Малик АЛИКЕЕВ, “Эл ырчысы Эстебес” тобунун ырчысы: “Опозицияга ырдай коём деп, чыгармачылыгым үзгүлтүккө учураган”

Барпынын сөзүнө жазылган “Мөлмөлүмдү” Малик Аликеевсиз, Малик Аликеевди “Мөлмөлүмсүз” элестетүүгө болбойт. Бул ырды андан кийин көптөгөн ырчылар аткарса дагы Малик Аликеев аткарган вариантын эл сүйүп угат. Эл тарабынан “Эл артисти” наамын эчак эле алган, көптөн бери ММКдан көрүнбөй кеткен Малик мырзаны кепке тарттык.

– Малик мырза, көрүнбөй кайда жүрөсүз?
– Бул суроо мага көп берилет. Биздики фольклор болгон үчүнбү, концерт бергенде деле билинбей калабыз. Биздин концерттерге телерадио, гезиттер аркылуу анонс, афишалар деле берилбейт. Ошондон улам эл бизди “көрүнбөй кетти” деп ойлоп калат окшойт. А бирок, биз концерт бергенде филармониянын залы толуп, эл жакшы келет. Учурда жаңы, салмактуу ырларды жаздыруунун үстүндөмүн.

– Сизге атактуулук алып келген кайсы ыр деп ойлойсуз?
– Ар бир чыгармачыл адамдын бийиктикке чыгарган ыры болот. Анын тегерегинде калган чыгармалары жүрө берет. “Мөлмөлүмдөн” башка ырың жокпу?” деп сурагандар аз эмес. Башка ырларымды айтсам, Кудайга шүгүр, куржунум жакшы эле дегендей. Бирок, эмнегедир угуучулар “Мөлмөлүмдү” эңсеп тура беришет. Маликти “Мөлмөлүм”, “Мөлмөлүмдү” Малик таанытты десем болот (күлүп). Концерттеби, тойдобу, “Мөлмөлүмдү” ырдатмайын кетиришпейт. Айрым учурда 2-3 жолу ырдаганга туура келип калат.

– “Мөлмөлүмдү” ырдап, апалардан тил уктум” деп калдыңыз эле…
– “Мөлмөлүмдү” ырдап чыкканда, анын сөзүнө деле маани бербептирмин. Эмне тууралуу ыр экенин билген эмесмин да. Жүрөккө жагып туруп алгандыктан ырдап калгам. Анда мен 16 жашта болуп, боюм да, өзүм да кичинекей бала элем. Боюм микрофонго да жетчү эмес. Анан эле бир кенедей бала отуруп алып: “Болор-болбос баш баккан бөдөнө тумшук мамагың” деп безилдеп атса, апалар тилдейт да. “Чечек десе, жашабагыр” деп урушуп калышчу. Ошонун айынан апалардан уялып, ырдын ошол сабын кыскартып ырдап жүрбөдүмбү. Эми азыр уялбай эле ырдайм. Эч ким урушпай калды.

– Азыркы убакта “жылдыз” болуу оңой. А сиздердин учурдачы?
– Биздин учурда ырдап чыгыш үчүн аябагандай зор эмгек талап кылынар эле. Союз убагында бир ырды аткаруу үчүн комиссиянын сынынан өтчүбүз. Акындар ар бир сөзүнө көңүл буруп, обончулар обонун кылдаттык менен угуп, “тарбиялык мааниси барбы?” деп өткөрүшчү. Көркөм кеңештин уруксаты менен телерадиодон кетиришчү. Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, Ашыралы Айталиевдер чыныгы чолпон жылдыздар болгон. Ал убакта компьютер деген болгон эмес. Керек болсо, ал убакта микрофон да жок болчу. Мына ошондо тынбай жандуу үн менен ырдашчу. Ырчы деген ушундай болуш керек. Мен ошол инсандардын элегинен өтүп калганыма сүйүнөм. Азыркы айрым ырлардын сөзүн угуп күлкүм келет.

– Эмнеге?
– Жаш ырчылардын ырларынын мааниси жеңилдеп баратат. Өткөндө бирөө: “Карагат” деген ыр бар экен, эринбей санап чыксам, 70 жолу кайталады” дейт. Башка өлкөдөгүлөр угуп, “кыргыздын ырлары ушундай болуп калган турбайбы” дешет да. Бир аз намыстуу болушубуз керек. Ырдайт экен деп эле ырдай бербей.

– Сахнага чыкканыңызга 25 жылдын жүзү болуптур. Бирок, сизден кийин чыккан ырчылар “Эл артистин” алышты…
– Чынында көз ачып-жумганча сахнага чыкканымдан бери 25 жыл өтүптүр. Мен өзү наамга өтө деле кызыкпайм. Кээде кесиптештерим наам алып атышса, бир аз ойлонуп калам. Көзү өтүп кеткен залкар инсандарыбыз Атай, Шекербек, Байдылдаларга ар кандай шылтоо менен наам бербей жүрүшүп, кийин көзү өтөөрдө беришти. А бирок, мага жалпы эл мурда эле “Эл артистин”, “Эл акынын” берип коюшкан. Ошол залкар инсандар наамга жулунбаган, а эмне үчүн мен далбасташым керек? Эң негизгиси, биздин талантты эл бааласа болду. Кээде “5-6 кишини кырылыштырган наамдын кереги бар беле?” деп ойлоп кетем. Бирок мыйзам түрүндө бул да керек турбайбы. Орозбек Кутманалиев деген артисибиз да, акыныбыз да жаштар менен жолукканда: “Убагында талантты баалап, наамды бериш керек. 60-70 жашка чыкканда беришет, мен аркы дүйнөгө “Заслуженныймын” деп барамбы?” деп айтты эле. Анын сыңарындай, баардык нерсенин убагында болгону жакшы.

