“Салам сага Сарногойдун коргону”

Эл арасы, көч карасы болуп, ыңырчагы ырдаган, керегеси кердеген улуу согуштун убайымдуу күндөрү өтүп жаткан. Өлгөндүн жүзү ары карап, тирүүнүн жүзү бери караган түйшүктүү күндөрдүн бир күнүндө, аз эле ооруп атасы Сарногой ээк кагат. Тузу ачуу, турмушу катуу жашоонун жандалбасы ошондон кийин ого бетер күчөйт. Жаш айалмет үй-бүлө барар жери, басар тоосу жок калып, укпаган азапты тартып, көрбөгөн кордукту көрүшөт. Күндөштүн күлү жоо болуп, байбиче токолдун аталаш балдары бири – биринен аталасын кызганышат. Бөдөнөнү бөлө, таранчыны тайаке дээр караан каттабай калат үйгө. Кедейликтин жабырына моюн сунуп, бир этегин үзө басып, бир этегин жаза басып, бир көзүнө миң жаш толсо да, Байдыкең чечкедей кезинен “жоктун” колун карабай, кайра “жокко” өчөшүп карабөтөгө тартып бышат. Чаңдуу аяк болбой боюна багымдуу, агайынга алымдуу болуп, токтоо мүнөз топуктуу чоңоет. Жетимдиктин өз жол-жобо, мыйзамы бар эмеспи – жемин бирөөгө жедирбей, өгөй – өөнчүл, жетим кекчил болбой таштын уюлундай чогоол өсөт. Барчын бүркүт кабактуу, бала жолборс жүрөктүү болуп, басынткысы келгендин катыгын берип, түлөгөн тайлактай кейпи кетип, суру качып турса да, сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болбой тилинен чаң чыгарат. Жашабай жатып жаагын жанат. “Жетимдикти аябай эле көрдүм,- деп калчу Байдыкем солдойгон узун бутунун ийрейген манжаларын көрсөтүп,- алты ай жайы менен жыңайлаксың, кышында кырк тешик чокой… Ошондо ушу бутум менен шайтандаган эчкилердин артынан чымын-куюн болуп чуркаганда төө тикен, темир тикен деген жайнаган тикендердин бири да, ал эмес чогойно да кирчү эмес бутума. Кайран таманым кудум керзовый өтүктүн таманындай чор болуп катып калчу эле…”

Ошол бала кездеги жетимдиктин айынан көргөн кордугу 1973 – жылы чыккан “Тандалган чыгармалар” жыйнагындагы “Буттар” деген ырында мындайча кербезделет:
“Оо, кайран бут… Карга шыйрак биздин бут,
Кыш келгенде салаалары бышарып.
Бармактары жыртык чокой башынан
Турчу майда картөшкөдөй кызарып”.

Болоор бала богунан… ошол “бооркол жүнү боорунда, чырымтал жүнү жонунда” кезинде эле боорун жерден ала электе борбуйун көтөрүп, койколоктоп колуна комуз кармай, тайчабыш жамагы менен жоро, той койбой жортот. Орошон этке толалбай, Осмонкулдай болалбай, тору этине толалбай, Токтогулдай болалбай, жел болуп жерге батпай желпилдеп жүргөн күндөрүнүн биринде жайлоодон чанач кымыз артынып Чормон жакага түшүп келаткан болот. Жайкы чилде, күн ысык. Чечкедей балдар жел ообой эле орок оруп жүрүшкөн. Жерге түшкөн жетимдики, эриндери кеберсип, тили оозуна батпаган балдар, “кымызыңдан бир жуткуруп койчу аке”, – десе Чормон аларды теңсинбей “Кымыз активдерге!” – деп коюп “карс” кекирип өтө берет. Ошондо Бакең бала короз кейптенип кыйкырып калыптыр:
“Кара сакал Чормонум,
Карасын миндиң жоргонун.
“Байке, кымыз бер” – десек,
Баласынтып болбодуң.
Чанач толо кымыздан
Бир жуткуруп койбодуң.
Тешилип эки чаначың
Тескери кетсин оң жолуң.
Түлөгөн мурдуң курт жесин
Мындан бетер шорлогун”.
Чормон кара сакал маңкага арналган бул ырды бирге ойноп жүргөн курбулары Жусуп, Кошбай эртеси эле айылга айтып барып, элге жайып жиберишет. А бул Бакеңдин аталаш эжесине арналган үй-бүлөлүк ыр. Мындан согуштун каары, турмуштун заары даана көрүнөт.
“Сарногойдун Алыйман,
Башына ийне сайынган.
Кечке маал болгондо
Жоолугун оңдоп салынган.
“Айланайын Байдылда
Эчки айдап кел”
деп жалынган.

Көбөйгөн жок азайды,
Көнөчөктө каймагы.
Буттарына сүйкөшөт
Бирок мага калбады.
Мейли, мага жетишет
Сүтү менен айраны”.

Ошол от күйгөн согушта өзүн эркек санаган эр – азаматтар өмүрүн сайып өрт кечип жүрүшсө, оорукта калган чаар ичеги чалдар, кебээ курсак актив сөрөйлөр башын токмок, каруусун казык кылып иштештин ордуна, эрлерин алааматка узатышкан элик төш, көгүчкөн көз, булут ирең бураң бел келин-кезектердин этегине эрбешип, жакасына жармашып, көрсөткөн аңгилик “өнөрүн” сынга алыптыр, Байдыкең бала кезинде. Карачы, эч кимдин оюна келбеген тема тапканын:
“Күн эсебин санасак,
Күндө жаңы таңатат.
Көлөкөлөп алгыла
Күн куйкалап баратат.
Куу мурут чал Киркабак
Жаш келинге жанашат.

Келиндер, сага айтарым,
Кебимдин жөнүн байкагын.
Кыздар, сага айтарым,
Кыйыткан сөздү байкагын.
Чалдар менен жүргөн деп
Чак түштө ойноп күлгөн деп,
Байкелер келсе согуштан
Баариңерди айтамын.

Шайбүбү жеңем шат келин,
Шайыр мүнөз ак келин.
Күйөөң Жекшен байкемди
Күтпөдүң го кантейин.
Карыган теке Киркабак
Кадырың билбейт ал сенин.
Ай, кантейин, кантейин.
Чабылган чөптү үйгүлө,
Чатырча жасап киргиле.
Чаңкасаңар баариңер
Чалдарга бирден тийгиле”…
Бул ыр тематикалык жагынан ушул ырга окшош. Байдыкең соолгон согушта кошчу болгондогу кербези. Ошондогу көргөн кордуктан дагы бир үзүм.

Анатай Өмүрканов, “Ачык саясат” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 25.11.2008-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.