Ала-Тоолук акындарга салам кат

Кытайлык кыргыз жаш акын Ажыбек Дүйшө уулу ала-тоолук акындарга салам кат жолдоптур. Биздин блог аркылуу аны акындарыбызга жеткирип коюу өтүнүчү келиптир. Ал суранычты аткарып жатабыз.

ajybek

Таңдайым менин жарылып,
Табытым бүгүн келиптир.
Алтындай жапжаш балага,
Аллахым сөздү бериптир.
Жоргосуна түшалбай,
Жортокчо болуп желиптир.
Аталар бата берсеңер,
Кой жорголоп турайын.
Анда эмесе туугандар,
Айтуучу сөздү бурайын.
Ала-Тоодо жашаган,
Акындарга мен эмы
Саламымды сунайын.
Анда мен кадам таштадым.
Заңкылдап үнү тоо жарган,
Сайраса эсим оодарган.
Замирбектен баштадым.

Аралдан чыккан ак таңдай,
Алымкулдун туягы.
Ак карлуу тоонун үстүндө ,
Сайрап турган улары.
Ала-Тоодо жашаган,
Акындардын акыны.
Эгиздей болуп бир жүргөн,
Эстебестын жакыны.
Жеңижоктун жердеши.
Чолпондой болгон Чыңгыздын,
Бир туугандай иниси.
Азыркы заман таңышган,
Залкардын бириси.
Ак таңдай болгон ал жакта,
Акындардын карысы.
Жаңыдан чыккан жаштардын,
Табылгыз дарысы.
Замирбек байке аманбы?
Зар болуп айтам саламды.
Заңкылдап ырдап турсаңыз,
Зар болбой сизге каламбы.
Алыскы Кытай жеринен,
Алдында айтам саламды.
Замирбек байке караңыз,
Сиздерди биртке сагынып,
Ыр мончогун тагынып,
Аллахым мени колдо деп,
Кудайдан тилеп жалынып.
Араңдан ырдап турамын.
Жаңы чыгып уядан,
Жаңыдан ырдап турамын.
Жалпыңарга баяке,
Жамактап ырым курадым.
Жакбаса дагы атаке,
Угуп кой сизден сурарым.

Замирбек байке билебиз,
Алтымыштан алкыпсыз.
Ыр дайранын үстүндө,
Далай жылдар калкыпсыз.
Ак шумкар болуп асманда,
Далай жолу кайкыпсыз.
Атадан калган нусканы,
Калтырбай бирин алыпсыз.
Ырчы булак суусунан,
Ууртап жакшы каныпсыз.
Өнөрүңүз көрсөтүп,
Далай жерге барыпсыз.
Кыргыз үчүн кыймылдап,
Кара кылды жарыпсыз.
Биз кичине кездерде,
Кытайга деле келипсиз.
Сагынышкан эл менен,
Саламдашып кетипсиз.
Кыскасын сөздү айтканда,
Алты күндүк өмүрдө,
Ой максатка жетипсиз.

Алтымышты аттаган,
Алтындай биздин сакабыз.
Оргуштап төгүп ырдаса,
Оозунда жок катаңыз.
Азая элек деп ойлойм,
Атадан алган батаңыз.
Алтымыш деген эмне экен,
Ак калпак кыргыз еле үчүн,
Жүз жаштан аша жашаңыз.

Абдылда байке аманбы?
Ардактап айтам саламды.
Алик алып коюңуз,
Алстан айткан саламды.
Аябай жакшы көрөмүн,
Абдылдадай абамды.
Аралык алыс болду деп,
Амандашбай каламбы.
Ал мен сизди сагынып,
Салам берип жатамбы.
Түзөп койгун Абыке,
Байкалган менин чаламды.

