Айтматовдун акыркы адашуусу

(Уландысы. Башы)

Айтмакчы, айтматовдук пафостуу баш сөздөн соң айрым жергиликтүү адабиятчылар Сейталиевдин каарманын «Жамийланын сиңдиси» деп аташып, комплиментардуу пикирлер толуп кетти эле. Бирок көп өтпөй ал повесть такыр унутулду да, калды. Башкача айтканда, «эжеси» Жамийла алиге чейин «жаш» бойдон калып, ал эми анын «сиңдиси» дароо эле туулбай жатып, аркы дүйнөгө кеткен сыяктанып калды!

Жергиликтүү адабиятчыларды аябай жипкирткен фактылар да болбой койгон жок. Өзгөчө, өзү жөнүндө дайыма таанымал адабиятчы Георгий Гачев сыяктуу дүйнөлүк адабият деңгээлинде жазып келген Кеңешбек Асаналиевге өз учурунда калыс баа бербей, анын ордуна өзүнүн адабий кухнясында жеке секретарындай, же бул сөздүн өз маанисинде айтсак, – техникалык слуга-үй кызматчысы (бул тууралу Муңдук Мамыровдун «Акматалиевге ачуу жооп» аттуу макаласын караңыз, – «Жаңы ордо»,-№-5-9, 2006-жыл) сыяктуу гана пайдаланып келген адабиятчы сымал, а бирок, олуттуу адабият чөйрөсүндө араң жан ремесленниктей «репутациясы» бар, халтурага эптеп илешип жүргөн А.Акматалиев сыяктуу бирөөлөрдү «буксирге» алып сүйрөп, ашыра чапкан мактоо пикирлерин аябаган кездери да болду. Эриксизден орус элинин «Гора родила мышь» деген таамай лакабы турмуш чындыгы аркылуу айкындалганына ынанасың! Башкача айтканда, залкар жазуучубуздун чыгармачылыкка болгон мамилесинде жалпы адабият кызыкчылыктарына караганда жеке адамдык кызыкчылыктар салмактуулук кылып кеткен жагдайлар да жетишерлик орун алганы жалпыга маалым.

Баарынан өкүндүргөн бир факт, – өткөн кылымдын 70-жыларынын аягында Москвадагы «Прогресс» басмасы жазууучу Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романын англис тилинде чыгармак болуп калат. Басмадан кыргыз адабиятынын бараандуу өкүлү катары Чыңгыз Айтматовго романга баш сөз жазып берүү өтүнүчү менен кайрылышат. Эмне үчүн ал баш сөз жазылбай калды? Мунун сыры эч кимге белгисиз. Кыргыз адабияты менен тыгыз байланышы бар адабиятчы, котормочу Лариса Лебедева Айтматовдун романды бир жыл бою кармап жатып алып, бир ооз да сөз айтпай, же ак, же көк дебей коюп, акырында роман англис окурмандарына баш сөзү жок эле, бир кыйла кечигүү менен колго тийгендигин кейиштүү баяндап берген эле.

Бул жерде биз сөзсүз эле Айтматов «Сынган кылычты» айга-күнгө теңеп макташы керек болчу деген ойдон алыспыз. Андай мактоого бул роман да, анын автору – экинчи бир залкар жазуучубуз Төлөгөн Касымбеков да эч кандай муктаж эмес. Айланып келип эле, буга жалпы адабиятыбыз, анын тарыхый өнүгүү процесси муктаж болчу. Башкача айтканда, тек гана бул популярдуу чыгармага болгон айтматовдук пикир такыр билинбей, ачык мамиле жок болуп, анын бул чыгармага болгон мамилеси айтылбай, бүдөмүк бойдон калып, адабият таануубузда орду толгус бир кенемте пайда болгондугун гана белгилеп коюшубуз парз…

