Токтогул Сатылганов атындагы адабият жана искусство музейи (Бишкек) 1989-жылдан бери экспозициялар биринчи жолу жаңыланды

Көрүүчүлөргө жаңыланган үч көргөзмө залдары эшигин ачты. Алардын бардыгы “Эл мурасын баалабай туруп, эртеңкини жаратууга болбойт” темасы алдына бириккен. Алардын биринчисинде Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Ташым Байжиев, Зияш Бектенов, Тазабек Саманчин сыяктуу Кыргызстандын алгачкы агартуучулары тууралуу китептер, фото-сүрөттөр, документалдуу булактар коюлган.

Экинчи залдын экспонаттары болсо Аалы Токомбаев, Кубанычбек Маликов, Темиркул Үмөталиев, Жоомарт Бөкөнбаев, Жусуп Турусбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков, Алыкул Осмонов ж.б.кыргыз-совет адабиятынын негиздөөчүлөрү тууралуу баяндайт.

Ал эми үчүнчү – маданият залы Чыңгыз Айтматовго, Сүймөнкул Чокморовго, Сайра Кийизбаевага, Чолпонбек Базарбаевге, Токтогул Сатылгановго, Бүбүсара Бейшеналиевага, Тоголок Молдого, Барпыга ж.б-ларга арналган.

Музейде жалпысынан 40 стенд, 10 экспонаттар – эски китептер, алиппелер,1930-1940-жылдардагы сөздүктөр, көрүнүктүү кыргыз ишмерлеринин сейрек музыкалык аспаптары, Токтогулдун комузу.

«24.kg» МА, 13.06.2012-ж.

Токтогул музейин кантип тапса болот?

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.