Абдыкерим Муратов: “Басмачылар” кыймылын башкача өңүттөн кароого аракет кылдым”

“Арча” сыйлыгынын ээлери Абдыкерим Муратов жана Арслан Койчиев. Сүрөт http://www.literatura.kg сайтынан алынды.

-Абдыкерим мырза, жакында сиздин бир романыңыз жазуучулар үчүн жарыяланган сынакта байгелүү орунга татыктуу болгондугун уктук, ал кайсы чыгарма? эмне жөнүндө?
-Азырынча аты “Сунулган баш… Суурулган кылыч” деп аталат. Тарыхый негизи – 1919-жылы Баргана өрөөнүндө өткөн окуялар. Октябрь ыңкылабы жеңгенден кийин Ленин “улуттарга эркиндик, теңдик беребиз” десе, биз жактыктар дердеңдеп, Кокондо эгемендүү республика түзө коюшат. Ошо кезде Кокондо орусча билип калгандар, Сибирь түрмөлөрүн көрүп келгендер, Ыстамбул, Багдад, Кашкар, Упа, Казан шаарларында окуп бүткөндөр көбөйө баштаган.

Кокон бу Баргана өрөөнүнүн пайтакты болгон менен тээ Ташкенден бери кыйла журттун ордосу эле. Илгерки хандыктын жугу-журту кете элек. Ошол кезде Кокондо 382 мечит, 42 медресе орун алып, аларда кеминде 6 миңдей талаба, мударистер болгон. Дини мусурман бул жерлерде бекем эле. АКШ, Англия, Германия сыяктуу Батыш өлкөлөрүнүн он бир банкы бул жердеги ишканалар менен алакада турган. Алардын ичинен Орус-Азия, Орус тышкы соода, Волга-Кама, Азов-Дон, Москва эсеп банкы дегендер болгон. Цинделия менен Савва Морозовдун кампалары бүт Борбор Азияны товар менен камсыз кылган. Кокондо орустардын таасири аз болгон менен акырын-акырын баш багып келаткан. Ошол таасир жанагы билимдүүлөрдү жана дини ислам кишилерин ойлонтпой койбоду. Жумушчу Кеңештеринин курамына сырттан киргендер орношот, жакшы жайыттуу, сулуу жерлерди ошолор ээлейт, алар курал менен жүрүшөт (!) деген ой көпчүлүктү кыйнай берет. Анын үстүнө бир-эки жыл мурда эле алты айга созулган калк козголоңу чыккан. Анда “орус армиясына мандикерге уулдарыбызды бербейбиз” деп каршы болуу менен башталган нааразылык бара-бара диний күрөшкө, улуттук күрөшкө айланып кеткен. Каршыларды аёосуз баскан. Басыш үчүн борбордук Орусиядан аскерлер, кубаттуу курал-жарак келген, Борбор Азиядан 673 миң киши өлтүрүлгөн, 163 миң киши Сибирге сүргүн болгон, 300 миңдей адам Чин өлкөсүнө ооп кеткен, иши кылып, миллиондон ашык кишинин мал-мүлкү, жаны, тууган-уругу кырылган, байлыгы таланган. Эл “мына ошону кылган падышачылык орустар” деп турган. Алар “Орус бийлигинен азат болобуз, башка диндегилер менен бир дөөлөт түзүп, кыямат кайымга бирге бара албайбыз” деп катуу турушту. Ошентип, алар Кокон хандыгын кайра тикелемек болуп, бара-бара бүт жаамы Түркстан мусулмандарын бириктирип, калыйпалык түзүү чечимине келишти.

-Ошол Кокон республикасын түзгөндөрдүн башында кимдер турган?
-Алар Түркстан автономиясынын убактылуу элдик уламалар кеңешин түзөт жана ага 32 киши шайланат. Курултайда Түркстан Мухтар (Автоном) Жумуриятынын аткаруу комитетин – өкмөттү түзөт. Өкмөт башчылыгына адегенде казак Мухаммаджан Тынышбай отурат да, кийин анын ордуна тышкы иштерди тейлеген Мустафа Чокай шайланат, ал эми вазирлик (министрлик) орундарга Убайдулла кожо, Абдырахман Ороз уулу, Шах Ахмед уулу, Абиджан Махмад уулу, Насирхан төрө, Мурадил, Хидаят Ага уулу сыяктуу инсандар шайланат, алардын бири ички иштерин тейлесе, экинчиси өнөр жай ишканаларын, дагы бири азык-оокат, билим берүү, курулуш иштерин тейлешкен.

