Граффити чебери Виктор Цой: «Граффити вандализм болуудан калган…»

Граффити өнөрү искусствобу же вандализмби? Бул суроо үстүндө дүйнөдө көптөн бери талаш-тартыш жүрүп келет. Кыргызстан граффитисинин жүзүн чагылдыруу максатында жакындары тарабынан Chase лакап аты менен таанылган, Кыргызстандагы белгилүү көчө сүрөтчүлөрүнүн бири Виктор Цой менен бул маселени талкууладык.

Көчөдөгү дубалдарда, коомдук транспорттордо жазылган ар кандай жазууларды, сүрөттөрдү көрбөгөндөр жок болсо керек. Мына ушулардын баары граффитиге кирет. Айрым адамдар граффитини вандализм катары көрүшүп, көрүнгөн жерлерге чийип-сызган шок балдарды элестетишет. Бирок, дубалдарга сүрөт тарткан райтерлер граффитини заманбап өнөр катары санашат.

Качандыр бир мезгилде акталып, убакыттын өтүшү менен бозоро баштаган дубалдын алдынан өтүп бара жатып, райтер (writer) же болбосо граффитер деп аталган көчө сүрөтчүсүнө туш болдук. Ал бизге көңүл бурбастан өз ишин кызыгуу менен аткарып, дубалга кезектеги эмгегин жаратып жатты. Ооба, мындай дубал сүрөттөрүн көп эле адамдар көрсө керек. Райтер сүрөттү мурунтан оюнда сызып алгандай эле бир калыпта кыймылдап, бара-бара бозоргон дубалда кооз сүрөт пайда болду. Музыка угуп отурган кыздын элеси жана анын жанында окулушу оңой эмес жазуулар… Граффитер тарта берди, биз да аны карап тура бердик. Аягында төрт чарчы метр болгон дубалда “Мен музыканы сүйөм”, “Музыка – түбөлүккө” деген сөздөр менен биргеликте бүткөн бир ойду билдирген чыгарма пайда болду. Кызыгып кетип көчө сүрөтчүсү менен кантип сөз баштап баарлашканыбызды да билбей калыптырбыз. Анда эмесе сөз башынан болсун…

– Канча жылдан бери граффити тартасыз?
1999-жылдан бери бул өнөр менен бир кайыкта келе жатам. 2002-жылы Германияга болгон иш сапарымда граффитиге болгон кызыгуум андан ары өрчүп арткан. Германияда «Граффити – Германияда феномен катары» деген дипломдук ишимди жазып жүргөнүмдө бир топ немис граффити сүрөтчүлөрү менен таанышкам. Алар мага аэрозолдук боёктор менен иштөөнүн ыкмаларын гана үйрөтпөстөн, чыгармачыл жолума да дем беришти.

– Граффитинин сиз үчүн мааниси кандай?
Мен бала чагымдан бери сүрөт тартууга кызыгам. Бул болсо ар дайым ата-энем тарабынан коолдого алынып келген. Жаңы баштаганымда, граффити жөн гана менин чыгармачыл ойлорумду ишке ашыруунун жаңы аспабы болгон. Жогорку окуу жайында окуп жүргөндө, граффити мен үчүн тең туштарымдан айырмалануунун каражатына айланган. Ал эми азыр болсо, граффити бир гана сүрөт тартуу жана өзүмдү көрсөтүү эмес – бул кеңири коомчулук менен баарлашуунун универсалдуу каражаты.

Граффити менин хоббим деп айтсам жаңылыштык болот. Бош убактымдын баарын сүрөт тартууга жумшаганымды эске алсак, граффити мен үчүн «жашоо образы» десем туура болчудай. Тилекке каршы көпчүлүк адамдар граффитер дегенде эле боёк уурдап сүрөт тарткан көчө шумпайларын элестетишет экен.

– Граффитиге инсан катары кандай баа бересиз?
Граффити өзүнө түрдүү көрүнүштөрү бар комплекстүү жаштар маданиятын камтыйт. Мектеп дааратканаларындагы маркер менен жазылган жазуулар, дубалдарда калтырылган тэггерлердин колдору жана керек болсо коомдук транспорттордун терезелериндеги чийилген жазуулардын баардыгы вандализм болуп эсептелет. Мыйзамдуу граффити сүрөттөрү болсо көптөн бери эле вандализм болуудан чыгып, бара-бара жаңы өнөргө айланды. Граффити дүйнөсү заманбап чыгармачылыкка Daim, Peeta, Mad C жана башка ушуларга окшогон улуу ысымдарды белек кылды. Алардын иштери ар кандай көргөзмөлөрдө коюлуп келет.

– Масштабдуу долбоорлоруңуз болдубу?
Масштабдуу граффити долбоорлорду да түзгөн учурлар болгон жана алардын географиясы бир гана биздин өлкө менен чектелбейт. Мисалы, өткөн жылы PLATO арт-колледжинин чакыруусу боюнча 2 айга Стамбул шаарына барып келгем. Ал сапардын жүрүшүндө мен бир гана колледждин мейманканасы менен кампусунда граффити тартуу менен чектелбестен, стамбулдук граффити-сүрөтчүлөр менен да жакындан тааныштым. Биздин бардык иштерибизди “graffiti.com.kg” интернет сайтыбыздан көрсөңөр болот.

