Гүлнур Сатылганова, Кыргыз эл артисти: “Депутаттар фонограммадан мурун техниканы ойлошсо…”

– Гүлнур эже, алгач сөздү чыгармачылыгыңыздан баштасак, учурда жеке чыгармачылыгыңызда кандай өзгөчөлүктөр болуп жатат?
– Жаңы ырларды жаздырып, жаңы клип тарттыруу менен эле алектенип жатам. Жакында эле “Асман” аттуу ырыма клип тарттырдым, учурда монтаждоо иштери жүрүп, көрсөтүүгө даярдалып жатат. Клиптин негизги бөлүгү Көлдөн тартылды. Тартып атканда жамгыр жаап, бир топ эле ыңгайсыздыкты жаратты. Ага карабай, баштаган ишти аягына чыгаралы деп тартып бүтүрдүк. Башынан аягына чейин белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаров тартты. Аны менен эле чектелбей, жакында тактап айтканда, 4-ноябрдан 13-ноябрга чейин, Россияга барып ал жакта жашаган мекендештерибизге концерт тартуулап келсемби деп атам. Россияда мигранттардан түзүлгөн атайын жаштар уюму бар экен. Ошол уюм: “келип концерт берип кетиңиз”- деп чакырып атышат. Айтор, жаным тынган жери жок, тызылдап эле чуркап жүрөм.

– Аталган ырыңыздын жаралуу тарыхына кыскача токтоло кетсеңиз?
– Былтыркы болуп өткөн каргашалуу окуялар жан дүйнөмө тынчтык бербегендиктен, чыгармачыл адам катары аталган ырды жаратууга туура келди. Бир канча ырларымдын автору болгон белгилүү акын Кыялбек Урманбетовго кайрылсам, ал киши аталган ырды жазып берди. Обону болсо Райхан Бейшеналиевага таандык. Ырдын негизги мазмуну – элибизди ыймандуулукка чакырып, жакшылыкка үндөө. Учурда кудайга шүгүр, ырым эл оозуна алынып, алдыңкы ырлардын катарын толуктап келе жатат. Тойлорго барганда көпчүлүк адамдар башкасын коюп, “Асманыңды” ырдачы деп калышат. Бирок мен “Асмандын” мааниси оор болгондуктан, сахнага эле ырдабасам, жөнөкөй жерге ырдагым келбейт.

– Ыр жаздырып, ага клип тарттырыш үчүн канча каражат сарптайсыз?
– Ар кандай, ырдын маанисине жараша болот. Бирок мен ырларымдын бардыгын тең эле бирдей каражатка жаздырып, бирдей каражатка клип тарттырам. Баарынан мурун сөзүнө басым жасайм. Сөзү канчалык жакшы болсо, ошончолук жагымдуу болот. Эгер сөзү маанисиз болсо, ал ырды эл уккусу келбейт. Ошондуктан мен дайыма белгилүү акындар менен иштешүүгө аракет кылам. Көпчүлүк ырларым Кыялбек Урманбетов, Бегимкул Алыбаев ж.б. акындарга таандык. Буюрса, жакында атактуу акын Анатай Өмүркановдун ырларын да ырдап чыксамбы деп турам. Акыркы кездерде, тилекке каршы, көпчүлүк жаш ырчылар өздөрү акын, өздөрү обончу болуп ырдын маанисин кетирип коюшту. “Ар нерсенин өзүнүн устаты бар” дегендей, Кудай бизге акындык талантты бербегенден кийин жөн эле акын болуштун кереги эмне?..

– Депутаттар тарабынан жасалма үн, тактап айтканда, фонограмманы жоюу боюнча маселе көтөрүлүп жатат. Эстрада ырчысы катары кандай көз караштасыз?
– Депутаттар “фонограмманы жоёбуз” деп кыйын болуп атышат. Андай эле кыйын экен, ырчыларга татыктуу деңгээлде шарт түзүп берип коюшпайбы. Мисалы, бизде башка өлкөлөрдүкүндөй болуп, фонограммасыз ырдагыдай симфониялык, эстрадалык оркестрибиз жок. Болгону Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри бар. Аныбыз эстрадага жарабайт. Филармония ж.б. чоң-чоң сахналарда жандуу үн менен ырдагыдай техника деген жашабайт. Аны ойлобой эле фонограмманы жоюш керек дешет. Фонограмма жоюлса, депутаттарга эмес, бизге деле жакшы болмок. Көптөгөн өлкөлөрдө ырчылар фонограммасы жок эле жандуу үн менен кандай сонун ырдап жатышат. Кээде биз деле жандуу үн менен ырдайлы деп ырдаганга аракет кылып көрөбүз. Бирок ырдаганга мүмкүн эмес. Башкасын айтпай эле коёюн микрафондун алсыздыгынан үнүбүз сахнадан алыс чыкпай калат. Ошондуктан бардыгын болбосо дагы 30-40 пайыз ырчыларга шарт түзүп берип, андан кийин депутаттар фонограмманы жоюуну ойлошсо жакшы болот эле.

– Мыйзам күчүнө кирип, фонограмма жоюлуп калса, ырчылар жандуу үн менен ырдаганга даярбы?
– Кыргыз эли талантка бай эл. Фонограммасыз эле жандуу үн менен ырдап кете ала турган ырчыларыбыз көп, ырдай албай, эптеп ырчылардын санын көбөйтүп жүргөн ырчыларыбыз андан көп. Эгер мыйзам кабыл алынып, фонограмма жоюлуп калса, ошол ырдай албаган ырчылардын баары иргелип, таланттуу ырчылар гана калмак. Мисалы, мен мындан 25 жыл мурун “Миң-Кыял” деген эстрадалык ансамбль менен биргеликте жакшынакай эле жандуу үн менен ырдап, элге таанылгам. Ошол кезде мен сыяктуу көп эле ырчылар жандуу үн менен ырдашкан. Кийин эле компьютер деген пайда болуп, фонограмма деген чыкпадыбы. Азыр жашырбай эле коёюн көпчүлүгүбүз фонограмма менен ырдайбыз.

– Азыркы жаш ырчыларга болгон көз карашыңыз кандай?
– Көз карашым түз, жаманбы-жакшыбы ырчылар ырдап чыгып, өнөрлөрүн элге тартуулап атышат. Жогоруда айткандай, арасында ырдай албагандары да көп. Ал эле эмес, азыр режиссёрлор да көбөйүп кетти. Ырчылар го бир эки жолу ырдап, ырдай албаса, сахнадан кетишет. Ал эми режиссёрлорчу? Кино деген бул жеңил-желпи нерсе эмес да. Адамга руханий азык бере турган чоң күч. Кинону колунан келген адамдар гана тартпаса, жөнөкөй адамдар тарта албайт. Негизи бардыгына эл тараза, бардыгын эл таразалап өз ордуна коёт.

– А. Сапаралиев өңдүү атактуу ырчылардын сыйлыкка ээ болбой жатышына кандай карайсыз?
– Эми Алтынбек агабыздын сыйлыкка ээ болбой жатканы өкүнүчтүү. Чындыгында сыйлык берүү маселеси калыстык менен каралбай жатат. Менимче, маданият ишмерлерин колго алып көзөмөлдөй турган атайын уюм түзүлүш керекпи деп ойлойм. Ал уюм кайсы ырчы кандай иштеп атат, канча ыр жаратты, ошонун баарын иликтеп, көзөмөлдөп турушу керек. Болбосо, эч бир ыр жаратпай, эски ырларын кайталап жүрүп эле сыйлык алууга ашыккан ырчылар көп. Кандай болгон күндө дагы сыйлык берүүдө коррупцияга жол берилип жатат. Маданият министрлиги министрлик деген аты эле болбосо, 20 жылдан бери жарытылуу деле иш алпарган жери жок. Илгеркидей айылдарга концерт коюп барууга мүмкүн болбой калды. Себеби клуб ж.б. маданий жайлардын көбү жарактан чыккан. Ырчылар болсо өз арбайын согуп эптеп иштеп жүрүшөт. Мисалы, мен мамлекеттен бир жардам алган жокмун. Репертуарымда жалпысынан 100дөн ашык ырым бар. Ошонун баарын өз күчүм менен жараттым. Талыбаган эмгегимди эске алып, “эл артисти” наамын ыйгарышты.

– Үй-бүлөңүз туурасында эмнелерди айта аласыз?
– Убакыт – зымырык куш экен. Кечээки эле кенедей уулум бүгүн 16га чыгып, эр жетип отурат. Эл көзүндөгү адам болгондон кийин, ар кандай ушак сөздөр айтылбай койбойт экен. Айтылган сөздөргө башында терикчү элем, азыр терикпей деле калдым. Материалдык жактан кудайга шүгүр, өзүмө жетээрлик байлыгым бар. Бирөөнү алдап алып, же бизнес кылып тапкан жерим жок. Бардыгын ырчылык өнөрдүн аркасы менен ырдап жүрүп таптым. Ырчылардын бардыгы менен бирдей мамиледемин, бир да жолу бирөөнө кара санап, жамандык кылып көргөн эмесмин. Ал эми жеке жашоомду ачыкка чыгарып жарыялагым келбейт. Сыр бойдон эле калсын.

– Айрымдар сизди Алла Пугачёвага салыштырып Примадонна деп коюшат экен. Примадонналыкка татыктуумун деп ойлойсузбу?
– Примадонналыкка татыктуумунбу же жокпу аны эл таразалайт. Эл Примадонна десе, анда ошого татыктуу экенмин деп ойлоймун.

Маектешкен Мирлан Алымбаев, “Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 28.10.2011-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.