-Алардын арасында кыргыздар болгон эмеспи?
-Болгон, кантип болбосун? Кадимки Курманжан датка, Алымбек датканын урпактары, алардын ичинен Жамшидбек Карабеков болгон. Билимдүү жигит эле. Алар билим берүүнүн жаңы жолун тандаган, ошол билим аркылуу, окутуу аркылуу коомду, адамдардын аң-сезимин өзгөртүүгө болот (!) деп эсептешкен. Булар бүт Түркстан элдерин бириктирүү, уруу-уруктардын башын кошуу, алардын мыйзам чыгаруу органын түзүү милдетин белгилешкен. Чек ара кайтарар жана ички тартипти чыңдоочу улуттук армия куруу, дин эркиндигин берүү, баардык улуттарды бирдей кароо маселесин көтөргөн. Өзүнчө акча чыгаруу жагын Орусия менен сүйлөшүп, чечмек болушкан. Түркстандын эгемендүүлүгүн колдоп, эл катуу чыкты. 1918-жылдын башында шаардын жаами мечитинде “Кокон автономиясына” кирген улама Шүкүркан Хазрат: “… автономчулар жалгыз эмес, алардын артында Англия турат. Ошолордун жардамы менен Англиянын Жети-Суу аркылуу Ташкенге кирүү планы түзүлүүдө” десе, курултайдын бир катышуучусу Алымов: “Биз Түркиядан Энвер-пашаны чакырабыз, анын жана Алланын жардамы менен Кудаяр хандын заманын кайра кайтарып, Кокон мухтарлыгын түзөбүз” дейт. Алар Орунбордогу “Алаш” кыймылы менен, Орусиядагы атаман Дутов менен да байланышта болгон, курамында ири байлар, дин ишмерлери да болгон. Ал түзүмдүн активдүү өкүлү Бехбуди 1917-жылы декабрда “Урият” газетасына минтип жазат: “Кимдер биздин жерди жана байлыктарды бөлгүсү келсе, биз бүт жан-дилибиз жана ишенимибиз менен аларга каршы турабыз. Түпкүлүгүндө автономия жерибизди, мүлкүбүздү жана динибизди коргоо үчүн түзүлөт, жер, мүлк бөлүнбөгөн бойдон калат”. 1917-жылы 6-декабрда Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммед алайхи саламдын туулган күнүнүн урматына Кокондун чоң жаамы мечитинин алдына 60 миңдей киши чогулду. Алар мечиттин купасына тагылган жаңы Түркстан Мухтар Жумуриятынын байрагын карап, бул жаңы мамлекетти таануу маселесин көтөрүп чыкты. Мындай митингдер башка жерлерде да болду. 13-декабрда Ташкенде чоң жүрүш белгиленип, анын алдынан кыштактарга уламалар үгүт жүргүзгөнү чыгышты. 6-декабрда Ташкендин Бегларбеги медресесинде жыйын болуп, анда Минавар кары, Адыл муфтий, Сеид Ганыкан, Шер-Али Лапин, Пирмухаммед Азам ж.б. зоболосу зор кишилер жана башка Түркстан автомониясынын убактылуу элдик кеңешинин мүчөлөрү чыгып сүйлөшөт…

