Малдын эти

ЖАҢЫ ЭТ МЕНЕН ЭСКИ ЭТТИН АЙЫРМАСЫН БИЛҮҮ

  • Жаңы эт алам десеңиз, базарга барыңыз. Ал эми дүкөндөрдөгү эттер таңгакталгандыктан, алардын көпкө сакталуусу үчүн химиялык заттар да кошулат.
  • Таза, жаңы союлган малдын этинен кызыл түстөгү маңыз чыгып турат.
  • Жаңы этти манжа менен басып көргөндө пайда болгон чуңкурча бат түзөлөт.
  • Эгер тоңдурулган эт болсо, манжа тийген жерине кызыл так түшүп калат. Ал эми кайра-кайра тоңдурулган этте кызыл так пайда болбойт жана майы ачык кызыл тартып калат.
  • Бузулуп кеткен эт, баарыбыз билгендей, жыты өтө жагымсыз жана өңү абдан кочкул кызыл болот.


ЭТТИН ТҮСҮНӨН МАЛДЫН ЖАШЫН БИЛИҢИЗ

  • Жаш малдын эти ачык кызыл түстө жана майы агыш болот.
  • Чоң малдын эти кызыл түстө болот.
  • Карыган малдын эти кочкул кызыл түстө болуп, майы саргыч тартып калат. Мындай малдын эти катуу келип, кеч бышат.

УЙ ЭТИНИН КАЙСЫ БӨЛҮГҮ СУУГА БЫШЫРУУГА ЖАНА КУУРУГАНГА ЫЛАЙЫКТУУ?

АШКАНА СЫРЛАРЫНАН

  • Шорпо тунук жана даамдуу болсун десеңиз, анда этти муздак сууга салып бышырыңыз.
  • Эт асканда анын үстүн толук көмгүдөй кылып суу куюңуз. Кайнаганда бууланып отуруп, эт бышкыча шорпосу аз болуп калат.
  • Этти бышырууда башында катуу бир кайнатып алуу керек. Андан кийин жай отто бышырсаңыз, эт ширелүү жана жумшак болуп бышат. Күчтүү отто кайнатылган эт катуу болуп калат.
  • Шорпого калкып чыккан чий көбүктү эт катуу кайнай электе алып салыңыз. Эгер шорпо катуу кайнап кетсе, чий көбүгү этке аралашып, эт таза болбой калат.
  • Шорпо тунук болсун үчүн бир тоголок пиязды аарчып бүтүн боюнча салып жиберсеңиз да болот.
  • Эт канчалык майлуу болсо, ошончолук тез куурулат.
  • Этти муздаткычта +5° температурада тоңдуруу туура.
  • Тоңдурулган этти эритүүдө аны ысык сууга салууга болбойт. Аны бөлмө температурасында (18-20 °С) эритүү керек.
  • Алгач кагазга, андан соң туздуу суу менен нымдалган чүпүрөккө оролгон эт көпкө сакталат.
  • Этти ачык жерде сактаганда ага лимондун ширесинен сүйкөп койсоңуз, чымындар жолобойт.

ЭТТИ ТЕЗ КУУРУУНУН ЖОЛДОРУ

  • Кууруй турган этти 1 саат мурда горчица менен сүртүп коюу керек.
  • Эттин ар кайсы жерин тешип сарымсак тыгып койсо да болот.
  • 1,5-2 саат маринадда кармоо керек (сууга уксус аралаштырып).
  • Сүткө 4-5 саат салып коюу керек.
  • Бул көрсөтмөлөрдүн бирин тандап алыңыз. Алдын ала мындай даярдыктан өткөн эт 10-15 мүнөттө бышат.

Кубаныч Сыдыков, “Супер-инфо”, №463 16-22-сентябрь, 2011-жыл

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.