Кылым карыткан Айша апа жөнүндө учкай сөз

Хусеин ата менен Айша апа жаш кездеринде

1995-жылдын январь айында өмүр жолдору аңызга айланган белгилүү түрколог, мударис Хусеин Карасаев менен кыргыз кино өнөрүнүн алгачкы карлыгачы, “Кыргыз тилинин стенографиясын” түзүүчүсү Айша Карасаеванын босогосун аттаган элем.

Борбор калаадан келген интеллигент үй-бүлө областтык журналисттер менен пикирлешүүгө убакыт табышаар бекен, же “бүгүн бошобойм, башка күнү кел” дешип бир шылтоо таап, узатып коюшабы, мына ушундай ойлор менен барганым да жадымдан чыга элек. Ойлогонумдай эле Айша апанын: “мени жазбай эле койчу. Заманымда жылдызым жаныптыр, киного тартылдым, тагдырым ушундай экен, Хусеин атаңар менен баш коштум, кыйынчылыктар болду, ийгиликтер коштогон таалайлуу учурларды да кечирдик”,-дегени да жадымда.

“Жыл жаңырганда келгениң жакшы болбодубу. Хусеинге мүнөздөп тамак бышырып берем, атаңар жеген даамдан ооз тий. Андан көрө өзүң жөнүндө айтчы. Эригип турдук элек. Бирок үйдөн киши кара үзүлбөйт. Бош убактыбыз деле жок, атаңар жазат, мен кол жазмаларды окуп чыгып, машинкага басам. “Накыл сөздөрдү” кайра редакциялап чыктык, өзүм болсо өткөн өмүр таржымалымды кагазга түшүрүп жатам”,-деп өзү мени кепке тарткан эле.

Эсимде, Хусеин ата диванда терезеден сыртты ойлуу тиктеп биздин сөзүбүзгө кулак төшөп олтурду. Анда-санда гана кепке аралашканы болбосо дээрлик үн каткан жок. “Жазбай эле койчу, анчалык мактана тургандай эмгек өтөгөн деле жокмун”,-деп редакциянын тапшырмасы менен келгениме мойнобой койгон Айша апа бир, эки чыны чай ичилип бүткөндөн кийин кандайча жалын курак жаштыгын тизмектеп айтып бергенин өзү да сезбей калды. “Журналисттер ушундай болот, ой-боюңа койбой сүйлөтүп алышат. Айша, эми артка кылчактай албай калдың го”,-деп борс-борс күлүп Хусеин ата да анда-санда сөзгө аралаша калып жатты. Улам бир кызыктуу окуялардын чети чубалып олтуруп кантип 3 сааттан ашык убакыт өтүп кеткенин сезбей да калдык. Чай да ичилди, кулактын курчун кандырган сөздөр да сүйлөндү. Айша апанын өтүнүчү боюнча алдыма кагаз алып, калем сап кармаган жокмун. Бирок 80ден ашып калган апанын ар бир сөзүн, ар бир кыймыл-аракетин эстеп калууга аракеттендим.

Сөз кадырын билген адамдар
Арадан аз убакыт өтпөй эле “Ысык-Көл кабарлары” газетасына “Жокко муңайбай, барга манчыркабай өмүр сүрдүк” деген дил маегим жарыяланды. Газетаны көтөрүп алып экинчи жолу Каракол шаарындагы Дзержинский көчөсүндөгү ата менен апа жашаган үйгө баш бактым. Экөө кучак жая тосуп алышты. Ошондогу Хусеин атанын да, Айша апанын да жаш баладай кубанганы азыр да көз алдымда турат. “Айша, сенин өмүр баяныңдын баарын жазган турбайбы”,-деп газетаны чекесине тийгизген жарыктык атанын жөнөкөйлүгүнө, газетага чыккан ар бир сөзгө, ар бир тамгага өзгөчө бир аяр мамиле жасаган окумалдуулугуна тен берген элем. Айша апа да аябай кубанган. “Кызым, бизди аябай толкундантып салбадыңыбы. Эч нерседен кем болбо. Жарыктык атамды да кыпчый кетипсиң. Ал кишинин Талды-Суу айылына мектеп салдырганын, “кызыл” мугалим болгонун, “эл душманы” аталып Украинада сөөгү калганын да жазыпсың”,-деп алакан жайып ак баталарын беришкен болчу.

Андан кийин да алардын үйүндө көп жолу болдум. Ошол кезде Хусеин ата 90дон, Айша апа 80ден ашып калган кездери болчу. Экөөнүн зирек акылдары аябай суктандырчу. Айша апанын жасаган даамдуу тамак-ашынан ооз тийип, Хусеин атанын эриктирбей сүйлөп берген кызыктуу эскерүүлөрүн өз кулагым менен угуп калганыма ушул бүгүн да толкунданам.

Айша апанын эскерүүлөрүнө караганда, ал Хусеин ата менен Фрунзе шаарында педтехникумда окуп жүргөн кезинде таанышыптыр. Ал кезде Х.Карасаев Ленинграддагы Чыгыш институтунда окучу экен. “Өзүмдүн атам Султанаалы, чоң атам Түмөнбай молдо кишилер болгондуктан, мени бай-манаптын, эл душманынын тукуму деп кодулап турган кыйын кезең болчу. 1929-жылы мага окшогон 14 баланы окуудан чыгартуу үчүн комиссия түзүлдү. Комиссия мүчөлөрү бизге аябай суроолорду беришти. Ошол кезде эле илим-билимге умтулуум күч болсо керек, суроолордун баарына такалбай жооп бердим. Анда эл агартуу министри Касым Тыныстанов болчу. “Окуйм десең анда ата-энеңден баш тарт”,-дешти бир ооздон комиссия мүчөлөрү. “Окуйм дегенде ак эткенден так эткен жаным алардын койгон талаптарына аргасыз макул болгом”-деген Айша апа Ошко туташ сабатташтырууга (ликбез) да активдүү катышканын, 60 кыз-келиндин сабатсыздыгын жоюп мактоого татыктуу болгонун айтып берген эле.