Улуу орус жазуучусу Антон Павлович Чеховдон анын замандаштарынын бири: Федор Достоевскийдин «Преступление и наказание» романын окудуңуз беле? – деп сурап, андан «бул ырахатты кырк жашка чыккан курагыма калтырдым эле» – деген жооп алганы белгилүү. А кийин, ошол мезгил келген соң, Чеховдон Достоевскийдин бул романы ага анча деле чоң таасир калтырбагандыгы жөнүндө угат эмеспи. Бул анча деле таң калычтуу эмес. Ар башка стилдерде жазышканына карабастан, Чехов өзү да классик деңгээлине жеткен куракта башкача баа бериши (катардагы окурмандай гана) да мүмкүн эмес эле! Ошентсе да, бул фактынын чечмеленип жазылбай калышы (чеховдук көзкараш, талдоо туюндурулбай, үстүртөн гана берилип), адабият тарыхындагы колдон чыгып кеткен бир зор мүмкүнчүлүк сыяктуу гана болуп кала берди!..

Айтматовдун көзү өткөндөн кийинки мезгилдеги анын сүрөткердик, инсандык сапаттарынын ар кайсыл өңүттөн бааланышы жазуучунун комплекстүү портретине эң акыркы штрихтер сүртүлгөнгө чейин улана бериши турган иш. Бир гана айырмасы, ал талкуулар эми мурдагыдай курч талаш-тартыштарсыз, объективдүү полемика денгээлинде өтүп, баары жалпы бир максатка гана баш ийип, анын замандаштарынын, доордун берген ар бир сүртүмү, боегу ошол коллективдүү портретке кошулган алымча-кошумчасы жок, зарыл нерселердей кабылданышы зарыл. Албетте, ал көзү тирүү кезинде кез-кезде бул залкар фигуранын айланасында эки лагерге бөлүнүп алып, өзара келишкис талашка түшкөн топтор арасында объективдүү пикирлер жаралышы күмөн эле. Мезгил өтүп, туман таркап, чыныгы реалдуу фактылар гана калышы керек болчу. Мисалы, улуу акын Аалы Токомбаев аны «журналист-жазуучу катары» гана карап, чыгармачылыгын төмөн баалашына (учуру келгенде бул эки таланттын өз ара мамилелери да өз алдынча изилдөө предметине айланары эч кандай шек туудурбайт), кезегинде Лев Толстой улуу Уильям Шекспирди жокко чыгарууга болгон далалатындай эле субъективдүү көзкараш катары караганыбыз туура. Ал тургай ачык каршылашпаса деле, сүрөткердик принциптеринен, көзкараштарынын айрымачылыктарынан улам пайда болгон улуу таланттардын ортосундагы келишпестиктерге, биринин чыгармачылыгын бири танып, жокко чыгарууга болгон аракеттерине кандайдыр бир деңгээлде түшүнүү менен кароо зарыл. Маселен, ошол эле Иван Бунин Чеховдун пьесаларын «өзү дворяндардын турмушун билбей туруп» жазгандыгы үчүн жактырбай, кескин сынга алгандыгына карабастан, орус драматургиясында «Вишневый сад» пьесасына салыштырууга боло турган чыгармалар чанда эле кезигет…

Ошол эле учурда тээ совет доорунун эң соңку көз ирмемдеринде Чыңгыз Айтматовдун СССР державасынын биринчи президенти болуп шайланып жаткан (эл арасында кадыр-баркы жедеп кетип бүткөн компартиянын жана анын генералдык катчысынын!) Михаил Горбачевдун кандидатурасын ашыра мактап, ошол кезде ташкындап, бири-бирине аёсуз чапкыланып жаткан саясый-коомдук «толкундуу» пикирлердин чордонунда калып, бир тарабынан «кошоматчы» катары кескин сынга алынса, экинчи тарабынан СССРдин биринчи президентинин кандидатурасын сунуш кылууга татыктуу, моралдык укугу бар бирден-бир инсан катары көкөлөтүп макталды…

