Табылды Эгембердиев, ордо федерациясынын президенти: “Ордо оюну абалак менен кайра жанданды”

Кыргыздын улуттук оюндарынын бири болгон ордо акыркы жылдары такыр унутта калган. Жылына бир жолу “Алтын томпой” деген аталышта республикалык турнир формалдуу гана түрдө өткөнү болбосо. Союз учурунда өлкөнүн Түштүк тарабы томпой менен Түндүк тарабы абалак менен ойноп турушчу. Эгемендик алган жылдары ордону жалаң гана томпой менен ойноо эрежеси киргизилип, анын өтөөсүнө эч ким чыккан эмес. Жакында “Шоро” фирмасынын башчысы Табылды Эгембердиев ордо оюнун жандандыруу иретинде федерациянын президенти болуп шайланып, абалак менен ойно эрежесинде Федерациянын кубогуна арналган мелдешин алты дубандан келген (Баткен облусунан гана келген эмес) оюнчулар арасында өткөздү.

-Табылды мырза, ордо акыркы кезде ойнолбой калган. Томпой менен чанда болуп калган. Федерация жетекчилиги болуу менен ордону абалак аркылуу жандандыруу ой кайдан келди?
-Биз чүкө менен ордо ойноп чоңойдук. Кыштын кыраан чилдесинде, сууктун ызгаарында койдун терисинен колкап жасатып алып, керзи өтүктү бутка илип, ордо ойноп аткан жерден чыкчу эмеспиз. Агалар эки жаат бөлүнүп алып, бирөөсү оюнду салып берип, экинчиси жандырып дегендей. Ошондо да мектеп окуучуларын ал жерге жолотпой, “СССРдин жалпы идеологиясына туш келбейт экен. Улутчулдук жеке көз-караш” дешип. Ал эми эмне үчүн абалак менен дегенде, мен бала чактан абалак менен ойнодум. Томпой менен ордону ойнойт деп укпаптырмын. Бирок, мындан үч ай мурун томпой менен ойногондорун көрдүм. Мага жакты. Мыкчыгерлердин оюну экен. Анткен менен кызык жактары азыраак өңдөндү. Анан “Шорону” деле улуттун суусундуктарын унутуп калбайлы ниетте баштагам. Ансыңарындай, “Супара” этнографиялык борборду ачаарда оюма биринчи кезекте ордо жана чүкө менен үч тапан оюну келген. “Улуттук спорт оюндарынын аксакалы ордо” деп айтылат. Ушундан улам унутта калып бараткан ордону жандандырууну милдет кылдым. Мындан ары уланта берем.

-Ошол эле абалак менен ойноп жүргөн ордочулар “аты эле абалак болбосо, томпойдун эрежеси экен” деп атышат. Буга эмне деп жооп бересиз?
-Жок, андай эмес. Нарындык биртуугандарым эрежени бир аз жеңилдетип алышыптыр. Эми эрежеси ушу бойдон калбайт. Жайдын ортосунда 60 жаштан өткөн ышкыбоз аксакалдарды өлкө боюнча түрө чогултуп, ордо боюнча мелдеш өткөрөм. Оюндан кийин ийри мүйүз тарта отуруп эрежени такташабыз. Баардык жагы эске алынат. Бул эми абалак менен биринчи жолу өтүп атканга байланыштуу кемчилик кеткен жок дегенден алысмын. Көч деле бара-бара түзөлөт эмеспи.

-Мелдеш жөнүндө бир аз токтолсоңуз…
-Федерация кубогуна арналган мелдешти күн мурунтан белгилеп, райондук жана облустук спорт жетекчилерине кабарланган. “Ордо абалак түрүндө өтөт” деп. Баткен облусунун гана ордочулары келбептир. Калгандары толук болду. Бир күн машыгуу, жатыгуу күнү деп белгилеп, эрежелерди да тактадык. Томпойго көнүп калган оюнчулар биринчи күнү тик туруп атып аткан. Мелдештин кийинки күндөрү абалак менен сыдыра атканга көнө түшүштү. Бу чоң жетишкендик. Андан сырткары, биринчиликти “Нарын командасы жеңет” деп ичимен боолголоп аткам. Андай болбоду. Чүй командасы биринчиликти жеңүү менен кубокту жана 30 миң сом байгени алышты. Экинчи орун Бишкек курамы 20 миң сом, үчүнчү орунду Нарын ордочулары 15 миң сом байгеге татыды. Калган командаларды да кур кол кетирген жокпуз. Жандуу катышкандыгы үчүн деп 5 миңден бердим. Жок дегенде жол киресине жарап берсин деп.

-Томпой четте калабы?
-Четте калбайт. Түштүк региондогу томпойго жатыгып калгандарды да чогултуп, алардын эрежелерин тактап беребиз, ойной беришет. Ушуну менен катар “үч тапан”, “упай”, “кан таламай” деген чүкөгө байланышкан оюндар бар. Аларды да жандандырабыз.

Кийинки ордо мелдешине “үч тапан” оюнунан эки баладан ала келгиле (?) деп айттым. Буга да байгени чоң коюп, мелдеш өткөзөм. Ордонун башаты ушу жерде.

-“Супарада” ордо ойноло турган аянт бирөө экен. Аздык кылбайбы?
-Ал жагын ойлонуштуруп атабыз. Улуттук университеттин батыш капталында бир мезгилде 6 команда күч сынаша турган талаа бар экен. Эгер маселе оң жагына чечилип калса, аны да ийге келтирип, ордочулар үчүн жасап-түзөп коет элем. Жакшы болмок. Шаардын чок ортосунда алгачкы мелдештерин жүргүзүп, финалдык таймашты “Супарада” өткөзмөкпүз.

-Илгери ата-бабалар ордодо “салып бердик” деп калышчу эле?..
-Биз да бара-бара ордо оюнун 2 саат же 1,5 саат деп чектебей, салып бергенге чейин жеткиришибиз керек. Бул эмне деген кеп? Тиги же бу команда чүкөсү жок калып, “алсырап”, чокондоп, акыры утулат. Анан уткан команда утулганга салып берет. Жандырса, жандырып кетти. Болбосо түп оту менен утулду. Мына ошондо ордо көркүнө чыгып, эл оозуна алынып, оюнга болгон кызыгуулар күчөйт.

-Улуттук оюн демекчи, тогуз коргоолду кошуна казак эли каратып туруп тартып алды. “Тогуз кумалак казактыкы” деп жүрүшөт. Ордону да казактар тартып албайбы?
-Бу чоң маселе. Жакынкы арада ордону, упайды, үч тапанды патенттен өткөрүп коелу деп атабыз. Ооба, антпесек кошуна казактарга ишенип болбойт. Бир кезде көкбөрүнү бизчелик тарта алчу эмес. Эми бизден кыйын тартып атат. Моюнга алыш керек. Тогуз коргоолду биздин аталарыбыз казак жергесине чейин барып, баш көтөргүз кылып утуп келишчү. Эми биздин тогуз коргоолчулар биякта эле калды. Аны угуп, билип атабыз.

-Федерацияны бутуна тургузуу үчүн дагы кандай иш-чараларды кылуу керек?
-Алдыга койгон максаттарым абдан көп. Ар бир ишти баштоодо жана бутуна тургузууда көп каражат талап кыларын эстен чыгарбашыбыз керек. Муну жон терим менен сезип турам. Бу жолку мелдештин байге куржуну 100 миң сом болду. Андан сырткары, мелдешке келген ордочуларды түштөндүрүп, тамак аш менен камсыз кылдым. Эмки мелдешке байге куржунуна 200 миң сом саям. Үч тапанга болсо 50 миң сом. Келечекте байып кетсем, миллион сом кеп эмес.

-Федерация кубогунан да тышкары башка мелдештер болушу мүмкүнбү?
-Жаз алды менен жер-жерлерге ордо федерациянын филиалдарын ачалы деп атабыз. Жада калса ар бир айылга. Алгач айыл биринчилиги, райондук мелдеш, анан облус чемпионатын жүргүзүп, а жерден облустун мыкты оюнчулары иргелип, команда куралат да, ордо калаадагы чоң мелдешке келишет. Ордо оюну абалак менен кайра жанданды. Мындан ары өнүктүрүп кетебиз.

Сурат Жылкычиев, “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 22.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.