Кыргыздын жана кыргыз тилинин бар болушу үчүн жоопкерчиликти ким алат?
Тилге байланыштуу мыйзамдын тегерегинде орус тилдүүлөр менен талаш болуп атат. Бирок, биздин Мекенибиздин мамлекеттүүлүгүнүн негизги бир шарты – кыргыз тил.
Кыргызстан деген территория эле эмес, эң алгач бул кыргыз эли. Ал эми кыргыздын көбү айылда жашайт. Муну киргиздерибиз түшүнбөйт. “Кир” деген “ыплас” экенин билбей бурмалап, ага башкаларга да жол беришет. Киргиз-маңкурт төбөлдөрдүн үстөмдүгү ушуга жеткирген. Орус тилдүүлөр түшүнөт деп үмүттөнбөш керек. Аларга тил үйрөнөм деген көйгөйдүн кереги жок. Бирок алардын өзүмчүлдүгүнө баш ийсек, иш кагаздар орусча, жетекчилер орус болсо, кыргызча сүйлөгөн чөйрө биротоло жок болуп кетиши мүмкүн. Эне тилде сүйлөгөн чөйрөнүн жоктугунан балдар орус болуп баратат. Союз убагынан бери чыныгы кыргыздар күйүп-бышса да, авторитардык система жана бийликке келип алган орус тилдүүлөр жол бербей, орус аялдуу тандем кыргызбайлардын башы ооруган эмес. Эми орус элдин атынан чагымчы журналисттер бул мыйзамды саясый курал, бийликтен орус тилдүүлөрдү кетириш үчүн жасаган аракет деп улут аралык араздашууга түртүп атат, патриотторубуз ызырынып ачууланып атат.
Агрессия, жинденүү (1,5) – бул абдан төмөн деңгээл, карама-каршылык (2) абалында интеллекттин 2%ы гана пайдаланылат. Бул илимий так факт. Адамзат мээнин 3-5%ын гана пайдаланса, анан ошонун араң 2%ы пайдаланылган жерде эч жакшылык болбойт. Ачууланбай чечиш керек. Биз 70 жыл бою СССРдин 100дөн ашык улуту менен бир тууган болуп жашаганбыз, интернационалдык сезимдер дагы деле сакталып калган. Бирок өзүбүздүн ким экенибизди унутпаш керек. Өзүн сыйлабаганды ким кааласа тепсей берет. Ошон үчүн башкарып көнүп алган немелер моюн бербей каршы болуп атышат. Орус тилдүүлөргө каршы эмеспиз, укуктарына шек келтирип аткан жокпуз. Өзүбүз жок болуп кетпейли деген аргасыздан коргонгон аракетибиз. Ушуга басым жасаш керек. Мыйзамда “киши коргонуу үчүн аргасыз күч колдонсо, кечирилет” деп жүрбөйбү. Күч колдонобуз деп коркутуп аткан жокмун, түшүнүктүү болсун деп айтып атам. Албетте, бул биринчи келген орустардын саясатынан ушундай болгон, анан кошоматчы төбөлдөрүбүз Москвага жагынып атып кыргызды такыр бечара кылып салган. Канча репрессия болуп, кысымга алышкан. Байдылданы “Ак калпак” деген ыры үчүн улутчул деп, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратканда ичип кеткен деп уккам. А биздин комузду эмдигиче примитив деп, профессионалдык статус берилген эмес. Кайбылдаев Асан абанын айтымында, комуз 19 түрлүү күүлөнөт. Башка элдердин аспаптары бир күүлөнгөн боюнча гана ойнолот. Комуздун ошончо күүлөнүшүндө көптөгөн күүлөр бар. Комуз 2200 жыл мурунку кытай летописинде эске алынган, ал эми Батыштын аспаптары акыркы 400 жылда гана пайда болгон. Комуз күүлөрүндө Батыш музыкасындагы тон жана жарым тондордон айырмаланып, чейрек тондук добуштар да бар. Кыргыз эместер аны укканга дарамети жетпейт экен… Ошого карабай, комуз музыкасын өнүктүрүүгө мурда кам көрүлбөй, изилдөөлөргө каражат бөлүнгөн эмес. Ал СССРдин эле эмес, кыргыз элдин да эмгегинин каражаты болчу. Атүгүл залкар Карамолдо атабыздын көп күүлөрү коммунисттерге аталышы жакпагандан жазылбай калган. Биздин ата мурасыбызга кесир кылып