Объективдүүлүк үчүн айта кетүү керек. Эгерде бир эле инсандын ар кандай сапаттык белгилерин өзүнчө компоненттерге бөлүп карай турган болсок, залкар Айтматов-сүрөткерге салыштырмалуу Айтматов-атуул, Айтматов-инсан дайыма кыйла алсыздык кылып, бул «кырлары» демейде жазуучунун «көлөкөсүндө» калып келгендиги маалым. Айтматов-атуулдун чабалдыгы – анын дайыма (алгач аты чыккандан баштап, өмүрүнүн эң соңку көз ирмемдерине чейинки учур төмөнкү жетекчилердин доорлорун камтыды: Исхак Раззаковдон баштап, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, Аскар Акаев, Курманбек Бакиевге чейин, борбордук бийликте болсо: Никита Хрущевдон, Леонид Брежнев, Юрий Андропов, Константин Черненко, Михаил Горбачевго чейинки ар түркүн адамдардын баарына жага билип, ыңгайлашып, алардын тилин таба билүүнүн өзү эч кандай ирониясы жок айтканда, – чоң искусство деп айтсак болот!) бийлик системасынын курамында жогорку жетекчилктин эң жакын адамы болуп жүрүп, саясый агымдын ыгынан чыкпай, ага өтө берилүү менен кызмат кылып келгендигинде турат.

Ким билет, балким, мындай ашкере этияттык, аяр мамиле дээрлик генетикалык деңгээлдеги чочулоодон улам жаралгандыр (эгерде тап күрөшү учурунда анын атасы жана жакын туугандары бай-манаптардын өкүлдөрү катары репрессияга тушукканын эске алып, коркоктук, коркуу сыяктуу эпитеттерди колдонбой турган болсок), же тек гана жазуучу катары өз өмүрүндөгү эң башкы максаты – чыгармачылык экендигин көңүлгө алып, түпкүлүгүндө кандай жолдор менен болсо да ошол максатына жетүүгө умтулгандыр. Ал эми бийликке башын ийбеген, өз алдынча көзкарашты билдирүү ал кезде диссиденттик болбосо да, бери болгондо система менен конфликтке баруу сыяктуу болмок. Коомдук-саясый турмушта ар бир кадамын саресеп менен жасап, ар бир сөзүн ашкере расчет менен айтып, жашап келген адам, албетте, андай көзкарандысыздыкка жана эркин өзалдынчалыкка эч убакта бара да алмак эмес! Мүмкүн дал ошол үчүн өзү да ичинен андай залкар фигурадан заман талап кылгандай кара кылды как жарган адилеттик качып, компромисстер, турмуштук майда бир жагдайлар жеңип кетип жүргөндүгүн сезип эле жүргөн чыгар?.. Бул эми табышмак бойдон гана калды. Аны кийинки изилдөөчүлөр жазуучунун архивинен, жеке жазуу дептер-күндөлүктөрүнөн (эгерде алар артында калган болсо) жана анын замандаштарынын эскерүүлөрүндө орун алган ар кандай фактыларды кураштыруу аркылуу гана ачып бере алышат.

