Цветаева калтырган мурас

Прагада Марина Цветаеванын туулган күнүндө анын музей-борбору ачылды.
Cүрөт http://www.azattyk.org сайтынан алынды 

Өткөн аптада XX кылымдагы чыгаан орус акыны Марина Цветаеванын туулганына 120 жыл толду. Акындын туулган күнү дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде “Цветаева отун жагуу” жана башка иш-чаралар менен коштолду. Акындын турмушунда жана чыгармачылыгында Чехия жана борбору Прага өзгөчө орунду ээлеген. Цветаеванын чыгармачылыгы кыргыз поэзиясына да зор таасир эткени айтылууда.

Чындап эле, Марина Цветаеванын Чехия менен байланышкан тагдыры бүгүнкү күнү өзгөчө кызыгууну жаратат. 1922-1925-жылдар аралыгында акын ушул өлкөнү байырлашына ошол кезде анын күйөөсү Сергей Эфрон Прагадагы университетте окуп калганы себеп болот.

Үч жыл ичиндеги оор турмушу, жокчулуктун азабы да Цветаеванын бул өлкөгө сүйүүсүн кемите албады. Арадан жылдар өтүп, 1928-жылы Чехиядан кийин Парижге көчүп кеткен акын чех жеринде калган курбусу Анна Тесковага: “Праганы эстесем жүрөгүм эзилип кетет. Мен эми бул шаарга эч качан кайтпасам керек. Бир да шаар менин жүрөгүмө мынчалык так салган эмес”, – деп жазат.

Бул өлкөдө ал алгач кызы менен Прагадан анча алыс эмес жердеги Вшеноры деген шаарчада токойчунун үйүндө батирде жашап турат. Кийинчерээк бул шаардан ал бир канча үйлөрдү алмаштырган.

Цветаева баскан ошол издер бүгүн анын чыгармачылыгын баалагандарды бул жерге кайрадан чогултту. Экскурсиянын уюштуруучусу, Прагадагы Цветаева коомунун төрайымы Галина Ванечкова муну жөн эле саякат эмес, өзүнчө бир “зыяратчылык” деп атады.

“Цветаеванын турмушу чынында оор болгон. Биз ошондогу чех өкмөтүнө акын өзүнүн эң мыкты чыгармаларын жаратышына шарт түзүп, акча бергенине ыраазыбыз. “Тоолор поэмасы”, “Акыркынын поэмасы” жана башка чыгармалары ушул жерде жазылган. Марина Ивановна Парижден Советтер союзуна кайтып жатканда өзүнүн курбусу Тесковага жазган катында: “Билгиле, мен Чехияда бактылуу болгом. Ошол жерде менин тоом бар”, – дегени белгилүү. Бул – Петржин тоосу”, – дейт Ванечкова.

Кыргызстанда болсо Цветаеванын ырларын эки атактуу акын которгону белгилүү: Сагын Акматбекова жана Майрамкан Абылкасымова.

Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова “Азаттыкка” сүйлөп жатып, дал ошол жогоруда айтылган “Тоолор поэмасынын” өзү которгон версиясынан үзүндү окуп берди.

Майрамкан Абылкасымова:
“Тоолор неге кайгырат туман түшүп,
Биз анын кеч байкадык кайгырганын.
Кандай сонун дүйнөнүн чаң ызгытып,
Бизден эчак алардын айрылганын.

Тагдыр кээде бизди кубантпай,
Жаркын күндө жаркып жүрбөдүк.
Бирок жердин тирүү үстүндө,
Өлкө, мекен, эл деп сүйлөдүк,
– деген эки куплети бар да. Бул жерде ошол табийгаттын сулуулугун, анын талкаланганын айтат. Булар мага да абдан жакчу. Азыр мен аны терең түшүнүп жатам. Ал ошондой чаң-тополоң доордо жашады да, Совет доорунун жаңы келиши… Аны кээ бири түшүнсө, башкалары түшүнбөй… Эски заманды жеригендер да болду. Адабият майданында да ар кандай топтор болбоду беле. Цветаева ушунун баарын ошол чыгармасында жүрөгүндөгү кайгысы менен өткөрүп берген. Аны Совет дооруна туура келбейт деген сыяктуу жамандагандар да болду. Бирок анын чыгармачын түшүнгөндөр болгон”, – дейт Майрамкан Абылкасымова.

Анын айтымында, Цветаеванын ал жана Сагын Акматбекова которгон ырлары, тилекке каршы, бир жолу да өзүнчө китеп болуп басылбады.

“Ал котормолор “Онтология русской поэзии”, “Литературный Кыргызстан” деген журналдарга чыккан. Кээде гезиттерге берчүбүз. Ошондой чачынды болуп кеткен”, – деди акын “Азаттыкка”.

Цветаеванын кыргызчага которулган ырлары өзүнчө китеп болуп чыкпаса да, өз доорундагы канчалаган акындарга таасир берген, кыргыз поэзиясында өзгөчө ролу бар.

“Биз 1960-жылдары ак ырларды жазып, эркин ырларга кирбедик беле. Рамис Рыскулов, Омор Султанов, Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев, Сагын Акматбекова, мен жана башкалар. Биз орустун ушул чыгаан акындарынын ырларын койнубузга катып, окуп жүрүп жетилдик да. Бизди сүрөп жүргөндөрдөн Салижан Жигитов, Аман Токтогулов деген сынчылар болушту. Биздин ырларды чыккан сайын мактап, бизди көтөрмөлөп турушкан. Биз болсо таасирленип, ошолорду туурап отуруп, анан өз жолубузду таптык да”, – дейт Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова.

Биз болсо андан ары Чехиянын Вшеноры шаарында токойдо “Цветаеванын отун жагып”, ыларын окуп, эки күндөн кийин, 8-октябрда Прагада Цветаеванын борборунун, музейинин ачылышына келдик.

Бул музей-көргөзмөдө акындын сүрөттөрү гана коюлган. Бирок дал ушул сүрөттөрдүн да мааниси өзгөчө, – дейт анын ачылышына үлкөн салым кошкон Галина Ванечкова.

“Мен үчүн эң башкысы – адамдар келип, ушул көргөзмөдөн жок дегенде сүрөттөр аркылуу Цветаеванын жашоосу менен таанышканы, – дейт. – Анын ырларын кунт коюп окуган адамдын турмушу өзгөрөт деп терең ишенем. Алардын поэзияга карата мамилеси өзгөрөт. Алар маданияттуу, акылдуу, бактылуу боло башташат”.

Яна Штроблова, Цветаеванын ырларын чех тилине которгон белгилүү автор.

Бул кечеде Шртоблова Цветаеванын “Менин кымбат шараптай ырларыма мезгил келет” деген ырынын чехче вариантын окуп берди.

“Менин жаштык, өлүм деген
Азырынча окулбаган,
Жолдогу чаңга кошо сапырылган,
Ырларыма
мезгил келет”.

(Кыргызча котормосу – Төрөкул Дооров)

Төрөкул Дооров, “Азаттык”, 15.10.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.