Аралдан чыккан Абыке,
Элүүдөн алкып аштыңыз.
Алмадай кезден ардактап,
Колго комуз алдыңыз.
Бабамдан калган белек деп,
Кол ойнотуп чалдыңыз.
Акындыктын жолунда,
Адашбастан бастыңыз.
Ырдын кенин сиз деле,
Талыкбастан каздыңыз.
Ак пейил кыргыз элди деп,
Эчен белди аштыңыз.
Казак кыргыз журтуна,
Калтырып өнөр чачтыңыз.
Жамандарга жолобой,
Алыстап нары качтыңыз.
Жакшыларга жакындап,
Жабышып бери бастыңыз.
Агасын көрүп ини өсүп,
Акынга толду артыңыз.
Ак калпак элдын ичинде,
Алтынга бергис баркыңыз.
Кулак төшөп уккула,
Улуу кичүү жалпыңыз.
Ушундай талант таптаган,
Ала-Тоо кыргыз калкыбыз.

Алтындай болгон Абыке,
Айтып бүттүм ырларым.
Төгүп бүттүм окшойм,
Сизге айтчу сырларым.
Менин сизги тилээрим,
Элиңдин көргүн сыйларын.
Ак таңдай болуп ушундай,
Турмуштун көргүн жыргалын.
Алтындай болгон башыңыз,
Жүздүн ашсын кырларын.

Аманчылык белгиси,
Амантай байке аманбы?
Ашыкпай туруп Амаке,
Атайлап айтам саламды.
Алдейлеп сизди чоң кылган,
Айыл-апаңыз аманбы.
Таптап сизди чоң кылган,
Талас элы аманбы.
Колтукташып бир жүргөн,
Жеңекебиз аманбы.
Артыңызда из басчу,
Балдарыңыз аманбы.
Калеми менен танылган,
Чыңгыздын элы аманбы.
Кылычы менен танылган,
Манастын элы аманбы.
Ак сакал деп сурадым,
Кечирип кой балаңды.
Көп эзбей эмы Амаке,
Көрүшүп калсак сурайын,
Ашып калган чаламды.

Улуулардан сурасак,
Андалек бала кезиңден,
Эстекемен бата алып,
Топ акындын ичинде,
Саркашка болуп аталган.
Таластан чыккан кара жаак,
Ак таңдайдын бирөөсүз.
Эмы байкап карасак,
Артыңыздагы жаштарга,
Ак сакал болуп баш болуп,
Ырчы булакта чоң болгон,
Абдылдага каш болуп,
Залкар болуп аталган,
Замирбекке жаш болуп,
Сабырдуу кыргыз элиңе,
Сайрап ырдап жүрөсүз.
Айкөл Манас элыне,
Таңшып ырдап жүрөсүз.
Артыңызда карачы,
Жаштар калды жетилип,
Тарбия кыла жүрүңүз.
Сакалыңа асылса,
Кабакты катуу түрүңүз.
Сүйүндүрсө жаштарың,
Кубаныңыз күлүңүз.
Урматын көрсөң жаштардын,
Сыйлаганча жүрүңүз.
Кандай жолдо жүрсөң да,
Алтын түстү Саркашка,
Аман-эсен жүрүңүз.

Жеңишбек байке аманбы?
Жеримен айтам саламды.
Жеңижок атам түрдөнүп,
Желегти динден кармадың.
Жети обулас жериңе,
Жеткирип өнөр жалгадың.
Аптамат акын аталып,
Баш байкени кармадың.
Куйручук атам тоюнда,
Мырзадести айдадың.
Жер–жерге барып ыр ырдап,
Жеңиш байке арыбадың.
Аллахты мактап көп ырдап,
Мухаммет жолун тандадың.
Кай жолдо басып жүрсөң да,
Диниңды бекем кармадың,
Үч арман айтып жаштарга,
Насаатың айтып талбадың.
Азамат, Аалы, Максатты
Сүрөп жакшы мактадың,
Артыңан чыккан жаштарга,
Белеги болуп улуунун,
Урматтадың сыйладың.
Ашыкем, Тукам Эстекем,
Устазың жолун басканың,
Устаздан алган үлгүңдү,
Аалыкеңе арнадың.
Менден ашып кетет деп,
Аалынын бутун чалбадың.
Жаш акындын ичинен,
Жанашып бирге басканга,
Жарышып ырды чачканга,
Аалыкемды тандадың.
Аалыкем менен биригип,
Ак калпак кыргыз элиме,
Алтындай сөздү арнадың.
Ала-Тоо кыргыз эл үчүн,
Эчен жолу чарчадың.
Аалы агам экөөлөп,
Артыңа шакирт карчадың.
Жакалап турса Кадырбек,
Тизгинин артка тартпадың.
Арслан иттик кылса да,
Коноксуң деп сыйладың.
Досум деп ырдап казакты,
Алардын көөнүн кыйбадың.
Казакка барган кезиңде,
Капыстан сизди токтотсо,
Айкырып чырды салбадың.
Акырында жалынып ,
Сыйлаган сыйын албадың.
Ыракмат айтып казака,
Кыргызды карап чамдадың.
Казактар кантип жатканын,
Аны да көөнгө тактадың.
Кай жерде болсо тайманбай,
Кыргыз деп желек кармадың.
Бат жакында атайлап,
Кытай кыргыз элыңе,
Бир термеңди арнадың.
Экы элге болуп көпүрө,
Улантып каттоо жалгадың.
Бул ырыңды укканда,
Толкунданып кубандык,
Тарыхты казып ырдасаң,
Кубанбай кантип туралдык.
Таңшыган үнүң укканда,
Кытайда жаткан элиңдин,
Кумары чери жазылды.
Сарсанаа болуп сагынган,
Сагынчы биртке басылды.
Бизге окшош күйөрманыңдын,
Көтөрүп көөнү ачылды.
Жеңишбек неге келбейт деп,
Ой – кыялы чачылды.
Кадам таштап келиңиз,
Кытайлык бооруң чакырды.