-Бул кыймыл от алып, жана берген деңизчи?..
-Кеп, ошол жалындын коркунучунда болуп жатпайбы. Албетте, ушундай толкунга Орусия кыйылып, башын оорутту. Адегенде “улуттарга жана элдерге укук берем, ким эмне кылса, өзү билет” деген Лениндин сөзү алдамчылык болуп чыкты. Большевиктер жеңип алган революциясын эгер ушинтип арасынан бөлүп чыгара берсе, анда акыры Владимир Ильичтин кабинетинен башка эч нерсеге ээ боло албасын түшүндү. Түшүнбөгөндөргө түшүндүрүштү. Бул Орусия ичиндеги “жаңы баланы” эми эле көзүн ачып аткан большевиктер да кабыл алгысы келбеди. Башка бийлик, башка мамлекет алар үчүн кереги жок эле. Ошон үчүн эски стиль боюнча 11-февралда эл арасында алсыз Кокон Кеңеши ошол жердеги абройлуу боло баштаган Түркстан автоном өлкөсүнө куралсыздануу жана ислам аскерлерин таратуу тууралуу ультиматум жиберет. Бул алгачкы кабар эле. Алдыда чоң коогалаң келаткан… Адегенде Коконго Скобелевден, азыркы Ферганадан, ошол кездеги ошол чөлкөмдө жакшы куралданган 140 кишиден турган, 4 замбиреги, 4 пулёмоту бар отряд келет, аларга жалаң гана европалыктардан турган темир жол тармагында иштеген кишилерди аскер кылып, колдоруна курал берип кошуп коёт. Кокондун өзүндө 100 армян дружинниктери бар эле. Ошентип, 1918-жылы 29-30-январда (18-19-февраль) большевиктердин куралданган аскерлери жаңыдан баш көтөрүп келаткан Түркстан Мухтар Жумуриятынын идеясын жок кылып, алардын жетекчилерин таратуу үчүн колдоруна курал алды, Орусиянын эң четинде – Кокондо атуулдук согуш башталды. “Басмачылык” деп аталган кыймыл жер астында жети жыл жаткан ажыдаардай копшолуп, булкунуп турду… Ошол күндөрдөгү мусулмандарга каршы “кандуу казатта” орус кызыл аскерлери өзгөчө каардуу болгон. Кокон замбирек тобу менен талкаланды, туш тарабынан атылган уютулган октор хан калаасын ташбараң кылып, канывайранын чыгарды. Орусия кандай күч экенин, ага каршы баш көтөрүү канчалык оорго турарын автоном түзгүсү келген мекенчилдер да, “өз өлкөбүздү курабыз” деген караламан калк да жон териси менен сезип-туйду. Кокон кызыл жалын менен кара, көк түтүндүн ичинде калды. Эки жүз, үч жүз жыл бир мамлекеттин пайтакты болуп турган ордо калаанын отко алынышы менен адамдардын жүрөгүнө да алоо жагылды. Кокон хандыгы кыйраарда да мынчалык болгон эместир. Бул большевиктерди элге жаман көрсөткөн эң алгачкы окуя жана Орусиядагы атуулдук согуштун – өз элине каршы согуштун карлыгачы экен көрсө. Он күн окко алынган Кокон оңойлук менен колго кирбеди. Онунчу күнү Ташкенден жана Перовскден (Кызыл-Ордо) жардам келди. Кызыл аскерлердин ал тобуна Түркстан Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Федор Колесовдун жана Түрк республикасынын башкы аскер комиссары Е.Л.Перфильевдин жетекчилик кылышынын өзү эле маселенин канчалык маанилүү экенин айтып турбайбы. Бул күндөгү Кокондун тагдыры – бүт Совет бийлигинин тагдыры эле. Кызылдардын отряддары биринин артынан бири агылып, Коконго Анжиандан, Намангандан, Маргаландан, Кызыл-Кыядан гана эмес, алыстагы Самаркандан да келип жетти… Мухтар жумуриятчыларга жардам келчү жолдор тосулду, анын үстүнө алар куралсыз эле. Армян дружинниктери (“дашнакчылар” дешкен, себеби алардын уюлун армян буржуазиялык улуттук “Дошнакцтюн” партиясынын мүчөлөрү түзгөн) 500дөй жарадарлар жана оорулуулар жаткан Кокон шыпааканасын өрттөп ийди. 50 кишини көчөдө эл алдында атты, асты, өлтүрдү. Өкмөттүн 30 мүчөсү камакка алынды, бирок Осипов жакшылык кылып, алардын 20сын качырып ийди. Кокондон кийин замбирек топтору башка шаар, калааларына, өзгөчө көбүрөөгү Скобелевге жаады.

