Бертик суроо

Бул – бели нооказдап (мертинип) калган адамды эмдөө аракети. Илгери элибиз көбүнчө боз үйдө тургандыктан бала-бакыра өзү көрүнбөй туруп, сузгуну эшиктен үйгө сунчу. Үйдүн адамдары аны дароо түшүнөт, өзүлөрүн көргөзбөй сузгуга колунда барын салуу. Көбүнчө ага ун, май, эгин, туз, эт, сүт өңдүүлөр түшөт. Бели мертинген аны ошол турушу боюнча бышырып ичет, жейт. Мындан ооруга дабаа болгон. Азыр деле айрымдарды – тигинден-мындан бирдеме суроочуларды “бертик сурагансып” деген өтмө мааниде сөз айтылып жүрөт.

“Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.