Таттуу токоч – 2

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Камырына:
Суу – 1 стакан
Каймак май – 100 грамм
Ун – 200 грамм
Жумуртка – 3 даана
Бир чымчым туз
Креми үчүн:
Каймак май – 200 грамм
Коюлтулган сүт – 1 банка
Бир чымчым туз.

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Сууга каймак май менен тузду кошуп, жай отто кайнатып алабыз да, ага унду чуурута салып, бат-баттан аралаштырабыз. Аралашмабыз казандын бетине жабышпай калганда гана аны оттон чыгарып, муздаганча күтөбүз. Муздагандан кийин ага 3 жумуртканы чагып, аябай аралаштырабыз да, майланган табага кондитердик шприц менен 5-6 сантиметр калыңдыкта куябыз.
2. Анан аны 200 градуста ысып турган духовкага салабыз да, 10 мүнөттөн кийин 150 градуска которобуз.
3. Эми кремин даярдайбыз. Каймак майга туз жана коюлтулган сүттү кошуп, жакшылап чалып алабыз. Даяр болгон кремди шприцтин жардамы менен токочтун ичине куябыз.

«Супер-инфо»

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.