-Демек, “басмачылык” кыймылынын башаты ушундан башталдыбы?
-Ап, балли! Ошол-ошол болуп, эгемен Кокон Жумуриятынын башкы командачысы Эргеш кол баштап, айыл аралап чыгып кетти. Ал аксап баскан, кыраакы киши болчу. Аны Кокондо “короо башы” деп аташчу. Бир короонун башчысы эле. Кийин ал кол курап чыгып кеткенде, “короо башчы” дешип отуруп, бара-бара душмандары ачуусу келип, “корбашы” деп алышты. Анын жардамчысы корниловдук дивизияда сыноодон өткөн Шамилбек да оңой жигит эмес болчу. Булар эң биринчи бөлүнүп кеткен, эл арасынан колдоо тапкан топ эле. Алар эл арасына чегинип, аларга таянып, кайрадан күч жыйнап, жаңы күрөшкө келүү үчүн кетишти… “Автономчулардын” көбүнүн колго түшүшү жана өлтүрүлүшү, Мустафа Чокой баш болгон бир тобунун чет өлкөгө өтө качышы большевиктерди шердентти, карапайым калктын коркконунан орустар тарабына ооп кетишин шарттады. Кызыл-Кыя шахтёрлору жумушчу аскерин түзүп, И.И.Едренкиндин жетекчилиги менен Кокон автономиясын талкалоого активдүү катышты. Скоболевден Ошко 80 кызыл аскер жиберилди. Сүлүктүдө, Кызыл-Кыяда өз эрки менен деген аскерлер түзүлдү. Бул кызыл кыргындан 180ден көбүрөөк шаар-кыштак өрттөлдү, Маргаланда 7 миңдей, Анжианда 6 миңдей, Наманганда 2 миңдей, Базар-Коргон менен Кокон-Кыштакта 4,5 миңдей киши өлтүрүлдү. Армян дружинниктери менен кызылдар Коконду бир ай өрттөдү. Огун аяп адамдарды союп таштап атышты. Сузак, Базар-Коргон, Кокон-Кыштак армяндардын адам өлтүрөр майданына айланды. Бул жерлерде дээрлик адам аттуу калбай өлтүрүлдү, же тоолоп качып кетти. Муну көрүп турган эл колундагы кетменин, андабасын, жубалдызын, жеңчесин, байтешесин, саман кабын, камчысын, укуругун, орогун, жаргылчагын, көөрүгүн ыргытып, эми колуна адамды набыт кылар, кан агызар курал алды. Муну алар өзүн жана тууганын, бир укум жерин коргоо үчүн айласыздан жасады. Дыйкан колуна мылтык тийди. Кечээ эле кетмен, теше, орок жасаган устаканалар жашыруун түрдө сайлуу мылтык, кылыч, шамшар жасоого өттү. Кокондогу Мухтар Жумуриятты кулатуу үчүн большевиктер эч нерсе аябады, баарын кан төгүү менен жасады, эң негизгиси, жаңы чыккан Кеңеш өкмөтү убадага турбаган түзүм экенин, алар бүтүндөй бир чоң чөлкөмдү тукум курут кылууга жөндөмдүү экенин, ошол аркылуу гана Совет бийлигин орнотууга чыгынып жатканын көрсөттү. Ушунун өзү “басмачылар” деген кыймылдын жаралышына түрткү болду. Ошондо Орусия жактан келген буйруктанбы, же башкасыбы, мунун баарына ушулар айыптуу делгендей, ошол кездеги негизги билим берер жана эл чогулар жайлар – мечиттер менен медреселер өрттөлдү, талкаланды, алардын башчылары өлтүрүлдү, Маргаланда мусулмандардын эң ыйык китеби Курани Каримди отко жагып ийишсе, Анжиандагы жаамы мечитти каапырлардын жатак жайына айлантып, ал жерлерди кумарканага, ичкиликканага, адам соёр касапканага айлантып ташташты. Анан ушуга ким чыдап турат да, кандай адам, кандай мусулман бардаш берет? Күрөшкө чыкты. Менин жогоруда сөз кылган романым ошол күрөштүн алгачкы жылдары тууралуу. “Басмачылар” кыймылын башкача өңүттөн кароого аракет кылдым, алардын ичинде мекенчили да, “партизаны” да, “басмачысы” да болгон, ошолорду тарыхый-документалдык материалдардын, эл арасындагы кеп-сөздөрдүн жана ойдон чыгарылган каармандардын негизинде жалпылап көрсөтүүгө аракет кылдым.

Мамат Сабыров, «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.05.2012-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Абдыкерим Муратов: “Басмачылар” кыймылын башкача өңүттөн кароого аракет кылдым”

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.