Түлөө берүү

Бул — ар кандай кырсыктардан аман калганы же алыска аман-эсен барып келгени үчүн жаратканга ыраазы болуп мал союп, этин бышырып, элге таратуу, бата алуу. Түлөө көбүнчө катуу ооруп айыкканда, кыйналып аман-эсен көз жарып алганда, бийик жерден жыгылганда, оор кырсыктан башы кутулганда берилет. Түлөөгө, адатта, кой-эчки, козу-улак, тай-торпок өңдүүлөр союлуп жүрөт.

“Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.