– Сөздү үй-бүлөңүзгө бурсак. Жеңебиз менен кандайча таанышып калгансыз?
– Жубайым Жаңыл менен оңой эле таанышкам. Ал убакта жаңы элге таанылып келаткам. Анүстүнө ал дагы филармонияда эки жылдык студияда окучу. Сахна бизди жакындатты десем болот. Концерттерде дайым чогуу жүрчүбүз. 1988-жылдары таанышып, 1992-жылы баш коштук. Бир уулубуз бар.

– Таланттуу инсан кайсы керемет жердин абасы менен дем алып чоңойду болду экен?
– Таластын башында Көпүрө-Базар деген айыл бар. “Эл башы болгончо, суу башы бол” дегендей, биз суунун башында турабыз. Мектепте кыялданып кат жазчу элек. Чоң балдардын каттарын ташып, айрымдарын окуп калчумун. “Атыр жыттуу жыттанган Көпүрө Базар айылынан” деп башталчу эле. Анын сыңарындай, суунун башы, тоонун арасында чоңойгом. Биздин айылда Эсенаман деген улуу залкар төрөлгөн. Анын уулу Үмөталы деген чоң төкмө болчу. Түгөлбай Казаков биздин айылдан. Кыскасы, бизден таланттуулар көп чыккан.

– Чыгармачыл адамдар учурда үгүт иштери менен жүрүшөт. Сизди эч ким чакырган жокпу?
– Шайлоодогу үгүт иштерине азыркы “жылдыздар” көбүрөөк барат окшойт (!) деп ойлоп калдым. “Кулак-мурдум тынч эле болсунчу” деп барбай койдум. Себеби, шайлоодон көңүлүм калып калган. Бизди саясатчылар өзүлөрү менен алып чыгып, ырдаткандан кийин “ырчыларды саясатка аралаштырбаса” деген ойду айткым келет. Биз ырдасак, мейли ал кандай партия же саясатчы болот, кандай саясат жүргүзбөсүн, ырчылар эл үчүн ырдайт да. Бир адам үчүн ырдабайбыз. Сен Баланчаевдин ырчысысың, сен Түкүнчеевдин ырчысысың деп, “чёрный списокко” кошуп коюшпаса деген өтүнүчүмдү айткым келет.

– Башыңыздан өткөн го?
– Бир убакта оппозицияга ырдап коём деп, чыгармачылыгым бир топ үзгүлтүккө учураган. Сахнага чыгарбай, фестивалдарга барсам, алып салышып, бут тосуулар болгон. “Малик ошол оппозициясында ырдай берсин, мамлекеттик иш-чараларда ырдабасын” деп чыгышкан. Ошондуктан, саясаты жок эле, ач кулактан тынч кулак болуп үгүтүнө барган жокмун.

– Сизди комузсуз элестетүү мүмкүн эмес. Дагы кайсы аспаптарды кармап каласыз?
– Комузду эле черте алам. Башка аспапты деле ойносом болмок. Кээ бир жерде бир аз жамактап калсам, “сенин төкмөлүккө шыгың бар экен, айтышка чыкпайсыңбы?” дешет. Мен негизи жаңы шаарга келгенде “акын болом” деп келгем. Анан “Мөлмөлүмдү” ырдап чыгып кеткен соң, акын болом деген тилегим экинчи орунда болуп калган. Ал убакта акындарга көп маани берилбей, айтыштар рамкага салынып калган. Азыркыдай кененчилик жок болчу. Ошентип ырчылыкка ооп кеттим.

– Жаш ырчылардын эски ырларды аткаргандарына кандай көз караштасыз?
– Кыргыз ырларында улуттук колорит сакталып турушу абзел. Эски ырлардын көбү классикалык ырлар. Ошону бузбай, өзүндөй аткарышса жакшы болмок. Көбүнчө обонун бузуп коюшууда. Демек, ал обонду толугу менен билбейт же чала-була угуп жаздыра койгон. Улуу муундун өкүлдөрү ошондон улам ирээнжип калышат. Өткөндө радиодон угуп калдым. Бир жаш ырчы кыз “Нарындан жазган салам кат” деп ырдап атыптыр. Үч куплетин ырдап туруп, бүтүрүп койду. Мындай кылган жарабайт. Ырды бузганы ошол. Ал ыр 6 куплеттен турат. Ал эми ырдаганы башкаларга салыштырмалуу дурус эле болгон. Аябай аракет кылыптыр. Ал эми кээ бир жаш ырчылар сөздөрүн туура эмес ырдашат. Эски ырларды бузбай, эң мыкты деңгээлде аткарып, кийинки муунга жеткиришибиз керек.

Адинай МАРИПОВА, “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.