Элмирбек байке аманбы?
Элиңе айтам саламды.
Элиңе салам айтбасам мен,
Ээнбаш болуп каламбы?..
Ээн башка буюрба,
Эрбейген жапжаш иниңды.
Эркелеп биртке козгоюн,
Элике сенин жиниңди.
Ачууңузга ай берип ,
Кесип салба тилимди.
Кеспей эле койсоңуз,
Кең пейилдигиз билинди.
Көп эзбей эми баштайын,
Айтмакчы болгон сөзүмдү.
Атамдай жакшы көрөмүн,
Элмирбек байке өзүңдү.
Элүү жыл болсо тажабай,
Жактырып угам сөзүңдү.
Токомдуку деп билем,
Заңкылдаган үнүңдү.
Сөзүңө үнүң жарашып,
Шаңшып ырдап жүрүсүз.
Манас атам жомогун,
Манилүү айтып жүрөсүз.
Эл үчүн кызмат сиз кылып,
Шымалап билек түрөсүз.
Ала-Тоо кыргыз жериңдин,
Кадырын жакшы билесиз.
Намысын коргоп элиңдин,
Муңайын айткан казакты,
Мыш кылганың билебыз.
Аалы агам жапжаш кезинде,
Казактар келсе кармашып,
Кайдасың деп жармашып,
Кайрык айткан казакты,
Кайтарма берип жандашып.
Жеңиш менен бир чыгып,
Ак калпак кыргыз элиңе,
Алтындай ырды арнашып.
Жүргөн дейт сизди кезинде.

Жан агам Элмир байкемдин,
Карааны тоодой көрүнгөн.
Элине шаңшып ырдаса,
Санаасы санга бөлүнгөн.
Манасын айтып олтурса,
Ай батып күнүң башбаккан.
Кыргызга баркың бар эле,
Кырчындай бала жаш чактан.
Казака барып ырдаса,
Аларды жалт караткан.
Өз обонум ырдайым деп,
Обонду дагы жараткан.
Ала-Тоо кыргыз элине,
Ыр менен ырыс тараткан.
Эликемдын сөздөрү,
Бир карасам кушка окшойт,
Асманда сызып бараткан.
Бир карасам сууга окшойт,
Дайрада толкуп шар аккан.
Бир карасам жебедей,
Кадалып жүрөк канаткан.
Элимикем айткан сөздөрдү,
Издесең деле таппайсың,
Аталар жазган барактан..

Элмирбек байке сурайын,
Мен жакында кеп уктум.
Быйыл жайда Бишкекте.
Чоң айтыш өттү деп уктум.
Бул айтыштн байгесин,
Сизди жеңди деп уктум.
Залда олтурган туугандар,
Аалы акын алыш керек деп,
Талаштар болду деп уктум.
Бул укканым ырасбы?
Же калппы билбедим,
Анткены бул сөз кыр ашты.
Кут болсун алган байгеңыз,
Бул сизге абдан жарашты.

