Билинбес бийиктик

Ээ дүйнө десең, өмүрдө өксүктөр, толкуп-ташкан учурлар, бир максатты көздөп кө­шөрө олтурган кездерди айтасыңбы, анын баары күрөш белем. Өмүрүмдө күрөш майданына тикелей кирбегеним менен чет-бучкактап жүрдүк. Тээ, Улуу Ата Мекендик согуш маалында орукта бой калган аялдар менен соко айдашып, эгин эгишип, кызыл кырдашып, аны түз эле майданга жөнөттүк. Жеңиш оролгон жылдары “Согуш маалындагы эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы менен сыйландык. Көрсө, биз ооруктагы майданда тер төгүппүз, жоокер эсебинде эл коргоппуз! Сокмо көйнөктүн төшүнө   Сталиндин сүрөтү бар медалды райкомдун өкүлү такканда,ала шалбыртта кар кыламыктап жаап турган эле. Жылаңайлак салып уруп, учуп барган жаным  алоологон жалынга кабылгандай ысып чыккам. Балалык күндөрдө тарткан азап-тозок ошондо бир жанды белем.

Кечээ эгемендиктин жыйырма жылдыгына карата адабият майданында элүү жылдап эмгек эткеним бааланып, ардактуу наамга арзыганымда нак ошол Улуу Жеңиш учурундай тула бойду акыйкаттын аптабы алдейледи. Ак ниет, адал жүрөктүүлөр: “Биз өзүбүз алгандай сүйүндүк”, – дешти. Албетте: “Бирдики – миңге, миңдики – түмөнгө” деген улуу сөз бар. Элге өткөн эмгектин эсеси ошондойдо билинет. Шакиртим Догдурбек Юсупов: “Бул саамкы сыйлыктардын ичинен мен эки адамдын алышына кубандым. Бири – Эргешбай Узакбаев, бири – Калканбай Ашымбаев”, – дептир жолдошторуна.

Анысына ыракмат, бирок мен үч табыйгы таланттын эскерилбей калганына жаным ачыды. Абзий Кыдыров, Аман Саспаев, Сейит Жетимишов. Булар мен деп төш какпады, сыйлыкка кагаз толтурбады. Аларды тейлеген Жазуучулар союзундагылар өздөрүнө кам көрдү. Эч нерсе эмес, алардын өмүрү тос болсо, сыйлык качпас.

Эми сөздүн оролун быйыл сексен жаш курбалына келген Абзий КЫДЫРОВдун чыгармачылык өнөрканасына бурайын.

II

Португалиянын Азара аралындагы Монтепика тоосунун 6340 метри деңиздин түбүндө болуп, 2360 метри гана деңиздин үстүнөн көрүнөт экен. Билбегендер үстүнкү бөлүгүн гана көрүп, анча элес алышпаган. Ал эми илимпоздор деңиздин түбүнө чөккөн бөлүгүн кошо эсептешип, тогуз жарым миң метр бийиктикке жеткиришкен. Демек, дүйнөдөгү бийик чоку эмеспи!

Ал эми жаралганы жабык жүрүп, жамы журтка жарыгын чачып келген, элибиздин жан-дүйнөсүнө күлазык камдап берген, көмүскө жүрүп, көпчүлүктүн көөдөнүнө көркөм ойдун уюткусун төгүп келген, эзели “Мен!” дебеген акын Абзий Кыдыров унутта калат деген уят го, агаиндер!

1954-жылдан баштап, балдар адабиятынын түбүн түптөшүп, анын керегесин көтөрүшүп, “Кыргызстан пионери”, “Жаш Ленинчи” гезит-журналдарында узанып, миңдеген өспүрүмдөрдүн бой жетип, акыл ойго бекип, элдин керегине жарагыдай эр-азамат болушуна көз майын, көкүрөк отун зарптаган табыйгы акындын СЕКСЕНдин сересине келгенине серп салбаганыбыз чекилик го, калемдештер.

Издемчил-новатор жана узак жылдар бою улуттук Жазуучулар союзунун балдар адабиятынын секциясын жетектеп, көптөгөн таланттардын тушоосун кескен, “Балаты”, “Байчечекей” журналдарын негиздеп, бешик үйлөрүндөгү жана балдар бакчаларындагы жеткинчектердин акыл-ой жактан торолушуна кам көрүп, мүлдө өмүрүн адабият майданына арнаган согуштун жана эмгектин ардагери – Абзий абабызды ардактуу наамдан алакчылап келишкен – улуттук Жазуучулар союзунун жетекчилеринин нарк жана салт билбестиги эмеспи!

Ээ, дүйнө десең, эки жүздөн ашуун обондуу ырлары жана “Чек мурат” өңдүү ондогон шакабалуу тамашалары сексенинчи жылдан ушул күнгө дейре элибиздин эстетикалык моокумун кандырып, жан-дүйнөсүнө акыйкаттын желин желпип келди го! Ушул күнгө дейре акындын өңүн теледен көрүп, коңур, басыңкы дабышын радиодон уккан адам чанда-чанда. Анткени, ал байлык менен курулай атак-даңкка кулдук урганды ар көргөн, абийирине чаң жугузбай, көөдөнүн дат алдырбаган табыйгы акын. Жүрөгүнө аруулукту, акыйкатты жана ыйык отту түнөткөн үчүн ырлары улуу-кичүүнүн көөдөнүнө жугумдуу келип, сезимине учкун бүркүүдө. Акындын “Аял” аттуу эки түрмөк ырын алдыңызга тартайын”.

“Күн десе, чыны күн экен,
Толкутуп канды кызыткан.
Аялдар эмей ким экен?
Аязда күлүп ысыткан.

Кабагым-кашым дебестен,
Оокатка келсе көшөргөн.
Аял го чыны мээнеткеч,
Ийнине жерди көтөргөн”.

Ыр жөнөкөй, жупуну өңдөнүп окулат, бирок ар сабында алп ойлор камтылып жатпайбы? Ырдын акыркы сабындагы “Ийнине жерди көтөргөн” деген салыштыруу эненин алптыгын, көтөрүмдүү жана айкөлдүгүн, эрдигин жана акылмандыгын камтыган философиялык ойду туйгузуп турбайбы. Поэтикалык табылга деген ушул эмеспи.

III

Акындын табиятында кебез сыйыртмакты тымызын тартаар күлкүнүн кудурети мол. Анын “Шоңур” аттуу жыйнагы басмадан жарык көргөндө жеке эле мектеп окуучулары эмес, мүлдө жаштардын күлкү майрамына айланган. Алдар көсө сымал шакабага бай жоруктар Шоңур аттуу каарманынан жаралган. Учурунда бул жыйнак жөнүндө адабий сынчылар жылуу пикирлерин жазышып, адеп-ахлак жактан мааниси улук экенин белгилешкен.

Деле, акындын кайсы жыйнагын барактабайлы капыстан “бырс” эттирген саптарды кезиктиресиң. Айрыкча “Эки дос”, “Ишеним”, “Парыз” аттуу жыйнактарында арбын. “Кимдин пальтосу” деген ырында балдардын мүнөзүн алардын кылык-жоруктары аркылуу ачкан. Сабак бүтүп балдар тарап кетсе, жалгыз пальто илинген бойдон калган. Ошондо ал кимдин кийими экенин мындайча сыпаттайт.

Дайым жеңи кир пальто,
Дайыздыкы болчу эле.
Ал азамат байкоостон,
Мурдун сүртө койчу эле.

Эгер оң жак чөнтөктүн,
Түбү күйүп калса эгер.
Чылым катып күйгүзгөн,
Чыпак деген мыкчагер.

Төртүнчүнүн Торсугу
Ачка келдим дечү эле.
Чөнтөгүнө төмпөйтүп,
Токоч салып жечү эле.

Ыр балдардын күлкүсүн келтирип, аларды ар кандай осолдуктан оолак болушуна үндөйт. Ушул эле жыйнакта жаңылмачтар бар. Улуттук педагогикабыздагы улуу касиет балдарды жашынан жаңылмач айттырып, тилин жатыктырып, жаңылбай бат айтканга машыктырып келген. Жаңылмачтар Алыкул Осмоновдун чыгармаларында арбын. Андан кийинки орун Абзий Кыдыровго таандык. Мисалы:

Багымда бал аары бар,
Байкагыла баарыңар.
Байкабасаң аарылар,
Баш көтөртпөйт баарылар.
Баарыласа аарылар,
Бакыргыла баарыңар.
Бакырбасаң баарыңар,
Балээ болот аарылар.

Сөз тапкычтыкка, так айтканга, саймедиреп бергенге көнүктүрүп, ойчулдукка оодарган ондогон темадагы жаңылмачтары, табышмактары кызыктуу. Мисалга:

“Жаткандай үндөп шагылдан,
Коктунун ичи жаңырган.
Ба-балап жаагын баспаган,
Ал эмне?
– Албы – Бабырган”

IV

Ала-Тоо, Ысык-Көл, Ата Мекен жөнүндө мүлдө акындар нечен курдай ыр тизмегин курашты. Ар кимиси өзүнүн ички дүйнөсүнүн байлыгына, оюнун учкулдугуна жараша жаратышты. Ал эми Абзий акыныбыз “Ала-Тоом” деген ырында:

“Ыңаалап алгач үнүм
чыккан жерим,
Эненин бешик ырын
уккан жерим”,

– деп баштап, дал ошол ыйык жердин деми менен эр азамат болуп, казатка аттанат. Ала-Тоо кошо жүрөт, дыңды бузат, кенди казышат.

