Көңүл буруңуздар! “Мага жакын…” аттуу адабий сынак жарыяланууда
Сынакка катышуу үчүн чыгармалар 2013-жылдын 13-январына чейин кабыл алынат.
Сынактын уюштуруучулары: “Ковчег” жаш акын-жазуучулардын чыгармачыл бирикмеси
Сынактын максаты: Кыргызстандын жаш акын-жазуучуларынын танышуусун жана чыгармачыл активдүүлүгүн чыңдоо болуп саналат.
Сынактын Номинациялары:
– Поэзия (ыр)
– Проза (кара сөз)
Чыгармалар кыргыз жана орус тилинде 2012-жылдын 13-июлунан 2013-жылдын 13-январына чейин кабыл алынмакчы.
Сынактын жыйынтыгында эң мыкты деп табылган чыгармалар “Мага жакын…” аттуу альманахка жарыяланат.
Сынакка катышуу үчүн атайын анкета толтуруп, чыграманы төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү керек: lit.network.kg@gmail.com
Анкетанын формасын төмөнкү шилтеме аркылуу таба аласыздар: http://literaturenetwork.blogspot.com/2012/11/blog-post_4.html
Чыгармалар жана анкета MS Word (.doc же .docx) файлдарында, Times New Roman шрифтинде,: 12 пт өлчөмүндө 1,5 интервал менен жазылып жөнөтүлүүсү керек.
Чыгармалардын көлөмү:
– проза үчүн – 20 миң белгиге чейин (боштуксуз)
– поэзия үчүн – 50 сапка чейин
Сынактын жобосун төмөндө кошумча файлдарда таба аласыз.
Чыгармаларды кабыл алуу боюнча баардык маалыматтар сынактын уюштуруучулары тарабынан ММКда, Network долбоорунун блогунда (http://litnetwork.kloop.kg/), жана ошондой эле – Одноклассники (http://odnoklassniki.ru/group/54309885050898), Facebook (http://www.facebook.com/pages/Ковчег-группа-писателей/308165412564120?ref=ts)Twitter (@lit_kg), социалдык тармактарында жарыяланып турмакчы.
Кошумча маалымат үчүн төмөнкү электрондук дарекке: lit.network.kg@gmail.com же болбосо +996(556)321910 (Данияр)телефон номерине кайрылсаңыздар болот.
Проект Network Сеть литературных клубов