Райхан Бейшеналиева, композитор: “Мүнөзүм шайыр болсо да, негедир муңдуу ырларды жаратам”
Бизде аялзатынан чыккан саналуу гана композиторлор бар. Алардын арасында эл аралык конкурстардын лауреаты, Великобританияда өткөн бүткүл дүйнөлүк “Мастер-прайз” композиторлор конкурсунун катышуучусу Райхан Бейшеналиеванын ысымы да өзгөчө баага татыйт. Анын бири-бирине окшошпогон, ар биринин өзүнчө тагдыры, мазмуну бар “Келем дедиң”, “Жолукпай калсам эгер”, “Мен сага жолугушум керек эле”, “Угуп кой”, “Асман”, ж.б. ырлары Гүлнур Сатылганованын аткаруусунда элге сиңди. Райхандын өмүрлүк жары композитор-аранжировщик Эрик Кадырбаев экенин чыгармачыл чөйрөдөн сырт адамдар биле бербейт. Бүгүнкү күндө Эрик мырза арабызда жок. Бирок, анын артында чыгармачылык менен алпурушкан жубайы жана эки баласы бар.
-Райхан эже, сиздин ырларыңызды Гүлнур Сатылгановадан тышкары кайсы ырчылар аткарып жүрөт?
-Гүлнара Тойгонбаева, Марат Ибраев, Аида Кулуева, Даниель ж.б. аткарып жүрүшөт. Айрымдарын колдорунда азыр 2-3төн даярдап жүргөн ырлары бар.
-Эрик байкенин көзү тирүүсүндө эл аралык конкурс-тар менен алектенчү элеңиздер, азырчы?
-Ооба, Эрик эл аралык конкурс-тарга программаларды жазчу. Мен конкурс өтүүчү жайларга байланышып, конкурсанттын болгон материалдарын жиберип дегендей, продюсер катары иштечүмүн. Гүлнур менен Эрик башынан эле бирге иштешти. Жыйырма жылдан ашык убакыт. Эрик экөөбүз Айчүрөк Иманалиеваны, Айгүл Асанкожоеваны, Асел Турдалиеваны, Гүлзинат Суранчиеваны, Асема Оморованы, Нурлан Мааданбековдорду конкурстарга алып бардык. Эң акыркы жумуштардан: Алтынай Жусупова деген кызды балдар конкурсуна алып чыкканбыз. Учурда Алтынай менен кайрадан концерттик ырлардын үстүндө эмгектене баштадым. Ал эми конкурстарды уюштурууга өзүм жалгыз жетишпейм дагы, анүстүнө ага демөөрчү керек. Бирок, алдыда пландар, максаттар көп. А менин түбөлүк максатым: Эриктин атын өчүрбөө. Ал жөнүндө китеп жазып атам, 70%ы жазылып бүттү. Китеп бүткөн соң, “ырларын камтыган диск чыгарсам, телеге эскерүү көрсөтүүсүн уюштурсам” деген ойлор бар. Андан соң эскерүү кечесин өткөрүү үчүн сценарий жазганга отурам. Эрик өзү профессиналдык деңгээлде иштеген адам болчу. Кечеси дагы профессионалдык деңгээлде болсо дейм.
-Өзүңүз деле Эрик байкени жоготкондон кийинки депрессиядан эми чыктыңыз окшойт?…
-Чынында эле бир жылдай кыйналдым, орусча айтканда, “недееспособная” болуп калдым. Отуруп иштөө деген мындай турсун, музыканы уккум келбей калган. Эрикти жоготуу абдан оор тийди. Экөөбүз биринчи планда соратник, дос, кесиптеш элек. А менин күйөөм экени – экинчи планда калчу. Ошондо мен бир эле учурда досумдан да, кесиптешимден да, соратнигимден да, күйөөмдөн да айрылып калдым. Андан тышкары, ал мага ата дагы, бала дагы болуп калган.
Экөөбүз кээде бир нотаны талашып, таң атканча отура берчү элек да…
Азыр ойлосом, ошол акыбалдан мени Санкт-Петербург шаары чыгарыптыр. Ал жакта “Эл аралык конкурстарды уюштуруу” боюнча стажировкада бир жылдай жүрдүм. Келгениме жарым жылга жетелек. Ортодон бир келип Гүлнурга, Гүлнарага, Ырыскелдиге ырларды таштап кеткем. Ошол ырлардын арасында азыр популярдуу болуп аткан “Асман” дагы бар болчу. Эми-эми кайрадан чыгармачылыкка киришип атканым. Буюрса, баары жакшы. Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгында “Спартак” стадионунда театралдаштырылган көрсөтмө болбодубу. Анда Кыялбек Урманбетовдун сөзүнө жазылган “Үмүт-шамы” деген ырым ачылышында жаңырды. Аны Алтынай Жусупова. Марат Ибраев, Элнура Салмоорбекова трио болуп аткарышты.
-Өзүңүз да ырдайсызбы? Дегеним, биздин композитор эжелер Каныкей Эралиева, Жамиля Муратовалар өздөрү да ырдашат го?..
-Ырдайм, бирок, кең чөйрөгө эмес. Эриктин эскерүү кечесинде бир ырды өзүм аткарсамбы (?) деп атам. Эрик экөөбүз бир курдай теледен “Сыр сандык” деген көрсөтүүдө менин “Ардагыма” деген ырды аткарганбыз. Жубайларга арналган ыр болчу.
–Ырларыңыздын арасынан кайсынысы сиздин турмушка байланыштуу?
-Турар Кожомбердиевдин сөзүнө жазылган “Зарыгуу”, Каныбек Иманалиевдин сөзүнө жазылган “Каркыралар”, “Күз кайрыктары” деген үч ырымды өз тагдырыма байланыштуу десем болот. А калгандарын, “балким бул башкаларга төп келер” деп жазам. Мен да жашашым керек да, туурабы? “Зарыгууну” Асема Оморовага бердим. Экөө иштелип бүтүп калды.
-Ырлар мүнөзгө жараша да жаралабы?
– Мүнөзүм ачык, шайыр болгону менен чыгармачылыкта негедир минорный-муңдуу, ойлоно турган ырлар чыгат. Табиятты турмушка чагылдырып жазганды жакшы көрөм. Анан “Сен келбедиң… Мен сүйдүм…” деген сыяктуу ырлардан качам. Сүйүүнү башкача деле түшүндүрсө болот да. Мисалы, Эрик менен жыйырма жылдан ашык жашадык. Мага эч качан “сүйөм” деп айткан эмес. Ал менден сурачу: “мен сени сүйөрүмдү мамилем аркылуу билдирип келем. Ошону сезесиңби?” деп. “Сезем” дечүмүн. “Сүйөм” деп, улам-улам баркы кетип айтылганча, мамиле аркылуу билдирген жакшы эмеспи.
-Кокустан кара сөз да жазбайсызбы?
-Жазам (күлүп), бирок, кез-кезде. Гүлнурдун аткаруусундагы “Сагынган күндөр” деген ырдын сөзү да, обону да өзүмө таандык. Эрик аранжировкасын жасап берген.
-Сиздин ысым кийин эле чыга баштады. Мурун кайда жүрдүңүз эле?
-Мен композиторлуктун окуусун бүтсөм да, чыгармаларым окуп жүргөндө эле жаралса да, 14 жыл аралыгында Эрикке “менин деле ырларым бар. Меникин эмнеге иштебейсиң?” дечү эмесмин. Унчукпай, Эриктин көлөкөсүндө жүрө берчүмүн. Эрик көп эле акын, композиторлор менен иштешип жүрдү да. Кийин Эрик менин агайым Сатылган Осмоновичке жолугуп калыптыр, “ай, Эрик, Райхандын деле чыгармаларын чыгарбайсыңбы? Симфониялык поэмалары, квартети жатат” дептир. Эрик мага: “агайыңа жолуктум. Мени урушту. Ырларыңды алып келсең, көрөйүн” деп калды. Анда да, “ии, азырбы?” дептирмин. Ал кезде экинчи нарис-тебиз боюмда эле. Эрик “анда сен мага кыз төрөп, белек кыл. Ошондой кийин сенин ырларыңа киришебиз” деди. Тилегин берип, кыз төрөдүм. Аңгыча Гүлнур “концерт берем” деп калды. Эрик Гүлнурга “Райхандын да ырларын иштейин” деп атам десе, Гүлнур, “эчак эле башташ керек болчу” деди. Гүлнур мени студенттик жылдардан бери билчү. Ошентип, Эрик экөөбүздүн Гүлнурга деп жазылган ырларыбыз “дүңк” деп чыкты. “Сени эстеп”, “Жолукпай калсам эгер”, “Келем дедиң”, “Мен сага жолугушум керек эле”, “Сагынган күндөр” деген ырлар бир партия болуп чыкты. Алардын ичинде Гүлнара (ред: Тойгонбаева) аткарган “Асылзат” дагы бар.
