Малдын эти
ЖАҢЫ ЭТ МЕНЕН ЭСКИ ЭТТИН АЙЫРМАСЫН БИЛҮҮ
- Жаңы эт алам десеңиз, базарга барыңыз. Ал эми дүкөндөрдөгү эттер таңгакталгандыктан, алардын көпкө сакталуусу үчүн химиялык заттар да кошулат.
- Таза, жаңы союлган малдын этинен кызыл түстөгү маңыз чыгып турат.
- Жаңы этти манжа менен басып көргөндө пайда болгон чуңкурча бат түзөлөт.
- Эгер тоңдурулган эт болсо, манжа тийген жерине кызыл так түшүп калат. Ал эми кайра-кайра тоңдурулган этте кызыл так пайда болбойт жана майы ачык кызыл тартып калат.
- Бузулуп кеткен эт, баарыбыз билгендей, жыты өтө жагымсыз жана өңү абдан кочкул кызыл болот.
ЭТТИН ТҮСҮНӨН МАЛДЫН ЖАШЫН БИЛИҢИЗ
- Жаш малдын эти ачык кызыл түстө жана майы агыш болот.
- Чоң малдын эти кызыл түстө болот.
- Карыган малдын эти кочкул кызыл түстө болуп, майы саргыч тартып калат. Мындай малдын эти катуу келип, кеч бышат.
УЙ ЭТИНИН КАЙСЫ БӨЛҮГҮ СУУГА БЫШЫРУУГА ЖАНА КУУРУГАНГА ЫЛАЙЫКТУУ?
АШКАНА СЫРЛАРЫНАН
- Шорпо тунук жана даамдуу болсун десеңиз, анда этти муздак сууга салып бышырыңыз.
- Эт асканда анын үстүн толук көмгүдөй кылып суу куюңуз. Кайнаганда бууланып отуруп, эт бышкыча шорпосу аз болуп калат.
- Этти бышырууда башында катуу бир кайнатып алуу керек. Андан кийин жай отто бышырсаңыз, эт ширелүү жана жумшак болуп бышат. Күчтүү отто кайнатылган эт катуу болуп калат.
- Шорпого калкып чыккан чий көбүктү эт катуу кайнай электе алып салыңыз. Эгер шорпо катуу кайнап кетсе, чий көбүгү этке аралашып, эт таза болбой калат.
- Шорпо тунук болсун үчүн бир тоголок пиязды аарчып бүтүн боюнча салып жиберсеңиз да болот.
- Эт канчалык майлуу болсо, ошончолук тез куурулат.
- Этти муздаткычта +5° температурада тоңдуруу туура.
- Тоңдурулган этти эритүүдө аны ысык сууга салууга болбойт. Аны бөлмө температурасында (18-20 °С) эритүү керек.
- Алгач кагазга, андан соң туздуу суу менен нымдалган чүпүрөккө оролгон эт көпкө сакталат.
- Этти ачык жерде сактаганда ага лимондун ширесинен сүйкөп койсоңуз, чымындар жолобойт.
ЭТТИ ТЕЗ КУУРУУНУН ЖОЛДОРУ
- Кууруй турган этти 1 саат мурда горчица менен сүртүп коюу керек.
- Эттин ар кайсы жерин тешип сарымсак тыгып койсо да болот.
- 1,5-2 саат маринадда кармоо керек (сууга уксус аралаштырып).
- Сүткө 4-5 саат салып коюу керек.
- Бул көрсөтмөлөрдүн бирин тандап алыңыз. Алдын ала мындай даярдыктан өткөн эт 10-15 мүнөттө бышат.
Кубаныч Сыдыков, “Супер-инфо”, №463 16-22-сентябрь, 2011-жыл
Соц тармактар: