Досмат Садыркулов: Жаш-кары дебей балет өнөрүнө кызыккандар арбын

dosmat

Балет сүйүүчүлөрүнө “Чолпон”, “Спартак” балеттеринде башкы каармандын ролун аткаруу менен таанылып, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан балетмейстер, КРдин эмгек сиңирген артисти Досмат Садыркулов учурдагы кыргыз балетинин ал абалы жана чыгармачылыгы туурасында айтып берди.

Балетке капысынан келдим

Балалыгым Чүй өрөөнүндөгү Эркин сай айылында өткөн, ал убакта болгону мен 9 гана жашта элем. Биздин айылга шаардан балетке жаш балдарды кабыл алабыз деп бир топ өнөр адамдары келишиптир, менин ал учурда балет жөнүндө түшүнүгүм да жок эле, “сынакка катышып көрбөйсүңбү?” деп айылдаштарым айтып калышты. Эмнеси болсо да катышып көрөйүн деп тандоо комиссиянын алдына бардым. Балетте эми билесиңер да колу-буту узун, чоюлчаак адамдарды тандап алат эмеспи. Сынак учурунда бир төп көнүгүүлөрдү жасатып берген тапшырмаларын аткарган соң, “сенин балетке шыгың бар экен Бишкекке кел биз силерди окутабыз” дешти. Ошол жылы Бишкекке келип тактап айтканда 1980-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдында уюштурулган хореграфиялык училищага тапшырып окуп калдым. Ал жерде 11 жыл окуп аны ийгиликтүү аяктадым. Биз бүткөн жылы Ленинград шаарындагы хореографиялык окуу жайдан атайын кесипкөй балетмейстерлер Бишкекке келишип, 12 баланы тандап алышты. Аларын арасында мен да бар болчумун. Ленинградда бир топ жыл окуп, көптөгөн тажрыйба топтоп, даяр кадр болуп калгандан кийин Бишкекке келип А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына ишке кирдим. Учурда бул театрда иштегениме 25 жылдан ашык убакыт болду.

“Чолпон” балетинде башкы ролду аткардым

Кайсы бир ролду жаратууда чыгармачылык эргүү болушу керек. Оң же терс каармандын ролу болобу, жакпаган ролду четке чыгарып баш тарткан күндөрүм болгон жок. Колуман кандай өнөр келип турса аткарып жаттым. Жөнөкөй роль болсо да аткарыш керек, себеби ал аркылуу тажрыйба топтойсуң, көп нерсени өздөштүрөсүң. Ушул жашка чейин бир топ эле балетте ролдорду аткардым Петр Чайковскийдин “Ак-куу көлү”, “Щелкунчик”, “Баядерка”, “Дон Кихот”, “Спартак”, “Чолпон” жана башка балеттерди аткардым.

Балет ден-соолукка пайда

Учурда хореграфияга болгон кызыгуу дүйнө жүзүндө өнүгүп, кадыр-баркы көтөрүлүп жатат. Себеби балет бир гана бий өнөрү болбостон мунун ден соолукка пайдасы да көп. Аталган өнөр менен алектенген адамдын турган турпаты бир калыпта сакталып, ашыкча салмакта жүрүүдөн арылтат, ошондой эле киши өзүн жеңил сезип шамдагай болуп калат. Менин байкашымча жаш-кары дебей бул өнөргө кызыккандар арбын.

Япониядагы гастрол

Чет мамлекеттерге атайын фестивалдарга чакыруулар болуп турат. Чыгармачылык топ чогуу барып катышып турабыз. Жакында эле балеттин сегиз солистти Японияда үч ай гастролдо болдук. Биздин башка алты мамлекеттин өнөр адамдары барышып аталган маданий иш-чарага катышты. Биздин өлкөдөн барган чыгармачылык топ, кесипкөйлүк жагынан башка өлкөлөрдөн айырмаланып турду.

Мени өкүндүргөн нерсе

Кыргыз балетинин бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу кеп кылсам маселе көп. Эсил кайран СССР убагынан калган базабыз түптөлүп калган. Таланттуу актёрлорубуз окутуучуларыбыз бар. Эң эле өкүнүчтүүсү бизден бүткөн мыкты таланттуу жаштар бул жакта айлык акынын аздыгынан чет мамлекеттерге кетишүүдө. Андан сырткары жыйырма жылдан ашык убакыттан бери сахнага атайын каражат бөлүнүп, кийим-кече жаңыртылып балет коюула элек. Мурдагы эле эски кийимдерди кийип аткарып жүрөбүз. Экономикалык жактан жарды өлкөбүз деп эле таптакыр баардык жагынан көңүл бөлбөй койгон туура эмес да. Ошондой эле өлкө аймагын кыдырып гастролго барып өнөрлөрүбүздү элге көрсөткүбүз келет. Бирок, баары келип уюштуруу иштеринен жана каражатка барып такалып жатпайбы.

Гүлнур Канатбекова, «КАБАР ОРДО», 21.10.13-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.