Акын Мухтар Шаханов: «Чыңгыз агадай Адам менин тагдырымда кездешкен жок»

Сүрөт http://rus.azattyq.org сайтынан алынды

 

Апрель айында Алматыга жумуштар менен келип, таанымал акын Мухтар Шахановдун ооруканада жатканын угуп, Айнур деген досума айттым: “Шахановдун кол телефонун тап, жолугуум керек”, – деп. Көкүрөктү эзген көйгөй – учурунда Чыңгыз ата жөнүндө жазбаганым, кездешүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланбаганым, жолукканда деле бирге түшкөн сүрөттөрдүн аздыгы өкүнттү. Көзү тирүү кезинде баалабаптырмын. Чыңгыз атанын жакын адамы катары Мухтар агага барып баарлашкым келген. Бул ой-ниет Кытайда жүргөнүмдө пайда болду.

Адам, айрыкча чет элде жүргөндө, туулуп-өскөн жериңдин, андагы асыл адамдардын барк-баасы өсөт окшобойбу. Мен дайыма Бишкектен алыстасам, “үйгө келгенде ушул ишти аткарсам” деген ойго көп батам. Убакыт өтө тез өтүүдө, баарына үлгүрүү мүмкүн эмес экен. Мухтар аганы 70 жаштык мааракеси менен куттуктап, кененирээк сүйлөшсөм деп баргам. Бирок менин суроомдун баары айланып Чыңгыз атага такала берди.

– Мухтар ага, Чыңгыз атанын дүйнө­дөн өткөнүнө төрт жылга аяк басты, эл ичинде ууландырды деген кеп бар. Ушуга кандай карайсыз?
– Татарстанга барганда Чыңгыз агага укол салганда канты көтөрүлүп, комага түшкөнгө себепчи болгон. Балким атайы, балким билбестиктен сайылгандыр, ким билет, бир Алла билбесе.

– Сиз Чыңгыз ата менен акыркы жолу көбүрөөк баарлашкан учуруңузду эс­тесеңиз?
– 2008-жылдын 13-майында Чыңгыз Айтматов телефон чалып, уулу Элдар менен Алматыга келгенин, өзүнүн “Кош бол, Гүлсары!” аттуу чыгармасы боюнча тартылган көркөм фильмдин музыкасын жазган Куат Шилдебаевтин жаңы альбомунун бет ачаар аземине чакырылганын айтты. “Эгер мүмкүн болсо тезирээк келчи. Мен сени эшиктин астында күтө турайын”, – деди ал.

Мен мүмкүнчүлүгүм жок экенин, анткени “Жалын” журналында биз менен иштеген Жибек Бакирова деген кызматкердин бир тууган иниси жол кырсыгынан каза болгонун, бүт жамаат ошого бара жатканыбызды баяндадым. Бир аздан соң Чыкем кайра телефон чалды.

“Мука, – деди ал, – кызматкерлериң ке­­­­те берип, сен өзүң саал кийинирээк, же кечинде барсаң болобу? Өтүнөмүн… Анын үстүнө экөөбүз кеңеше турган бир маселе бар эле”.

Амалсыздан Чыкеме барууга туура келди. “Алем Арт” коомдук уюмунун алдында Чыкең Элдар, жанында дагы үч-төрт адам менен мени күтүп турган экен. Дароо эле ичкериге кирдик. Куат Шилдебаев “Мустафа Чокой”, “Сталинге сыйлык”, “Улжан” жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча “Кош бол, Гүлсары!” аттуу көркөм фильмге музыка жазган белгилүү композитор экенин билчүмүн. Анын жеке Айтматовдун чыгармасынын негизинде “Маңкурт туралуу аңыз” аттуу рок музыкасы да бар экен. Кыскасы, үч альбомдун бет ачаары. Болот Атабаевден башкасы мамлекеттик казак тилинде сүйлөгүлөрү келбейт экен. Менин тырыша баштаганымды байкаган Чыкем:

– Альбом тааныштыруу аземи узакка созулчудай түрү бар. Сыртка чыгып аңгемелешип турсак кантет? – деди.

Тышка карай жөнөдүк. Үн-сөзсүз бир аз бастык.