Анын үстүнө, залкар жазуучубуздун замандаштарынын мемуарлары дагы биринин артынан бири жарыяланып, улам убакыт өткөн сайын бизге мурда белгисиз болгон көп сырлар ачыла берери шексиз. Андай материалдардын эң алгачкыларынын бири – Айтматовдон кийин бир жарым жылдан соң көзү өткөн, орустун залкар жазуучусу Григорий Баклановдун  «Входите узкими вратами» (2011-жыл, Интернет булактары) аттуу  мемуардык эскерүүлөрү десек болот. Аты аталбаган Айтматовго, анда кичинекей гана бир абзац арналган. Бирок кандай абзац! 1960-жылдардын аягында «оттепель» деп аталган, адабиятка болгон цензура, кысым кайра күчөй баштаган чакта «Новый мир» журналынын башкы редактору, тирүү классик Александр Твардовскийдин согуш темасына арналган «По праву памяти» аттуу поэмасы (ал Кайра куруу доорунда гана, – 1987-жылы «Знамя» журналына толук басылып чыккан) чоң тоскоолдуктарга дуушар болот. Жогорудагы аталган булак боюнча үзүндү келтирейин: Она уже была набрана в  типографии и в последней надежде он (Александр Твардовский, – М.А.) разослал ее членам редколлегии, как бы единомышленникам своим, поддержки ждал. Среди них были и депутаты, был и член Президиума Верховного Совета. Никто не откликнулся, ни один. После кончины Александра Трифоновича они напишут о нем прочувствованнейшие слова, и будет там: «джигит упал с коня… », но при жизни не поддержали «джигита» (мында Чыңгыз Айтматовдун Александр Твардовскийдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жазылган коштошуу иретиндеги чакан макаласындагы «Конь удаляется без седока… Слезы мешают смотреть ему вслед… » деген саптар жөнүндө сөз болуп атат, – М.А.). А другой, кого Твардовский выпестовал в Лауреаты Ленинской премии, что в дальнейшем открыло перед ним многие двери, не постеснялся даже зайти в редакцию «Нового мира». «Я вам послал верстку моей поэмы» – напомнил Твардовский. Тот спокойно выдержал взгляд: «Я ее не получил…»

– Но не сказал, дайте!

И Твардовский рассказывал мне это в маленьком своем кабинете на нижнем этаже дачи, где все стены – сплошные книжные полки, стол светлого дерева под окном да лежанка сбоку, повторял недоуменно: «Но не сказал: дайте» И пухлым кулаком ударял при этом по столу… »

Бул цитатадан ошол кездеги коомдук-саясый турмуштун былгый баштаган атмосферасы, ошончолук масштабдуу фигура болуп туруп, өз пикирлештеринин колдоосуна абдан муктаж болуп турган Твардовскийдин драмалуу абалы ачык көрүнүп турат. Дагы жакшы, эң соңку ирет «Ак кеме» повестине кол коюп («Новый мир», № 12, 1970), жарыялаган Твардовский ошол жылы эле көзү өтүп кетип, Чыңгыз Айтматов 1973-жылы бийликчил жазуучулардын анабашы катары биринчи болуп кол коюп («Письмо группы советских писателей в редакцию газеты «Правда» 31 августа 1973 года о Солженицыне и Сахарове»), өмүр бою такай коргоп, жайылтып, алар үчүн күрөшүп келген баалуулуктарга бир кезде өзү бапестеп тарбиялап, өстүргөн окуучусу каршы чыгып калгандыгын билбей калды. Эгерде билсе, ким билет, Айтматовду бийликке биротоло сатылып кеттиң деп айыптамактыр? Же жогоруда келтирилген Корней Чуковскийдин сөздөрүнөн дагы ашкан, афоризмге айланып кете турган бир нерсени айтар беле?! Анткени, Твардовский үчүн өз поэзиясы бир тең, жана совет адабиятындагы өзүнчө бир доордун башталышынын чабалекейи болуп калган, Солженицындын «Один день Ивана Денисовича” повестин редактор катары өз журналында жарыялоо бир тең болуп калган болчу…

Ал эми дал ошондой уюштурулган куугунтуктоолордун айынан, акыры 1974-жылы жарандыгынан ажырап, четөлкөгө баш калкалоого чыгып кетип, жыйырма жылдан соң, СССР талкалангандан кийин мекенине кайрылып келген Александр Солженицын бир гана жолу – орусчул-шовинисчил багыттагы, бирок өтө таланттуу адабиятчы Владимир Бондаренконун «Чингиз, не помнящий родства…» аттуу чуулгандуу макаласы жарыялангандан кийин, ага телефон чалып: «Ты написал очень хороший портрет Айтматова!» деп оозеки жүзүндө колдоп койгону болбосо,  Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралу мурда да, кийин да эч ооз ачкан да эмес…