Ат-Башыда торолгон,
Жылдызбек байке аманбы?
Жылан жылда мен сизге,
Жылдырып айтам саламды.
Башкалардан кем көрбөйм,
Жылдыздай болгон агамды.
Байкап түрүн карасам,
Акындардын ичинде,
Азуусун айга бүлөгөн.
Жылдыздай болуп жылтылдап,
Ыр кырманын күрөгөн.
Түлөккө эли байласа,
Көп узабай түлөгөн.
Артындагы жаштарды,
Алдыны көздөй сүрүгөн.
Беттешем деген акындар,
Беттеше албай жүдөгөн.
Аларды угуп жүрөбүз.
Алыс жашап жүрсөк да,
Алтындай баркың билебиз.
Кабарың угуп бул жакта,
Кубанабыз күлөбүз.
Сиздей агам болгочко,
Сыймытанып жүрөбүз.

Жылдызбек байке мен сизге,
Азыраак салам жолдодум.
Азыраак болгон себеби,
Ак таңдай ырчы болбодум.
Жаңы чыгып жатамын,
Иниңди байке колдогун.
Жаңылып кетсем эгерде,
Жолумду байке оңдогун.
Эркелесем мен сизге,
Тээримды тетир сойбогун.
Күмүштөн куюп такамды,
Акындар жака жолдогун.

Сапарбек байке аманбы?
Сагынып айтам саламды.
Сапарга салам айтпасам,
Сары оору болуп каламбы.
Сабырың менен угуп кой,
Сагынып жазган ырымды.
Оштун эли аманбы?
Оргуштап айтам саламды.
Оң кулак менен угуп кой,
Ойлоп бир айткан саламды.
Сизге жакса мен ырым,
Берип койгун сыныңды.
Жакпай калса Сапаке,
Тыйып койгун чырыңды.
Келип калсаң бул жакка,
Кылып коём сыйыңды.
Мен деле угуп жүрөмүн ,
Сабалаган ырыңды.
Кантип билбей калалы,
Сапарбектей кыйынды.
Сизди чыгат дегенде,
Залдын ичи дуу болот.
Кыйкырык салып эл журтуң,
Ызылдаган чуу болот.
Сиз менен чыккан акындын,
Тамагы кургап сүр басып.
Ичкени кайнак суу болот.
Айтар сөзүн табалбай,
Чекесине тер толот.
Ошон үчүн эл сизди ,
Укмуштуу төкмө деп коёт.

Аалы агам менен бир чыктың,
Курманжан датка тоюнда.
Андай укмуш төгүшүң,
Эч кимдин жок оюнда.
Токтогулдун комузу,
Аалы агамдын колунда.
Бакиевге теңеди,
Иниликтин жолунда.
Акаеаге теңедиң,
Агалыктын жолунда.
Аябай кызык төгүшүп.
Жаздандыңар сөгүшүп.
Сөгүшбөй эле артында,
Түшүп кеттиң өбүшүп.

Сапарбек байке байкасам,
Аябай куудул экенсиз.
Шашпасаңыз бир күнү,
Баш байгеге жетерсиз.
Талашып ошол байгени,
Сөгүшүп деле нетерсиз.
Сабырдын түбү сары алтын,
Максатка бир күн жетерсиз.
Бул сөзүмдү укканда,
Чычалап байке кетерсиз.
Чычалабай эле коюңуз,
Иниңде акыл жетерсиз.

Сапарбек байке коштошом,
Сак саламат калыңыз.
Сары оору болбой сиз деле,
Баш байге жеңип алыңыз.

