Татьяна Воротникова: “Менин негизги багытым – Кыргыздын кийимин дүйнөгө таанытуу”

Татьяна Воротникова деген ысымды уктуңуз беле? Бүгүн мен дал ушул айым менен баарлашып, анын аты орус улутуна таандык болгону менен жүрөгү кыргыз деп согоруна ынандым. Алдыдагы анча чоң эмес макалага көз салсаңыз, сиздин көкүрөктө да ушундай бир тамчы жылуулук жараларына ишенем.

– Татьяна, айтсаңыз, эмне себептен сиз чыгарган ар бир кийим улуттук оймо-чийме менен кооздолот?
– Негизи мага “этника” деген нерсе жагат. Этника бул – улуттун жүзү, көркү, сулуулугу эмеспи, ошон үчүн ал мени кызыктырат. Этника менен иштөө, аны дүйнөгө көрсөтүү, атүгүл ошол кийимдерди өзүм кийип жүрүүнү мен жакшы көрөм. Ар бир эле дизайнердин өзгөчөлүгү бар. Аны “визиттик карточкага” салыштырып койсо түшүнүктүрөөк болот. Ошол сыяктуу эле этника дагы менин жеке өзгөчөлүгүм болуп саналат.

– “Дизайнерлик” кесипти кантип аркалап калдыңыз эле?
– Мен жогорку окуу жайын 1969-жылы “сүрөтчү” деген кесип боюнча аяктагам. Анан кайсы тармакта иштеримди билбей көпкө ойлондум. Бул аралыкта дүкөндө товар койгон текчелерди жасалгалоочу, театрда костюм тигүүчү болуп жүрдүм. Ошол эле учурда өзүмдү өзүм сыртымдан карап, “эмнеге шыктуусуң?” деген суроонун үстүндө издене бердим. Көп өтпөй турмуш өзү эле мени ушул чөйрөгө алып келип койду. Көрсө, колуңдан бир нерсе келерине жана аны бирөөгө үйрөтө аларыңа көзүң жеткенде сен ага умтула баштайт экенсиң.

– Сиз кийим-кечени, буюм-тайымды жалаң гана жүн жана табигый материал менен өндүрөт эмессизби. Жүн менен иштөөнүн жол-жобосун кантип өздөштүрдүңүз?
– Сайма, кийиз, курак, булардын баары улуттук чыгармачылык болуп эсептелет эмеспи. Мен ушул эмгектерди жаратуунун технологиясын бул тармакка аралаша баштагандан тартып үйрөнө баштагам. Менин колумдан да жакшы буюмдар жаралып, бул башталыш азыркыдай чоң профессияга өсүп жетти. Ошон үчүн мен тиккен ар бир кийимге кыргыздын салттуу костюмунун элементтери түшүрүлөт, аны менен заманбап ыңгайлуулук айкалышат жана ал күтүлбөгөн, кызыктуу сайма, курак же улуттук орнамент менен кооздолот.

– Мындай кийимдерге азыр суроо-талап жетиштүүбү?
– Менин негизги багытым – улуттук костюмду сактоо жана аны дүйнөгө таанытуу. Ошон үчүн мен бул жагынан кардарларга, буйрутма берүүчүлөргө муктаж эмесмин.Коллекцияларды биз көп учурда көргөзмөлөргө жана мода жумалыктарына гана даярдайбыз. 30 жылдан ашык эмгек жолумда көп мамлекеттерде болгом жана 22 жолу ийгиликтүү кайткам. Атүгүл Ташкентте өткөн “Хамса-2000” модельерлер сынагында жеңүүчү болгом. Өзүмдүн устаканам бар экени жалпыга белгилүү да. Ал жакта мындан тышкары 20га жакын тигүүчү эмгектенип, кошумча жумуш орундары менен камсыз болушкан.

– Ошондо сизге таптакыр буйрутма түшпөйбү?
– Албетте, буйрутмалар түшүп турат. Биз кийим-кече өндүрүү менен эле чектелбейбиз да, биздин устаканадан сырткы кийимден тартып, баш кийим, тапичке, жоолук, шарф, сумка жана бут кийимге чейин табууга болот. Анан буйрутма боюнча жасалгасына, материалына, тигилишине жараша баасы чыгарылып, кошумчасы кошулуп, кардарга сатылат.

– Эмгектериңизди кайсы өлкөлөргө алып чыгууга жетиштиңиз?
– Мен Кыргызстанда өткөн ар бир мода жумалыгына катышам. Ушундай эле иш чарага катышуу үчүн жылына 2 жолу Москвага барып турам. Мындан сырткары Францияда, Англияда, Индияда, Венгрияда, Польшада, АКШда жана Борбордук Азиянын ар бир өлкөсүндө болуп, жараткан эмгектеримди көрсөтүп келгем. Ошон үчүн жылына 5-7 жолу коллекция чыгарууга туура келет.

– Акыркы планыңыз кандай?
– Азыр китеп чыгаруунун үстүндө иштеп жатам. Ага улуттук тарыхый костюмдарымдын коллекциясын киргизем. Болбосо бул жааттагы эмгектерим аябай көбөйүп кетти. Учурда сүрөттөрүн даярдап, китептин макетин түзүүдөмүн. Буюрса, июнь айында бүтүп калат деген ойдомун.

Байыркы кыргыз улуттук кийимдер

Сүрөттөр Татьяна Воротникованын өздүк сайтынан алынды.

Ырыс ИМЕТАЛИЕВА, «Леди.КГ» («Кыргыз гезиттер айылы»), 29.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.