Дегеле, сыртынан анча ачык байкалбаганы менен, улуу жазуучубуздун байсалдуу чыгармачылык жолундагы өзгөчө таң каларлык, сырдуу мезгил катары дал ушул 1969-жылдан (эгерде «Ак кеме» ошол жылы жазылып бүткөнүн эске ала турган болсок), 1981-жылга («Кылым карытар бир күн» романы жарыяланган) чейинки созулган этапты белгилеп койсок болот.  Анткени, жаш курагы, таланты, чыгармачылыгы бардык тараптан жетилип, толуп-ташып турган жазуучу он жылдан ашуун убакытта бар болгону эки гана чакан повестти (алардын да бири – Айтматовдун чыгармачылыгындагы эң эле чабал – автобиографиялык планда жазылган «Эрте келген турналар» повести болсо, экинчиси – «Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт») жарыялады.  Эмне үчүн мындай болду? Чыгармачылык кризиспи? Ички рухий кризиспи? Албетте, табиятынан акылман, ички дүйнөсү кең инсан катары, Айтматов өзүнүн адабияттагы чоң ийгиликтери үчүн кез-кезде жогорудагыдай компромисстерге барып, кээде өз абийири менен өзү конфликтке барууга мажбур болуп жатканы үчүн кайгырбай да коё алмак эмес!..

Кимдир бирөөлөр каршы пикир айтышы да мүмкүн: эмне үчүн Айтматов-атуул катары чабал экен? Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында бир гана кыргыз мектеби бар экендигин, кыргыз тили экинчи планга сүрүлүп калгандыгын Айтматов биринчи болуп айтып чыкты эле го? – деп… Туура, бул маселени Айтматов көтөрүп чыккан (андан мурда эле ушул сыяктуу суроолорду көтөрө коем деп, Түгөлбай Сыдыкбеков «улутчул» аталгандыгын да унутпашыбыз керек), бирок, качан? Анда кайра куруу деп аталган доор келип, ар бир улуттун кайра жаралуусу жөнүндөгү маселелердин козголушуна жогорку бийлик, компартия тарабынан санкция берилип калган. Башкача айтканда, бул маселени козгоо эч ким үчүн кооптуу болбой калган кез эле… Же, мындан да тагыраак айта турган болсок, ага чейин бул маселени эч байкабай жүрүп, 1987-жылы (1986-жылдагы Алматыдагы трагедиялуу декабрь окуялары орун алган соң) гана – 60 жашка толоруна аз калганда «күтүүсүздөн», кокусунан билип калып, Лев Толстойчосунан «Не могу молчать!» – деп аба жарып, ачык айтып, кыйкырып чыкты беле?..

Ал эми ошол эле улут маселелеринин көркөм туундусу болгон «манкурттун» коомчулукта чоң резонанс жаратышы да айтматов-сүрөткердин айтматов-атуулга, айтматов-инсанга караганда алда канча бийик тургандыгын айгинелеп тургансыйт. Баса, инсан катары да ары тереңдетип карай турган болсок… Улуу жазуучубуз кудай даарыган улуу табигый талантын эске албаганда, «Ысык-Көл Форумун» түзүп, интеллектуалдар клубун негиздөөгө умтулуп, өзүнүн ордун ошол чөйрөдөн көрүп келгендигине карабастан, ашкере интеллектуалдуулугу менен деле эч качан айрымаланган эмес. Бул деле түшүнүктүү. Билимге эң сиңимдүү болгон балалык чагы, жаштык курагы согуш жылдарына жана турмуштук оор шарттарга туш келип калды. Андан соңку алган билими – Жамбулдагы зооветтехникум, Кыргыз айыл чарба институту… Тагыраак айтканда, ал жазуучу катары биротоло багыт алып, убактысынын көбүн өз алдынча чыгарма жаратууга коротуп калган курагында (1956-58-жылдар) Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институнун эки жылдык курсунан алган үстүрт билимин (эки жылда дүйнөлүк адабият тарыхын жана азыркы адабият маселелерин терең өздөштүрүп кетүү эч качан мүмкүн эмес) эске албаганда, жазуучу такай өз алдынча гана интеллектуалдык көрөңгөсүнүн кенемтелерин толуктоо аракетинде (самообразование жолу менен!) болуп келгенсийт. Ошондон уламбы, чыгармачылыгында да кээде карама-каршылыктуу, чатышкан билдирүүлөрдү жасап жиберчү. Бирде «өз чыгармачылыгында биринчи жолу фантастикага кайрылгандыгын» айтса («Кылым карытар бир күн романындагы» автордук баш сөз жана космостук линия жөнүндө сөз болуп жатат), бирде анысын кайра танып, реалдуу чыгарма жараткандыгын кайталачу. «Тавро Кассандры» романындагы Филофей-космос жонүндө да учурунда адабиятчылар бул фантастикабы, же фантастика эмеспи деп талашып, кырчылдашканы маалым. (Асыресе, жазуучу 70-жылдардагы маектеринин биринде марсиандар жөнүндө чыгарма жазууну көздөп жатканын билдиргени да белгилүү). А кийин жазуучу өзү да бул маселеде такыр чаташып калып, чыгармачылыгынын жаңы этабында пайда болгон линиялар анын мурдагы эле мифтик-легендалык көркөм катмар-пластынын жаңыча формада жаралышы экендигин туюндура алган эмес!.. Туура, анын бир кыйла жасалма, техникалык чеберчиликте жасалган туундусу… Ал эми табигый, көркөм туунду катары жаралган манкуртка кайрыла турган болсок, – чыгармачылыктагы атуулдук-инсандык теманын толук чагылдырылышы десек болот.