– Кайсы акындар менен иштешесиз?
– Атактуу акындар Анатай Өмүрканов, Кыялбек Урманбетов, Биримкул Алыбаев, Каныбек Иманалиев, ал эми а эми жаш муундардан Кудрет Тайчабаров, Дүйшөнбек Акимжанов, Тынчтыкбек Шайдылдаев ж.б. иштешип келе жатам.
-Илхом сизге кайсы убакта келет?
-Чайковскийдин минтип айтканы бар: “99% эмгек калган 1% гана талант” дегендей, илхом жатып алган адамга келбейт, иштеп аткан адамга келет. Иштебей отура берсең, илхом деле айтат да, “кичине козголуп койбойбу?” деп.
-Эрик байкеге арнаган чыгарма жаздыңызбы?
-Эрик менен көпкө иштеп, дос-тук мамиледе жүргөн ырчылар: Гүлнур, Гүлнара, Актан, Ырыскелдиге квартет кылып, азыр нотанын үстүндө иштеп атам. Сөзүн иштей элекмин. Ошондой эле, Эрикке арнап, Биримкул Алыбаевдин сөзүнө жазылган “Сени эстеймин” деген ырды Аида Кулуевага бергем.
-Жолдошуңуздун бүлөсүнө кандай келин болдум деп ойлойсуз?
-Улуу балабызды кайненем, “окууңарга тоскоол болот, мен багайын. Коркпогула, айрымдарчылап сени “жеңе”, Эрикти “байке” дедиртпей багам” деп Токтогулга алып кетип, багып берген. Азыр каникул сайын балдарды чоң атасынын үйүнө жиберип турам. Эриктин Райхан деген каза болуп калган карындашы бар болчу экен. Мен келин болуп, көшөгөдө отурганымда, кайнатам атымды Райхан экенин укканда, “айланайындар, кызым келиптир…” деп толкунданып, ыйлаганы эсимде.
-Буюрса, Эрик байке жөнүндө кенен-кесир сиз жазып аткан китептен окуп калат экенбиз. Ошентсе да, анын акыркы мүнөттөрү жөнүндө айта кетсеңиз?
-Мен азыр Эрик жөнүндө тынч отуруп айтып атам. А эгер эки жыл мурун жолукканыңда ыйлап-сыктап, эч нерсе айта алмак эмесмин. Эрик ооруп жатып, аны өзү билсе дагы, чөгүп калбай, акыркы мүнөтүнө чейин иштей берди. Мени жанынан чыгаргысы келчү эмес. Колумду кармап, манжаларымды, манжаларына салып алып отурчу. Ошол учурда Эрикке сүйлөгөнгө да оор келип калган. Сүйлөшчү эмеспиз. Жөн эле кармашып отура берээр элек… “Туруп тамак жасайын” десем да, “Нурик жасасын” деп койчу (ред: уулу). Бир жакка барсам да, өткөрүп аткан убактымды аячумун. “Ушундан көрө Эриктин жанында отурганым оң” деп. Башында медсестра жалдап, ийне сайдырчумун. Бир курдай “өзүң эле сайчы” деди. Этин оорутуп койгон окшойт. Эриктин сөзүн эки кылбайын деп, аны дагы үйрөндүм. Көрсө, адамдын үйрөнбөгөн нерсеси болбойт экен… Азыр ойлосом, Эрик ушунчалык күчтүү экен. Ооруга моюн сунган жок. Акырына чейин күрөштү. Акыркы убактарда жатып алып, музыка жазып калган. Ошого ыңгайлашкан “подставка” жасам бергенбиз.
Эң акыркы эмгеги, Насыр Давлесовдун музыкалык комедиясы – “Аста секин колукту” болду. Аны кайрадан иштеп чыккан. Спектакль сахнага коюлгандан кийин, бир жума өткөн соң көз жумду…
Эльмира Мадиева, “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 22.12.2011-ж.