– Мука,- деди Чыкең саалдан соң. – Ушу сенин Түркияда теле берүү аркылуу экөөбүз менен болгон түз байланышта айтканың жана өткөндө мага үзүндүсүн окуп берген “Өз эне тилинде сүйлөбөөнүн жана ойлонбоонун залалы” аттуу жазганың мени катуу ойго салды.

Бүткүл казак жыйналып туруп, дээрлик баары өз эне тилин жерип, орус тилинде сайрап жатканына жиниң келди. Мен сени түшүнөмүн. Өз классиктериң М.Ауэзовдун, С.Мукановдун, Г.Мусрепов­дун оозу менен айтылганда журт эрте ойгоноор эле. Эми кеч болсо да сен козгоп отурасың.

– Ии, бул мүдөөнүн артында улутсуздандыруу, орустандыруу саясаты жатканын жакшы билесиз, – дедим мен. – Өзүңүз да биринчи кыргыз тилинде жазганыңыз менен кийин орус тилинде бүткүл аалам кабыл алган керемет чыгармаларды бердиңиз. Жалпы адабиятыбызды башка элдерге таанытууда орус тили өлчөөсүз зор кызмат аткарды, аны танууга болбос. Бирок кылымдан кылымга жеткен, бечера кейпин кийген кыргыз, казак тилдеринин бүгүнкү абалына назар салбаганга акыбыз барбы? Эне тилде сүйлөбөөнүн, ойлонбоонун залалы, кесири тийээрин сиз айтып өткөн классиктерибиз да терең түшүнүшкөн жок.

Ауэзов да, Муканов да, Мусрепов да, Тажибаев да, Есенберлин да перзенттерин тек гана орус тилинде тарбиялады. Улуттук каада-салт, үрп-адаттардан тышкары өмүр кечиргендиктен, көпчүлүгү аталарынын эне тилинде жазган китептерин окумак турсун, башка тилди колдоп, камчысын чапты. Кай бирлери улуттук каада-салт турсун, ата-энесин эстеп куран окутмак турсун, башка динге өтүп кетишти.

Мен өз пикиримди ирээти менен Чыкеме баяндай баштадым. Укту. “Убагында биз маани бербеген ушул маселеге сени колдоп бир макала жазайын деген оюм бар”, – деди ал.

Көпкө сүйлөштүк. Андан кийин телефон аркылуу сүйлөшүп турдум.

– Кыргызстанда элчи болуп иштеп жүр­гөндөгү күндөрүңүздөн эсте калганы?
– Эң эсте калганы – элчиликте Сүй­мөнкул Чокморовдун көргөзмөсүн өткөр­гөнүм.

– Чыңгыз атанын кандай чыгармалары жазылбай калды?
– Жана эскерип өтпөдүмбү. Соңку күндөрү керемет аңгемелештик. “Өз эне тилинде сүйлөбөөнүн жана ойлонбоонун залалы” жөнүндө көп сүйлөштүк. Ошол тилден, дилден, Жер-Энеден ажыроону жазмак деп ойлойм.

– Сиздин жашоодогу позицияңыз, карманган багытыңыз?
– Казакта таланттуу акындар, жазуучулар, саясатчылар, илимпоздор бар. Бирок жок болуп бараткан тилибизге алардын жаны ачыбаса болбойт. Менин багытым – тилди, салт-санааны, үрп-адатты, Ата Мекенди көздүн карегиндей сактоо. Аны урпактарга таза уучтатуу менин парзым деп билем. Байлык, бийлик колдун кири. Карманган позициям – казак элинин тилин сактоо, ата-бабанын арбагын сыйлоо.

– Азыр ыр жазасызбы?
– Жазбай анан.

– Кандай маселени көтөрүп жатасыз? Сүйүүбү, жашообу?
– Акындын башындагы сезимдер көз көргөндө, жүрөк күйгөндө чыгат да. Тамырсыздануу боюнча жазып жатам.

