“Нарындан каттын” тарыхы

“Нарындан жазган салам”

Бакыт Шатеновдун аткаруусунда (Ордо Сахна)

Белгилүү төкмө акын жана обончу Ашыраалы Айталиев менен жолуккан сайын көп сүйлөшүп, сырдашчу элем. Ошондой күндөрдүн биринде: “Байке, “Нарындан кат” деген обондуу ырыңызды кандайча чыгардыңыз эле. Элдин баары эле “Нарынга поюз жүрбөсө, анан кантип эле кыймылдап поюз баратса, Ашыкеңдин көзүнөн жаш тамсын” деп жатышат?”, – дедим.

Анда Ашыкем: “Ал ырдын кандайча жаралыш тарыхын билишпесе, элдин айткандары деле туура да… Ал мындайча болгон” деп, бул обондуу ырдын жаралыш тарыхын айта баштады. Эмесе, төмөндөгү Ашыкемдин баянын окурмандарга тартуулайын.

– Мен ал кезде филармонияда артист болуп иштечүмүн. Анан 1958-жылдын кышында бир тобубузду “Нарында жаңы театр ачылып жатат, ошоякка барып иштеп келесиңер” деп жиберди. Командировочный, суточный деп бир топ акча алдык. Бирок, алган акчаларыбызды ошол эле күнү жок кылдык. Эртеси Рыбачьеге (азыркы Балыкчы шаары) чейин болгон акчаларыбызды чогултуп поюзга белет алдык. Поюздун кетерине дагы 2-3 сааттай убакыт бар. Курсак ачка, чөнтөк бош. Жанымда эки жолдошум бар. Комуздарыбызды көтөрүп алганбыз.

Анан үчөөбүз мындайча акыл кылдык. Келгиле документтерибизди же буюмдарыбызды таштасак да ресторанга кирип, поюз жүргөнчө курсактарыбызды кампайтып чыгалык. Рыбачьеге эптеп жетсек, калганын бара көрөрбүз…

Ошентип, баягы үчөөбүз темир жол вокзалындагы ресторанга кирдик. Ошол кезде менин бир топ обондорум чыгып элге таанылып калгам. Ресторандагы иштеген официантка кыздар баары эле мени сыртымдан таанышат экен, “келгиле” деп үстөлдүн үстүн жайнатып, кыздар бизди сыйлап эле жатып калышты. Кудай мындай бербеспи деп ичип-жеп атабыз. Суроолору боюнча мен ырымды аянбай ырдап берип жатам. Кыздар менен аябай таанышып, мен айрыкча буфетчи кыз менен абдан жакын мамиледе болуп калдым. Ырдагы бир букет гүл менен ал кыздын узатканы да чын. Аңгыча поюз келчү маал болуп, аз убакытта абдан ынак болуп калган кыздар менен ыйлап коштошуп, поюзга түштүк. Анан кыймылдап поюз баратса кылгырып көздөн жаш тамбай коймок беле?

Андан да кызыгы, Рыбачьеге жеткенден кийин андан ары Нарынга жетчүдөй тыйныбыз жоктугун айтып, кыздардан уялбай эле акча да сурап алганбыз. Поюзда кетип бара жатып, бая кыздар менен таанышканыбыз, ресторанда “гүүлдөп” отурганыбыз күнү да, түнү да оюман кетпей койгон. Атүгүл азыр да оюмдан кетпейт. Поюз жолдо кетип бара жатып, кыздар жөнүндө ырдын кээ бир кайрыктары өзүнөн-өзү башыма келип, ичимден кыңылдап коем, ата-а!

Ошентип, Нарынга да жеттик. Биз баргандан 1-2 күндөн кийин бат эле Нарын театрынын салтанаттуу ачылышы болуп эл көп чогулду. Концерт башталгандан 2-3 кишиден кийин эле Айталиев ырдайт деп алып баруучу мени элге жарыялап салбаспы! Же, бир аз мурунураак эскертип койбойт. Эл шатырата кол чаап жатат. Ошентип сахнага чыгып, ошончо элдин алдында эч даярдыксыз “Нарындан каттын” сөзүн да, обонун да биринчи жолу ырдап чыккам.

Нарын театрында иштеп жүрүп жаз келип күн аябай эле жылып калганда, Жамбул жакка казактарга театр гастролуна кетип баратып, жолдон Фрунзеге 1-2 күнгө токтоп, футбол көрөйүн деп стадионго кирсем, радиодон “Нарындан катты” ырдап атам. Мен ал ырды унутуп да калыптырмын. Сураштырсам, “көтөрүнчөктөрүн” көтөрүп алып театрдын ачылышында кошо жүргөн Турсун Уралиев үн жазгычына мен ырдап жатканда жаздырып алган экен көрсө. Турсун Уралиев ошондо эле тамашөкөй “ажыкыз” неме болчу. Андан ырымды сурап барсам, ар кайсынын башын бир айтып “кылжыктап” бербейт. Жолдугун жасап жатып Турсун Уралиевди акыры көндүрдүм да… кыскасы, өз ырымды өзүм Турсундан сатып алгам.

– Ашыраалы байке, сиз таанышкан буфетчи кызыңыз азыр кайда?

– Ал кыз азыр болгондо… мен… – деп мукактанып, башка сөз айта алган жок. Мен да андан аркысын такып сураганым жок.

Бул маектешүү 2006-жылдын май айында болгон эле.

Ашыраалы Айталиевдин “Нарындан катын” ушул күнгө чейин ар кимдер ырдап, бирок көпчүлүк убакта ырдын сөзүн бурмалап кыскартышып, туура эмес ырдап жүрүшөт.

Кеңеш БАКИР уулу, “Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.12.12-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.