Ассаламуу алейкум!
Аалы байке аманбы?
Алыскы Кытай жеримен,
Ак дилден айтам саламды.
Актаңдай төкмө Аалы ага,
Кабыл ал айткан саламды.
Сагынып дайым жүрөмүн,
Сиздей болгон агамды.
Бир көрсөм деп жүрөмүн,
Борборуң Бишкек калааңды.
Аралап барып көрсөм дейм,
Арал деген айлыңды.
Атайлап барып өпкүм бар,
Алтындай экы балаңды.
Кайдан болду билгим бар,
Кайын журту дайныңды.
Кайрылып сизден сурадым,
Кечиргин байке айбымды.
Анча-мунча былемин,
Акын болгон жайыңды.
Тууганбай атам ээрчитип,
Ырга сизди бай кылды.
Ашыраалы атам үлгүлөп,
Түндөсү чыккан ай кылды.
Эстебес атам сүр берип,
Казактар сизден жалтайды.
Рыйнат деген жел өпкө,
Жеңе албай сизди шалпайды.
Желденып турган Рыйнат,
Жели чыгып жалпайды.
Талыкпай чуркап тайыбыз,
Казактардан байге алды.
Мактанчыбыз бийиктеп,
Ала-Тоо башы аркайды.

Колго алып кыргыз намысын.
Кубанттың жашы карысын.
Толкундантып сүйүнттүң,
Кыргыз элдин баарысын.
Түгөттүң окшойт баяке,
Акындардын карызын.
Намысы деп элиңдин,
Тизгин кагып жулкунган,
Кыргызымдын тайысың.
Казактар келсе кыргызга,
Демдеп берер чайысың.

Төкмөсүң Аалы кыргызга,
Башыңыз жеткен жылдызга.
Өнөрүң  өңдөп  айтууга,
Айта турган тил кыска.
Сиз тууралу көп сөз бар,
Биз жакта деле турмушта.
Алтындай баркың белгилүү,
Ак калпак элде уул-кызга.
Аалы десе ким билбейт?.
Ар кайсы жерде кыргызда.
Кулака сиңип калды окшойт,
Тасмадагы ыр нуска.
Аалы акын качан келээр деп,
Жолуңуз күтүп турууда.
Сар-санаа кылбай элиңди,
Келип кет Кытай кыргызга.

Кымбат болбой келиңиз,
Кызуулап тосуп алышат,
Кызыл-Суу кыргыз жерибиз.
Алыс болбой келиңиз,
Ардактап тосуп алышат.
Ак-Чий кыргыз элибиз.
Улап кадам келиңиз,
Урматтап тосуп алышат,
Улуу-Чат кыргыз элибиз.
Теңсинип бизди келиңиз,
Тегеле жакшы тосушат,
Тегирмети элибиз.
Кабар берып келиңиз,
Кайгыртпай тосуп алышат.
Каражүл кыргыз элиңиз.

Жар салып бизге келиңиз,
Жабылып тосуп алышат,
Жаман-Суу кыргыз айлыбыз.
Качпай бизден келиңиз,
Кадырлап тосуп алышат,
Кара-Теке жерибиз.
Кадырлап мени өстүргөн,
Ошол Кара-Теке элиңиз.

Көтөрүп көңүл келиңиз,
Көптөп тосуп алышат,
Көк-Терек кыргыз айлыбыз.
Шаңшып бизге келиңиз,
Шаттанып тосуп алышат,
Шаты кыргыз элибиз.

Кытай кыргыз элинде,
Жарчы болуп ырдаган.
Жаңшанып төксө элиңе,
Жалпы журту жыргаган.
Аалы, Жеңиш сыяктуу,
Бирин-бири сыйлаган.
Эгиз балдар сыңары,
Кайда болсо бир жүргөн.
Эки төкмө бар эле,
Алардын айткан сөздөрү,
Асел-ширин бал эле.
Аалы, Жеңиш келет,
Үмүт үзбөйт дагы эле.
Тактап сөздү айтканда,
Таңдайынан ыр тамган.
Жалпы элге кошулуп,
Дүйшөбек агам бир чыкмак.
Бул агам төгүп ырдаса,
Гүлсүнай дагы тумчугат.
Шайы кетип шалдырап,
Өпкөсүн басып ултунат.
Дүкем менен бир жүргөн,
Жамыйганы сүрдөткөн.
Бектур агам кулпурат.
Аалы деген инимди,
Мен дагы тосуп чыгам деп,
Бул агам дагы жулкунат.
Кытай кыргыз элинде,
Сизди качан келет деп,
Экы акын күтүп олтурат.
Кудай таалам кааласа,
Аалы агам бир келип,
Агайын көөнүн толтурат.