келишкен! Ал эми байыркы кыргыздар балдар комузду асылзаадалыкка, адамгерчиликке, рухий сапаттарын өнүктүрүү үчүн гана үйрөнсүн дешчү. Башка элдерде ушундай мамиле бар болду бекен? Ата-бабаларыбыз комузда кол ойнотуунун түркүн ыкмаларын ойлоп табышкан. Союз убагында Нурак Абдрахманов Италияга барып концерт бергенде, ар бир концертинде алдыңкы катарларда отурган бир нече жигит концерттен кийин сөзсүз гүл тапшырышчу экен. Концерттин акыркы күнү эмнеге алар минтип жүргөнүн сураса, өздөрү Италиянын виртуоз гитаристтери экенин, бирок эч качан мындай чебер аткаруучуну көрбөгөндүктөрүн, аз болсо да бирдеме үйрөнөлү деп күнүгө келип жүргөндөрүн айтышыптыр. Италия деген музыка дүйнөсү үчүн Мекедей эле. Бүт батыштын музыка Мекесиндеги чеберлер кыргыз комузчуну ээрчип алгандан кийин, ким примитив?! Эл аралык сыйлыктардын ээси, америкалык музыкант Михо Пагашник: “Дүйнөдө сенсация жасай турган музыка – кыргыз комуз музыкасы” дептир. Камаарабаган кыргызбайлар эмдигиче өз Мекенинде аны барктай албай, “жамандын бир аты “жоош” болуп жүрүшөт. Биз, бүгүнкү кыргыздар, орус тилдүүлөр тарыхый ушундай шарт түзүлүп калганы үчүн күнөөлүү болбосок да, жоопкербиз. Жөнөкөй адамдарга кайрылат элем: ачууланбай түшүндүргүлө, аларды биздин душман көргөн жокпуз, бир тууган болуп келдик, улутчулдук жек көрүү пайда болбосун.
Маалыматтардан угуп атабыз, суунун деңгээли көтөрүлүп, Батышта көп жерлер суу астында калат деп. Биздин жерге, суубузга көз арткандар бизди бири-бирибизге кырдырып, жерди бошотуп алыш үчүн улут аралык араздашууну атайы жалдаган чагымчыларга чыгартып, революцияларды, Ош окуясын баштаткан. Россиянын наркобизнеске каршы кызматы минтип билдирген (04.05.2010): “1 апреля 2010 года сотрудники МВД Кыргызстана в ходе спецоперации в г.Ош изымают более 160 упаковок гашиша афганского производства (около 107, 8 кг) и 24,4 килограммов героина. По наркомафии наносится ощутимый удар, а меньше, чем через неделю, в ночь с 6 на 7 апреля, в Киргизии вспыхивает бунт, власть захватывает правительство “народного доверия”… Киргизия попала в сферу геополитических интересов США и их союзников… На Западе писали что “народный гнев” в ночь с 6 на 7 апреля 2010 г. вызвали повышение тарифов на газ и воду, аресты лидеров оппозиции, коррупция, клановость и авторитаризм правящих кругов. И ни слова о наркотрафике!” Чагымчылардын тилин алып боордош элине кол салган өзбектерди Каримов “элине чыккынчыдан жакшылык жок” деп кабыл албай койгон. Азыр бизди түндүк-түштүк деп атайы бөлгөн атышат. СССРди кантип бүлөшкөнүн Ждановдун “Антихмель” деген киносунан көрсө болот. Ошону көргүлө десем, көргөн жаштардын көбү тамеки, пиво, арагын ташташкан. Экономикалык биримдикке кирели десе, Хиллари Клинтон дагы жол бербейбиз деп тыбырап атат. Ынтымакты да, укугубузду да сакташ керек. Союзда Өзбекстан менен Прибалтика республикаларында өз улутунун укуктары жогору болгон, ички иши эл аралык абалына эч таасир этпей эле. Ички саясат үчүн эч кимдин алдында отчет бербешибиз керек. Ар бир кыргызга “Ганди” деген кинону көр дейт элем. Жан кейиткен кыйноо болуп атса да, армиясы, куралы, кылымдар бою тепсеп келген үстөмдүгү бар баскынчыларды жылаңайлак Ганди бир ок чыгарбай туруп, чыгып кетүүгө аргасыз кылган.