– Граффити тартууда эмнелерге көңүл буруш керек?
Сүрөт тартуучу жайларды дыкаттык менен тандоого туура келет. Себеби, биз бир гана мыйзамдуу граффитини туура көрөбүз. Биз тарткан түркүн түстүү сүрөттөр менен көчөдөгү жазылган жазуулардын ортосунда эч кандай окшоштук жок. Тилекке каршы экөөнүн тең аталышы графити. Эреже катары, жеке менчиктин аймагында, мурдатан дубал ээсинин макулдугун алуу менен гана тартабыз. Бактыга жараша, акыркы мезгилде бул заманбап искусство эл ичинде кеңири жайылып бара жатат. Кээде дубал ээлери өздөрү бизге чалып, үйлөрүнүн жана жеке менчик дубалдарынын көрүнүшүн өзгөртүп берүүбүздү өтүнүшөт.

– Тартуу үчүн дубалга альтернатива барбы?..
– Сүрөт тартуу үчүн дубалдан да башка жер тапса болот. Бул ошол эле кенен фанералар, ташылуучу стенддер жана жол боюндагы жарнамаларды жасоодо колдонулуучу флекс-материал. Бирок менин оюм боюнча, чыныгы граффитинин орду көчө дубалы.

– Граффити тартууга канча чыгым кетет?
– Биринчиден айтып коё турган нерсе, орто эсеп менен айтайын десең, граффитиде орточо сүрөт деген түшүнүк жок. Анткени, ар бир сүрөт өзгөчө жана кайталангыс. Ошондой эле боёк-баллондорунун орточо чыгымын эсептөө мүмкүн эмес. Кээде үйрөнчүк сүрөтчү чоң эмес сүрөткө бир ящиктен да көп боёк сарпташы мүмкүн. Ошол эле учурда тажрыйбалуу граффитер ошол эле сандагы боёк менен салыштырмалуу чоңураак сүрөт тарта алат.

– Кыргызстан граффитисинин абалы кандай?
– Кыргызстандын граффитиси негизинен Чүй облусу жана Бишкек шаары менен чектелет. Туруктуу сүрөт тарткан жана чын эле өнүгүүгө аракет кылган көчө сүрөтчүлөрү саналуу гана. Бизде негизинен кокусунан келип, моданын таасири астында тарткандар көп. Бирок, чет өлкөдөгү кесиптештеримден укканыма караганда, бул абал бизде гана көрүлбөйт экен. Биздин райтерлердин кудурети чоң жана туура жолго түшүү менен аны өнүктүрсө болот. Өзүңөр ойлоп көргүлө, 30 жылдан бери граффити жашап келген Европада көптөгөн рекорддор коюлган, атак-даңктарга жетишилген. Ал эми бизде болсо чыгармачылык жана өзүн өзү өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

– Кыргызстанда граффити мелдештер өткөрүлөбү?
– Мен «BASICOLORS» арт-мекемесинин өкүлүмүн. Анын максаты жаштардын чыгармачыл потенциалын өнүктүрүү, чыгармачыл демилгелерди колдоо, өлкөбүздөгү заманбап искусствону өнүктүрүү жана шаарыбыздын тышкы көрүнүшүнүн эстетикалык жакшыруусу болуп эсептелет. Биз жыл сайын коомдук актуалдуу темаларга арналган эл аралык граффити-фестивалдарды өткөрөбүз. 2009-жылдагы фестиваль коомдогу көп түрдүүлүккө, 2010-жылы Кыргызстандагы көп улуттуулук жана улуттар аралык достукка, 2011-жылы эл аралык жаштардын бири-бирине колдоо көрсөтүү темасына арналган. Учурдан пайдаланып, ушул жылдын фестивалына бир канча Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнөн сүрөтчүлөр чакырылгандыгын айткым келет.

Граффитинин кыскача тарыхы
Граффити Нью-Йоркто 1960-жылдардын аягында пайда болгон. Алгачкы райтер (граффитер) болуп Деметривс аттуу жаш жигит эсептелет. Ал өзүнүн TAKI деген лакап атын жана көчөсүнүн номери 183 санын (“TAKI 183”)  Манхэттендин үй дубалдары менен метролоруна тартып баштаган. Мындай белги “тэг” деп аталчу. Taki жөнөкөй эле маркер менен жана эч кандай өзгөчөлүгүсүз жазган. Бирок, өзүнүн тэгдери менен ал Нью-Йорк шаарынын жарымын булгап салуу менен аты чыккан. 1971-жылы “The New York Times” гезитинде ал тууралуу чоң макала жарык көргөн. Аны көргөн башка жаштар да четте калышкан эмес жана жакын арада Нью-Йорк граффити жазууларына толуп кеткен. Алгач монотондуу жалгыз боёктор колдонулуп келип, кийинчерээк граффити түркүн түстүү жана көп түрдүү көчө өнөрүнө айланган.

Граффитинин кайталангыс жылдызы болуп Бэнкси (Роберт Бэнкс) эсептелет. Бэнксинин жүзүн эч ким көргөн эмес, ал өзүнүн биографиялык маалыматтарын массалык маалымат каражаттарынан жашырып келет. Бэнксинин колунан тартылган сүрөттөр коомдук көйгөйлүү маселелерге арналган жана 30 миңден 600 миң долларга чейинки баада ар кандай аукциондордо сатылат.

Булак: www.podrostki12.ru

Шербол Жапаралиев, “Манас”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.