“Ал тургай аскерге да бирге бардың,
Койкойтуп шинель кийип курал алдың.

Кеңешип кат да жаздык колдор бошто,
Какайып ажырашпай турдук постто.

Жамгыр ок, кан, сууларды кечтик чогуу,
Сен тосуп, мага өткөн жок душман огу.

Төрт жыл бою бирге жатып, бирге турдук,
Кайышпай канкорго бек сокку урдук.

Сен менин айга учурар тирегимсиң,
Дем берип, согуп турган жүрөгүмсүң!”

Бүтүндөй бир доор философиялык маанайда жазылган ыр деп ушуну айтабыз. Бул ырда жашынан абийир таап, эли-жеринин деми менен, анын тилеги менен жашап, өлкөнү өрүш алдырып, душманды жеңип кайткан азаматтын ар бир учурунда Ала-Тоо коюндашып, ага тирек этип, шердентип жүрөк канына айланып олтурбайбы? Бул залкар ой поэзиядагы табылга! Бул ыр кайсы кылым болбосун көөнөрбөгөн, албырттаган оттуу илеби менен кийинки муундагы жаштардын жүрөгүнө ар-намыстын, Мекенди ардактоонун үрөнүн себет.

Көмүскө жүрүп, көөнөрбөс поэзиянын көөрүгүн баскан, булбулдугу жана дулдулдугу жагынан өзгөлөрдөн ат чабым ашкан акыныбыз отуздан ашык поэтикалык жыйнактардын, котормолорунун, үч жүзгө чукул обондуу ырлардын автору. Көптөгөн таланттардын канатын жазып, калемин такшалткан устат. Дүйнөлүк философия, педагогика, адабият жана башка илимдердин тармагы менен кенен-чонон тааныш акыныбыздын сексен жашка дейре эске алынбай келе жатышына күйүнсөк, ал “Ырыма” деген чыгармасында муну туйгузат.

“Ырым, сен, капа болбо, кейибегин,
Төшүңө орден алып бербедим деп.
Болбоско жүрөгүңдү өйүбөгүн,
Жаркылдап бир наам алып келбедим деп.

Сен кейи өз элиңе жете албасаң,
Өмүрдүн дайрасынан кече албасаң.
Сезимдин кыл өткөлүн кылдай басып,
Жүрөктүн төрлөрүнө өтө албасаң.

Сен кейи ичтен сызып карап алды,
Ырдалып эл оозуна таралбасаң.
Чаалыгып, иштен чарчап келген жанды,
Сергитип жылмайтууга жарабасаң.

Ар жерде саптарыңды айтып жатка,
Тууган эл урмат этип, турган чакта.
Күймөлбөй канат кергин тоо аралап,
Кооптонуп кур ойлорго башың чапта.

Сыр билги окурманың күтөт алда,
Ак пейил мүнөзүңдөн такыр жанба!
Эң асыл кызматыңды өтөй бергин,
Эч качан кор болбойсуң элиң барда.

Ана, акындын жан-дүйнөсүнүн бийиктиги, эл, жер деп согуп турган жүрөк деми. Ага атак, даңк да, байлык да түккө турбаган иш. Ага сөз кудурети, ойдун тереңдиги, ата-баба мурасынын ыйыктыгы, болочок жеткинчектердин Адам деген аруулук наамды өтөшү – өмүрлүк парзы.

Көп жылдар бою СССР Жазуучулар союзунун алдындагы балдар жана өспүрүмдөр адабияты боюнча кеңешинин ардактуу мүчөсү болуп, союз боюнча уюштурулган китеп жумалыктарына жана жолугушууларга катышып келген. Жашоонун оорчулугун да, оорулуу жанынын кыйналганын да жан адамга туйгузбай: “Жакшымын!” деген сөзүнөн жанбаган даанышман акыныбызга: “Абыке, сексендин сересине чыккан алтын башыңдын ичер сууң, көрөр күнүң мол болсун! Алдыдагы Көк-Арт, Муз-Арт ашууларынын аскаларына асыл ойлордун чырагын аса бериңиз!” – деген ак бата жолдомокчубуз.

Калканбай АШЫМБАЕВ, КРнын эл жазуучусу,Ишеналы Арабаев атындагы,
Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору,
«Кыргыз Туусу», 29.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.