Кыргыз дипломатиясындагы мамлекеттик тилдин мааниси

Ар бир эгемендүү мамлекет эл аралык укуктун негизги субъектиси болуп саналуу менен эл аралык мамилелер тармагында бүтүндөй өлкөнүн атынан иш алып барат. Ал эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын катышуучусу болуп саналат.

Мамлекетти эл аралык укуктун субъектиси катары мүнөздөөчү негизги белгилерге мамлекеттин аймагы, калкы, мамлекеттик тили, бийлиги, мамлекеттин башка өлкөлөр менен мамиле түзүү мүмкүнчүлүктөрү кирет.

Ошол негизги белгилердин ичинен мамлекеттин тили жөнүндө кеп кылсак, ал тил мамлекеттин ички жана тышкы саясатындагы ишмердүүлүгүнүн бардык тармактарында сабаттуу иш алып барууну камсыздайт.

Эл аралык мамилелер тармагынын, дипломатиянын тили өзгөчө. Ал тилдеги жалпы терминология менен окшоштугу бар өзүнчө бир терминдер системасына ээ, ошол эле учурда эл аралык терминдер менен жеткилеңдиги менен да айырмаланат.

Мамлекеттин башка өлкөлөр менен болгон байланыш тармагын камсыздаган кесиптик лексика расмий иштиктүү стиль аркылуу ишке ашат. Дипломатиянын тилинин тарыхына кайрылсак, өлкөлөр ортосунда өз ара мамилелер пайда боло баштаган мезгилден тарта дипломатиянын тили болуп латын тили саналган. Андан кийин дипломатия француз тилинде сүйлөй баштайт. Буга мисал, азыркы күнгө чейин дипломатияда колдонулуп келе жаткан атташе (дипломатиялык кызматкердин кызматы же дипломатиялык рангы), коммюнике (тышкы саясат маселелери боюнча өкмөттүк расмий маалымат), дуайен (дипломатиялык корпусту жетектеген адам), ж.б. Ошентип, жогорудагы аталган тилдер дипломатия тилинин негизи болуу менен бирге өнүгүүгө кадам таштаган ар бир мамлекеттин эл аралык мамилелеринин тилдик ченемдеринин да өркүндөөсү менен бул тармакка тийиштүү термин, атоолор пайда боло баштаган.

1199-жылдын башталышында орус дипломатиялык терминологиясында “посол” (элчи), “посольство” (элчилик), “поверенный в делах” (ишенимдүү өкүл) сыяктуу терминдер пайда болгон.

Ал эми кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында коңшу мамлекеттер жана мамлекет ичинде уруулар арасында өз ара мамилелерди түзүүдө калыптанып калган аталыш, тилдик каражаттар жаатында тийиштүү синтаксистик түрмөктөр пайдаланылып келген. Мисалы, элчи кылып жиберүү, чабарман аркылуу кабар жеткирүү; ошондой эле кыргыз элинде өз ара мамилелер жаатында калыптанып калган элдин элчилерине карата колдонулган “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген макал элчи катары жөнөтүлгөн адам эң жогорку сыйга, кол тийбестикке ээ экендигинен кабар берет. Демек кыргыз элинде дипломатиялык эрежелер, анын ичинде ага ылайык атоолор, айтылыштар эзелтеден эле калыптануу менен коңшу өлкөлөр арасында, элдер арасында мамиле түзүүдө, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө туура, сабаттуу, өз пикирин так, түз билдирүүнү камсыздап келген.

Ошондой эле, кыргыз элинин турмуш-тиричилигиндеги бир караганда адаттагыдай көрүнүш болгону менен, терең философиялык мааниге ээ болгон элдин турак жайы болгон боз үйдүн курулушунда эле байкалгандай, кыргыз эли кыры жок, бурчу жок үйдө бири-бирине тике карап, уруу ичиндеги, элдердин арасындагы маселелерди чыр-чатаксыз чечүү салтын кармап келишкен. Ал эми “Уй мүйүз тартып отуруп”, маселелерди чечүү бул дипломатиянын бирден бир негизги белгиси эмеспи.

Жалпы эле дипломатиянын тилине, анын ичинде кыргыз дипломатиясынын тилине жогорку деңгээлдеги сылыктык, адамдарды кызматы боюнча, коомдо ээлеген орду боюнча урматтоо мүнөздүү. Азыркы кезде дипломатиялык сылыктыктын эрежелери ар кандай дипломатиялык ыкмалардын формаларын, айрыкча алардын башын, аягын калыптандырууга түрткү берген. Ар бир дипломатиялык иш-чара же дипломатиялык мүнөздөгү документтер (мисалы, нота) “Урматтуу”, “Улуу Урматтуу” сөздөрүнүн кошулуусу менен кайрылуучунун, башкача айтканда, каттын ээсинин сөзүнүн башында жана аягында урмат-сыйы билдирилет.

Ушундай эле мүнөздөгү сый-урмат кыргыз элинин дипломатиясында эзелтеден кеңири колдонулуп келген. “Улуу Урматтуу мырза, айым; Улуу Мартабалуу, Улуу даражалуу” сыяктуу сый-урматты билдирүүчү жана кайрылып жактан адамдын титулун, даражасын көрсөтүүчү сылык сөздөр, айтылыштар азыркы кыргыз дипломатиясынын тилинде бекем сакталып, өркүндөп келет.

Дипломатиянын тилинин синтаксиси, сүйлөмдөрүнүн курамдары, формалары боюнча, алар татаал сүйлөмдөрдөн туруп, атоочтук, чакчыл түрмөктөр менен, киринди сөздөр жана обочолонгон айтылыштар менен татаалданып келет.

Жогоруда дипломатиянын тилинин өзгөчөлүктөрүн жалпысынан азын-оолак болсо да белгилеп кеттик. Эл аралык байланыштардын тили латын жана француз тилине негизделгендигине карабастан, бул өзгөчөлүү тилди тереңден өздөштүрүп, тийиштүү учурларда кыргыз тилине которуп, айрым учурларда документтердин кыргыз тилинде жазылуусу тууралуу демилге Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан колго алынган. Министрликте кызматтык каттар, ноталар жана Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын аппаратынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен келип түшкөн каттарга жана жарандардын кайрылууларына кыргыз тилинде жооп берилүүдө.

Эл аралык келишимдердин алкагында түзүлгөн байланыштардын жүрүшүн мамлекеттик тилде чагылдыруу үчүн алгачкы кадамды министрликтин ичинде, ошондой эле министрликтин республикабыздагы башка министрлик, мекемелер менен болгон байланышын чагылдыруучу документтерди мамлекеттик тилде жүргүзүү бүгүнкү күндүн талабы десек болот. Тийиштүү даярдыктардан өткөндөн кийин гана республиканын тышкы саясатын чагылдырууну камсыздаган документтерди мамлекеттик тилде жүргүзүүгө өтүү максатка ылайык деп эсептейбиз.

Мамлекетибиздин тышкы байланышын, эл аралык мамилелер тармагындагы эки тараптуу, ар тараптуу кызматташуусун жүргүзүүдө мамлекеттик тилде иш алып баруу зарылдыгы болгон учурларда керектөө үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде атайын терминдер, аталыштар жыйналып, сөздүк иштелип чыккан, жана азыркы кезде басмаканада даярдалууда.

Гулбарчын Байымбетова,
КРдин РФдагы элчилигинин атташеси,
“Кыргыз тили”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.