Жаңы жылыңыздар менен!!!

new

“Кыргыз маданият борбору” сиздерди Жаңы жыл майрамы менен куттуктайт.

Өткөн жылда ишке ашпай калган тилектериңер ишке ашсын! Жаңы жыл тынчтыктын, бакубаттылыктын жылы болсун!!!

Соц тармактар:

2 thoughts on “Жаңы жылыңыздар менен!!!

  • 01.01.2014 at 17:35
    Permalink

    2014 – Жаңы жылыңыздар менен!!!

    Жаңы жыл,
    Жакшылыкты айтып келсин.
    Жергеме…
    Ырыскысын артып келсин.
    Көтөрөөр,
    Ар намысын Улуу элдин.
    Билип кой, Замандашым!
    Менмин, сенсиң!!!
    Замандаш, Улуу Манас турпагы сен!
    Болсун дейм, алды жакта жолуң кенен.
    Бар бололу!
    Келе жаткан 2014 – жыл токчулуктун, ырыскы – Куттун, тынччылыктын жылы болсун!
    Татуулашып туугандар,
    Бүгүн тойду баштайлы.
    Башка кокус иш түшсө,
    Тааныбастай качпайлы.

    Ырыскы бизге төгүлсүн,
    Ыр менен таңды тосолу,
    Тилегенди берсин, Теңирим!
    Тилектерди кошолу!!!

    Улуулардан кеп калган,
    Уксун деген сөз калган.
    – Узарсаң – кыскарба,
    Кайнасаң – муздаба.
    Күлсөң – ыйлаба,
    Толсоң – бөксөрбө!!!

    Бар болгула замандаштар!!!

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.