Кара таштардын сыры

(жомок)

Өткөн заманда, Ала тоонун боорунда көзгө атар мер-генчи жашаптыр. Анын бараң мылтыгы, зайыбы, Чырак аттуу жалгыз баласынан бөлөк эч нерсеси жок экен. Кийиктин этин жеп, терисин кийим-кечек, төшөнчү кылып жан багышчу.

Акыры мергенчи катуу ооруп, төшөккө жатып калды. Баягыдай кийиктин эти жок, эптеп жан багууга туура келди. Кичинекей Чырак атасынын бараң мылтыгы ме-нен кекилик, чил, кыргоол атып келчү болду.

Күндөр өтө берди. Мергенчи оорусунан баш көтөргөн жок. Аңгыча кылычын сүйрөп кыш да келди. Кар калың жаап, малга жут болду. Айылдагы элдин отундары түгөнүп, өзөнчө өскөн бадалдардан кесип, эптеп-септеп тамак-аш бышырып ичип жатышты.

Күндөрдүн биринде мергенчинин айлына жалаңдаган кылыч байланып беш жигит келди да:
– Кимде ким Чомо бийдин жеринен, өзөн суунун боюнан бадал кесип, ит мурун кыркып, түндүгүнөн түтүн чыгарат экен, ал айыптуу болот, даргага асылат же башы алынат дешип кайра кетишти.

Кедей адамдар эми эмне кыларын билбей, Чомо бийге каргыш айтып, үйлерүнде үңкүйүп отуруп калышты. Түндүктөн түтүн чыкса, Чомо бийдин жигиттери ке-лип, “бийдин жыгачынан жагып жатасыңар” дейт да, ал үйдүн түндүгүн түшүрө чаап, бирин-экин малы болсо, барымтага алып кетип жатышты.

Мергенчинин отуну кошо түгөнүп, үйүнөн түтүн чыкпай калды. Мергенчи баласын жанына чакырды да:
-Балам, Карагай-Булактын башында Кара-Үңкүр деген бар. Анын алдындагы булактын туура жагында кара таштар жатат, мурда мен анын өзүнөн-өзү түтөп күйгөнүн көргөн элем,- деди да, баласын жөнөттү.

Чырак колтугуна капты кысып, мылтыкты асынып, атасы айткан кара таштарды издеп кетти.

Узак жол басып, ашуу ашып, зорго дегенде атасы айткан жерге келди. Чын эле кара таштар жайнап жатат. Ал өтө сүйүнүп, таштарды кабына толтуруп салды да, көтөрмөкчү болду. Бирок ал эн, оор экен. Чырак кабындагы жүктү жеңилдетип, үйүнө алып келди.
Кара таштарды коломтого тезек сыяктуу калап, от коюшту. Бир кезде баягы таштар жалын чыгарып күйе баштады. Буга бардыгы таң калышты.

– Мына жыргал, бардык кедейлер оттуу болот, менин атым өчпөйт,- деп, мергенчи аябай сүйүндү.

Кыш узакка созулуп, Чомо бий элди талап алып жатты. Буга Чырактын боору ачып, кедейлерге барып ка-ра таштын баянын айтты. Мындай кабарды уккандар жөн турсунбу, кара таштарды алып келип жага баштады.

Чомо бийдин жигиттери түтүн чыккан үйлөрдү кыдырып, андагы кара таштардын күйүп жатканын көрүп, анан бийге айтьщ барышты. Чомо бий сурамжылап жүрүп таштын сырын билип алды да, жигиттерине:
– Бүгүндөн калбай мергенчинин баласын жердин астында болсо астынан, көктө болсо кектөн таап байлап келесиңер!-деп катуу каарданды.

Бийдин буйругун жигиттери эки кылабы; жабылып атка минип, жатакчылардын айлына кирип келишти да, Чыракты алып жөнөштү. Кедейлер канчалык жалынып-жалбарганы менен жигиттер көнбөй койду.

Чыракты бийдин үйүнө алып келип киргизди. Үйдүн ичи зң эле кооз жасалып, шайы жууркан, килемдер, керегеде илинген карышкыр, илбирс ичиктер, алтын чы-нылар, күмүш бакандар, кептңн кыскасы, Чырак көрбөгөн миң түркүн буюмдар жайнап турат.

Чомо бий Чыракты жанына жакын отургузуп, мурутунан жылмайып:
– Чырак балам, кара таштарды кайдан таптың? Эгер анын жөн-жайын мага айтып берсең, эмне кааласаң ошонун баарын эч аябайм. Өзүн, мага жигит болосуң, корооңдо коюң, өрүштө жылкың жайнайт,- деди.

Чырак “билбеймден” башканы айткан жок. Чомо бий муну алдап да, коркутуп да сурады, бирок баладан жөндүү жооп уга албай койду. Акыры Чомо бий жигиттерин чакыртып алып:
– Кимдин үйүндө кара таш болсо, баарын жыйнап келгиле, ал менин мүлкүм,- деди.

Чырак эми бөлөк ой ойлоду да:
– Кулдугум бар, бийим! Аны азыр айтайын, ошол кара таштардын бардыгын жыйнатып келсеңиз, өз сырын алар өздөрү эле ачып берет. Бул акылыңыз табылбаган акыл,- деп күлүп койду.

Жигиттер кечке жакын өгүзгө, атка артып, жатакчылардан табылган таштарды алып келишти. Анын ичинде кеөдей болгон таштар да бар экен.

– Кана эми, сырын айттырбайсыңбы,- деди Чомо бий Чыракка карап.

– Азыр, таксыр,-деди да, Чырак кара таштарды коломтого үйүп тамызды. – Эми сиз үйдөн чыкпаңыз, отту карап отура бериңиз, мен үйдүн эшигин бекитип коёюн, мунун сырын сизден бөлөк киши билбесин.

Чомо бий бул сөзгө сүйүнүп:
– Ошондой болсун, менден башка жан билбесин, эшикти бекит,- деди.

Чырак сыртка чыгып, түндүктү тартып, эшикти аябай бекитип койду да:
– Кана эми, жигиттер, бий мага ез атын берди, аны бери алып келгиле,- деди.

Бий өзү айтты дегенде, жигиттер карап турган жок; атты алдына тартты. Чырак минер замат зымыраткан бойдон үйүнө жол тартты. Кара таштар күйүп, үйдүн ичи түтүнгө толо баштады. Чомо бий “кара таштар сырын качан айтат” деп отура берди.

Бирок ал көпкө созулган жок. Бийге ис тийип өлүп калды. Бийдин өлгөнүнө эл аябай сүйүнүп, балага алкыш айтышты. Ошондон кийин эл кара таштарды каа-лашынча жагып калыптыр.

“Кыргыз эл жомоктору” китебинен алынды

Соц тармактар:

One thought on “Кара таштардын сыры

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.