“Кыргыздарда эл, улут деген сезим таптакыр жок, уруусу менен аталышат” деп Радлов, “Расовый принцип был чужд культуре древних кыргызов” деп Л.Н.Гумилев жазат. “Кыргыздар душманын кул кылган эмес, кайра тең укуктуу букара кылып кам көргөн, табигый катаал шарттан түшүмсүз жылдарда салык салбай, өзү эгин, үрөн берип баккан” деп 1286-жылдагы саякат тууралуу Марко Поло жазган. Л.Н.Гумилев, “Хунны в Китае”: “Кытайды башкарып аткан Күн тукум башкаруучу улуттук айырмачылыктарды эске албай, деги эле киши дегендин баарына жакшы шарт түзүүгө аракеттенип, өз кишилерине зыян болсо да, башкаларга жакшылык кылчу, алар да ошондой мамиле кылат деп ишенчү. Отурукташкан элдер цивилизациянын пайдакорлук, жегичтик жана чыккынчылык ооруларына чалдыкканын билген эмес, ишенимине кирип алгандар акыры бийликти да, үстөмдүктү да тартып алып, кыргыз четте калчу”. Так эле азыркы биздегидей! Адилхан атабыз да адил болгондуктан бузулган батыш элдеринин зулумдарынан качып, улам бир падыша кызын тартууга берип атып кошулуп алган, анан алардын кыздарынын тарбиясы менен эл бузулган. Кыргызда байыртан улутчулдук болбой, башка элдерге чыдамкай мамиле кылсак, алар эми атүгүл эл экенибиздин белгиси болгон тилибизди сактайбыз дегенге да такыр эле каршы болуп атышат.
Депутат Акматбек Келдибеков чет өлкөлөр жана Россия да кредит бергенде өз кызыкчылыгын көздөп, бизди тең укуктуу карабай, укуктарыбызды бузуп атканын күйүп айтып какшап атат. Россия коммерциялык кредит берип, салыктан бошотулат экен, директорлор кеңешинде да үстөмдүү укуктарга ээ болот экен. 100$ млн. Түрк кредити да ошондой. Анын үстүнө, алар кредитти өз ишкерлеринин абалын жакшыртуу үчүн гана берип атыптыр. Эч пайдасы тийбеген нерсе үчүн анан биз карыз болобуз, элдин канынан салык менен сыгылып алынат. Депутат Каныбек Осмоналиев Россиянын базасы салыктан бошотулган, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрү төмөн экенине кейип атат. Эмнеге биз өзүбүздү ушунча тепсетип алганбыз? Башка элдерден түшүнүүнү күтпөй, укуктарыбызды коргоодо бекем болушубуз керек. Тилибизди, тарыхыбызды унутпашыбыз керек. Колония болбогонубуз менен, элди баскынчылар жан чыдагыс катуу кыйноолорго дуушар кылганына күбө болуп, тарыхта Үркүн кан менен жазылып калган. Азыр кандай? Кыргыздар экинчи орундагы абалда экенин билбей жүрүшөт. Чыкыйып костюм кийип, “мырза, айым” деп сүйлөшкөнү менен, өз Мекенинде өз балдары эне тилинде сүйлөгүдөй шартты сактап калуу үчүн төбөгө чыгып кеткен коноктордон уруксаат сурап атканы менен иши жок! Эмне үчүн “маңкурт” дегенди дүйнөгө түшүндүргөн жазуучу так ушу биздин кыргыздан чыкканын ойлоп көрдүңөр беле? Кыргыздар өтө эле меймандос, жайдары, кең пейил болсо, башкалар тепсеп маңкуртка айлантып атканына жаны күйүп жазган. Кыргыздын камаарабастыгынын зыянын билип токтотсун деген, себеби, өзү көп куугунтукталган.