Айтыш фондко төрага,
Азамат байке кандайсың?
Айкырык салып төккөнүң,
Асел ширин балдайсың.
Ак калпак элге ар качан,
Алтынын сөздү тандайсың.
Атпай кыргыз журтуңа,
Ырдагандан талбайсың.
Ар иреткы айтышта,
Финалдан түшүп калбайсың.
Кудайлашкан досуңуз,
Аалы акынды жандайсың.
Ал эмне үчүн баяке,
Баш байге жеңип албайсың?..
Кыргыздын таптак тилине,
Казакча обон коштойсуң.
Оомийн Кудай колдо деп,
Кыргыз үчүн боздойсуң.
Обонуң созуп төксөңүз,
Жүрөктүн кылын козгойсуң.
Кышкы зыркаар чилдеде,
Жалындап турган чоктойсуң.
Саакта дагы сабакташ,
Тамакта дагы табакташ,
Сахнага чыксаң жамакташ,
Аалы байкем экөөңөр,
Түбөлүктүү достонсуң.
Жанашып чыгып сахнага,
Комуздун кылын толгойсуң.
Айтыш фонттун эмчегин ,
Экөөң эле соргонсуң.
Аалы экөөң соруп бүтүрүп,
Максатка бербей койгонсуң.
Ошон үчүн Азамат,
Беттешем деген акынды,
Жөн жайына койбойсуң.
Ырга тойбой курсагың,
Ыр дайрасын бойлойсуң.
Замирбектей болсом деп,
Ошол жагын ойлойсуң.
Кандай арга кылсаң да,
Замирбекдей болбойсуң.
Казакча обон сен салып,
Каргыш алган окшойсуң.
Кыргызча обон сал десе,
Кайышып моюн толгойсуң.
Эмне үчү байке билгим бар,
Казакчаңды койбойсуң.
Бир келип кет бизге дейм,
Ошону кандай ойлойсуң?
Билбегендер бул жакта,
Казак акын деп коёт.
Төрт киши башы кошулса,
Талаш-тартыш көп болот.
Келип кетсең баяке,
Талаш-тартыш жок болот.
Казак деген наадандын,
Озуна жык бок толот.
Кыргыз деген жарандын,
Көңүлдөрү кош болот.
Узарбай эле бул талаш,
Ошол жерде токтомок.

Жыпар эже аманбы?
Жылдырып айтам саламды.
Жыл башында жылмайып,
Жаңыдан алдым кадамды.
Нарынга келин болду деп,
Угуп калдым кабарды.
Бойдок кезде эжеке,
Артыңа салдың далайды.
Ошончону сүйдүргөн,
Жыпар эжем жарайды.
Макен менен той жасап,
Салдырдыңбы сарайды.
Же байлыкка берилбей,
Курсак тойсо керилбей,
Өрчүттүңбү өнөрдү.
Ысык-Көлгө мен барсам,
Өнөрүңдү көрөмбү.
Конолгого үй таппай,
Көлгө түшүп өлөмбү.
Баса сурап кетейин,
Макен деген байкеден,
Канча бөбөк төрөлдү.
Төрөгөн болсоң уул бала,
Кандай жерден көрүндү.
Ат жалына асылып,
Чуркап ойноп калдыбы?
Акын болуп ырдайм деп,
Ыйлап чырды салдыбы?
Колго алып шаңдуу комузду,
Кол ойнотуп чалдыбы.
Энесин тартып жазганбай,
Байгелерди алдыбы.
Сиздей кыйын болалбай,
Нан кабы болуп калдыбы.
Бул сөзүм болсо тамаша,
Акындык сөзгө жараша.
Акындарга сын берып,
Эл болуп турат тараза.
Сынымды берип кетейин,
Сөзүмдү туура караса.
Майрадай болуп такшалып,
Орчунду акын болуптур.
Улуунун алып нускасын,
Оозуна ыры толуптур.
Тетир чыккан бутагын,
Бирин койбой жонуптур.
Булбул болуп элине,
Бутагына конуптур.
Аалы, Максат, Азамат,
Беттешалбай коюптур..