Тематикалык жана географиялык жактан казак улуту менен байланышкан дал ушул роман жарыяланган соң, адабий турмушта бул чыгарма зор резонансты жаратып, талкуулар чордонунда калган эле. Ошондо абройлуу, ири адабий ишмерлердин ичинен бул чыгарма тууралу такыр унчукпай койгон бир гана адам болгон. Ал – казактын залкар акыны (акын катары да, атуул, инсан катары да абдан күчтүү, ар тараптан шайкеш келген адам) Олжас Сулейменов болчу. Биз андан бул роман тууралу пикирин сураганыбызда, ал Чыңгыз Айтматовго жекече мүнөздөгү жабык кат жазып, ошону менен чектелгендигин билдирген эле. Кызык, анда кандай маселер көтөрүлүп, кандай мазмун камтылды экен?.. Дегинкисин, совет доорундагы орусташтыруу, тымызын ассимиляциялоо, улуттардын өзүнчөлүктөрүн бара-бара жоюп, бирдиктүү совет элин жаратуу саясаты өкүм сүрүп турган чакта казак улуту манкурттук, улутчулдук маселелерин өздөрүнүн жүрөктөрүнө абдан жакын кабыл алып келишкендиктери дагы эч ким үчүн жашырын болгон эмес… Албетте, өз учуру келгенде ошол сыяктуу архивдик материалдар да жалпы коомчулуктун энчисине айланып, мурда белгисиз жана анча түшүнүксүз болуп келген көп жагдайлар барган сайын толук ачыла берери түшүнүктүү. Бул табигый көзкарашка жолтоо болгон жасалма тосмолор, бут тосуулар жана этикалык жагдайлар мезгил өткөн сайын турмуш чындыгына баш ийип, орун бошото башайт.

Азыр адабият таануудагы «Айтматовтаануу» деп аталган багыт жаңыдан гана түптөлүп, анын алгылыктуу, келечектүү жактары иргеле баштаган чак. Башка бардык темалардагыдай сыяктуу эле, Айтматов жөнүндө ушул кезге чейин өтө көп жазылса да, эми анын чыгармачылыгы, инсандык турпаты комплекстүү түрдө, жыйынтыктоочу позициядан туруп жазыла баштайт. Турмуштун жазылбаган мыйзамы ошол. Каалайбыызбы, каалабайбызбы, баары бир ошол мыйзамга баш ийишибиз керек.

Мамасалы АПЫШЕВ, «24.kg» MA, 21.09.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.