Биздин саясатчыларыбыздын көбү Кыргызстанга эмес, башкаларга иштеп келгени анык. Болбосо, мындай бытырандылыкка, маңкуртчулукка апкелбейт эле. Биздин бар болушубуз үчүн алар жана орус тилдүүлөр жоопкерчилик албайт. Кээ бир саясатчылар мамлекет уруучулукту жок кылышы керек деп атат. Бүгүнкү жана Союз ыдырагандан берки саясатчыларда тууганчылдык көп болсо, элдин баарын алардай дебеш керек. Жети атаны билүү капыстан туугандарына баш кошуп мунжулар төрөлүп калбасын деген зарылчылыктан келип чыккан. Уруусун билүүнүн тарбиялык мааниси да жогору. Мисалы, биз баланы Манастай айкөл, Алмамбет атабыздай достукка бекем бол деп тарбиялайбыз. Уруубуздагы белгилүү адамдардын сыймыктуу ишин үлгү кылабыз. Мен Бугунун кызымын. Бүтүн кыргыз элде аялдын аты менен аталган жалгыз уруу. Ал ошого татыктуу кадыры, касиети менен жеткен. Бизди кичинебизден Бугунун кыздары чыгаан деп тарбиялашкан. Көлдүктөр кыздарга сый, аяр мамиле кылат. Аялдардын укугу да ошого жараша. Уруу деген бир чоң үй-бүлө. Илгери уруу ичинде калп айтуу, чыккынчылык ж.б. терс көрүнүштөр болгон эмес. Кырсыкка учураган үй-бүлөнү уруусу жөлөп-таяп коргоп алган. Совет доорунда таятамдын аталаш агасынын баласы бухгалтер болуп жүрүп, мектептеги мугалимдерге Түптөн ат менен акча апкелатканда бирөөлөр жолдон сабап тоноп кетишип камалып калганда, таятам: “Иним бөөдө кырсыкка учурап жатса балдарым сүт ичпей эле койсун” деп, биздин уруунун малын чогултуп сатып, бошотуп алган. Кайра төлөткөн эмес. Азыр ошондой кыргыз барбы? Мен ата-бабамдын жакшы тарбиясын, салтын, сонун маданиятын өз уруумдан гана алгам.
Бизде эмне үчүн азыр ушудай абал? Себеби, саясатчылардын көбү сүйлөп жүргөн “Эркек” деген сөздүн маанисин билбеген үчүн. Мен “Эркек” = “Эрк+Ак” деп чечмелегем, бул “Эрки Ак”, “ниети таза, асылзаада”. Ак – Кудайдын бир аты, демек, “Кудайдын эрки менен жашаган жан”, кийин тыбыштардын ээрчишүүсүнөн “эркек” деп көнгөнбүз. Ушул сөздө жаткан мааниде бизде канча эркек бар экен, ойлоп көргүлө. Кудайдын эрки арак, тамеки, ызы-чуу, зордук, уурулук ж.б. менен эч айкалышпайт. Ошону эркек сөрөйлөр эске алып койсо. Ал эми эмне үчүн жогоруда “Эрк + Ак” баш тамга менен жазылганын өзүңөр ойлонуп көргүлө, балким аракеттенип таап аласыңар.
Бурул Жакеева, элден чыккан сүрөткер, оймочу, коомдук ишмер,
“Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.12.12-ж.