Түлөө берүү
Бул – ар кандай кырсыктардан аман калганы же алыска аман-эсен барып келгени үчүн жаратканга ыраазы болуп мал союп, этин бышырып, элге таратуу, бата алуу. Түлөө көбүнчө катуу ооруп айыкканда, кыйналып аман-эсен көз жарып алганда, бийик жерден жыгылганда, оор кырсыктан башы кутулганда берилет. Түлөөгө, адатта, кой-эчки, козу-улак, тай-торпок өңдүүлөр союлуп жүрөт.
“Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.12.2011-ж.
Соц тармактар: