Сөз дайра

06.09.2011.

Бул ирет “аш” деген сөздү талдайбыз.

Кыргызда “аш” деген сөз бар. Эми ушул сөздүн маанисин чечмелейли. Аштын биринчи мааниси – тамак.

Буга карата “ашың калса калсын, ишиң калбасын” деген ылакап  бар.

“Аш тарт” дейт. “Тамак апкелгиле? Тамак тарткыла!” дегенди билдирет.

“Алдыңа аш тартса, атаңдын кунунан кеч” , “Таш менен урганды аш менен ур (сыйла)” деген кеп айтылып келатканы белгилүү.
“Баш улук, баштан аш улук” деген да бар.

“Атабыз аш-суудан калды” дейт. “Тамакка табити тартпай калды, шайы бошоп, начарлап калды” дегенди билдирет.

“Ичкеним аш болбой олтурат” дейт. Бир мааниси ден соолугунун начарлап калганын билдирсе, дагы бир мааниси бир нерседен кооптонуп, коркуп, чочулап олтурганын билдирет. Буга байланыштуу “Ичкеним ирим, жегеним желим болду” деген сөз да бар.

Дагы бир мааниси тамактын түрүн билдирет: кескен аш, суюк аш же умач аш, аракты билдирген арак-аш ж.б.

Мисалы: “Ичпеймин, балам, кыстаба, арак деген ашыңды” дейт.

Аштын экинчи мааниси: четиндин ашы, ит мурундун ашы, чычырканактын ашы, сары жыгачтын ашы же бөрү карагат ж.б.

Үчүнчү мааниси: Аш берүү каада-салты. Буга Манастагы Көкөтөйдүн ашын, Шабдан баатырга берилген ашты мисалга тартсак болот.

“Маркумдун кара ашы болду” дейт. Кара аш маркумдун өлгөн күнкү зыйнатына жасалган ырым-жырым, мал союп, куран окутканы келгендерге тамак берүү жөрөлгөсү.

Чоң аш – муркумдун бир жылдан кийинки зыйнаты.

Төртүнчү мааниси: Түштүктө күрүчтөн жасалган тамакты – аш деп коёт.

Дагы бир мааниси: “Аш болсун!” дейт. Тамагың сиңимдүү болсун деген тилек, ниет, сый-урмат.

“Жемелей берип, ичип-жегенимди да аш кылбай койду” дейт.

Каргыш иретинде “Бергеним аш болбосун, таш болсун!” деп да коет.

Аштын дагы бир мааниси: “Ашуу аш, бел аш” дейт.

“Эрден ашмак бар, элден ашмак жок” дейт.

“Ашкан” деген сөз уланып, “мыкты” дегенди түшүндүргөн да сөздөр бар. Мисалы: “Самарбүбү ашкан комузчу!” десе, мыкты, баарынан кыйын комузчу” дегенди түшүндүрөт.

Ушундай эле мааниде: ашкан сулуу, ашкан күлүк, ашкан сүрөтчү, ашкан ырчы ж.б.

“Жаандан ашкан жазуучу” дейт. Бул сөздү улуу Чыңгыз Айтматовго айтсак жарашат, “жаандан” деген “ааламдан ашкан…” дегенди билгизет.

“Убакыт таңкы 8ден аша элек” дейт, “саат ондон ашты” дейт.

Жана бир мааниси: “Эркек ашып, катын тууйт, бул өңдөнгөн көкжалды” дейт. Же: “Кадырман күлүк Торуну, айгыр ашып, бээ тууган” дейт.

“Күн ашкан сайын күчөдү”, “Ал айткандарын турмушка ашыра баштады” деп да коет.

“Ал андан аша алган жок” дейт.

“Ашып-ташып турган заман эле” дейт.

“Чынарбек катындан аша кечкен жан болду” дейт.

“Аттар таңашсын” дейт.

“Жанынан аша кечкендер экен” дейт.

 

08.09.2011.

Бул жолу Сакы, сап, салбуурун деген сөздөрдү талдайбыз.

Кыргыздын байыркы элдик ырларынын биринде:

Сабаттуу болсоң кат жакшы,
Сараңдык кылган бакылдан,
Сакылык кылган март жакшы.
Баркыңды билбес баатырдан,
Мамиле кылган сарт жакшы,-деген саптар бар. Биз эми ушул ырдагы – бакыл, сакы, сарт деген сөздөрдүн маанисин чечмелейли.

Бакыл-сараң, колунан жакшылык келбеген, пейили тар дегенди түшүндүрөт.

Сакы– март, берешен, жоомарт дегенди түшүндүрөт.

Сарт- ( cарт деген кайсыл бир этникалык топту же элди түшүндүрбөйт). Сарт деген алып сатар, бактысын тыйындан башкадан издебеген, баарынан, алтургай Кудайдан да тыйынды бийик койгон жан дегенди түшүндүрөт.

Кыргызда сап деген сөздүн да бир канча мааниси бар.

Сап – балтанын сабы, камчынын сабы, кетмендин сабы, д.у.с.

Жоокерлердин сабы. Мисалы: “ Аскерлер сап-сап болуп, катарга тизилди” дейт.

Үчүнчү бир мааниси: -Жүрөгүнөн кап кетти,
Билегинен сап кетти,-дейт.
Жүрөгү түшүп, коркуп, күчү кетти, кайраты качтыы деген мааниде.

Төртүнчү мааниси: “Айрыларсың бир күнү,
Алманбеттен сап болуп” дейт же “Ал тигилердин өмүрүн сап кылбадыбы” дейт. Өмүрүн кыйып, жок кылбадыбы деген маанини билдирет.

Жообанып деген сөз бар. Бул сөз да унутулуп калды. Мисалы “Ал бечера сага жообанып келсе, куру сөз менен жолго салбадыңбы” дейт. Жообанып деген – үмүттөнүп, кубанып, сүйүнүп келсе деген мааниде.

Көөнө – эски, эзелки, мурдагы,-деген маанини туюндурат. “Көөнө тарых” дейт. Эски тарых, мурдагы тарых дегенди билдирет.

Тулаңдуу жерге туудурбай,
Кышында кагын куудурбай,-дейт. Мындагы “кагын” деген сөз карын шамал учуруп, карартып кеткен жер. Кыргыз малын кышында ушундай кагын жерлерге жайган.

Касаба-туу деген мааниде. Манаста “касаба колдо калкылдап” деген сап бар.

Аттын жол жоргосун же жорго жүрүшүн– шайбыр деп койгон. “Ал шайбырлап бастырып келди” дейт.

Мийзат бергиле?- деген сөз бар. “Мөөнөт бергиле?”-деген мааниде.

“Өтө жумшак” дегенди туюндурган “күдөрүдөй” деген сөз бар.
Мисалы: Күндөй бети жаркылдап,
Күдөрүдөй балкылдап,-дейт элдик ырда.

Мар – жылан деген сөздүн бир мааниси.

Салбуурун – көп адам чогуусу менен аңчылык кылганды кыргыз ушул сөз менен билдирген.

Үдө деген сөз бар. Маселен: “Үдөй албай калдык” дейт. “Аткара албай калдык” дегенди туюнтат.

Илгери Кокон хандыгынын тушунда ордодо иштеген аткаминерлерди “үдөйчү” деп атаган.

Ал эми “үдөө” деген – максат, тилек дегенди түшүндүрөт. “Бул ишти ага тапшырсаң сөзсүз үдөсүнө чыгат” дейт.

Шайлообек Дүйшеев, «Азаттык», 06-08.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.