ТӨРТ ЭНЕ

Тагдырыңды тамырсыздык илдетинен калкала,
Мазмун жокто мазмунсуздук чыга келээр арага.
Ар адамда энесинен башка да,
Өмүрүндө түбөлүктүү мартаба,
Демеп жүрөөр, колдоп жүрөөр ар неде,
Болуу керек кудуреттүү төрт эне:
ТУУГАН ЖЕРИ – киелүү түп казыгы,
ТУУГАН ТИЛИ – түбөлүк жан азыгы,
ЖАН БАЙЛЫГЫ, ҮРП-АДАТЫ – тиреги,
Кадамына чубак төгөөр илеби,
Жана ТУУГАН ТАРЫХЫ,
Эске алууга ошончо,
Оор жана касиреттүү болсо да.

Кудурет жок төрт энеге тең келээр,
Ансыз оюң камгакка окшоп дөңгөлөөр.
Башка эненин улуулугун тааныбас,
Төрт энесин тааныбаган пенделер.
Төрт энеден ишеним таба албаган,
Тамырсыздын башы кайда калбаган?!
Төрт энесин сыйлабаган калктын,
Эч качанда бак жылдызы жанбаган.

Касиеттүү бул төрт эне – тагдырыңдын тынысы,
Төрт эне үчүн болгон күрөш – күрөштөрдүн улуусу!

(Кыргызчалаган Назарбек Байжигитов)

– Учурда ден соолугуңуз кандай?
– Экинчи инфаркт катуу болду. 2005-жылы Кудай сактады. Тамырларым жарылып жатканын өзүм сезип жаттым. Эс-учумду жоготупмун. Реанимацияда түнкү 12лерде кол телефонум чырылдайт, алсам, Чыкем чалып жаткан экен. Эмне экенин билбейм, сага чалгым келди дейт. “Бир нерсе болгон жокпу?”, – дейт. “Болду, инфаркт болдум”, – дедим.

– Чыңгыз атадай адам тагдырыңызда жолуктубу?
– Руханий дүйнөсү кенен Чыңгыз агадай адам менин тагдырымда экинчи кездешкен жок.

– Жоктойсузбу?
– Сагынып жүрөм. Мен ээн талаада калгандай болдум.

– Чыңгыз атадан башка адамдардан өзгөчөлөнгөн эмнени байкадыңыз?
– Г.Маркестин “Өзүмдү мактап жазган макалаларды окубайм” деп жазганын окуп, таң калгам. Кийин көп күбө болдум, Айтматов өзү тууралуу жазылгандарды окучу эмес. Бирөө мактаса, те­зирээк бүтсө экен дечү. Мактанбаган, эмоцияга берилбеген адам эле. Китептери ааламдын 177 тилине которулуп, ааламда китептери эң көп таралган жазуучулардын катарына кирсе да, көзү тирүүсүндө орус, англис, француз, немис, кытай жана жүздөгөн башка улуттун өкүлдөрү ага “улуу жазуучу” деген атак такса да, ошол мактоолордун бирине да солк этпеди.

– Сиздин Кыргызстанда ырлар жый­на­гыңыз чыкканбы?
– Жок. Бирок, Акбар Рыскулов менен Өмүрбек Тиллебаевдин котормолору бар.

– Сиз Чыңгыз атанын сөөгүнүн “Ата-Бейитке” коюлгандыгын кандай карайсыз? Өзү керээз айтканбы?
– Керээз айтмак турсун, өлөөрүн билген эмес да. Бирок мага “Ата-Бейитке” барып куран окуп калганда айтканы бар – “Ушул жакка тартат да, турат”, – деп.

– Ага-досуңуз Ч.Айтматов туралуу эсселер китебиңизде кызыктуу биз билбеген маалыматтар бар экен. Сиз дагы Чыңгыз атага арнап кандай иш-чара пландагансыз, биз менен ой бөлүшө аласызбы?
– Сиз атаган китеп кыргыз жана орус тилдеринде даярдалып жатат. Калың окурмандын колуна тийчү күнгө аз калды. Ошондой эле “Казакфильм” бир саат­тык тасма тартып жатат. Ал тасманын да июль айларында монтажы бүтүп, көрүүчүлөрдүн элегине тартууланат.

Маектешкен Чолпон СУБАКОЖОЕВА, “Кыргыз Туусу”, 29.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.