Максат байке аманбы?
Максаттуу айтам саламды.
Жайын сурап билбедим,
Үйдөгү катын балаңды.
Же үйлөнбөй жүрдүңбү,
Ал жагы мага караңгы.
Кеңкелестеп ырдаган,
Кечиргин мендей сараңды.
Кандай болсо ал болсун,
Салайын билген параңды.

Анда мунда бир көрөм,
Атактуу акын Максатты.
Тийишем деген далайын,
Тилин байлап аксатты.
Кабышкан нечен акынды,
Кайтарма берип какшатты.
Кимиси коюп бергендир,
Максат деген жакшы атты.
Суктанып турам атыңа,
Олчоюп турган затыңа.
Ырдап бара жатканда,
Кыйкырганың татына.
Агалар менен таймаштың,
Коркпой туруп батына.
Жең албайт сизди жаш балдар,
Баш кошулса да башына.
Өнөрүң батпай калса да,
Деңиздей болуп ташыба.
Аны айтканым себеби,
Акындын тийет ар дайым,
Ак калпак элге кереги.
Чындык болот акындын,
Кармап турган желеги.
Жаштарды аттап ташысаң,
Аталар бата береби?
Жулкуна бербей кечкеле,
Суулукту тартып кичине,
Жаштарга кезек берели.

Агалар артын карасам,
Акындык учук улаган.
Үйрөтө кеткин байке деп,
Аалыдан өнөр сураган.
Үн коштоп шаңдуу комузга,
Кулагын күүгө бураган.
Кубандырып эл журтун,
Жамактап сөздү кураган.
Кандайыраак турдуңар,
Кадырбек, Баян, Туратым,
Жылдызбек, Болот, Кубатым.
Ак калпак кыргыз елине,
Аянбай ырды сунатын.
Кармашып калган душмандын,
Ыр менен жанын алатын.
Табы келип калганда,
Тулпардай туйлап чабатын.
Жабылтып ырын төккөндө,
Чаңкаган жүрөк канатын.
Бир топ жаштар чыктыңар,
Канат сермеп талпынып.
Тизгин кагып алкынып,
Бириңен өтүп бириңер.
Артыңарды чаңытып.
Агайын тууган элге арнап,
Асыл сөздү табышып.
Тийишерге жоо таппай,
Эки-экиден кабышып.
Анан калат кээ кезде,
Этек жеңди айрышып.
Жана болбой баратса,
Агалар менен чалышып.
Көктө жанган жылдыздай,
Нурун төгүп жанышып.
Жарчы болуп ыр ырдап,
Ак калпак елге танылып .
Ак таңдай болуп кичине,
Эл оозуна алынып.
Даңкыңар кетип далайга,
Ырыңар жүрөт жайылып.
Курч сөзүңөр жебедей,
Жүрөктө турат сайылып.
Кыскасын сөз айтканда,
Сүйүнтүп бизди турдуңар.
Акындык жолго аттанып,
Тизгинди тартып бурдуңар.
Жарышка далай катышып,
Кызыктуу айтыш курдуңар.
Менин айтаар тилегым,
Шыдыр болсун жолуңар.
Эч жамандык көрбөсүн,
Комуз чалган колуңар.
Көкөлөп көккө тирелсин,
Эл журтка айтчу оюңар.
Кармашам деген акынды,
Карматпай туруп союңар.
Аалы менен Жеңиштей,
Атактуу акын болуңар.
Атпай кыргыз элиңдин,
Купулуна толуңар.

Ардактап сундум ырымды,
Ырыстуу ырчы жалпыңа.
Алыстан салам жөнөттүм,
Ак калпак кыргыз калкыма.
Биз деле жетип турабыз,
Акындардын баркына.
Баш ургандын биримин,
Кыргызымдын салтына.
Мен деле жакшы жүргүм бар,
Чоң милдетти артына.
Силердей болсом деп жүрөм,
Артыңардан талпына.
Күлүктөр деле чуркайт дейт,
Келип калса табына.
Мен деле кирип калармын,
Акындардын сабына.
Акырында айтарым,
Акындар аман болгула!
Ак калпак элдын багына.

2013-жылы 1айдын 2күнү (Кытай, Кызыл-Суу, Караеке айылы)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.