Ал эми киного кандайча тартылып калганын да куюлуштурган сөздөр менен сүрөттөп айтып бергенин унута элекмин. “Педтехникумда окуп жүргөн кезимде өздүк-көркөм чыгармачыл ийримине катышчумун. Жума Жамгырчиев, Касымаалы Жантөшев, Мукай Элебаев өздөрү жазган чакан пьесаларындагы каармандардын ролдорун ойношот. Мага да роль тийип калчу. Абдылас Малдыбаев болсо ал пьесаларды музыкалаштырчу. Биз койгон оюнга өкмөт жетекчилери да келип тураар эле.

Ал кезде мен 13 гана жашта элем. Ойдо жок жерден “Саябан араба” деген киного тартылып калдым. Караколдогу аялдар бөлүмүнүн башчысы Сабира Телтаева эженин мага жасаган жылуу мамилесин эч качан унутпайм. “Чыканактай кыз экен, киного тартылуу оңой бекен, эмгегин жебегиле”,-деп мага 150 сом айлык чегертип берген болчу. Ал кезде 150 сом деген аябай чоң акча эле да. 1 сомго бир кой келчү. Хусеин атаңарга турмушка чыккандан кийин мен тартылган “Саябан араба” Ленинград шаарында көрсөтүлүп калды. Ошондо өзүмдү-өзүм тасмадан көргөм”,-деген.

“Узак жашоонун сыры жөнөкөй эле”
Айша апанын эркине, акылына, мээримдүүлүгүнө дайыма баа берип аны менен баарлашкан сайын жандүйнөмдү сергитчү таасирлерге батаар элем. Анын айткандарына караганда, Хусеин ата экөөнүн бактылуу да, азаптуу да күндөрү эриш-аркак өтүптүр. Айрыкча, Хусеин атага жалган жалаа жабылып, кызматсыз калган күндөрдө жокчулуктун азабын жакшы эле тартышыптыр. “Эртең менен кыздарымды тойгузуп коюп, кечинде аларга эмне жасап берээримди билбей карайлаган күндөрүм көп болгон. Гапар Айтиевдин жакшылыгын өмүр бою унутпайбыз. Башка досторубуз бизден кол үзүп кеткен кезде да Гапар үйүбүзгө тез-тез келип турчу. Кыйналып жүргөн кезибизде 300 сом акча да берген. Мына ошондой кыйынчылыктарга моюн бербей атаңар экөөбүз тең көз майыбызды коротуп кагаздан башыбызды албай иштеп, ошол ак эмгегибиздин үзүрүн көрүп жатабыз”,-деген Айша апа Кыргыз улуттук университетинде окутуучу, ага окутуучу болуп иштегенин, анан ардактуу эс алууга чыкканын билген элем.

Хусеин ата Москва шаарында иштеп жүргөн кезинде Айша апа орус тилинин стенографиясын түзгөн Соколов аттуу окумуштуудан орус тилинин стенографиясын үйрөнүп, кийин ал кишинин сунушу боюнча өз алдынча кыргыз тилинин стенографиясын өздөштүргөн экен. Х.Карасаев менен биргелешип, “Түгөлдүү сөздөрдү” түзүп чыгышкан. Орус жазуучусу Горбатовдун “Алар мекен үчүн салгылашкан” аттуу китепти кыргыз тилине которуп, котормочулукка да ык койгондугун балким көпчүлүгүбүз билбестирбиз. Хусеин атабыз кылым карытып дүйнө салгандан кийин да “карыдым-арыдым” деп олтуруп албай дээрлик 60 жылдан ашуун бирге өмүр кечирген түгөйүнүн кол жазмаларын иретке келтирип китеп чыгаруу далалатына суктанган элек. Эми өзү да кылым карытып, жүз жаштын тамагын ичип, дөөлөттүү, сөөлөттүү, нарк-насилдүү карылыктын төрүнө өттү. “Узак жашоонун сыры жөнөкөй эле. Кимдир бирөөлөрдүн ийгилигине жөнү жок көз артпагыла, душманыңарга да жамандык жасабагыла. Жалкоолуктан алыс болуп, талыкпай иштегиле”,-дешчү экөө тең бирдей жарышып.

Айша Карасаева азыр Бишкекте турат. Ден соолугу, жашоо-турмушу кандай, дале күүлүү-күчтүүбү анда-санда гана сураштырып коем да өнөгөлүү өмүр кечирүүнүн сыйын жана да узак жашоонун сырын үйрөтө турган Айша ападай карыларыбыз көп болсо экен деп тилейм. Областтык ардагерлер кеңеши А.Карасаеванын 100 жылдык маараке-тоюн кеңири жайыкта болбосо да чакан чөйрөдө белгилеп коюу сунушу менен областтык жана Түп райондук мамлекеттик администрацияларына кайрылаарын билдиришти. Айша апабыздын даңазалуу өмүр кечирип бактылуу карылардын бири экендигин учкай гана баяндадым. Буюрса, дагы жаза турган ойлор алдыда.

ШЕЙШЕКАН ЖАНАЛИЕВА, «Заман-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 09.09.2011-ж.

Окшош материалдар:

Кыргыз стенографиясын биринчи түзгөн Айша Карасаева: “Жаш көрүнөм десең, эринбей, эмгекчил бол!”

Профессор Кусеин Карасаев жубайы Айша Карасаева менен.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.