүнө бир карап алды. Анан:

– Анын тагдыры ушундай-й, – деп созуп койду. Кичине баса түшкөндөн кийин дагы. – Анын тагдыры ушундай-й, – деди. “Эмне үчүн мунун тагдыры ушундай? Эмне себеп, сыры эмнеде?”

Акын башканын баарын унутуп, жадагалса, жанындагы Жакыпты да унутуп Дилдекенин тайкы тагдыры жөнүндө ойлонуп келе жатты. “Бак-таалай менен текеберлик, Даража менен текеберлик, Талант менен текеберлик, Сулуулук менен текеберлик, дагы башка жакшы нерселер менен текеберлик – бул от менен суу эмеспи. Кишини алдап кетүү мүмкүн, бирок турмушту алдай албайсың. Киши кечирим кылышы мүмкүн, бирок турмуш кечирбейт! Мына ушуларды далай булбулдар саймедиреп сайрады. Киши жүрөгүнө өнүп, шактап мөмө берүүчү ойдун уругун таштады. Ошентсе да… аны ойлогондор аз…”.

Ал ушундай ойлор менен Жакыпка кош айтпастан эле үйүн көздөй сылтый жөнөдү.

Мындан бир саат мурда ачылып-жайнап чыгып кеткен күйөөсүнүн ары момун, ары капалуу киргенин көрүп келинчеги ичтен аяп кетти. Акын келинчегинин чексиз сүйүүсүн байкаган жок. Сары чемоданын бери тартып, дептерин ачып каламын колуна алды. Ал үйдөгүлөр менен бир ооз сүйлөшпөстөн эле жазып кирди:

Тагдыр сени татынакай жараткан,
Көз тайсын деп көөр суусун жалаткан.

Эки сап ыр жазгандан кийин эмнегедир токтоп калды. Жазганынан көзүн айырбай туруп арзан тамеки “Огонектон” бирди тиштеп, ширеңкени кайсалап издей баштады. Ал папиросун тамызып алган соң аз ойлонду да, дагы жазып кирди…

Акындын курсагы ач эле. Бирок ага караган жок. Кеминде үч саат алпурушту. Отура калып, кайра боортоктоп жата калып акыры жазып бүткөн өңдөндү. Бул кезде кеч кирип да калган.

Анын адатында ырды жазып бүткөн соң кайра оңдоого кезек күттүрүп таштап коюучу. Ал жазганын жыйнаштырып баертең жазган саанчы депутат деген ырынын жанына салды да, үстүнөн оор жүктү алып таштагандай ачык-айрым башын көтөрдү. Анын бактысы менен бактысыздыгы чыгармаларына байланыштуу өзүнчө алмашып туруучу. Жаратылыш ага ушунчалык назик сезим берип койгон.

– Кыязы, байбичем маа чай бергенди унутуп калгансың го, – деди акын аялына күлүңдөй карап.

Көндүм келинчеги чайын камдап эвак эле күтүп отурган.

– Бүгүнкү бир күнүмдү бекер өттү деп айта албаймын, – деди акын. Ал ичтен сүйүнүп, эчким билбеген бир байлыгы бар кишидей отурду.

– Алдыкы чайдан ысык-ысык ууртачы. Кагазсыз да күнүң бекер өтүп жатканы жокко.

“Ээ, сен эчтекеге түшүнбөйсүң!” дегенсип акын келинчегине кууланып күлө карап койду.

Ошондо анын жазган ырынын мазмуну мындай эле:

“Илгери бир заманда, тагдыр ааламда жок сулууну жараткан. Ал сулуунун мүчөсүн дүйнөдөгү эң асыл заттардан алып курайт. Ошентип ал сулуулардын сулуусу болуп чыгат. Бирок, тагдыр болсо да бир жеринен жаңылышат. Анткени, тагдыр сулуунун өмүр тиреги улуу жүрөктү мурда жаратпай тек тышкы көркүнө гана көңүл буруп, бардык чебердигин ошого жумшайт. Тагдыр улуу жүрөктү экинчи иретте жасап, аны орнотмок болгондо – сулуунун аяк-башына карап турат да – өзүнүн көңүлү түшүп калат. Өз ашыгын кимдер жамандыкка кыйган! Тагдыр жүрөк салуу үчүн ашыгынын көкүрөгүн жарууга дити чыдабайт. Ошентип сулууну жүрөксүз кылып койгон имиш. Жүрөгүнө карабай, көркүнө кароо да ошондон калган экен!”.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.