Кыргыз тилин интернетке киргизүү максатын көздөгөн “Google Translate Эне тил” долбоорунун биринчи баскычы аяктады

Кыргыз тилин интернетке киргизүү максатын көздөгөн “Эне тил” долбоорунун биринчи баскычы аяктады. Бул тууралуу 2-майда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган долбоордун менеджери Атай Жунушев билдирди.

“Долбоордун алгачкы этабында 1 млн 200 миң сөз айкашын которуп, “Google Translate” өткөрүп бердик. Алардын адистери биздин материал менен таанышып чыккандан соң, “котрмонун сапаты коюлган талаптарга жооп берет” деген тыянагын беришти. Буйруса кеч күзгө чейин “Google Translate” интернет которгучунда кыргыз тилиндеги интернет которгучтун алгачкы варианты пайда болот”, – деди долбоордун демилгечиси.

Анын айтымында, “Google Translate Кыргыз тили” долбоорунун экинчи баскычында “Википедия” сайтында жарыяланган кыргыз тилиндеги макалалардын санын 50 миңге чейин жеткирүү максаты коюлууда. “Учурда бул сайтта кыргыз тилиндеги 6-7 миң гана макала бар. Мындан тышкары ушул эле сайттагы кыргыз-орус-англис тилиндеги сөздүктө камтылган сөздөрдүн санын дагы көбөйтүү керек. Бул багыттагы ишти аткаруу үчүн бизге каржылык жардамга муктаж болуп турабыз”, – дейт А. Жунушев.

Белгилей кетсек, долбоордун биринчи баскычы Кыргызстандагы АКШнын элчилиги, “Билайн” компаниясы тарабынан каржыланып, ыктыярдуу адистердин көмөгү менен ишке ашырылган.

Жолдош Жусупов, «Кабар» МА, 02.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.